Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Доңуз менен таймашчу робот-карышкыр


Роботтордун бири. Жалпы сүрөттөмө. 2015.
Роботтордун бири. Жалпы сүрөттөмө. 2015.

Жапонияда айдоо жерлерди доңуздардын чабуулунун робот-карышкырлар коргойт. Азиядагы эң узун үңкүр Кытайдан табылды. Деңизге мониторинг жүргүзчү робот-балык. Талантуу жана жөндөмдүү кишилер дайыма эле бай боло бербейт.

Робот-балык

2023-жылы деңиз өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү (флорасы жана фаунасы) тууралуу маалыматты робот-балыктар чогулта баштайт. Андай роботту Массачусетс технологиялык институтунун (Massachusetts Institute of Technology) окумуштуулары ойлоп табышты.

Робот-балык “SoFi” (англ. Soft Robotic Fish - акылдуу робот балык) деп аталат. Фижи (орусча Фиджи) аралдарындагы "Күн желеси аскалары" (Rainbow Reef) аталган суу астынан чыгып турчу аскалар аймагында жүргүзүлгөн сынак маалында “SoFi” деңизге 18.29 метр тереңге чейин чөмүлүп, суу астында 45 мүнөттөй жүргөн.

Робот-балыктын тула бою силикон чоюлгуч желиминен жана ийилчээк пластмассадан жасалган. Анын тулкусундагы кыймылдаткычы (мотору) куйругун кыймылга келтирип, ал кадимки балык сыңары сууну шарпылдатпай сүзөт.

Азыркы суу астында сүзчү роботтор болсо негизинен желбиректердин жардамы менен иштешкендиктен, сууну шарпылдатпай сүзө алышпайт.

Роботтун кыймылдаткычы электр агынын “денесиндеги” смартфондун батареясынан алат. Батареясы 45 мүнөткө жетет.

Тулку бою 46 см (45,72 см) узундуктагы “SoFi”өз боюнун жарымына барабар куйругун балык тейде оңго-солго жайбаракат былкылдатып, зарыл тереңдикте калкып сүзө берет. (Анын куйругунун узундугу - 22,86 см).

“SoFi” робот-балыкты суу өтпөс кутунун ичинде отурган оператор башкарат. Ал роботтун тулкундагы камераны пайдаланып, абдан сапаттуу сүрөттөрдү жана видеону тартат.

“Бул системаны деңиз флорасы жана фаунасына адамдарга жана башка типтеги роботторго караганда “бир кыйла жакын” болуш үчүн пайдаланабыз деген ниетибиз бар”, - дейт илимий топтун жетекчиси Робет Качманн.

МТИнин Илимий лабораториясынын башчысы Даниэла Рустун (Daniela Rus) айтышынча, окумуштуулар SoFi роботу суу астында автоматташтырылган обсерватория түзүүдөгү биринчи кадам деп эсептешет.

“Бул түрдөгү робот суу астындагы аскалар дүйнөсүн азыркы роботторго караганда бир кыйла жакындан изилдөөгө жардамдаша алат. Себеби ал суу астындагы аскалар үчүн алда канча коопсуз болгондуктан, деңиз жандыктары тарабынан жакшы кабыл алынышы этимал”, - деп билдирди италиялык окумуштуу, проф. Сесилия Ласки (Cecilia Laschi, Sant'Anna School of Advanced Studies in Pisa).

(Булагы: https://www.nytimes.com, https://www.cnet.com)

Шуанхэ - Азиядагы эң узун үңкүр

Кытайдын түштүк батышындагы Гуйчжоу вилайетиндеги Шуанхэ аттуу үңкүрдүн узундугу - акыркы ченөөгө ылайык - 238,48 км. Бул жөнүндө 24-мартта Кытайдын жана Франциянын спелеологдору жарыялашты.

Буга чейин Малайзиядагы Гуа-Эир-Жерних (англ. Clearwater) үңкүрү Азиядагы эң узун үңкүр саналчу. Анын узундугу - 222 км.

Шуанхе үңкүрүндө жоголуу коркунучу астында саналган узундугу 10 см кескелдирик жана чоңдугу кериктей (носорог) алп панданын, кылыч тиштүү жолборстун, пилдин сөөктөрү сакталып калган.

Жаңы табылган кескелдирик саламандрага окшош экени, ага толук мүнөздөмө берүү дагы изилдөөнү талап кылары айтылат.

Окумуштуулар Шуанхэ үңкүр системасы 100 млн жыл илгери пайда болгон деп жоромолдошот.

Гуйчжоу Илимдер академиясынын Тоо ресурстарын изилдөө институнун башкы инженери Ли По жердин бетинен айырмаланып, үңкүрдө байыркы геология, метеорология, палеонтология, атүгүл гидрологияга тиешелүү маалыматтар бузулбай сактала берерин билдирди.

“Бул элементтер байыркы айлана-чөйрөнү жана бүгүнкү айлана-чөйрөнү жакшы түшүнгөнгө жардамдашат. Гуйчжоу, чынында эле, геологиялык ресурстарга бай. Көпчүлүк үңкүрлөрдүн уникалдуу экологиялык системасы өзүнчө изилдөөгө муктаж”, - деди Ли По.

Шуанхэ үңкүрү 1987-жылы табылгандан бери мында жергиликтүү жана чет элдик окумуштуулар катышкан 19 изилдөө жүргүзүлгөн. Анын 143 залынын 56 залы өз ара туташкан; жер астындагы беш дарыясынын 118 куймасы бар.

“Үңкүрдүн жалпы узундугу анын негизги үңкүрлөрү, туннелдери, көлдөрү (сено́т (исп. cenote,“сено́те”) жана жер астындагы дарыяларынын узундугу боюнча өлчөнөт”, - дейт Гуйчжоунун үңкүрлөр ассоциациясынын башкы катчысы Цян Чжи.

Таанымал француз спелеологу Жан Ботацци (Jean Bottazzi) Шуанхэ үңкүрү менен кескелдириктин жаңы түрү бар Дуйво (Duiwo Cave) үңкүрүн туташтырган туннелди тапкан. Дуйво үңкүрү 2003-жылы табылган, бирок техникалык кыйынчылыктардан улам 2015-жылга дейре изилденбей жаткан. Үч жылдык изилдөөнүн натыйжасында ал 8 км узун экени аныкталды.

Дүйнөдө белгилүү эң узун үңкүр - АКШнын Кентукки штатынын ортолугундагы Мамонт үңкүрү. Анын жалпы узундугу 663 км. Бул Кант менен Ташкенттин ортосудагы аралыкка тете.

(Булагы:https://news.cgtn.com, http://www.chinadaily.com.cn)

Ийгилик менен кокустук жанаша жүрөбү?

Кишинин бай болуусу кокустукка байланыштуу. Жөндөм жана талант кишинин бай болуусуна таасир этпейт. Италиянын Катания университетинин окумуштуулары А. Плучино, А.Е. Биондо, А. Раписада (A. Pluchino. A. E. Biondo, A. Rapisarda) коомдо кишилердин баюу жүрүмүнүн математикалык моделинин негизинде ушундай бүтүм чыгарышты. Математикалык изилдөө эң таланттуу жана жөндөмдүү кишилер эмес, ортозаар “оюнчулар” байлык топтоо жагынан чоң ийгиликке жетишээрин көрсөткөн.

Алар кишинин бай болуу жараянын моделдештирүүнүн агенттик усулун колдонуп изилдешкен. Ал үчүн миң экономикалык агенттин (кишинин) жүрүм-туруму моделдештирилип, алардын ар бирине башка агенттер менен чогуу аракеттенгендей жөндөм берилген. Агенттердин басымдуу бөлүгү (67%) орто жөндөмдүү болсо, калгандары абдан таланттуу жана талантсыз оюнчулар болгон.

Берегидей бөлүштүрүү кишинин интеллекти жана жөндөму тууралуу бүгүнкү түшүнүккө ылайык келет. Математикалык модел боюнча, агенттер иш ордунда түрдүү окуяларга туш келген. Эгер “жашыл окуялар” агентти байытса, “кызыл окуялар”, тескерисинче жакырланткан.

Кагылышууларды бөлүштүрүү теориясында жакшы жана жаман окуялар тегиз бөлүнөт. Бирок реалдуу турмушта киши чектелүү бир убакта гана жолдуу болот. Ошондуктан экспериментти жүргүзүү үчүн агенттердин саны, алар жашаган убак жана окуя болгон убакыт кадимки жашоодогу тейде чектелген. Ошого чектелген убакта кимдир бирөөлөр кылган ишинен көп пайда тапса, башка бирөөлөр үчүн бизнеси күткөндөй киреше алып келген эмес.

Натыйжада, 40 жылдан соң бардык байлыктын 80% агенттердин 20% колуна топтолгон, ал эми байлыктын 20% калган агенттер (80%) ээ болушкан. Байлыктын мындай бөлүнүүсү өнүккөн жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү сүрөттөмөгө дал келет, дешет илимпоздор.

Бул математикалык модел боюнча, эң жөндөмдүү деп эсептелген агенттер коомдогу эң бай 20% катарына кирбей калган. Ал эми “супербайлардын” жөндөмү ортодон бир аз жогору деп бааланган эле.

Ушундан улам, изилдөө авторлору кээ бир учурда тигил же бул илимпоздорду алардын мурдакы же баштапкы этаптагы ийгилигине карап каржылоо туура эмес деп тыянак кылышты. Атап айтканда, грант берилгенде илимий кызматкердин мурда жазылып, көп шилтеме жасалган иши эске алынат. Ошон үчүн, окумуштуулардын мурдагы эмгегин жана канча жолу эмгектерине шилтеме жасалганын эске албай, грантты баарына бирдей бөлүштүрүү сунуш кылынат.

Дайыма эле кирешелүү компанияларга инвестиция салуу да туура эмес, анткени эртең базардагы кырдаал өзгөрсө, алар мурдагыдай ийгиликтүү болбой калат.

“...Жашоодо ийгиликке жетүү үчүн белгилүү деңгээлде талант керек. Ашыкча таланттуулар эч качан ийгиликтин кыр чокусуна жетишпейт. Аларды ортозаар, бирок жолдуу адамдар алдап кетет... Көпчүлүк китептерде саптардын арасында акырын айтылган бул нерсе береги изилдөөдө математикалык моделдин негизинде көрсөтүлдү”, - деп айтылат изилдөөдө.

Бул изилдөөнүн автордоштору Алессандро Плучино, Андреа Раписада жана алардын кесиптеши Цезар Гарофалонун (Cesare Garofalo) менежментке байланыштуу жогорудагыга окшош изилдөөлөрү 2010-жылы Нобель сыйылыгын пародиясы - Ig Nobel Prize сыйлыгына татыктуу болгон.

Жакында эле Европа изилдөө кеңеши (European Research Council) табигый же интуитивдик кыраакылыкты жана ачылыш жасоодогу “пешене” же жолдуу болууну изилдөөгө 1,7 млн доллар чегерген.

(Булагы:https://arxiv.org, https://www.technologyreview.com)

Доңуздарды коркуткан робот-карышкыр

Жапон дыйкандардын күрүч талааларын жана каштан бактарын робот-карышкыр доңуздардан коргойт. Оттой жанган диод көздүү робот-карышкырдын бою 50 см, тулку 65 см. Ал электр кубатын утурум дүрмөттөлүп турчу күн батареясынан алат.

Робот утуру жакындап келаткан доңуздарды жана башка айбандарды тулкундагы сенсорлор аркылуу сезет дагы аларды качыруу үчүн бөрүчө ары-бери жортуп, улуй баштайт. Ал 48 түркүн үн чыгарып ырылдай алат.

Мындай бир робот-карышкыр 800 метр радиусундагы аянтты кайтарат. Анын сырткы кебетеси кадимки карышкырдан анча айырмаланбайт. Жаактары резинадан жасалган.

Робот-карышкыр былтыр жайдан бери Тиба префектурасында сынактан өтүүдө. Жапониянын айыл чарба кооперативинин мүчөсү Чикао Умезаванын айтымында, робот-карышкырды сатып алгандан бери жапайы жаныбарлар эгин талаасына мурдагыдан алда канча аз зыян келтирген. Бул сыяктуу жасалма карышкырлар ушул жайдан баштап сатыкка чыгат жана бирөөсүнүн баасы 5 миң доллар турат.

Жапонияда жергиликтүү Хоккайдо карышкыры XIX кылымдын башында эле тукум курут болгон.

Доңуздар Жапониянын түндүк аймактары үчүн чоң көйгөйгө айланган. 2015-жылы доңуздардан саны 1 миллиондон ашкан жана алардан бир жылда дыйкандар 46,5 миллион доллар чыгым тарткан. Бул бардык жапайы айбандар келтирген чыгымдын үчтөн биринен көп.

(Булагы: https://www.independent.co.uk, http://www.news.com.au)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG