Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Илим дүйнөсү: өзү баскан тапичкелер


"Акылдуу" тапичкелер
"Акылдуу" тапичкелер

"Акылдуу" тапичкелер. Курулушту текшерчү робот-контролер. Курсактагы бөбөктүн кыймылы булчуңдардын, сөөктөрдүн жана муундардын өсүшүнө пайда. Болгария менен Хорватияда органикалык дыйканчылык күч алууда.

"Nissan" компаниясынын "акылдуу" тапичкелери

"Nissan" компаниясы автомобилдерди автотурукка айдоочусуз эле автоматтык режимде койчу "NISSAN ProPILOT Park" системасынын мейманканалык вариантын көрсөттү.

Ал "ProPILOT Park Ryokan" деп аталат. Рёкан (ryokan) - жапондордун салттуу конок үйү, мейманканасы. Коноктор тапичкелерди, столду жана жаздыктарды чечип койгондо алар жаңы технологиянын (ProPilot Park Ryokan) жардамы менен өз ордуна барып туруп калат. Мындай эстүү буюмдарды азыр Жапониянын Хаконе курортундагы мейманканалардын бириндеги коноктор пайдаланууда.

"NISSAN ProPILOT Park" системасы рулду, тормозду жана дросселди колдонуп, айдоочусу жок эле автомобилди паркингге коюп коёт. Тапичке жана башка буюмдар да дал автомобилдей жүрүп, өз ордуна барып, иретине жараша токтойт.

Былтыр "Nissan" компаниясы автономдуу режимде иштечү стул жасаган. Ал узун кезекте турган адамдарды тейлейт. Кезеги жеткен адам андай орундуктан туруп кеткенден кийин, ал кезектин соңундагы кишинин алдына барып токтойт.

Мындай өзү жүрчү тапичкелер 1-4-февраль күндөрү "Nissan" компаниясынын Йокогама шаарындагы башкы кеңсесинде кардарларды тейледи.

(Булагы: https://newsroom.nissan-global.com, https://www.cnet.com)

Курулуштун жүрүшүн текшерчү робот

Робот-контролёр баш кеңсеси Калифорнияда жайгашкан "Doxel" компаниясында жасалган. Ал оптикалык лазер сканердин жардамы менен курулуш объектилерин күн сайын кыдырып, иштин жүрүшүн (графигин), техникалык жана технологиялык талаптардын так аткарылышын, жумуштун сапатын текшерип, кемчиликти таап турат. Тактап айтканда, ал жыйнаган маалымат компьютердик борбордо жасалма интеллекттин жардамы менен талданат жана тийиштүү чаралар кабыл алынат.

Сан-Диегодогу көп кабаттуу Медициналык борбордун курулушун күн сайын "Doxel" роботунун жарадамы менен инспекциялоо долбоордо каралган сумманын 11% үнөмдөп, жумушчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн 38% жакшырткан. Робот-контролёрлор береги курулушту текшерүүгө күнүнө төрт саат короткон.

"Doxel" компаниясынын башкы директору Саурабб Ладханын (Saurabh Ladha) айтымында, көпчүлүк менеджерлер курулуштагы көйгөйлөр тууралуу объект тургузулгандан төрт-сегиз жума өткөндөн кийин угушат. Бул демейде чоң долбоорду бүткөрүүнүн мөөнөтүн кечиктирип, компаниянын иш графигин бузат.

Ладханын айтымында, робот-контролёрдун сенсорлору курулуштун сапатын 2 миллиметр тактык менен аныктайт. Ал курулушту кечинде жумуш күнү бүткөндөн кийин ага айтылган маршрутка ылайык текшерет, объектинин үч өлчөмдөгү майда-барат картасын түзөт. Роботтун универсалдуу мотору анын тепкичтерден кыйналбастан чыгышына мүмкүндүк берет. Ал минтип бир жумада 30 миң чарчы метрге жакын аянттагы жумушту текшере алат.

Кийинки убакта АКШда робот техниканы жана жасалма интеллектти өнүктүрүүгө кызыккан компаниялар көбөйдү. Себеби келерки 40 жылда өндүрүштү автоматташтыруунун натыйжасында өлкөнүн курулуш тармагында эле 3 миллионго чукул жумуш орду кыскарат деп айтылууда.

"McKinsey" консалтинг компаниясынын эсебине ылайык, пилотсуз учак, лазердик сканер жана имараттарды маалыматтык моделин түзүү (BIM- Building Information Modeling же Building Information Model) сыяктуу санариптик шаймандарды колдонуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн 50% жогорулатып, натыйжада 1,6 триллион долларлык иш кошумча бүткөрүлөт.

(Булагы: https://venturebeat.com, https://www.constructiondive.com)

Болгария менен Хорватияда органикалык дыйканчылык күч алууда

Евростаттын маалыматына ылайык, 2012-2016-жылдары Евробиримдиктин курамындагы 28 өлкөдө органикалык дыйканчылык 18,7%, Болгарияда 310%, Хорватияда 193,4% өскөн.

Бул эки өлкөдө химиялык жер семирткичтерди пайдаланбай жашылча-жемиш өстүрүүгө биримдиктин башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу көп жер бөлүнгөн. Болгарияда мындай жерлер айыл чарбасына тиешелүү аймактын 77,5%, Хорватияда дээрлик 69% түзөт.​

Хорватия. Мурдагы мушкер Зелйико Мавровичтин экологиялык чарбасы.
Хорватия. Мурдагы мушкер Зелйико Мавровичтин экологиялык чарбасы.

Болгариянын Биоазыктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Албена Симеонованын (Albena Simeonova) айтымында, 2009-жылы биочарбалар обол түзүлгөндө ассоциациянын 25 мүчөсү болсо, азыр анын 7200дөй мүчөсү бар. Бирок алардын көбү каражаттын тартыштыгынан улам жерин иштете албай отурат. “Ошондуктан болгар дыйкандары биримдиктин алдыңкы органикалык чарбаларына караганда 2-2,5 эсе аз жүзүм жыйнайт, - дейт Симеонова. - Себеби, өкмөттөн субсидия жок шартта атаандаштыкка туруштук бере албайбыз”. Анын айтымында, кийинки жылдары мыкты билимдүү шаардык жаштар арасында органикалык азыктарга суроо-талап күчөгөн.

Хорватияда былтыр органикалык азык-түлүк өндүрчү 4751 чарба катталган. Бул 2016-жылдагыдан 20% көп. Хорватияда органикалык азыктар кадимки тамак-ашка караганда кымбат. Бирок чарбалар органикалык жашылча-жемиштерге жана азыктарга болгон талапты канааттандыра албай жатышканы айтылат.

Ал эми Румынияда 2012-2016-жылдары органикалык азык-түлүк жана жашылча-жемиш өстүргөн чарбалар менен ишканалардын саны 20% кемиген.

Румыниянын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсү боюнча, 2016-жылы 10 миңден ашуун органикалык ферма 225 миң га жерди иштеткен. Өлкөдө органикалык дыйканчылык 2010-жылдан тартып өнүгө баштаган жана 2012-жылы 25 миң экологиялык чарба болгон.

Бирок 2015-жылы алардан 12 миңдейи , кийинки жылы 10 миңдейи гана калган. Буга өкмөттүн экологиялык азык-түлүк өндүргөн чарбаларды субсидиялоону кыскартканы себеп болгон.

Эгер 2010-2012-жылдары Румынияда органикалык жашылча-жемиш өстүргөн чарбалар гектарына 1500 евро көмөкпул алса, азыр андай чарбаларга 200 евродон 300 еврого чейин гана субсидия берилет. Бул экологиялык азык өстүрүүгө кеткен чыгымдан 30-40% аз болгондуктан, дыйкандар ден соолукка зыянсыз азык өндүрүүдөн кача баштаган.

Мунун кесепетинен Румыниянын айрым базарларындагы жашылча- жемиштин үчтөн экиси Италиядан алып келинген.

(Булагы: http://www.balkaninsight.com, https://www.reddit.com)

Курсактагы наристенин кыймылынын пайдасы

Жатындагы наристе 10 жумалык кезинен тартып башын жана моюнун кыңайта баштайт. Ал эми 15 жумалык чагында буту-колун кыймылдатканга аракет кылып, дем алат. Наристенин бул алгачкы кыймылын демейде биринчи бала көрүп жаткан аялдар баамдашпайт да. Жаш энелер көбүнесе бөбөктүн кыймылын 16-25 жумалык маалда туюшат. Курсактагы бөбөктүн кыймылы, өзгөчө буту менен тепкиленгени абдан маанилүү. Анткени кыймыл анын булчуңдарынын, сөөктөрүнүн жана муундарынын калыптанып, туура өсүшүнө көмөктөшөт.

Карындагы наристенин бутунун булчуңдары
Карындагы наристенин бутунун булчуңдары

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин биоинженери Стефаан Вербрюггендин (Stefaan Verbruggen) айтымында, түйүлдүктүн ар бир кыймылын изилдөө аябагандай татаал иш. Анткен менен америкалык окумуштуулар эң жаңы магниттик резонанстык томографияны пайдаланып, бир нече эненин курсагындагы бөбөктүн кыймылынын күчүн аныктоого жетишти. Атап айтканда, 20, 25, 30 жана 35 жумалык наристелер тепкен кезди сканер менен сүрөткө түшүрүп алышкан. Ошондой эле наристенин сөөктөрүнүн, муундарынын жана буттарынын өлчөмүн эсептеп чыгышкан. Андан соң математикалык моделдин жардамы менен тепкен буттардын күчүн, ал учурда сөөктөрдө жана муундарда түзүлгөн стресс, чыңалуу сыяктуу механикалык эффектти баалашкан.

Ошонун натыйжасында, наристе 20 жумадан 30 жумага чейин көп тээп, анын күчү да көбөйүп, ар бир тепкенде жатын орточо 11 мм кеңейгени аныкталган. Ал эми 35 жумада тебүүнүн күчү азайып, ар жолу наристе тепкенде жатын 4 мм кеңейген. Ушинтип басымдын өсүшү бут сөөгүнүн жана муундарынын өсүп, кубаттанганына өбөлгө түзөт.

Бул изилдөө наристе түйүлдүк кезинен баштап, туура кыймылдаганы жана жатында туура жатканы абдан маанилүү экенин айгинелейт. Муундун формасы туура болбосо, остеоартрит болуу коркунучу күчөйт.

Жатындагы наристенин тепкенине байланыштуу окумуштуулар боюнда бар аялдарга мындай кеңеш беришет:

1. Кош кабат аял демейде наристенин кыймылдаганын 16-20 жумаларда сезе баштайт. Бирок наристенин кыймылын жети жумалык кезинде ультраүндүн жардамы менен билсе болот.

2. Наристе күндүз аз-аздан тээп отуруп, түндө тепкенин көбөйтөт.

3. Наристенин тепкенин санаш керек. Анан да кош кабат аялдар ымыркайдын кыймылын, ал кандай өнүгүп жатканын жана ал үчүн кандай кам көрүш керек экенин талкуулашы абзел.

4. Наристенин кыймылы азайса, токтоосуз өзүнүн догдуруна кайрылышы шарт. (Булагы: https://www.sciencenews.org, http://abcnews.go.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG