Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 10:52

Сегизбуттун ургаачысы эркегинен 40 миң эсе оор


Сегизбут.

Электрондук таштандылардан арзан энергия алынды. Эркек сегизбут ургаачысынан 40 000 эсе жеңил болот. Университет кишиде жакшы сапаттарды өнүктүрөт. Жерге окшош 15 планета табылды.

Чоң ургачы жандык көп тууйт

Эркек гориллалар ургаачы горилладан бир кыйла чоң болот. Бирок ургаачылары эркектерине караганда алда канча чоң жандыктар да бар.

Мисалы, баканын, таш баканынын, жыландын, кескелдириктин жана жөргөмүштүн кээ бир түрлөрүндө ургаачылары эркектерине салыштырганда өтө эле чоң болот. “Чоң ургачы жандык көп тууйт”, - дейт АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы Табият музейинин герпетология боюнча куратору Грег Поли (Greg Pauly).

Эзелтен АКШнын ортосун жана чыгышын байырлаган, сырты географиялык картага окшогон ташбакалардын (Graptemys geographica) ургаачылары эркектерине караганда эки эсе узун жана салмагы он эки эсе оор болот. Окумуштуулардын айтымында, бул алардын көп жумуртка тууганы үчүн жакшы.

Желе токуучу жөргөмүштөр (лат. Araneae) менен краб-жөргөмүштөрдүн (же капталдап жылчу жөргөмүштөр (лат. Thomisidae) деп да аташат) “ургаачылары эркектерине караганда 100 эсе чоң болушу мүмкүн” , - дейт Тринидад жана Тобаголук окумуштуу-арахнолог Жо-Энн Сьюлл (Jo-Anne Sewlal, (University of the West Indies, St. Augustine).

Желе токугуч жөргөмүштүн эркектери өтө эле кичине болгондуктан аларды жөргөмүштүн баласы катары кабыл алган учурлар көп.

Бирок “теменедей” бойдун бир артыкчылыгы бар. “Сакадай” эркек жөргөмүштөр жыгачтардын кабыгынын астынан жана таштардын кычыктарынан жөрмөлөп, желеден алыс кете албай отурган ургаачыларга оңой жетишет.

Алар ошондой эле өздөрү токуган жибек желе көпүрөгө асылып, бийкечтерге “ышкы оюнуна” барышат. Чоң ургаачы жөргөмүштөрдө андай жөндөм жок.

Пакене бойлуу эркек ташбакалар да ургаачыларын издегенде дарактардын тамырынын арасынан жана башка ыңгайсыз жерлерден жеңил өтүп кетишет.

Ташбакалар. Немис окумуштуусу Эрнста Геккелдин «Kunstformen der Natur» деген китебинен, 1904-жыл.
Ташбакалар. Немис окумуштуусу Эрнста Геккелдин «Kunstformen der Natur» деген китебинен, 1904-жыл.

Ургаачыларынан көп эсе кичинекей эркек деңиз жандыктары үчүн океанда түгөй табуу машакаттуу иш.

Мисалы, тропикалык жана субтропикалык океандарда жашаган кебетеси постек тейдеги Tremoctopus сегизбутунун ургаачысынын узундугу 2,1 м чейин жетсе, эркегинин узундугу 2,3 см ашпайт. Постек-тремоктопустун ургаачысы эркегине салыштырганда 40 миң эсе оор болот. Бул эркек постек-термоктопуска бийкечти издөөдө жеңил кыймылдоого жол берет.

Өлгөн киттердин этин жеген оседакстын (лат. Osedax) ургаачысы 7 см дейре узун болуп, эркеги зайыптарынын ичинде жашап, шаабатын (сперма) бөлүп, урукташа берет.

Деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн арасынан муруттуу киттердин ургаачылары эркектеринен узун болушат: ургаачысынын узундугу 18 метрден да ашып кетет. (Булагы: https://news.nationalgeographic.com, https://www.facebook.com)

Электрондук таштандылардын экинчи жашоосу

Таштанды жайлардагы электрондук таштандыларды азайтуу жана баалуу полимерлерди кайра пайдалануу үчүн АКШдагы Иллинойс университетинин Туруктуу технологияларды изилдөө борборунун (Sustainability Technology Center at the University of Illinois Urbana−Champaign) илимпоздору энергетика жагынан натыйжалуу жана экологияга зыянсыз технологияны сунуш кылышты.

Электрондук таштандыларга уюктук телефондор, видеоюндар үчүн тиркемелер, компьютерлер, муздаткычтар, телевизорлор ж.б.у.с. кирет. Бул аппараттарда поликарбонат сыяктуу баалуу пластмассалар бар.

Суунун же сүттүн желим бөтөлкөсү жөнөкөй полимерлерден жасалгандыктан, аларды оңой эле пайдалуу нерсеге айлантса болот. Мисалы, чөнтөк телефондордун сырт кабы сыяктуу буюмдардын курамы татаал. Себеби, береги буюмдарды кайра иштетүүнүн коопсуз жолу жок болгондуктан, алар өрттөлөт же таштандыга ыргытылат, - дейт изилдөөчүлөрдүн бири К. Шарма (B.K. Sharma). - Өнөр жай полимерлеринин эриши кадимки шимип жечү момпосуйларды жасоодон айрымаланбайт. Сиз канттын кристаллын сууда эритип, аны суюктук менен байытасыз. Андан соң суюктукту буулантканыңызда момпосуй муздай катуу болуп калат. Биздин лабораторияда канттын ордуна пластик колдонулса, суунун ордуна күчтүү эритүүчү колдонулат”.

Электрондук таштандылар.
Электрондук таштандылар.

Бүгүн синтетикалык элементтерди эритүүчү эң күчтүү химикат деп DCM (Dichloromethane) заты саналат. Ал бөлмө температурасында кишинин же айбандардын организмине таасир этип, зыяндуу шишиктин келип чыгуу коркунучун көбөйтчү канцерогенди абага бөлөт.

Америкалык окумуштуулар полимерди эритиш үчүн 1800С температурага чейин ысытса эле буу бөлчү NMP (N-Methyl-2-pyrrolidone) эритүүчүсүн колдонушту. Алдагы усулду пайдаланып, эритүүчүнү кайра-кайра колдонуу тиешелүү затты суюктукка айлантууга мүмкүндүк берет. Бул түрдүү пластик таштандыларды кайра иштетүүнү жөнөкөй жана экология үчүн коопсуз кылат. Ал эми полимерлердин таштандыларынан термохимиялык процесстен соң арзан отун-пиролиз алынат.

АКШнын Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, 2009-жылы Кошмо Штаттарда керектөөчүлөр 2,37 млн. тонна электрондук таштандыларды ыргытышкан.

(Булагы: https://pubs.acs.org, https://www.sciencedaily.com)

ЖОЖ кишинин инсан катары калыптанышына таасир этет

Университетте окуп, билим алган кишилер мектепти бүткөндөн кийин иштей баштаган кишилерге караганда сүйлөшкөнгө ачык жана кызыктуу болушат. Британиянын Оксфорд университетинин басма борбору менен Австралиянын Монаш университетинин (Oxford University Press and Monash University) окумуштуулары австралиялык 575 өспүрүмдүн жашоосун 8 жыл бою изилдегенден кийин ушундай бүтүмгө келишти. Изилдөөнүн субъекти түрдүү социалдык катмарлардан болушкан.

Окумуштуулар инсандын (личность) ачыктык, ак ниеттүүлүк, социалдык чөйрөдөгү мамиле-экстраверсия, элпектик жана эмоционалдык туруктуулук - невротизм сыяктуу беш негизги сапатын баалап, жогорку билим кишинин тегерегиндегилерге көңүл буруп жашоосуна, башкаларга жакшы мамиле кылышына жана элпек болушуна чоң салым кошоорун аныкташкан.

ОшМУда окуган индиялык студенттер лекцияда. 28-февраль, 2018-жыл.
ОшМУда окуган индиялык студенттер лекцияда. 28-февраль, 2018-жыл.

Университетти бүткөндөр жогорку билими жокторго караганда табият берген жөндөмүн жакшы өнүктүрүшөт. Себеби алардын көбү университетке "келечекте маяналуу жакшы жумуш табам" деген үмүт-тилек менен барышат.

Изилдөө көрсөткөндөй, университет жакшы билимден тышкары ийгиликтүү адам болууга да көмөктөшөт. Себеби алар университетте окуган ар жыл сайын тегерегине кылдат мамиле кылуу жана башка кишилер менен кызматташуу жөндөмү өнүгөт. Буга студенттердин күн сайын түрдүү социалдык катмардан чыккан адамдар жана окутуучулар менен сабакта, китепканада, түрдүү жыйындарда кездешип- баарлашуусу, алардан өзүнө пайдалуу жаңы нерселерди үйрөнүшү өбөлгө болот. Ушинтип инсандын жеке сапаттарынын калыптанышында университеттин жашоо жолою окуу процессине караганда көп таасир этет.

“Студенттердин инсандык сапаттары алар университетте окуган жылдары өзгөргөнүн биз айкын көрдүк. Университет өспүрүм курактагы улан-кыздарды жаңы нерселерге жигердүү окутат жана аларга жаңы социалдык чөйрө түзөт. Булар студенттердин инсан катары калыптанышына таасир этээри шексиз”, - дейт изилдөөнүн жетекчилеринин бири Соня Кассенбумер (Sonja Kassenboehmer).

Анын айтымында, университет өз бүтүрүүчүлөрүнө болочок жумушуна байланыштуу кайсы бир предметтерди гана окутуу менен чектелбестен, аларда жумуш берүүчүлөр жана коом оң баалаган сапат-жөндөмдөрдү өрчүтөт.
(Булагы: https://academic.oup.com, http://www.dailymail.co.uk)

Жерге окшош жаңы 15 планета табылды

Күн системасынын четинде жаңы 15 экзопланета табылды. Алардын арасынан K2-155 деп аталган ачык кызыл эргежээл жылдызды тегеренген үч экзопланета окумуштуу-астрономдорду айрыкча кызыктырууда. Ачык кызыл жанган K2-155 эргежээл жылдыз Жерден 200 жарык жыл алыс.

Бардык 15 планетаны Токио технологиялык институтунун Теруюки Хирано (Teruyuki Hirano, Tokyo Institute of Technology's Department of Earth and Planetary Sciences) жетектеген окумуштуулары стандарттык транзиттик усулдун жардамы менен табышкан. Башкача айтканда жанагы издөөдөгү планета Жер менен жылдыздын ортосунан өтүп бараткан учурда жылдыз канчалык жарык күйгөнүнө жараша аныкталган.

K2-155 системасындагы үч планета тең "супержерлердин" классына кирет. Бул болсо алар Жерден 1,5-2 эсе чоң экенин билдирет. Астрономдордун айтышынча, эгер алар системадагы борбордук жылдыздан туура аралык алыста болсо, дал ушул типтеги планеталарда жашоо үчүн ылайыктуу шарт: Жердегидей атмосфера жана океан болушу ыктымал.

Жапон астроному Теруюки Хиранонун айтымында, азыр окумуштууларда эргежээл кызыл жылдызды айланып жүргөн экзотикалык планеталар тууралуу кенен маалымат жок.

“Биздин эсептөөлөр көрсөткөндөй, бул планетада Жердикиндей атмосфера жана кыртыштын түзүлүшү Жердегиге окшош болуш керек. Бирок биз бул (планеталарда) абал ушундай деп кепилдик да бере албайбыз. Азырынча кызыл эргежээл жылдыздарды айланып жүргөн планеталар тууралуу дээрлик эч нерсе билбейбиз. Себеби алардын саны Күнгө окшош жылдыздардын орбитасындагы планеталардан аз”, - дейт Теруюки Хирано.

Жапон астрономдору жаңы экзотикалык планеталарды ачкандан тышкары борбордук жылдыздын системасындагы темирдин жана башка металлдардын концентрациясы береги системадагы планеталардын чоңдугу менен санына түз байланышта болорун аныкташкан. Мындай ачылыш компьютердик моделдөөнүн негизинде жасалгандыктан, мунун чын-төгүнүн билиш үчүн кошумча байкоо жүргүзүү зарыл. Ошол кошумча байкоо маалында так эсептөө жүргүзүлүшү абзел.

“Ири планеталар металлга бай жылдыздардын алкагында табылууда, - деп түшүндүрөт Теруюки Хирано. - Бул азыркы теорияларга төп келет. Кызыл эргежээл жылдыздардын системасында Жерге салыштырганда үч эсе чоң таштак планеталардын табылганы буга далил. Кызыл эргежээл жылдыздар бүгүнкү белгилүү жылдыздардын ичинен металлга баарынан бай”.

НАСАнын "Kepler" орбиталдык телескобу.
НАСАнын "Kepler" орбиталдык телескобу.

Береги 15 экзотикалык планета Гавайидеги "Subaru Telescope" жана Испаниядагы "Nordic Optical Telescope" телескопторунун көмөгү менен табылды.

2009-жылы АКШнын космостук агенттиги НАСАнын “Кеплер“ орбиталдык телескобу күзөткө коюлгандан бери астрономдор Күн системасынан тышкары жактардан 4 миңдей планетаны табышкан. Алардын ичинен ондогон планеталарды окумуштуулар “Жердин потенциалдуу түгөйү” деп аташкан.

Соңку эки жылда астрономдор бир нече жылдыз системасын, ошондой эле экзопланеталарды табышкан. Алардын арасында "Proxima b" жана TRAPPIST-1 жылдызынын жанындагы жети планета да бар. Астрономдор ушул ачылыштарга таянып, Жерге окшош планета дал кызыл эргежээл жылдыздын жанынан табылат деп күтүп жатышкан.

НАСАнын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Аалам койнунда 3706 такталган экзопланета бар. (Булагы: https://www.titech.ac.jp, https://newsd.in)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG