Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:30

Жалалидин Жээнбай - Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти. Ал Дубайдагы АКШ университеттеринин үлгүсүндөгү береги жогорку окуу жайда 2014-жылдан бери математика менен статистикадан сабак берет.

Ага чейин жети жыл АКШнын Монтана университетинде жана Рожерс мамлекеттик университетинде (Охлакома штаты) эмгектенген. Аалым Батыш университеттеринде адистерди даярдоонун жана мектепте математика сабагын окутуунун өзгөчөлүгү жөнүндө ой бөлүштү.

“Азаттык”: Жалалидин, адегенде АКШнын жана Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып берсеңиз?

Жалалидин Жээнбай: АКШнын билим берүү системасы жөнүндө айтуудан, аны Кыргызстан менен салыштыруудан мурда, бул эки система таптакыр бөлөк жана идеялык фундаменти башкача экендигин айта кетиш керек. Ошого жараша окутуунун өзөгү, мазмуну эки башка. Америкадагы жана Кыргызстандагы окутуунун өзгөчөлүгү АКШ менен Кыргызстандагы университет түшүнүгүнүн айырмачылыгынан келип чыгат.

Кыргызстанда биздин өз окуу системабыз жок. Биз мурдагы Советтер Союзунан калган, “советтик” деп аталган жогорку окуу жай системасын колдонобуз. СССР кыйрагандан бери Кыргызстанда мамлекеттик университеттерде системалык чоң өзгөрүү болгон жок. Университеттер негизинен ошол эле калыбында иштеп жатат. Эгер эки системаны салыштыра турган болсок, советтик система менен америкалык системанын "университет" деген түшүнүккө мамилеси эки башка.

Советтик системада университет - адистерди даярдоочу окуу жай. Бир нерсени - советтик системага окшош окуу системалары дүйнөдө көп экенин эстен чыгарбасак. Советтик системанын дагы бир айырмачылыгы - жогорку окуу жайы пландуу экономикага, пландуу экономиканын муктаждыктарын камсыздоого ылайыкташкан. Ошого адистер алдын-ала бекитилген стандарттын негизинде даярдалат.

“Стандарт” деп университеттин окуу планын айтып жатам. Окуу планында "канча предмет окутулушу керек, канча көлөмдө жана канча саат окутулушу керек, ар бир предметтин ичинде кайсы темалар канча көлөмдө окутулуш керек" деген стандарт кабыл алынып, ал министрлик тарабынан бекитилет. Анан окуу жай ошол стандартта пландалган билимди, көндүмдү (орусча - навык) студенттерге берүү (өткөрүү) менен алектенет. Американын окуу системасында университеттин максаты - адамды эркиндикке чыгаруучу, эркин ойлонуучу жана маселеге сын көз менен карай алган, догмаларга берилбей, аны талдап, арасынан өзүнүн жеке жолун тандап ала турган мүмкүнчүлүккө жетүүгө жардамдашуу, жеткирүү. Аларда адис даярдоо деген максат жок.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:55 0:00

“Азаттык”: Математиканы окутууда айырма барбы?

Жалалидин Жээнбай: Ушундан улам математика жана башка предметтерди окутуунун өзгөчөлүктөрү келип чыгат. Америка университеттеринин дагы бир өзгөчөлүгү - насыяларды топтоо системасы.

Мисалы, Кыргызстандагы университетке киргенде студенттер 1-курстан баштап мурдатан пландалган предметтердин бардыгын алат; "бул предметти кийинки семестрде окуйм" деп тандай албайт. Окуу планында канча предмет жазылса, ошонун баарын алууга, окууга мажбур. Америка системасында андай эмес. Студент, биринчиден, предметти өзү тандайт. "Ал предметти бул же кийинки семестрде окуйм" деп убакытты да өзү тандайт.

Экинчиден, студентте мугалимди да тандаганга мүмкүнчүлүк бар. Бул "предметтерге эркин жазылуу системасы" деп аталат. Мисалы, студент математикалык анализден сабак алгысы келсе, адегенде матанализден канча класс бар, кимдер окутарын, мугалим тууралуу студенттер берген бааны университеттин сайтынан окуп, тийиштүү маалымат топтоп, өзүнүн ыңгайына жараша бул же кийинки семестрге жазылат. Математик-студент матанализге жазылганда ошол эле предметке физика факультетиндеги "физика боюнча адис болом" деп жүргөн же адис-инженер болууну көздөгөн студенттер да келиши мүмкүн.

Ошон үчүн америкалык университетте “курсташ” деген түшүнүк жок. Сабакка мурда бири-бирин тааныбаган студенттер келет. (Кыргыз системасында андай мүмкүнчүлүк жок). Студент өз алына же финансылык абалына, убакыт, бюджетине, предметти өздөштүрүшүнө жараша окуй турган предметтерин тандап алат.

АКШдагы атактуу Гарвард университети.
АКШдагы атактуу Гарвард университети.

“Азаттык”: Сиз АКШнын мектептеринде математика сабагын окутуунун өзгөчөлүгү менен да тааныш болсоңуз керек. Кыргызстандын мектептеринде математика кандай окутулганын билесиз. Мына ушул жөнүндө да айтып берсеңиз.

Жалалидин Жээнбай: Мен эмгек жолумду Кыргызстандагы айылдык мектепте мугалим болуп баштагам. Ошого өлкөнүн мектеп системасын жакшы билем. Американын мектебинде менин уулум окуду. Ошон үчүн Американын мектеп системасы менен ичинен тааныштым. Америкалык мектепте билим алууга көз караш Кыргызстандагыдан башкача. Биздин мектептерде жогоруда айтканымдай - стандартта каралган көлөмдөгү билимди балдарга берүү негизги максат.

Американын мектебинде ошого окшогон материалдын негизинде окуучуну өз алдынча көз каранды эмес ойлонууга, өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөтүү - негизги максат. Аларда сынчыл көз карашта ойлонуу, догмаларга жана идеологияга баш ийбей, талдоо жүргүзгөнгө үйрөтүү - мугалимдин негизги максаттарынын бири. Американын мектептеринде да тандоо системасы бар. Студент сөзсүз окуй турган, талап кылынган сабактар болот. Предметтерди окуучулар эркин тандашат. Бирок эркин тандоо укугу таптакыр билим албай коюу дегенди билдирбейт. Мисалы, математиканын ичинен алгебранын бир түрүн же экинчи түрүн тандашы мүмкүн. Бул мугалимге же башка мугалимге барышы мүмкүн.

“Азаттык”: Алгебранын бир түрү же экинчи түрү дегениңиз, жөнөкөй жана татаалыраак программа дегени да...

Жалалидин Жээнбай: Ооба, жөнөкөйүрөөк. Окуучу алына жараша "алгебра бирди" же "алгебра экини" тандашы мүмкүн. Математиканын көлөмүн ошону менен чектеп, геометрияга барбастан анын ордуна башка сабакты, мисалы, химияны же химияга кошумча сабакты алышы мүмкүн.

“Азаттык”: Мындай болгондо бала университетке барганда кыйналып калбайбы?

Жалалидин Жээнбай: Америкалык системанын ийкемдүүлүгү ушунда болуп жатпайбы. Балада мектепти бүтүп жаткан кезде университеттин бир-эки сабагын окуп койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Ошондо окуучу "Advanced Placement" деген курстарды алат. Андай сабактар мектепте болбосо коңшу мектепте, же жакын жердеги коллеждерде, же университеттерде болот. Мен университетте иштеп жүргөндө 1-деңгээлдеги сабакка мектеп окуучулары да келчү. Окуучу алгебраны "Advanced Placement" деген курста окуса, кийин ошол предмет ал студент болгондо дипломуна эсептеле берет.

“Азаттык”: Студенттерге билим берүүдө китеп да маанилүү. Ошон үчүн студенттерди жана окуучуларды китеп менен камсыз кылуу жагына да токтоло кетсеңиз.

Жалалидин Жээнбай: Окуу жайларды материалдык жактан камсыз кылуу жагынан АКШ менен Кыргызстанды такыр салыштырууга болбойт. Ал жөнүндө айтпасак да болот. Себеби, китеп даярдоого АКШда жана бизде мамиле эки башка. АКШда китепти (окуу куралдарын) даярдоо рыноктун күчү менен башкарылат. Эгер китепке жакшы баа көп берилсе, ошол автордун китебин көбүрөөк мектептер сатып алат. Көбүрөөк мектептер окуучуларына сунуш кылат. Эгерде китепте кандайдыр мүчүлүштүк болсо, кийинки жылы ал китеп өтпөй калат да, анын автору да, аны чыгарган басмакана да чыгаша тартышы мүмкүн. Ошон үчүн Америкада китептердин сапаттары өтө жакшы. Авторлор жана басмаканалар бардык муктаждыктарды эске алат, колдонуучулар менен тынымсыз байланышта болуп, китеп жакшыртылып турат.

“Азаттык”: Университеттердин мугалимдерине кесипкөйлүк жактан кандай талап коюлат?

Жалалидин Жээнбай: Мугалимдердин эмгегин көзөмөлдөөчү бир нече механизм бар. Андай механизмдердин эң күчтүүлөрүнүн бири - кесиптештер, алар менен болгон талкуу. Мугалимдин иш сапатын жана жумушка мамилесин көзөмөлдөөчү дагы бир эң чоң күч - студенттердин эркин, көз каранды эмес сайттарда мугалимдер жөнүндө жазган пикирлери. Мисалы үчүн, "Rate My Professors" ("Менин профессорлорумдун рейтинги") деген сайттан менин да фамилиямды көрсөңүз болот. Андан тышкары ар бир сабактын (курстун) аягында студенттер арасында сурамжылоо жүрүп турат. Мындан башка да студенттердин горизонталдык байланыштары ушунчалык күчтүү болуп, конференция жана пикир алмашуу такай болуп тургандыктан, жумушка алууда атаандаштык өтө чоң болгону үчүн рыноктун өзү да мугалимдин сапатын көзөмөлдөйт.

“Азаттык”: Зайд университети, анын сайтында маалымдалгандай, АКШ университеттеринин үлгүсүндөгү жогорку окуу жай экен. Окутуунун модели катары АКШ университеттерин тандап алыптыр. Эмне үчүн европалык же азиялык университеттерди үлгү туткан эмес?

Жалалидин Жээнбай: АКШ университеттеринин либералдуулугу, ийкемдүүлүгү жана натыйжалуулугу көп жылдык тажрыйбанын, изилдөөлөрдүн, салыштыруулардын негизинде далилденген. Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери Америка системасына чоң кадыр-барк алып келген.

Ошон үчүн көптөгөн мамлекеттер Американын системасына кызыгышат. Америка системасы өз салты мурдатан калыптанбаган мамлекеттер үчүн абдан кызыктуу. Мугалимдер үчүн да, студенттер үчүн да Американын ЖОЖ системасы менен карым-катнаш түзүү абдан ыңгайлуу экенин көп мамлекеттер айтышат.

Советтик жогорку билим берүү системасы Европадан, атап айтканда Германиядан алынып, анан өзгөртүлгөн. Европанын университеттеринде эзелтен бери калыптанган бай салт болгону менен, байкасаңыз, акыркы кезде Американын системасы үстөмдүк кылып, алардын өтө көп элементтерин алып жатышат. Массалык түрдө алып атышат. Мисалы, Болонья процессинин негизги багыты - иш деңгээлинде америкалык системаны кабыл алуу, бакалаврдык деңгээлди таануу жана колдонуу. Бул жараян бүт дүйнөдө жүрүп жатат.

“Азаттык”: Рахмат сизге!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG