Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 05:38

Окумуштуулар роза гүлүнүн өңүнүн жана жытынын табышмагын жандырды. Өсүмдүктөрдүн канын соргон чиркей. Автомобилге айланып калчу робот-гуманоид. Жаңгактын жүрөккө дабасы.

Канды эмес, кантты сүйгөн дөө чиркей

Кытай энтомологдору дүйнөдө жок дөө чиркейди табышты. Анын канаттарынын кулачы 11.15 см же орто чоң чиркейдин канатынан 10 эсе узун.

Чымын-чиркейлердин Батыш Кытай музейинин биоинженери Чжао Ли маалымдагандай, Holorusia Mikado түркүмүндөгү береги чиркей былтыр августта Чэнду шаарындагы (Сычуан провинциясы) Цинчен тоосунан табылган. Демейде мындай чиркейлердин канатынын кулачы 8 см ашпайт.

Бул түркүмдөгү чиркейди алгач британ энтомологу Жон Обадия Вествуд 1876-жылы Жапонияда кезиктирген.

“Береги чиркейлердин кебетеси суук, - дейт Чжао мырза. - Кан ичпейт. Чоңдору бир нече күн жашап, өсүмдүктөрдүн гүлүнүн ширеси (нектар) менен тамактанышат. Дүйнөдө алардын он миңдеген түрү бар. Ошонун ичинен жүзгө жакын түрү кан соруп, кишини түйшүккө салат”.

Holorusia mikado чиркейи негизинен Сычуан провинциясынын батышындагы Чэнду өрөөнү менен 2200 м чейинки тоолуу бөлүгүндөгү бадал жыш өскөн кокту-колотто байырлаганы айтылат.

“Денеси опсуз чоң болгондуктан алар жакшы уча албайт. Учканда секиргендей болуп көрүнөт”, - деди Чжао мырза.

Чымын-чиркейлердин Чэндудагы жеке менчик башкаруудагы музейи мамлекеттик мааниге ээ. Анда чымын-чиркейлердин 700 миңден көп түрүнүн үлгүсү бар. Анын жетимиши ачбай чоң. Чжао мырза мурда чымын-чиркейдин дүйнөдөгү эң чоң чыбык кебетелүү түрүн тапкан. Анын узундугу 64 см же жарым кулач болгон.

(Булагы: http://www.xinhuanet.com, http://www.dailymail.co.uk, https://www.youtube.com)

Роза гүлүнүн бурак жыты жылы бою аңкыйт

Розанын жыты менен өңүнө жооп берчү 36 377 геномдун сыры ачылды, көп жолу гүлдөө жөндөмүн аныктаган гени табылды. Бул илимий ачылыш - Франциянын, Германиянын жана Кытайдын окумуштуулары чогуу жүргүзгөн 10 жылдык изилдөөнүн натыйжасы.

Кытай розасы же чай розасынын (латынча аталышы - Rosa chinensis) ДНКсынын геномун сырынын ачылышы келечекте анын дагы ажайып өңдүү, бурак жыты узак сакталчу түрлөрүн өстүрүүнү мүмкүн кылат. Розанын бул түрү Европага Чыгыш Азиядан XVIII кылымда алынып келген.

“Сиз базардан сатып алган сабактуу роза эч кандай жыт бөлбөйт... Биз келечекте розалардын гүлүнүн көрүнүшүн өзгөртүп, жытын узак сакталгандай кыла алабыз деген үмүттөбүз”, - дейт Франциянын Лион университетинин өсүмдүктөрдү изилдөө лабораториясынын (Laboratoire Reproduction et Développement des Plantes) илимий кызматкери, доктор Мохаммед Бендхмани (Mohammed Bendahmane).

"Nature" журналында жарыяланган изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, окумуштуулар розанын Rosa × hybrida “La France” деп аталган түрүнүн геномун окушкан. Ага розалардын европалык түрлөрүнүн жана Кытай розасынын сыпаттары мүнөздүү. Ал эң алгач кайчылашып өстүрүлгөн Кытай розасы деп эсептелет.

Мохаммед Бендаманинин айткандай, “розада жыты, көп жолу кайра-кайра гүл ачуу жөндөмү, гүлдөрүнүн өзүнө таандык архитектурасы, ошондой эле түсү менен жытындагы көп түрдүүлүк сыяктуу маанилүү мүнөздөр бар.

Кылымдар бою розалар ушул белгилери боюнча көбөйүшкөн. Бирок алар эмне үчүн өңү мындай же тигиндей болоору, эмне үчүн өзү каалаган өңдү жана жытты албаганы түшүнүктүү болгон эмес”.

Бүгүнкү розалар жапайы розанын 150 чакты түрүн кайчылыштыруудан пайда болгон.

Илимий табылга Розацеи (Rosaceae family) түркүмүндөгү өсүмдүктөрдүн геномун окуганга да мүмкүндүк берет. Аталган топко алма, алмурут, кызылгат же бүлдүркөн жана кооздук үчүн өстүрүлчү роза да кирет.

(Булагы: https://www.nature.com, http://www.bbc.com, https://www.independent.co.uk)

Автомобиль болуп кубулчу робот-гуманоид

"SoftBank Group" корпорациясы эки фирма менен жарнакташып, эки орундуу робот-гуманоиддин прототибин жасады. "J-deite Ride" деп аталган робот-гуманоид бир мүнөткө жетпей автомобилге айланып калат. Автороботту жасаганга “Transformers” деген фантастикалык фильмдеги кубулма робот-гуманоиддер шыкак берген.

Робот-гуманоиддин салмагы 1,6 тонна, бийиктиги 3,7 метр. Ал эки аяктап басканда ылдамдыгы ылдадыгы саатына 100 метрге араң жетет. Автомобиль режиминде саатына 60 чакырым ылдамдык менен жүрөт. "SoftBank Group" корпорациясынын расмий билдирүүсүндө аны мануалдык жана дистанциондук режимде башкарса болору айтылат.

Долбоордун жетекчиси Кенжи Ишида (Kenji Ishida) бала кезинен эле "кубулма робот жасайм" деп кыялдана баштаганын "Reuters Television" агенттигине берген интервьюда айтты.

Авторобот 5-майда Жапониянын Тошиги префектурасындагы автомобилдер жарышчу "Twin Ring Motegi" трассасында көрсөтүлдү.

“Мен бала чагымда мультфильмдерде көргөн роботтор кубулуп, башка бир нерсеге айланып калышчу же бири-бири менен биригип, адамдарды ташычу. Ошон үчүн "роботтор кубулуп турушу керек" деп тилечүмүн. Береги роботту жасоого ошол тилегим түрткү болду”, - дейт Кенжи Ишида.

(Булагы: https://www.japantimes.co.jp, https://www.reuters.com, http://www.newsweek.com)

Жаңгак жүрөктү жана кан тамырларды дарылайт

Жума ичинде такай жаңгак жеп турган адам жүрөк-кан тамыр оорусуна (аритмиянын дирилдеген түрү) кабылуу коркунучун азайтат.

Швециянын төрт илимий борборунун окумуштуулары 45-83 жаш курагындагы 61 миңден ашуун ыктыярдуунун тамактануу тартиби боюнча берген жоопторун жана жашоо жолою тууралуу маалыматтарын талдаган соң ушундай бүтүмгө келишти. Биринчи кезекте алардын жүрөк-кан тамыр органдарынын 17 жыл арасындагы же көз жумганга чейинки абалы изилденген. Бул изилдөөнү жүргүзүүгө жаңгак жеген адамда инсульт өнүкпөй, басаңдаганын көрсөткөн эксперимент түрткү берген.

17 жыл арасында изилдөөгө катышкандарда:

- 4983 жолу жүрөгү кармап, 917 киши жан берген;

- 3160 жолу жүрөк кемтиги катталган;

- 7550 жолу ыргагы илең-салаң аритмия катталган;

- 972 жолу аорта клапанынын кичирейиши катталган;

- 983 жолу ичтеги чоң артерия көөп же кеңейип кеткен учур катталган;

- 3782 жолу кан коюлгандан (ишемия инсульту) улам инсульт болгон учур катталган;

- 543 жолу мээде кан жүргөндөн улам инсульт болгон учур катталган.

Окумуштуулар жогорудагы маалыматтарды анкетадагы жооптор менен салыштырып, жаңгакты көп жеген адамдарда жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу коркунучу орточо 20% аз болгонун аныкташкан.

Жаңгакты бир айда бир жолудан үч жолуга чейин жегендерде ыргагы тартипсиз аритмия коркунучу 12-18% төмөн болгон.

Изилдөө, ошондой эле, жаңгакты көп жегендер билимдүү, ден соолугуна кам көргөн (чылымды аз чеккен, көбүрөөк кыймылдаган) жана жашоодо ийгиликке жетишкен адамдар экенин көрсөткөн. Алар жашылча жана мөмө-жемиштерди көп жеген учурда шарап, сыра жана сидр сыяктуу ичимдиктерди ичишкен.

Жаңгак организмге пайдалуу майларга, минералдарга жана антиоксиддерге бай болот. Ошон үчүн швециялык окумуштуулардын изилдөөсүндө "жаңгак жегенди бир азга көбөйтүү кишинин саламаттыгы үчүн пайдасы чоң жана жүрөк-кан тамыр ооруларына жакшы дабаа болот" деп айтылат.

(Булагы: https://www.eurekalert.org, https://www.bmj.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG