Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Илим дүйнөсү: Айран ичкен бала акылдуу болот


Каркыра жайлоосундагы балдар.
Каркыра жайлоосундагы балдар.

Дүйнөдөгү эң чоң круиздик кеме. Дөңгөлөк болуп чимирилчү робот-жөргөмүш. Дүйнөдөгү эң күлүк трактор. Айрандын балдарга пайдасы аныкталды.

Саякатчыларды ташычу дүйнөдөгү эң чоң кеме

Бул кеме “Деңиздер симфониясы” (Symphony of the Seas) деп аталат. Ал 7-апрелде Барселонадан Жер Ортолук деңизине жети күндүк сапарга чыкты. Кемени 2200 киши тейлейт. Экипаждын курамында 77 улуттун өкүлдөрү бар.

Баасы 1,35 миллиард долларлык лайнердин салмагы 228 081 тонна, узундугу 362 м. “Деңиздер симфониясы” Францияда курулган жана февралдан бери түрдүү 80 чакты сынактан өттү. Анын эки орундуу 2759 каютасы, ошондой эле 28 балкон-бөлмөсү 5518 конокко ылайыкталган.

Деңиз лайнеринин жүргүнчүлөр басып жүрчү (Boardwalk) бөлүгүндө чоң экрандуу 30 телевизор, таттуу азыктардын жүздөн көп түрү сатылчу күркөлөрү, спорттук бар жайгашкан; “Борбордук паркында” (Central Park) түрдүү дүкөндөрү, 20 рестораны, робот-бармен тейлеген Бионикалык бары (Bionic Bar), ар кандай оюн-зоок аттракциондору, сууга сүзчү үч бассейни, коньки тепчү жылгаягы, бийиги 30 метрлик суу жылгаягы, асылып чыкчу дубал-зоокачасы, баскетбол аянттары бар жана 12 миңден ашык тропикалык бак-дарактар тигилген.

Алп кеменин дагы бир өзгөчөлүгү: анда санариптик технология кеңири колдонулган. Кардарлар өз орунун каттоону, билет сатып алганды, орунду алдын-ала брондогонду, ресторанда тамак буйруганды жана башка жумуштарды смартфонго орнотулган атайын тиркеменин жардамы менен жүргүзсө болот.

“Деңиздер симфониясы” - “Oasis” классындагы кеме. “Oasis” классындагы алгач 2009-жылы “Деңиздер оазиси” (Oasis of the Seas) кемеси чыкса, 2010-жылы “Деңиздер керемети” (Allure of the Seas) кемеси, 2016-жылы “Деңиздер гармониясы” (Harmony of the Seas) кемеси пайдаланууга берилген. Бул ар бир кеме өзүнүн параметрлери боюнча рекорддор катталчу Гиннес китебине киргизилген.

Булагы: https://www.telegraph.co.uk, http://abcnews.go.com

Дөңгөлөк болуп чимирилчү робот-жөргөмүш

Германиянын Festo концернинде жасалган универсалдуу робот-жөргөмүштүн сегиз аягы бар. BionicWheelBot деп аталган бул робот тегиз жерде жана жылма асфальттын бетинде дөңгөлөккө айланып, чоң ылдамдыкта чимирилип кете берет.

Робот-жөргөмүштү жасоого Cахара чөлүндө жашачу Sparassidae түркүмүндөгү Cebrennus rechenbergi аттуу жөргөмүш үлгү болгон. Бул жөргөмүштүн эркегинин тулку 13,8 мм - 19,0 мм, ургаачысы 19,0 - 19,5 мм.

Түсү ак Cebrennus rechenbergi жөргөмүшү жырткыч жандыкка же башка коркунучка кабылганда дөңгөлөктөй түйүлүп, гимнаст сыяктуу оңкочук атып жана сыйгаланып, кооптуу жайдан качып кетет. Жөргөмүш башмалдак атып жатканда тең салмак кармап туруу үчүн үч аягы такай жерде болот. Ал ар кандай тоскоолдукту кадимки жөргөмүштөрдөй ашып өтөт.

Робот-жөргөмүш басып баратканда алты аягын гана пайдаланып, эки аягын бүгүп алат. Тоңкочук атуу үчүн алты аягын дөңгөлөктөй кылып, эки аягына таянып, тоголонуп жөнөйт.

Берлин Техникалык университетинин (Technischen Universität Berlin) профессору Инго Рехенбергдин (Ingo Rechenberg) айтымында, жөргөмүштүн ылдамдыгы секундасына 2 метрге чейин жетет.

Береги жөргөмүштүн үлгүлөрүн биринчи болуп Инго Рехенберг 2008-жылы Мароккодон таап, илимий дүйнөгө тааныштырган. Ошон үчүн Инго Рехенбергдин урматына жөргөмүш Cebrennus rechenbergi деп аталган.

Илимпоздордун айтышынча, береги жөргөмүш күндүз кумдун арасында токулган желесинде кыймылсыз отуруп, сыртка түнкүсүн гана чыккандыктан, аны окумуштуулар мурда кезиктирген эмес.

Festo концернинин билдирүүсүндө, профессор Рехенберг жөргөмүштү оболу тапкан күндөн баштап, анын кыймылын кантип пайдалануунун үстүнөн иштей баштаган жана “жөргөмүштүн жүрүм-турумун үйрөнүү татаал жерлерде жүрө алчу түрдүү роботторду жасаганга негиз болгон”.

Festo компаниясынын адистери автономдук режимде иштечү көпөлөк, кенгуру, чымчык жана дельфин роботторду жасашкан.

(Булагы: https://www.festo.com, https://www.dailytechinfo.org)

Дүйнөдөгү эң күлүк трактор

25-мартта Британиянын Top Gear телепрограммасында дүйнөдөгү эң ылдам трактор дүйнөлүк рекорд койду. Түз телеберүү маалында Top Gear командасы жасаган трактор 140,33 км/саат ылдамдык менен күүлөнө алды. Ушул эле трактор 2015-жылы Финляндияда 130 км/саат ылдамдыкка күүлөнүп, анын рекорду Гиннес китебине катталган болчу.

Track-Tor трактору шоссе жолдогудай эле жолсуз талаада да ылдам жүрө алат. Анын көлөмү 5,7 литрлик Chevy V8 моторунун кубаты 500 аттын күчүнө барабар. Арткы Super Swamper Bogger дөңгөлөктөрүнүн чоңдугу 54 дюйм же 1,37 м.

Эгер кадимки тракторлордун арткы дөңгөлөктөрүндө гана тормозу болсо, Track-Tor тракторунун төрт дөңгөлөгүндө тең гидравликалык тормозу бар. Ар бир дөңгөлөктү мануалдык режимде өз алдынча тормоз кылып, токтотуу мүмкүн. Бул трактор жолсуз талаада же адырда жүргөндө башкарууну айдоочу үчүн жеңил кылат.

(Булагы: www.farminguk.com, https://www.dailyrecord.co.uk).

Балдарыңызга айран ичиргенди унутпаңыз!

Ар күнү 60 грамм йогурт (айран) ичкен балдарда такыр айран ичпеген балдарга караганда ден соолукка пайдалуу тамактануу (Healthy Eating Index- HEI) көрсөткүчү (индекси) жогору болот. HEI - бул мүнөздөп тамак жеш (диета) боюнча америкалыктарга берилген сунушту аткарылышын баалаган көрсөткүч.

Британиянын Редин университетинин (University of Reading) окумуштуулары 4 жаштан 18 жашка чейинки курактагы 1687 баланын диета боюнча күндөлүгүн изилдеген соң, ушундай жыйынтык жасады.

Атап айтканда, күнүнө орточо 100 грамм йогурт жеген балдар А жана С витаминдерин, ошондой эле йод сыяктуу минералдарды салыштырмалуу “көп жешкен”. Алар ошол эле учурда кайра иштетилген азык-түлүктү, анын ичинде ак нанды, пирожный жана торт тейдеги таттуу даамдыктарды аз жеген.

“Орто мектеп жашындагы (11-18 жаштагы) балдардын йогурт жебеген үчтөн экиси китеп окугандан ырахат алышпаган, - дейт доктор Дитте Хобсс (Ditte Hobbs). - Алардын дээрлик ар бир бешинчисинин рационунда йод абдан аз болгон, ар бир алтынчысы кальцийди жетерлик алган эмес. 10 жашка чейинки кенже балдар жана андан улуу курактагылар арасында күнүнө 100 грамм йогурт жегендер майды жана тузду йогурт жебегендерге салыштырмалуу бир кыйла аз керектеген”.

Мектепке чейинки курактагы балдар йогуртту аз жегенин, ал эми 11-18 жаштагылардын 31% йогуртту такыр жебегенин ушул изилдөө көрсөткөн.

Изилдөөчүлөрдүн бири, проф. Ян Гивенстин (Ian Givens) айтымында, “йоддун дефицити менен балдардын төмөнкү интеллекти түз байланышкан”.

Боюнда бар аялдардагы йоддун дефицити жана балдардын төмөнкү IQ ортосунда байланыш бар болушу ыктымалдыгын башка изилдөөлөр да көрсөткөн. ​

“Өспүрүм курактагы кыздардын сүт азыктарын аз жегени менен сөөктүн субоптималдык өсүү коркунучу ортосунда байланыш бар. Бул улгайган куракта остеопороз сыяктуу илдетке кабылуу ыктымалдыгын көбөйтөт”, - дейт профессор Гивенс.

Ар күнү айран (йогурт) ичебиз деген балдардын кан басымы жана канындагы гликогемоглобини айранды анда-санда ичкендерге салыштырмалуу бир кыйла төмөн болгон. Гликогемоглобин (кыскача гемоглобин A1c, HbA1c) кандагы канттын узак убакыт (үч айга чейин) аралыгындагы орточо индексин билдирген биохимиялык көрсөткүч. Кандагы глюкоза - ошол текшерүү учурундагы кандагы канттын көрсөткүчү.

Жакында эле АКШда өткөрүлгөн изилдөө йогуртту көп жеген менен диетанын сапаты жана организмдеги заттардын алмашуусу ортосундагы түз байланышты көрсөткөн. АКШлык окумуштуу-диетологдор 2 жаштан 18 жашка чейинки курактыгы 5124 баланын диетасын үч жылдык тыныгуу менен изилдеп, аптасына кеминде бир мертебе йогурт жеген балдар сапаттуу тамактанганын же сапаттуу диета кармаганын аныкташкан.

Ошондой эле йогуртту көп жегендердин организминде заттар жакшы алмашаары, ачка (тамактанбай жүргөн) кезде канында инсулиндин деңгээли төмөн болоору, организм инсулинге аз каршылык көрсөтөөрү жана инсулинди жакшы сезээри да аныкталган.

(Булагы: https://medicalxpress.com, http://www.yogurtinnutrition.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG