Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 23:31

Тамакты шашып жегендер бат семирет


Иллюстрациялык сүрөт.

Океандардагы таштанды пласмассаларды жеген суу чаян. Далдадагы объектини көрчү лазер-шайман. Калп чындыкка караганда тез жана кеңири жайылат. Семиз болгуңуз келбесе, тамакты шашпай чайнап жеңиз!

Крилл1 - мухиттеги желим челектердин "душманы”

Ийненин көзүндөй зоопланктон2 чоңдугу 5 мм жетпеген биттей пластикти жеп, заңы менен кошо микросакадай пластик бөлөт.

Криллдин мындай касиетин Австралиянын Гриффит университетинин (Griffith University) Антарктика борборунун изилдөөчүсү Аманда Доусон микрошариктердин зыяндуулугуна байланыштуу долбоордун үстүнөн иштеп жатып байкап калган. Полиэтилен пластиктен жасалган микрошариктер косметикалык кремдерде колдонулат.

- Крилл пластикти сындырганын даана аныктадык. Анын аягы эмне менен бүтөрүн так айтуу кыйын. Бирок биздин теория боюнча, океандардагы пластмассалар баштапкы сапатын жоготуп, морт болуп бараткандыктан, крилл үчүн аларды сындырган жеңил болот, - дейт Аманда Доусон айым.

Криллдин заңындагы микропластиктердин көбү мурдагы формасынан орточо 78% кичине болсо, кээ бирлери 94% кичине болгон. “Бул микропластиктер менен экосистеманын ортосундагы карым-катнаштын жаңы жолу”, - дейт изилдөөнүн авторлошу Со Кавагути (So Kawaguchi). Анын айтымында, тамак сиңирүү системасы кудум ушу криллдикиндей башка да зоопланктон микропластикти кемирип “жеген”.

Бирок окумуштуулар токсиндердин майда бөлүктөрү криллдердин организминде калып, алардын өмүрүнө залал келтириши ыктымал деп кооптонушат. Ошондуктан Аманда Доусон дагы терең жана ар тараптуу изилдөө жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

Мурда чаян сыяктуулар тарабынан микропластиктердин “кыйратылышы” изилденген эмес.

Океандарда пласмасса таштандылар көбөйүп, алардын экологиясы тез бузулууда. Жыл сайын океандарга 8 миллион тонна пластик заттары ыргытылат. Анын кесепетинен, окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча, орточо 1 миллион деңиз канаттуулары, 100 миң деңиз сүт эмүүчүлөрү, эсепсиз балык кырылат.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш 2017-жылы бир изилдөөгө шилтеме кылып, эгер тийиштүү чара көрүлбөсө, 2050-жылы Дүйнөлүк океандагы пластик таштандылардын салмагы балыктардан көп болорун эскерткен. (Булагы: https://phys.org, https://www.afp.com)

Дубалдын артын көрчү лазердик система

Мындай лазердик системаны АКШдагы Стэнфорд университетинин электротехникалык факультетинин (Stanford University) доценти Гордон Ветштайн (Gordon Wetzstein) жетектеген окумуштуулар ойлоп табышты.

Алар лазер жана өтө алсыз же кубаты бир нече фотон жарыкты сезгич детекторду артында объекти бар дубалдын алдына жайгаштырып, каптал жактагы экранга лазер нурун жиберишкен. Лазердин нуру экранга тийгенде ал бардык тарапка чачырайт. Нур ортодогу дубалдын артындагы объектиден чагылышып, кайра экранга келет. Экрандан лазердин жанында орнотулган жарыктын детекторуна келет.

​- Идея – биз түз көрө албаган объектини көрүү болду. Биз ошого көз менен түздөн-түз көрүүгө мүмкүн болбогон объектинин элесин кадимкидей кылып жараталы дедик, - дейт изилдөөчүлөрдүн бири Мэтю О’Тул (Mattew O’Toole).

Бул идея турмушка ашырылса, желдей желип учкан айдоочу же пилотсуз автокөлүк бурулуштун арт жагындагы жолдон өтүп бараткан кишини бурулушка жеткенге чейин эле көрүп, жүрүшүн басаңдатмак.

“Көз алдыңызга элестетиңизчи, - деп айтылат илимий ачылыш тууралуу макалада. - Ийри-буйру жолдо бараткан айдоочусу жок автокөлүк бир кезде капылеттен токтоду. Себеби чоң жолго кошулчу жолдо ойноп жаткан балдар тобун качырып жиберди. Муну автокөлүктөгү бир да жүргүнчү көрө албайт. Бирок сезгич лазер технологиясы кырсыктын алдын алып, ага жол берген жок”.

Ушу чакта окумуштуулар көзгө далдаа жерде турган объектини аныктоонун технологиясын жакшыртуунун жана ал объектинин үч өлчөмдөгү түзүмүн жаратуунун үстүнөн иштеп жатышкан чагы. Себеби далдаа жердеги объектини сканер менен сүрөткө алууга азыр эки мүнөттөн 60 мүнөткө чейин убакыт коротулат.

Стэнфорд университетинин окумуштууларынын табылгасы кеңири колдонула баштагандан мурда аны күндүз жана объекти жылып бараткан шартта да иштегендей кылыш керек. (Булагы: https://news.stanford.edu, https://www.deingenieur.nl)

Калп маалыматтын казаны тез кайнайт

Жалган маалымат чын маалыматка караганда тез жайылат. Адамдардын жаңы маалыматка болгон кызыгуусу алардын жүрүм-турумун башкарышы ыктымал. Анткени жаңы маалымат көп учурда жалган болуп чыгаарын АКШдагы белгилүү Массачусетс технологиялык институтунун (Massachusetts Institute of Technology) окумуштууларынын изилдөөсү көрсөткөн.

- Калп маалыматтын бардык категориясы алда канча алыска, кеңири, ылдам, терең жана көп адамга жайылат; жалган саясий жаңылыктардын кесепети терроризм, табигый кырсыктар, илим, шаардык легендалар же акча каражаттары тууралуу жалган маалыматтарга караганда бир кыйла таасирлүү болот. Чындыкка 1 500 адамга жетиш үчүн калпка караганда 6 эсе көп убакыт керек, - деп айтылат Синан Арал (Sinan Aral) башындагы илимий топ даярдаган макалада.

Изилдөө көрсөткөндөй, калптын көбүн реалдуу адамдар, ошондой эле карапайым адамдар жайылткан. Демейде социалдык медиадагы эң популярдуу жалган посттун булагы - ишенимдүү колдонуучулар жана аларда катталгандар эмес. ​

- Калп кабар чыныгы жаңылыкка караганда алда канча романтикалуу көрүнөт. Ошого адамдар жаңы маалыматты көп бөлүшөрүн аныктадык, - деди Синан Арал.

Колдонуучулар ишенимсиз маалыматтарга таянганда, ошондой эле анын негизинде өздөрү макул болбогон маалыматка ынангысы келбесе, жалган кабардын (“fake news”) казаны кайнайт.

Бул жерде Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары "Твиттерде" жасалган ар кандай билдирүүнү “жаңылык” катары алышкан. Бул изилдөөнү баштоого 2013-жылкы Бостон марафонунун убагындагы бомба чабуулунан соң "Твиттерде" жалган кабарлардын тез тарашы түрткү болгон. Береги кандуу булоондо үч киши өлүп, 264 киши жарадар болгон.

МИТтин аспиранты Соруш Восауи (Soroush Vosoughi) жана анын кесиптештери калпты аныктоодо фактыларды тастыктоочу алты сайтты: factcheck.org, hoax-slayer.com, politifact.com, snopes.org, truthorfiction.com, and urbanlegends.about.com. пайдаланышкан.

Алар ошентип 2006-2013-жылдары "Твиттерде" 3 миллиондой адам тарабынан 4,5 миллион жолудан көп таркатылган 126 миң окуяны иликтеп чыгышкан.

Жалган кабарлар окуя тууралуу чындыкка салыштырмалуу көп адамга жайылган. Жалган кабарлардын самандай жеңил учкан 1% бөлүгү 1 миңден 100 миңге чейин адамга жетсе, чындык 1 миңден көбүрөөк кишиге гана жайылган. Натыйжада, жалган окуяларга тиешелүү кабарлар чын окуяга байланыштуу кабарларга караганда 70% көп таркатылышы мүмкүн экени аныкталган.

- Белгилүү бир жагдайларда фактыларды текшерүү тескери натыйжа бериши мүмкүн. Анткени фактыларды текшерип, чындыкты айткан учурда деле, калп кабар кайталанса, адамдардын баары ошого гана чындык катары ишенип кетүү мүмкүнчүлүгү көп болот, - деп эскертилет изилдөөдө.

Бул изилдөө экономика эл арасында жойлоп жүргөн калп сөздөн корголбогонун да көрсөткөн. Мисалы, "президент Барак Обама жардыруудан жарадар болду" деген "Твиттердеги" жалган кабардан улам ири компаниялардын баалуу кагаздары 130 млрд. долларга арзандап кеткен.

Арийне, маалымат алмашууну жеңилдеткен социалдык технологиялар жана чоң масштабдагы маалыматтардын агындысы же каскады миллиондогон адамдар ишенчү жалган кабарларды таркатууга өбөлгө түзөт.

Индиана университетинин илимпозу Филиппо Менчер (Filippo Menczer, Indiana University) жана анын коллегалары "Фейсбуктагы" жаңылык-постторду автоматтык түрдө жаңылап жазып турчу программаларды (“bots”) унутпаш керек экенин эскертишет. Алардын эсебинде "Фейсбукта" ошондой 60 миллион пост жана "Твиттерде" 48 миллион пост автоматтык түрдө жазылып турат. (Булагы: http://science.sciencemag.org, https://www.nbcnews.com)

Семиз болгуңуз келбесе, тамакты шашпай жеңиз

Жапон окумуштууларынын изилдөөсү тамакты тез сугунуп жеген адат менен тулкунун массасынын индексинин (ТМИ), ошондой эле белдин айланасынын байланышы бар экенин тастыктады.

Алар мындай бүтүмгө 2008-жылдан 2013-жылга чейин 59717 аял-эркектин медициналык абалына тиешелүү маалыматтардын жана алардын медициналык камсыздоого кайрысунун негизинде келишкен. (Бул адамдардын баары 2- типтеги кант диабети менен ооругандар болгон). Мындан тышкары, изилдөөнүн катышуучуларына алардын жашоо жолоюна тиешелүү жети суроо берилген. Анын ичинде бир суроо тамакты канчалык ылдам ичкени тууралуу болгон.

Изилдөөнүн натыйжасы тамакты шашпай жайбаракат жегендердин 21,5% семиздиктен жабыркаса, тамакты орточо ыргак менен жегендердин арасында семиз деп диагноз коюлгандар 30% түзгөнүн көрсөткөн.

Тамакты тез жеген адамдарда тулкунун массасынын орточо индекси жогору жана белинин айланасы чоң болгон. Шашпай тамактанган адамдардын тулкусунун массасынын орточо индекси 22 кг/м2 ден бир аз көп болсо, орто ылдамдык менен жегендерде бул көрсөткүч 23,5 кг/м2, ал эми тез тамактанган адамдарда 25 кг/м2 жакын болгон. Белинин айланасы тамакты ылдам жегенине карай пропорционалдуу өскөн.

Британиянын Семиздик боюнча улуттук форумунун (National Obesity Forum) төрагасы Там Фрай (Tam Fry) жапон окумуштууларынын изилдөөсүн кош колдоп жактады.

- Көп адамдардын тамакты ылдам сугунуп жегени алардын семиришине кошумча болору талашсыз. Тамакты тез жеген адамдарга тойгонун сезиш үчүн көбүрөөк убакыт керек. Себеби алар гормондордун мээге "тамакты өзүңө шыкаганды токтот" деп айтканына убакыт беришпейт. Тамакты тез сугунуп жеген адат кандагы кантты көбөйтөт. Бул өз кезегинде инсулинге каршылыкты күчөтөт, - деп түшүндүрөт Там Фрай. - Өзгөчө, тамагын шашып-бушуп жеген адамдар ден соолугу тууралуу ойлошпойт. Алар тамак жеп жатканда телефондорун жана электрондук почтаны өчүрүп, мүмкүн болсо жарым саатка кеңседен тыш жакка басып келиши керек”.

Бирок, Ноттингем университетинин профессору Ян Макдональд (Ian MacDonald, professor of metabolic physiology at the University of Nottingham, U.K.) жогорудагы пикирге кошулбайт. “Албетте, тамакты ылдам жеген адат менен семиздиктин өнүгүшүн байланыштырган идея канчалык кызыктуу болбосун, бул маалыматтарды экстраполяциялоого болбойт. Себеби тамакты ылдам жеген адам көп жейт, бул салмактын көбөйүшүнө алып барат”, - дейт британиялык илимпоз.

*** *** *** *** *** *** ***

1Крилл – чаян сыяктуу, чоңдугу 10-65 мм ашпаган майда деңиз жандыгы. Ал 10 жылга чейин жашайт. Чаян сыяктуулардын Эуфазиддер (Euphausiacea) тобуна кирет жана бардык дүйнөлүк океандарда кездешет. Аталышы норвегдердин “krill” деген сөзүнөн алынган, “балыкты коштоп жүргөн майда балык” дегенди түшүндүрөт.

2Планктон (грек. πλανκτόν — “жолбун”) сууда эркин калкып жүргөн жана суунун агымына каршы сүзө албаган ар түркүн майда жолбун организмдер.

3Тулкунун (дененин) массасынын индекси (англ. body mass index (BMI), орус. индекс ма́ссы те́ла (ИМТ) – кишинин массасынын анын боюна туура экенин баалаганга шарт түзө турган көрсөткүч. Бул индекс ошентип кишинин массасы жетишсиз, жетиштүү же ашыкча экенин кыйыр түрдө баалайт.

Тулкунун (дененин) массасынын индекси бул формула менен эсептелет: I=m/h2

m -кишинин салмагы (массасы) кг менен,

h – кишинин бою метр менен.

Мисалы, кишинин салмагы 100 кг, бою 170 см болсо

ТМИ= 100: (1.70x1.70) =34.6 кг/м2

Демек бул кишинин салмагы семиздиктин биринчи баскычына туура келет

(Булагы: https://www.ncbi.nlm.nih.gov, https://www.theguardian.com, http://www.newsweek.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG