Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Инсульт чылымкор эркектерди "жакшы көрөт"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алмаздын өзөгүндө сакталган муз. Түштүк-Чыгыш Азияда жашаган бажо элинин көк боору эмне үчүн чоң экени аныкталды. Океанды толкуткан кенедей макулук. Чылым чеккен эркектерди инсульт тооруп турат.

Алмаздын ядросунда тоңуп калган муз

Жер планетасынын ичинде окумуштуулар мурда ойлогондон алда канча көп суу болушу ыктымал. Жердин тереңиндеги алмаздардын чодронунан муздун мурда белгисиз түрү табылган соң геологдордо ушундай жоромол пайда болду. Геологдор табылганы “муз-VII” деп аташты.

Муз болуп калган суунун молекуласы Түштүк Африка, Кытай, Заир жана Сьерра-Леонеден (Батыш Африкадагы мамлекет) чогултулган алмаздарда рентген нуру кандай жайылганын (дифракция болгонун) анализдеп жатып аныкташкан.

Геологдордун айтышынча, туздуу суюктук түрүндөгү суу Жердин мантиясынан төмөнкү катмардагы же 610-800 км тереңдеги транзиттик же өткөөл зонадагы зоолордун кычыктарында сакталган болуш керек. Береги аска тоолордо катуу басым астында сакталган ысык суулар болушу мүмкүн экени мурда илимий чөйрөлөрдө боолгонуп жаткан.

Алмаздын ядросунда тоңуп калган муздун кристалынын түзүлүшү.(sciencenews.org)
Алмаздын ядросунда тоңуп калган муздун кристалынын түзүлүшү.(sciencenews.org)

Жаңы илимий табылга мындай тереңдеги суу алмаз челдин ичинде сакталышы мүмкүн деген да гипотезаны жаратты.

Жакында эле алмаздан кальцийдин силикаты (CaSiO3) деп аталган минералдын издерин табышкан. Геология илиминде аталган минералдар Жер планетасында көп жайылган деп айтылганы менен, аны алиге чейин эч ким көргөн эмес. Ал анткени Жердин тереңинде жатат. Ушул кальцийдин силикаты (CaSiO3) сыңары эле суунун молекуласы алмаздын атомдорунун матрицасында катуу кысым астында сакталууда деп түшүндүрүшөт геологдор.

“Мындай илимий ачылыштар Жер кыртышында жүрүп жаткан жараяндарды түшүнүүдө абдан маанилүү роль ойнойт,-дейт Лас Вегастагы Невада университетинин (University of Nevada) окумуштуу-минерологу, илимий ачылыштын авторлорунун бири Оливер Чаунер (Oliver Tschauner) айым.- Бул жараяндар табиятта суунун айлануусу жана бөлүнүүсү планетанын толтосунда жогорку температураны сактап турган радиоактивдүү элементтердин кыймылын камтыйт. Мунун баары биздин планетанын ички “кан айлануусунун” бир бөлүгү”.

Эми окумуштуулар жаңы илимий табылгага таянып, биздин планетадагы жалпы суунун көлөмүн кайра эсептеп чыгышы абзел. Бул өз кезегинде жылуулуктун Жердин ядросунан сырткы кыртышына берилиши жөнүндөгү илимге жана жер титирөөлөрдүн моделдерин жакшыртууга өбөлгө болушу мүмкүн.

(Булагы: http://www.dailymail.co.uk, https://www.sciencenews.org, https://www.sciencealert.com)

Мухитти толкуткан кендей макулук

Чаян сыяктуу планктондор деңиз сууларынын аралашып туруусу үчүн шамал жана толкундардай эле маанилүү экенин АКШнын Стэнфорд университетинин профессору Жон Дабири (John Dabiri) башындагы аалымдар аныктады.

Алар лабораториялык шартта өткөрүлгөн эксперимент кезде деңиз агымы айдап жүргөн артемия үйүр-үйүрү менен кыймылдаганда чоң масштабдагы кубаттуу агымды жаратаарын байкашкан.

Артемиялар түркүмүндөгү планктондор ушинтип деңиздин жылуу, мала туз үстүңкү катмарын деңиздин ылдыйкы бөлүгүндөгү муздак, туздуу жана бир кыйла ныктуу (тыгыз) суулар менен аралашуусуна катышат деп бүтүм жасайт окумуштуулар.

Биофизик Жон Дебри жана коллегалары аквариумду туздуулугу ар кандай деңгээлдеги суу менен толтурушуп, ага 135 миң артемияны коё беришкен жана аквариумга багытталган жарык менен планктондорду өйдөдөн төмөн көчкөнгө мажбурлашкан.

Планктондор суунун үстүңкү бөлүгүнөн астын көздөй үйүр-үйүр болуп көчүп баратканда ар бир макулуктун артынан суу чимирилип, чимирилген агым алардын кыймылын тездетип, жалпы үйүр менен кошо турбуленттүү агым пайда болгон.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы, Таллахассидеги Флорида университетинин океанографы Уильям Дьюардын (William Dewar, Florida State University, Tallahassee) айтышынча, планктондор мухитте кыймылдап баратып, сууну аралаштырып, абдан маанилүү “иш кылганын” көрсөтөт.

Океанда чоң үйүр менен көчкөн планктондордун саны бир нечелеген миллионго жетип, чоң мейкиндикти камтыйт.

Океан сууларынын аралашканы климаттык глобалдык циклинин маанилүү бир бөлүгү. Анткени тереңден деңиз үстүнө фитопланктондор азыктанчу тамак-ашты айдап чыгарат жана океан бөлгөн газдардын атмосферадагы газдар менен алмашуусуна өбөлгө түзөт.

- - - - - ​

1Артемия планктону көзгө көрүнбөгөн, узундугу 1 см, 1,5 см ашпаган, өтө жай жылган (секундасына 1-2 сантиметр) жылган макулук. Алар күндүз деңиздин үстүңкү жарык катмарына чыгып, анан ылдыйкы караңгы бөлүгүнө жылат.

(Булагы: https://naked-science.ru, https://www.sciencenews.org)

Бажо элинин көк боору эмне үчүн чоң?

Индонезия, Малайзия, Филиппинде жашаган бажо (вajau англ., “бажао” деп да аталат) элин кээде “деңиз көчмөндөрү” деп да аташат. Себеби алар кайык алачыктары менен мухитте айлап сүзүп жүрө беришет. Алардын дагы бир өзгөчөлүгү эч кандай жабдуу-приборсуз 70 метр тереңге чейин сүңгүп кирип, он мүнөттөн алда канча убакыт суу астында калышат.

Бажо суучулдарынын мындай жөндөмү жаштайынан көнүгүп- машыккандан тышкары алардын геномунун суу астында көп убакыт болгонго ылайыкташып калганына жана адаттан чоң көк боору менен байланыштуу экенин даниялык көрүнүктүү окумуштуу Эске Виллерслева (Eske Willerslev, University of Cambridge, UK & Copenhagen University, Denmark) айым жетектеген изилдөө аныктады.

Копенгаген университетинин илимпозу, доктор Мелисса Илардо айым (Dr Melissa Ilardo) бажо элинен 59 адамдын көк боорун, андан соң коңшу кыштактагы небахау элинен 34 кишинин көк боорун портативдүү ультраүндүү аппарат менен өлчөп көргөн. Көрсө, бажолордун көк боору небахаулыктарга караганда 50% чоң экен.

Көк боордун чоң көлөмү кишиге кычкылтек жетишпесе да дем албастан суу астында узак убакыт кала берүүгө көмөктөшөт. Анткени киши муздак сууга киргенде жүрөк жай кага баштайт, буту-колдун кан тамырлары жана көк боору кысылып бүрүшөт. Ошондо кандын клеткаларына канга кошумга кычкылтек берилип, бажолук суучулда кан клеткалары башка элдик суучулдарга караганда 10% көбөйөт. Бул алардын суу астында көпкө болуусун мүмкүн кылат.

"Сууга терең чумкучу Уэдделл тюленинин көк боору чоң жана пропорциясыз экенин билебиз. Эгер табигый тандоо тюлендин көк бооруна таасир этсе, бул кубулуш кишинин көк боорун да чоңойтушу мүмкүн эмеспи деп ойлойм",-дейт профессор Эске Виллерслева. Анын айтымында, “Мунун өзү экстремалдык шартта жашаган дүйнөдөгү түпкү элдердин сакталганы канчалык баалуу жана маанилүү экенин айгинелейт. Бул түрдүү генетикалык белгилердин функциясын түшүнүү, анын негизинде физиологиялык түрдүү белгилерди изилдөө үчүн маанилүү”.

(Булагы: http://www.sciencemag.org, http://www.cell.com/cell)

Чылым тарткан эркектерге кулак кагыш!

50 жаштан төмөн курактагы тамеки чеккен эркектер инсультка жакын болот. Алар тамеки тарткан сайын инсульт болуу ыктымалдыгы көбөйө баштайт. Муну Мэриленд университетинин Медицина мектебинин (University of Maryland School of Medicine, Baltimore) окумуштууларынын изилдөөсү тастыктады.

Изилдөөдө айтылгандай, акыркы жылдары жүрөк-кан тамыр илдетинин кесепетинен инсульттун ишемиялык түрүнө кабылган жаштар көбөйүүдө. Жаштар арасында чылым тарткандар да көбөйүп барат. Тамеки тарткан кыз-келиндер көбөйгөн сайын, алардын инсульт болуу ыктымалдыгы өсөөрүн буга чейинки изилдөөлөр аныктаган. Бирок чылымдан жигиттердин инсультка кабылуу ыктымалдыгы жөнүндө маалыматтар аз болчу.

“Чылымды канчалык көп тартсаңыз, инсульт алуу мүмкүнчүлүгүңүз да ошончолук өсөт. Бул 50 жаштан ылдый курактагы чылым чеккендер боюнча биз өткөргөн изилдөөнүн негизги жыйынтыгы”,-деп билдирди изилдөөнүн жетекчилеринин бири Янина Маркидан (Janina Markidan).

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык окумуштуулар акыркы үч жылда инсульт болгон 15 жаштан 49 жашка чейинки 615 эркектин саламаттыгын ушул эле курактагы 530 эркектин саламаттыгы менен салыштырып көрүшкөн. Алар "такыр чылым чекпегендер", "мурда чеккендер" жана "азыр чегип жаткандар" деп үч топко бөлүнгөн. Чылымкорлор күнүнө 1 даанадан 10 даанага чейин тамеки чеккендер, 11- 20 даана, 21- 39 даана же 40 жана андан көп чеккендер болуп да категорияланган. Натыйжада, алардын ичинен:

Тамеки чеккендер чекпегендерге караганда 88% көп инсульт болгон;

Күнүнө 11 тамеки тарткандар чекпегендерге караганда 46% көп инсульт болгон;

Бирок күнүнө эки куту тамеки чеккен эркектердин арасында инсульт болгондордун саны такыр чекпегендерге салыштырганда 5 эсе көп болот.

“Максат - мындай эркектерди тамеки тартуу адатынан арылтуу. Непада алар чылымды аз чеккенге көнчү болсо, бул алардын инсульт алуу коркунучун азайтканга жардамдашат”,- дейт Я. Маркидан.

(Булагы: https://www.eurekalert.org, https://med.news.am)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG