Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:35

Кыңкайса да кулабаган Пиза мунарасынын “касиети”. Үч өлчөмдөгү толук голограмма - видео жыйындарды уюштуруунун жаңы формасы. Астероиддер менен Жер кагышканда суу пайда болгонбу? Фастфуд балалуу болгусу келген аялга зыян.

Пиза мунарасы кыйшайса да эмнеге жыгылбай турат?

Пиза мунарасы Тоскана аймагын эчен ирет бүлүнткөн жер титирөөлөрдө кыйрабай кантип сакталып калган? Бул суроонун табышмагын Римдин Үчүнчү университетинин (Roma Tre University) профессору Камилло Нути баш болгон эл аралык 16 илимпоз-инженер тапкандай.

Пиза мунарасынын бийиктиги 58 метр. Ал 1280-жылдан бери төрт күчтүү жер титирөөнү көрсө да зыян тарткан эмес. Азыр беш градуска жантайып турат. Ошондо төбө жагы баштапкы абалынан беш метрге кыйшайып калган.

Мунараны куруп жатканда ката кеткен. Үч метрлик пайдубалы жана пайдубал турган кыртыш жумшак болгону үчүн 1178-жылы үчүнчү кабаты курулуп бүтөр замат ал кыйшайып калган. Ошого карабай XIV кылымдын экинчи жарымында анын төбөсүнө коңгуроо орнотулган.

Пиза мунарасы. "Рейтер" агенттигинин сүрөтү.
Пиза мунарасы. "Рейтер" агенттигинин сүрөтү.

Пиза мунарасы 1990-жылы 7-январда турукташтыруу үчүн жабылып, 45 сантиметрге түздөлгөн. Ал үчүн мунаранын астынан 38 куб метр же 70 тонна топурак алынган. Натыйжада ал 1838-жылкы абалына келген. Бул ишке 10 жылдай убакыт кеткен. 2001-жылы 15-декабрда мунара кайра ачылып, "кеминде дагы 300 жыл былк этпей турат" деп жарыяланган.

2008-жылы кыртышка байкоо жүргүзгөн инженерлер "тарыхта биринчи жолу мунара жантайганын токтотту, эми аз дегенде 200 жыл кыйшайбай турат" деп билдиришкен.

Жердин сейсмикалык кыймылдуулугуна байланыштуу Пиза мунарасын “кыйшайган” абалында кармап турган түзүмдөр зыян тартса, тарыхый имарат кыйрап калышы ыктымал деген коркунуч күч. Ошондуктан мунаранын абалы 10 жылдан соң кайра изилдөөнү талап кылган.

Изилдөө жумшак кыртыштагы пайдубал курулуштун вибрациялык мүнөздөмөсүн олуттуу өзгөрткөнүн, ошон үчүн мунара жер титирегенде кошо солкулдабаганын көрсөткөн.

- Тагдырдын тамашасын көрүңүз: мунараны туруксуз абалга келтирип, кулатып салмакчы болгон кыртыш анын жер титирөөлөрдө аман калышына балким жардам бергендир? -дейт Пиза мунарасын изилдеген топтун мүчөсү, Британиянын Бристол университетинин профессору Жорж Милонакис (University of Bristol, George Mylonakis).

Пиза мунарасын куруу 1173-жылы 9-августта башталып, курулуш үч этап менен 199 жылга созулган.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, ttps://www.techexplorist.com)

Үч өлчөмдөгү толук голограмма - видео жыйындарды уюштуруунун жаңы формасы

Видеоконференцияга, видеосүйлөшүүлөргө канааттанбасаңыз, үч өлчөмдүү голографиялык системага кошулчу мезгилиңиз жакындап калды.

"TeleHuman 2" деген үч өлчөмдүү голографиялык системаны Канаданын падышалык университетинин (Queen's University) профессору Роел Вертегаал (Roel Vertegaal) жана анын кесиптештери коомчулукка тааныштырды. Бул система Интернетке же жергиликтүү желеге өтө тез байланчу эки орунду бириктирген телеконференция уюштурууга жол ачат.

Мындай системада тележыйындын виртуалдык катышуучуларынын элеси жарыкты жана нурду өзүндөй кылып кайра калыбына келтирчү технологиянын жардамы менен көрсөтүлгөндүктөн, экранда сүйлөп жаткан киши бөлмөнүн ар кайсы жеринен жакшы көрүнөт.

Профессор Вертегаалдын айтымында, видеожыйындын катышуучуларынын бири бирин “жүзмө-жүз көрүп, дидарлашуу мүмкүнчүлүгү” чоң көлөмдөгү сөз менен айтылбаган маалыматтарды берүүнү мүмкүн кылат.

- Себеби, кадимки онлайн-режимдеги сүйлөшүү учурунда берегидей маалымат жоголуп кетет. Анткени аудитория сүйлөп жаткан киши колун кандай жаңсаганын, жүзүндөгү мимиканы жана башка кыймылдарды көз жаздымында калтырып коюшу ыктымал. Ал эми "TeleHuman 2" системасы башка жактан туруп сүйлөп жаткан адамдын майда-барат кыймылдары менен мимикаларынан бери көрүп, аны менен бетме-бет туруп баарлашкандай байланышты камсыз кылат. Мындай байланышка "Skype" же "Facetime" программасын пайдаланганда жетишүү мүмкүн эмес, - дейт профессор Роел Вертегаал.

Үч өлчөмдөгү толук өлчөмдүү голограмма технологиясы музыкалык фестивалдарды миллиондогон адамдарга кудум өзүндөй кылып көрсөтүүнү, түрдүү бизнес-командировкаларды кыскартууну, демек ага кеткен чыгымдарды азайтууну мүмкүн кылат.

"TeleHuman 2" системасын түзүү боюнча илимий-технологиялык жумуштар 2012-жылы башталган. Бирок илимпоз-адистер видеожыйындын бардык катышуучуларын даана жана сапаттуу алып көрсөткөн технологияга эми гана жетишти.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.sciencenewsline.com)

Жерде суу кантип пайда болгон?

Илимпоздор Жерде суу кантип пайда болгонун так айта алышпайт. Бир теория боюнча, сууну Жерге Күн системасы эми калыптанып жатканда астероиддер алып келген. Мындай болгондо, көмүртектүү астериоддер Жер менен кагышканда пайда болгон эбегейсиз энергия чоң көлөмдөгү сууну бууга айлантып, натыйжада суу космоско чачылып кетиши керек.

АКШдагы Браун университетинин (Brown University) окумуштуулары жогорудагы теорияны эксперименттин негизинде текшерип көрүштү.

Атап айтканда, алар курамында таш көмүр хондрит материалына окшош мармар таштан (мрамор) жасалган «снаряддар» менен байыркы Жердин жасалма моделин аткылап көрүштү. Хондриттин түзүлүшү сууга бай астероидге абдан эле окшош.

Эксперимент үчүн Жердин бетинин макети пемзанын сыныгынан жасалган.

Мармар снаряддар АКШнын Космостук агенттиги - НАСАнын Эймс атындагы изилдөө борборунун (NASA's Ames Research Center) "Vertical Gun Range" замбиректерин пайдаланып, саатына 18 миң чакырым ылдамдык менен атылган.

Снаряд бутага тийгенде быркырап сынган пемзанын сыныктарын изилдеп көрүшкөндө, суунун кайсы бир бөлүгү бууга айланып кеткени менен суунун көбү таштын сыныктарынын ичинде сакталып калганы аныкталган. Ал эми суунун айрым бөлүгү бууга айланып кеткен. Ошол эле учурда буулангандан калган суу топтолуп, астероид алып келген суу менен кошулат. Мунун натыйжасында, астериод келип Жерге урунган кездеги суунун көлөмү мурдагыдан болжол менен 30% көбөйгөн.

- Бул эксперименттер астероиддер сууну кандай механизмдин жардамы менен Айга, планеталарга жана башка астероиддерге алып барышы мүмкүн экенин көрсөтөт. Бул жараян Күн системасы жаралганда башталып, бүгүн да уланып жатат, - деди изилдөөнүн жетекчилеринин бири Терик Дали (Terik Daly).

Профессор Питер Шульцтун (Peter H. Schultz) айтымында, жаңы эксперименттер Жерге окшош планеталар чоңойгон сайын сууну сиңирип алышы ыктымал экенин көрсөтөт. “Муну кээ бир моделдерден көрүү мүмкүн болбогондуктан, берегидей эксперименттер абдан маанилүү” деп түшүндүрөт Күн системасындагы планеталардын геологиясын изилдеген америкалык окумуштуу.

(Булагы: https://newatlas.com, https://www.livescience.com)

Фастфуд аялзатына зыян

5 миң 598 кыз-келин катышкан изилдөө жумасына төрт же андан көп фастфуд жеген аялдар кыйынчылык менен балалуу болорун көрсөттү.

Австралиянын Аделаид университетинин (University of Adelaide) илимпоздору жүргүзгөн изилдөөгө 18 жаштан 43 жашка чейинки аялдар катышкан. Окумуштуулар бул үчүн Британияга, Австралияга жана Жаңы Зеландияга барышкан.

Шиш кебек да фастфуд.
Шиш кебек да фастфуд.

Фастфуд (англ. fast «тез» жана food «тамак») же ылдам бышырылчу тамактарды көп жеп, мөмө-жемиштерге маани бербеген аялдарда төрөбөй калуу ыктымалды жогорулап, бойго бүтүүсү кечеңдейт.

Арийне, аялдын чылым чегиши, ичкилик ичиши, жашы жана салмагы да эске алынган.

Сурамжылоого катышкан жубайлардын 8% тукумсуздар тобуна кирген (тукумсуз жубайлар деп стандарттык критерийге жараша балалуу болуу аракети бир жылдан көп убакыт кеткендер эсептелет). Мөмө-жемишти аз жеген аялдардын 12% узак убакка чейин балалуу болгон эмес. Аптасына төрт же андан көп жолу фастфуд жеген аялдардын 16% тукумсуздар категориясына кошулган.

Орточо эсеп менен пайдалуу тамак жегендерге караганда тез бышырылчу гамбургер, куурулган тоок эти (fried chicken), чипсы (chips) жана пицца менен көп тамактангандардын боюна бир ай кеч бүткөн.

Ошентип, изилдөө такай фастфуд жеген аялдарда тукумсуз болуп калуу коркунучу эки эсеге арбый тургандыгын; мөмө-жемиштерди аз жеген учурда тукумсуз болуп калуу ыктымалдыгы 50% көбөйөрүн көрсөткөн.

- Изилдөөнүн жыйынтыгы курамында мөмө-жемиштери бар пайдалуу рацион жана тез бышырылчу тамактарды аз жеген тукум улоого оң таасир этип, аялга кош бойлуу болушу үчүн зарыл убакытты азайтат, - деди изилдөөнүн жетекчиси, профессор Клэр Робертс (Claire Roberts).

Илимпоздун айтымында, фастфудда май, кант жана туз көп болгондуктан, организмде зат алмашууну (метаболизм) өзгөртүшү ыктымал.

(Булагы: http://www.bbc.com/news, https://www.livescience.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG