Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Илим дүйнөсү: Көпөлөк курттардын балбаны


Украинанын Карпат тоолорундагы жыландар.
Украинанын Карпат тоолорундагы жыландар.

Жылбай отуруп телевизор көргөн адат кан тамыр дартын күчөтөт. Ок өткөрбөс жасалма жыгач. Кол салган жоону бурдап ыргыткан көпөлөк курту. Жыландай сойлогон пневматикалык робот.

Лангия - көпөлөк курттардын балбаны

Көпөлөк куртунун Лангия (Langia zenzeroides) түркүмү душманга “кол куушуруп” багынбайт. Ал Calosoma коңузунан коргонуш үчүн бышылдаган үн чыгарып, чакырылбаган конокту башы менен сүзөөрүн, атүгүл ага кусунду бүркөөрүн жапон окумуштуулары Синдзи Сигиура (Shinji Sugiura, Kobe University) менен Такума Таканаши (Takuma Takanashi, Forestry and Forest Products Research Institute) жарыялаган видеотасмадан көрүүгө болот.

Лангия көпөлөгүнүн rehney (личинкаларын) чымчыктар чокуганда да алардын сазайын берип, экинчи жологус кылат. Бирок омурткасыздардын кол салуусуна да ушундай жооп берер-бербеси жана омурткалуулар личинкалардын өздөрүн коргоо эволюциясында кандай роль ойногону окумуштуулар үчүн азырынча табышмак.

Calosoma коңуздары түрдүү курттарды жеп тамактанышат. Видеотасманы карасаңыз, коңуз жыгач өңдүү Лангия куртуна жакын келгенде, ал коңузду бурдап жиберип, сазайын бергенин көрөсүз.

Коңуз лангия куртун тиштемек болгондо, личинка бышылдап, коңузду баш жагы менен сүзүп туруп, белден тиштеп, ыргытып жиберген.

Коңуз эки көпөлөк куртка бетме-бет келгенде, алар коңузду тулкусунан тиштеген бойдон кудум топтой кылып ыргытып жиберишкен. Ал тургай личинкалардын бири коңуздун оң жамбашынын бир тутам жерин тиштеп жулуп алган.

Эксперимент учурунда 25 коңуздун бири да Лангия көпөлөк куртун өлтүрө алган эмес. Бул коңуздар өздөрүнөн чоң курттарды да жеп салат. Мындай коңуздар оор абалга кабылганда, жагымсыз жыт чыгарып, жоолошкон тарапты коркутат.

Жыгач түспөлдүү Langia zenzeroides көпөлөгү Борбор Азияда жана Ыраакы Чыгышта кеңири жайылган.

(Булагы: http://www.sciencemag.org, https://academic.oup.com)

Ок өткөрбөс жасалма жыгач

АКШдагы Мэриленд университетинин (The University of Maryland, College Park) изилдөөчүлөрү өзгөчө бекем жыгачты жасоонун технологиясын иштеп чыгышты. Бул жаңы технология кыйла жөнөкөй болгондуктан, анын өздүк наркы да арзан.

Өтө бекем жыгачты жасаш үчүн жыгачты адегенде суу кайноочу 100 °C температурада гидрокычкыл менен натрий сульфатынын аралашмасына салып, тазалап алуу зарыл. Бул химикаттар жыгачтын структурасын түзүп, бекем кылган лигнин менен гемицеллюлозду жок кылат.

Ошондон соң жыгач блок Целсий боюнча 100 °C чейин ысытылган эки тактача менен эки жагынан кысылат. Аны кысып жатканда басым 5 мегапаскаль же кадимки атмосфералык басымдан 50 эсе көп болушу керек.

Натыйжада жыгачтын көлөмү баштапкы абалынан 20% кичирейип, тыгыздыгы үч эсе жогорулайт.

Мындай технологиялык жүрүмдөн өткөн жыгач - болоттой бекем, бирок андан кыйла жеңил болуп, мурдагыдан 11,5 эсе оор жүктү көтөрөт.

Окумуштуулар жаңы жыгачты темир сакалар менен дүрмөттөлгөн пневматикалык куралдан атышканда, сакалар жыгачка тийип, артка ыргыган же жыгачта туруп калган. Иштетилбеген жыгачты атып көрүшкөндө, сака аны оңой эле тешип өткөн.

Жыгачтын түрлөрүн кайра иштетиш үчүн колдонулган химикаттар, изилдөөнүн авторлошу, инженер-механик Дэң Ли (Deng Li) айтканга караганда, айлана-чөйрөгө анча деле зыян келтирбейт.

"Мындай жыгачтарды курулушта, анын ичинде көпүрөлөрдү курууда металл жана башка экологиялык жактан зыяндуу эритмелердин ордуна колдонсо болот. Андан автомобилдердин жана поезддердин тетиктерин да жасаса болот", - дейт Дэн Ли.

Бул усул автомобилдердин жана поезддердин салмагын жеңилдетип, алар күйүүчү майды жана кубатты (энергияны) аз коротмок.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.zmescience.com)

Жыландай сойлогон робот

Жыландай сойлогон пневматикалык робот балык жон нерселердин бетинен кулабай сойлоп кете берет. Автономдуу режимде иштечү роботтун сыртынын түзүлүшү жыландын терисинин түзүлүшүнө окшош.

Жыландын жасалма териси менен капталган бул роботту АКШдагы атактуу Гарвард университетинин профессору Кэти Бертолди айым (Katie Bertoldi, Harvard’s John A. Paulson School of Engineering and Applied Sciences) башында турган инженерлер тобу ойлоп тапты.

Жылан-роботтун түзүлүшү жөнөкөй: ичинде аба соргучу (насосу) бар кевлар (1) каркастуу эластикалык түтүкчө жыландын терисине окшош чаарала тасма же жасалма тери менен капталган. Жасалма тери кадимки темир өгөөнүн бооруна окшош урчуктуу. Жылан-роботту желдегенде урчуктары оркоюп, темир-тезектин бетине (сыртына) жакшы жабышат. Мунун аркасында ал жантак темирдин бетинен томoлонбой, сойлоп кете берет.

Бул урчуктар трапеция формасында жасалган. Себеби трапеция формасындагы урчуктар үч бурчтук жана жарым ай формасындагы урчуктарга караганда чоң арыштап, тезирээк жылганы эксперимент учурунда аныкталганын доктор Ахмад Рафсанжани (Admad Rafsanjani) айтат.

“Бул универсалдуу жумшак роботтор бир күнү катаал жагдайда чалгындоо, көзөмөл кылуу (инспекциялоо), байкоо жүргүзүү (мониторинг) жана адамдарды куткарып сактоо иштерин же татаал лапароскопиялык медициналык процедураларды аткарышы мүмкүн”, - дейт проф. Бертолди.

Азырынча жылан-робот кандай ылдамдыкта сойлону тууралуу маалымат жок. Ок жыландар болсо бир саатта 22, 52 чакырымга чейин сойлойт.

Түшүндүрмө:

1Кевла́р (англ. Kevlar) — Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "DuPont" корпорациясы чыгарган пара-арамид була (полипарафенилен-терефталамид). Ал автомобилдердин дөңгөлөгүндө жана композиттик материалдарды бекем, жеңил кылыш үчүн колдонулат.

(Булагы: https://eandt.theiet.org)

Көгүлтүр экранга “кечке кадалбаңыз!”

Жылбай отуруп алып, сыналгы экранын көрүү адаты кан тамырларыңыз үчүн жаман. Себеби бул жосунсуз көнүмүштүн айынан сиз кан тамырларда кан уюмун (тромб) пайда кылчу веналык тромбоэмболизм (ВТЭ) дартына кабылышыңыз мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Миннесота университетинин (University of Minnesota) окумуштуулары эскертти.

Телевизорду көп көргөн кишинин кыр аркасы кыйшайып, көзүнүн кубаты начарлайт. Бул болсо мындай кишинин психикасынын бузулушуна шыкак болоору илимде мурдатан маалым.

Доктор Ясухико Кубота (Yasuhiko Kubota) жана анын кесиптештери өз изилдөөсүндө көгүлтүр экранга “кечке жабышып отуруу” кишинин жүрөк-кан тамыр системасына кандай зыян келтирерине көңүл бөлүшкөн.

Алар 45 жаштан 64 жашка чейинки курактагы 15158 америкалыктын 1987-жылдан берки медициналык маалыматтарын талдап чыгышкан. (1987-жылы Кошмо Штаттарда жарандардын атеросклерозго чалдыгуу коркунучун изилдөө башталган). 2011-жылга карай бул адамдардын 691инде вена кан тамырында кан уюучулук (тромбоэмболизм) катталганы такталган.

Мунун өзү телевизорду көп көргөн кишилерде телевизорду такыр көрбөгөн же анда-чанда көргөндөргө караганда жүрөк-кан тамыр системасында кан уюуну (тромбду) пайда кылчу дартка кабылуу ыктымалдыгы 1,7 эсе жогору экенин айгинелейт. Буга ашыкча салмак жана аз кыймылдоо сыяктуу жагдайларды кошкондо алардын веналык тромбоэмболизмге кабылуу коркунучу андан да жогору болот.

Көпкө бир орундан жылбай отурганда, узак авиакаттамдарда учканда кишинин белден ылдыйкы бөлүгүндө кандын айлануусу начарлап, веналык тромбоэмболизмди пайда кылат. Ал дарттын биринчи баскычында эки буттун жана жамбаштын көк тамырында кан уюп калат. Веналык тромбоэмболизмдин экинчи баскычында уюган кан көк тамыр аркылуу өпкөгө жеткенде, анын иш ыргагын бузчу өпкө эмболиясын жаратат.

2016-жылы Жапонияда өткөрүлгөн изилдөө телевизорду узак көрүүдөн улам кан тамырларда тромбон пайда кылчу веналык тромбоэмболизм оорусу өнүгүү ыктымал экенин көрсөткөн.

Доктор Кубота баштаган аалымдардын эсебинде, 60 жаштан өйдө курактагыларда бул дартка чалдыгуу коркунучу көп болот. Эсептөөлөр боюнча, АКШда жылына 300 миңдей киши веналык тромбоэмболизмден жапа чегет. Улуу Британияда жылына ар 1000 кишинин бирөө көк тамырда кан уюгандан жабыркайт.

“Бул изилдөө тамеки чекпей, арак-шарап ичпей, такай кыймыл-аракетте болгон адамдар да узак отуруунун зыянын эстен чыгарбашы зарыл экенин эскертет”, - дейт доктор Кубота.

Былтыр сентябрда австралиялык илимпоздор да өз изилдөөсүн жарыялаган. Ал изилдөөгө ылайык, көп сериялуу фильмдерди “жантыгынан жата калып” көргөндөр кем акылдык (деменция), Паркинсон дарты же диабет сыяктуу оорудан улам эрте өлүмгө кабылышы мүмкүн.

Ал эми күнүнө жылбай эки саат телевизор көргөн адамдарда өпкөнүн сезгенүүсүнөн өлүп калуу коркунучу 54% көбөйөрү да аныкталган.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com,

https://link.springer.com,http://www.dailymail.co.uk)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG