Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:30

Кытайлар Айда гүл өстүрөт


НАСАнын космостук станциясында өстүрүлгөн гүл.

Айда картөшкө айдалып, жибек курт багылат. Египетте Рим императору Марк Аврелийдин бюсту табылды. Дарактарды түнкүсүн сөңгөгүндөгү суу терметип турат.

Айда картөшкө, гүл өсөт

Мурда жасалбаган берегидей эксперимент - Кытай жыл аягында учурчу “Чанэ-4“ космостук аппараттын жардамы менен аткарылат.

“Чанэ-4“ Айдын Жерге көрүнбөгөн бетине биринчи жолу жумшак кондурулат. Эксперимент үчүн алюминийдин эритмесинен жасалган цилиндр формасындагы калай идиштерде картөшкөнүн, Arabidopsis (арабидопсис) жапайы гүлүнүн уруктары жана жибек курттун тукумдары Айга жеткирилет.

(Solanum tuberosum) "Шарлотта" картөшкөсү.
(Solanum tuberosum) "Шарлотта" картөшкөсү.

Урук өндүрүүчү 0,8 литрлик калай чаканын бийиктиги 18 см, диаметри 16 см, салмагы 3 килограмм. Чаканын ичинде суу, азыктык аралашма, аба, ошондой эле видеокамера жана маалымат берчү система болот.

Кытайдын космос боюнча улуттук башкармалыгынын маалыматына караганда, уруктар кандай өсүп жатканын видеокамералар тынымсыз Жердеги лабораторияга реалдуу режимде чагылдырып турат.

Эксперименттин башкы директору жана Чунцин университетинин вице-президенти Лю Ханлонгдун айтымында, Айда температура минус 100 Цельсиядан плюс 100 С0 жана андан жогоруга чейин өзгөрүп турат.

“Арабидопсисти тандап алганыбыздын себеби - ал тез жетилет жана ага байкоо жүргүзүү жеңил. Картөшкө келечекте космостук саякатчылар үчүн негизги тамак болушу мүмкүн", деп түшүндүрдү Лю мырза.

“Биз “мини-биосферадагы” температураны 1 градустан 30 градуска чейинки диапозондо кармап, нымдуулукту жана азыктандырууну туура көзөмөлдөшүбүз абзел, - деди эксперименттин башкы дизайнери Се Генгшин. - Өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн Айдын бетиндеги калай чакага табигый жарык түтүк аркылуу берилет.

Люнун айтымында, алар Айда уруктар кантип дем алганын жана фотосинтез кандай жүргөнүн да изилдешет.

“Ай-мини-биосфера“ экспериментинин долбоору Кытайдын түштүк-батышындагы Чунцин университети башында турган 28 университет тарабынан даярдалган. 2016-жылы жарыяланган бул сынакка 200 студент өз идеялары менен катышкан.

Буга чейин космонавттар Эл аралык орбиталдык станцияда түрдүү өсүмдүктөрдү өстүргөн. Ал эми Кытайдын “Тиангонг-2” космостук лабораториясында күрүч жана арабидопсис өстүрүлгөн. Эки эксперимент тең Жерден 400 чакырым алыстагы орбитада жүргүзүлгөн. Ай менен Жердин арасы 380 000 чакырым.

(Булагы: http://www.chinadaily.com.cn, http://www.xinhuanet.com)

Марк Аврелийдин эстелигинин башы табылды

Рим императору Марк Аврелийдин бюсту (белден жогору жагы) Египеттин түштүгүндөгү байыркы египеттиктерге таандык Ком-Омбо храмын жер астындагы саркынды суудан тазалоо маалында табылган. Бул жөнүндө Египеттин байыркы эстеликтер министрлиги 22-апрелде билдирди.

Бюстта Марк Аврелий тармал чачтуу жана кертме сакалдуу кылып жасалган.

Рим империясын 161- 180-жылдары башкарган Марк Аврелийдин айкелдери буга дейре Египетте табылган эмес.

Рим императору Марк Аврелийдин бюсту. Египеттин Байыркы эстеликтерди сактоо министрлигинин сүрөтү.
Рим императору Марк Аврелийдин бюсту. Египеттин Байыркы эстеликтерди сактоо министрлигинин сүрөтү.

Луксордогу байыркы Карнак храмынын ичиндеги Осирис-Птах-Неб кудайына таандык зыяратканадан байыркы артефакттар да табылган.

Жаңы табылгалардын арасында байыркы египеттиктердин кудайы Амондун символу: столдун үстүндөгү кой жана каздын сүрөтү түшүрүлгөн таш панел да бар.

Быйыл февралда Байыркы Египеттин атактуу падышаларынын бири Рамзес IIнин чоң статуясынын сыныгы, андан бир аз мурда бир нече жыгач айкел табылган.

Ком-Омбо - Байыркы Египеттин бешинчи дубанынын (ном) административдик борбору. Ал жөнүндөгү биринчи маалыматтар б.з.ч. XX кылымга таандык. Ошо карт заманда Ком-Омбодо курулган зыяратканалар бүгүнкү күнгө чейин сакталган эмес.

Птолемейлер доорунда (б.з.ч. IV кылымда) Ком-Омбодо таштан эки храм курулат. Анын бир канаты крокодил баштуу кудай Себекке, экинчи канаты башы ылаачындын башына окшош кудай Горго арналат. Байыркы египеттиктер үчүн Себек - суунун жана Нил дарыясын ташкындаткан кудай, Гор болсо көктүн (асман) жана Күндүн кудайы.

Египет б.з.ч. 30-жылдан б.з.395-жылына чейин Рим империясынын таасири астында болгон. (Булагы: http://tass.ru/nauka, https://phys.org)

Дарактар түнкүсүн термелип турат

21 түрдүү дарактын жогорку тактыктагы үч өлчөмдүү сүрөтү алардын уч жагы түнкүсүн бир ыргак менен кыймылдап турганын көрсөттү. Муну Даниянын жана Венгриянын окумуштуулар тобу 22 даракты жана бадалдын түнкү кыймылын сканердин жардамы менен көзөмөлдөгөн соң аныкташты.

Эксперимент мезгилинде бардык дарактардын бутактары же жалбырактары кандайдыр кыймылдаган. Бирок 12 сааттык цикл убагында дарактын жети түрү гана кайра мурдагы абалына келген.

Дарактардын кээ бирөөлөрүнүн “уйку убактысы” 12 сааттан аз болсо, башкаларыныкы 12 сааттан көбүрөөк болгон. Алар бир нече сантиметрге кыймылдап, кайра мурдагы калыбына келген. Айрым дарактардын бутактары бир багытта же карылыктан, же оорудан улам тынбай ийилип турганы байкалган. Ал эми магнолиянын бутактары бир түндө үч жолу ылдый ийилип, кайра мурдагы абалына кайтып барган. Магнолиянын баш жагы түн ичинде жалпысынан 1 сантиметрге жылган.

Өсүмдүктөрдүн сөңгөктөрүндөгү суунун басымы өзгөргөндө алар кыска убакыт кыймылдайт жана суу сөңгөктө күндүз да, түндө да бир калыпта агат деп эсептелчү. Жаңы маалыматтар сөңгөктөрдөгү суунун агымы жана басымы тез-тез өзгөрүп турганын айгинелейт.

Илимпоздор мурда сөңгөктүн диаметринин байкалып-байкалбаган термелишин дарактын шуулдаганы деп келишкен. Бирок соңку изилдөө көрсөткөндөй, шуулдаган үн суу сөңгөктөн өтүп жатканда суунун басымынан жана сөңгөктүн диаметринин өзгөрүшүнөн улам пайда болушу мүмкүн.

- Өсүмдүктөрдүн түн ичиндеги аномалиялык кыймылынын ачылышы алардын стрессин же оорусун табуунун натыйжалуу диагностикалык механизми болуп калышы этимал. Бул ооруну эрте аныктоону мүмкүн кылат. Ооруну эрте билүү экономикалык жактан пайдалуу жана экологиялык жактан кыйла коопсуз, - дейт Даниянын Орхус университетинин экоинформатика жана биологиялык көп түрдүүлүк факультетинин доценти Андерс С. Барфод (Anders S. Barfod).

(Булагы: https://phys.org/, https://www.sciencedaily.com)

Тез баскан киши жүрөк ооруну тоготпойт

Жүрөк илдетине чалдыккан, бирок тез жорголоп баскан кишилер ооруканага аз жатат.

Бул - Италиянын Феррара университетинин окумуштуусу, доктор Карлотта Мерло (Carlotta Merlo) жетектеген изилдөөнүн жыйынтыгы. Ал баштаган илимпоздор Эмилия-Романья провинциясындагы ооруканада дарылангандардын баарынын ичинен келерки үч жылда кимдер стационардык дарыланууда көп жатканын аныкташкан.

Үч жылдык изилдөөнүн объекти гипертония илдети бар 1078 бейтап болгон. Алардын 85% гипертонияга кошумча жүрөк ишемия дарты жана 15% жүрөктүн клапанында мандеми бар болчу. Бардык бейтаптарга спорт залдагы чыгырык тасмада өздөрү туура көргөн орточо ылдамдык менен басуу сунуш кылынган.

Ылдамдыгы жай деп саатына 2,6 чакырым баскандар, ылдамдыгы орточо деп саатына 3,9 чакырым баскандар, ал эми саатына 5,1 чакырым ылдамдыкта баскандар – кыймылы тездер деп бөлүнгөн. Ошондо 359 бейтап жай баскан, 362 бейтап орто ылдамдыкта жана 357 бейтап тез баскан.

Кийинки үч жыл ичинде жай баскандардан 182 (51%) адам, орто ылдамдыкта баскан топтон 160 (44%) адам жана ылдам баскандардан 110 (31%) адам кеминде бир жолу ооруканага жатып чыккан. Натыйжада үч жылда жай баскандар бардыгы 4186 күн, орто ылдамдыкта баскандар 2240 күн жана ылдам баскандар 990 күн ооруканада жаткан.

Орточо эсептегенде жай баскан бейтап ооруканда 23 күн, орто ылдамдыкта баскан бейтап 14 күн жана ылдам баскан бейтап тогуз күн дарыланган.

Кадамды саатына 1 чакырымга ылдамдатуу бейтаптын үч жыл ортолугунда ооруканага жатуу ыктымалдыгы 19% азайткан. Жай баскандарга салыштырмалуу ылдам баскандарда үч жыл ичинде ооруканага жатуу ыктымалдыгы 19% аз болгон.

“Басуу ылдамдыгын азайтуу кишинин кыймылдуулугун чектөөчү маркер болот. Анткени, ал кишинин физикалык жигердүүлүгү же кыймыл-аракети менен байланышкан. Аз болсо да, такай басып туруу ден соолук үчүн маанилүү. Биздин изилдөөбүз кадамды ылдамдаткандын пайдасы чоң экенин көрсөттү”, - деди доктор Мерло.

(Булагы: http://www.cardiovascularbusiness.com, http://journals.sagepub.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG