Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:00

Урукташуу кезде озондоп ырдаган балыктар


Балыкчылар флоту жылына 20 күн арасында 2 миллион даана же 5900 тонна балык кармайт.

Вакуумдук туннелде жүрчү гипербоортко жаңы рекорд койду. Cynoscion othonopterus балыгы урукташуу маалында озондоп ырдайт. Оорукчандын абалын маалымдап турчу электротогоол. Кездемеден жасалган биобатарея.

Гипербоортко жаңы рекорд койду

Virgin Hyperloop One компаниясы вакуумдук туннелде өзү иштеп чыккан гипербоорткону сыноодон өткөрдү. Бул сыноо Лас Вегас (АКШ) шаарына канатташ DevLoop полигонунда өттү.

Автоматтык режимде жүрчү капсула-вагон 500 метрлик туннелде 387 км/саат ылдамдыкка чейин күүлөндү. Мурда гипербоортко 310 км/саат ылдамдык менен жүргөн.

Сынак маалында туннелдеги абанын басымы 0.0002 атмосферага барабар болду. Абанын мындай басымы деңиз деңгээлинен 60 км бийикте болот.

15-декабрдагы үчүнчү сынактын негизги максаты: гипербоорткону аба басымы нормалдуу туннелден абанын басымы төмөндөтүлгөн бөлүгүнө өткөрчү ноо кандай иштегенин текшерип көрүү эле.

Hyperloop технологиясы атмосфералык басымы аз туннелдеги электромагниттик левитацияны күчөтүү үчүн электромоторду пайдалануу идеясына негизделген. Мындай шартта абанын башаламан агымдары (турбулентность) жок болуп, теориялык жактан алганда гипертбоортко ылдамдыгын 1 000 км/саат чейин жеткире алат.

2021-жылга гипербоорткону дал ушундай ылдамдыкта жүргүзүү - Virgin Hyperloop One компаниясынын максаты. Вакуумдук туннелде жүрчү гипербоорткону жүргүнчүлөрдү ташууда пайдалануу-америкалык миллиардер-инженер Илон Масктын идеясы.

Virgin Hyperloop One компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ричард Бренсон (Sir Richard Branson) береги жаңы технология азыркы жүргүнчүлөрдү ташуу системасын өзгөртүп, жолго кеткен убакытты кескин кыскартат деп ишенет. Анын айтымында, Virgin Hyperloop системасы жүргүнчүлөрдү Лондондон Шотландиянын байтакты Эдинбурга 45 мүнөттө жетүүсүн мүмкүн кылат.

Эң ылдам жүргөн Azuma поезди август айындагы сынак учурунда Лондондон Эдинбургга төрт саатта жеткен.

(Булагы: http://www.independent.co.uk, https://www.cnbc.com, http://www.dailymail.co.uk)

Урукташуу кезде ырдаган балыктар

Cynoscion othonopterus балыгы урукташуу маалында саратандар менен чегирткелер канатын дирилдеткендеги сыяктуу добуш чыгарышат. Алар урукташуу кезде чыгарган үн башка деңиз жандыктарынын кулагын тундуруп, дүлөй кылып салышы да мүмкүн.

Америкалык ихтиологдор Брэд Эрисман (Brad Erisman,University of Texas at Austin), Тимоти Роуэлл (Timothy Rowell, University of San Diego) берегидей 1, 5 миллиондой балыктын урукташуу маалындагы озондогон үндөрүнүн кубатын гидрофонду пайдаланып аныкташкан. Изилдөө Колорадо дарыясынын дельтасында жана Перс булуңунда жүргүзүлгөн. C. othonopterus балыгы окунь балыгынын түркүмүнө кирет.

Окумуштуу-ихтиологдордун байкоосу көрсөткөндөй, Cynoscion othonopterus балыктары топ-топ болуп, хор созгондо добуштары тегеректи каптап, аба зуулдап турат. Бул хордун үнү айланадагы үндүн ландшафтынан алда канча бийик болот жана эркектеринин үнү баарынан кубаттуу чыгат.

Cynoscion othonopterus балыктарынын тукумдашуу сезонунда Колорадо дарыясынын дельтасында балыктар саздагы бакалардай чардап, суудан балыктардын жону жылтылдап көрүнүп калганын айтышат ихтиологдор.

Балыктар хору озондоп ырдаганда алардын добушунун кубаты 150 децибелге жетет. Кадимки ракета атылганда чыгарган үнүнүн жыштыгы 150 Дб барабар болот. Метродогу поезд 100 Дб, ал эми чукул кырдаал абалын билдирген сирена чыгарган үндүн кубаты 130 Дб болот.

Тимоти Роуэлл айткандай, жүз миңдеген Cynoscion othonopterus балыгы жылына бир жолу урукташуу маалында чогулуп, хор болуп чардаганда, алардын үнү стадиондогу күйөрмандар жапырт кыйкыргандай болуп угулат.

Мындай үн кишинин жана башка деңиз жандыктарынын ден соолугу үчүн коркунучтуу. Себеби кулакты тундуруп, коргонбосо дүлөй да кылып коюшу ыктымал.

Америкалык окумуштуулардын айтымында, бир заманбап кайык бир тор менен береги балыктар урукташып жатканда бир нече мүнөттүн арасында эки тонна Cynoscion othonopterus балыгын кармайт. Балыкчылар флоту жылына 20 күн арасында 2 миллион даана же 5900 тонна балык кармайт. Балыкты мындай темп менен кармоо токтотулбаса, алардын азайып кетээри турган иш деп эскертишет ихтиологдор.

(Булагы: rsbl.royalsocietypublishing.or, https://phys.org)

Оорукчандын абалын маалымдап турчу тогоол

Болочокто АКШда кеселдердин абалын дарыгерге 24 саат бою маалымдап турчу электрондук тогоолдор пайда болот. Электрондук тогоол оорукчандын кийимине төөнөлүп койгондуктан, непада анын кан басымы жогорулап, акыбалы осолдоп кетсе, бул тууралуу дарыгерлер ошо замат маалымат алат.

Мындай тогоолду АКШнын Корнелл университетинин профессору Эдвин Кан (Edwin Kan, School of Electrical and Computer of Engineering of Cornell University) жетектеген илимий топ иштеп чыкты.

Радиотолкундарды кишинин денесинин ичине жөнөтүп турчу электрондук тогоолду оорукчандын халатынын жакасына төөнөп же билегине тагып койсо да болот. Электрондук тогоол бөлгөн радиотолкундар жүрөктөн же кан тамырдан чагылышып, тулку бойдон сыртка берилет. Ал сигналдарды Компьютердик борбордогу атайын система кабыл алып, маалыматты дарыгерлердин компьютерине токтоосуз жиберип турат.

Электротогоол
Электротогоол

Профессор Эдвин Кан өз командасы менен иштеп чыккан алдагыдай система келген сигналдардын негизинде оорукчандын кан басымы, жүрөгүнүн согуусу жана дем алуу ырааты сыяктуу маанилүү көрсөткүчтөрдү аныктайт.

Бул система берген маалыматтар электрокардиограф сыяктуу эле оорулуунун абалын так берет. Ар бир тогоолдун өз коду болгондуктан, нөөмөттөгү дарыгер бир эле учурда 200 кеселдин абалына көз салып тура алат.

(Булагы: https://www.nature.com, https://kan.ece.cornell.edu)

Кездемеден жасалган батарея

Кездемеден жасалган биологиялык батарея атайын багылган бактериянын көмөгү менен иштейт. Жаңы биобатареяны АКШнын Бингемтон университети менен Нью-Йорк мамлекеттик университетинин (Binghamton University & State University of New York) илимпоздору жарнакташып жасашты.

“Бүгүн ийилчээк жана тулку созулчу электроникага талап чоң. Аларды реалдуу убакыт режминде маалымат жыйноо үчүн түрдүү тармактарда колдонуу мүмкүн. Биз ийилчээк, тулку созулма кыпындай биобатареяны иштеп чыктык. Мындай энергетикалык технология туруктуу, өзүн өзү толуктап турчу жана экологиялык жактан зыянсыз болгону менен абдан пайдалуу”,-дейт илимий ачылыштын жетекчиси, Бингемтон университетинин доценти Сеохейн Чой (Seokheun Choi).

Биобатарея негизи катуу башка биологиялык батареялардай эле иштейт. Анын кубаты кийимге тагылып же төөнөлүп коюлчу жана электр кубатын аз керектечү электрондук шаймандарды иштеткенге жетет.

Биобатареянын элементтери жайгашкан (орнотулган) кездеме буладай жумшак болгондуктан, мындай батареяны созуп узартса, басып кичирейтсе же эшип туруп, формасын өзгөтсө да боло берет. Андан биобатарея олуттуу зыян тартпайт.

Окумуштуулардын айтышынча, биологиялык батареялар чөнтөккө салып жүрчү портативдик электрондук аппараттар үчүн баалуу электр булагы болуп саналат. Анткени биокатализатордун функциясын аткарган микроорганизмдерге жашоо үчүн ылайыктуу чөйрө болсо, ферментативдик реакцияны туруктуу аткара берет.

Анан да бактериялар биобатареянын өмүрүн химиялык батареяларга салыштырмалуу узак кылат. Ал эми кадимки химиялык батареяларга электр кубатын берчү ферментативдүү элементтер - бактериялар кубат берчү биобатареядай узак кызмат кыла албайт.

Бирок микроорганизмдер такай иштеп туруусу үчүн алардын жашоосуна ылайыктуу чөйрөнү түзүп берүү зарыл. Эгер биобатарея үчүн гени модификацияланган бактерияларды пайдаланчу болсо, бул маселе да чечилет дешет илимпоздор.

Доцент С. Чойдун сөзүнө караганда, микроорганизмдердин жашоо булагы катары киши ысыгында денесинен бөлүнгөн терди же кездеме батареянын бетине айлана-чөйрөдөн жабышкан органикалык заттарды колдонсо болот.

(Булагы: https://www.eurekalert.org, http://www.sciencenewsline.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG