Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Израил Айга космостук кеме учурат


АКШлык астронавт Алан Бин адамзаттын Ай бетине биринчи кадам таштаганын 40 жылдыгына арналган көргөзмөдө. 15-июль 2009-ж., Вашингтон
АКШлык астронавт Алан Бин адамзаттын Ай бетине биринчи кадам таштаганын 40 жылдыгына арналган көргөзмөдө. 15-июль 2009-ж., Вашингтон

Булганч абанын кесепетинен дүйнөдө жылына 3,2 млн. киши кант диабетине чалдыгат. Түндүк Америкага алгачкы иттер 10 000 жыл мурда Шиберден барган. Жылаңаяк жүргөн балага пайда.

Израил Айга космостук кеме учурат

Салмагы 585 кг, формасы буурчактын саадагына (кабыгына) окшош космостук кеме декабрь айында учурулуп, Айга 2019-жылы 13-февралда конууга тийиш.

Космостук көлүктү Айга америкалык миллиардер Элон Масктын SpaceX фирмасына таандык ракета жеткирет.

Космостук көлүктүн биринчи милдети: Айдын бетине Израилдин желегин орнотуу; ал эми илимий миссиясы: Айдын бетиндеги магниттик талааны изилдөө.

Бул долбоорду баштоого "Google" компаниясы менен Адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган революциялык инновацияларды колдоочу Lunar XPrize фонду (Лос Анжелес, АКШ) жарыялаган байге дем берген. Бул байгеге шыктанган жаш илимпоздор Ярив Баш, Кфир Дамари жана Йонатан Уайнтрауб (Yariv Bash, Kfir Damari, Yonatan Winetraub) 2013-жылы "SpaceIL" компаниясын негиздеп, кийин Israel Aerospace Industries (IAI) концерни менен кызматташтыкта космостук көлүктүн үстүнөн иштей башташкан.

Ярив Баш, Кфир Дамари жана Йонатан Уайнтрауб космостук көлүктүн прототиби менен. Бар-Илан университети. 24-февраль 2018
Ярив Баш, Кфир Дамари жана Йонатан Уайнтрауб космостук көлүктүн прототиби менен. Бар-Илан университети. 24-февраль 2018

Теги түштүк африкалык жөөт миллиардер Моррис Кан үч жаш илимпоздун долбоорун эшитип, 2013-жылы берген 100 000 доллар грант SpaceIL стартабы үчүн чоң огожо болгон. (Долбоордун жалпы баасы 95 миллион доллар).

Бүгүнгө чейин космостук аппараттарды иштеп чыгууга жана жасаганга 88 млн. доллар салынган. Анын 27 млн. долларга жакын суммасы - SpaceIL компаниясынын президенти Моррис Канга таандык.

“Бизде кошумча планыбыз болуш керек. Жер кичине болуп баратат... Адамзаттын келечеги космосто”,-дейт IAIнын башкы директору Йосси Вайсс (Yossi Weiss). Ал эми Морис Кандын сөзүнчө:​“Биз “Апполон” АКШда жараткан эффектти кайталагыбыз келет. Эгер биз мындан ары дагы стартаптардын өлкөсү болгубуз келсе, инженерлерди табышыбыз зарыл”.

1961-жылы кабыл алынган “Апполон” программасына ылайык, 1969-жылы Айга америкалык аэронавт жеткирилген.

Израилдик окумуштуулар долбоордун жаш муунду илимге кызыктыруудагы маанисин да ойлошкон.

“Өспүрүмдөр үчүн космос, роботтор жана динозаврлар кызыктуу дешет. Бизде роботтоштурулган космостук аппаратыбыз бар... Мектеп окуучулары менен жолукканда космостук кеме тууралуу айтып берсең, алардын көздөрүндө нур жайнаганын көрөсүң. Алар болочокто космостук иштерге аралашпаса да, акыр аягында илимий изилдөөлөр же инженердик долбоорлор менен иштеп калышса, биз максатыбызга жетебиз”,-деп билдирди Кфир Дамари. Анын айтышынча, бул иш Израилдин космостук өнөр жайына да түрткү берип, өлкөдө космосту өздөштүрүүгө багытталган жаңы стартаптар жана долбоорлор көбөйгөн.

Буга дейре үч гана держава: АКШ, Орусия, Кытай Айга башкарылчу космостук кеме кондурган.

(Булагы: https://phys.org, https://www.israel21c.org)

Булганч аба ден соолукка сокку

Булганч аба менен жүрөк оорулары жана кант диабети ортосунда түз байланыш бар экенин жаңы изилдөө көрсөттү. Анткени, автомобилдер жана өнөр жай ишканалары бөлгөн майда бөлүкчөлөр атмосферада химиялык реакцияга учурагандан улам асманда пайда болгон мунарыктар абанын дем алуусун кыйындатат.

Булганган абада чаң, ылай, түтүн, көө жана тамчы менен аралашкан микроскопикалык бөлүкчөлөр ашыкча көп болот. 10 микрометрден ичке берегидей бөлүкчөлөр (кишинин чачы 70 микрометр) өпкөгө кирсе, кан тамырлар аркылуу түрдүү органдарга тарап, сезгенүүнү жаратчу реакция жүрүп, ар кандай ооруну пайда кылат.

“Көпчүлүк тармактык мияткер топтор булганч аба боюнча азыркы стандарт өтө эле бийик, аны төмөндөтүш керек дешет. Далилдер коопсуз абанын азыркы деңгээли жетишсиз жана катуулатууга муктаж экенин күбөлөйт”, - деди изилдөөнүн авторлорунун бири, Вашингтон университетинин доценти Зияд ал-Али (Dr. Ziyad Al-Aly).

Булганган абанын туткунундагы Тегеран. 7-январь 2013-ж.
Булганган абанын туткунундагы Тегеран. 7-январь 2013-ж.

“10 же 15 жыл мурда булганч аба пневмония, астма жана бронхитти гана пайда кылат деп ойлочубуз,-дейт д-р Филип Ландриган (Dr. Philip Landrigan, dean for global health at Icahn School of Medicine at Mount Sinai, New York). -Булганган аба жүрөк ооруларын жана инсульттун негизги себепчиси болгондон тышкары хроникалык өпкө дарты, өпкө рагы жана хроникалык бөйрөк дартына салым кошконун билебиз”.

Окумуштуулар АКШда 1,7 миллион эмгек ардагеринин абалын ондогон жылдар изилдеген соң ушундай тыянакка келишти. Алар ошондой эле диабеттин коркунучу боюнча дүйнөлүк изилдөөнү, абанын сапаты тууралуу АКШнын Жаратылышты коргоо агенттиги менен Космостук агенттиги - НАСАнын маалымат базаларын пайдаланышкан.

1 куб метринде 5 микрограммдан 10 микрограммга чейин булганч заттар бар абадан дем алган ардагерлердин 21% жакынында диабет өнүккөн. Ал эми 11,9 – 13,6 микрограмм болгон шартта ардагерлердин 24% чамасында диабет пайда болгон. Ал 3% көбөйгөн учурда 100 000 кишиге алганда бир жылда кошумча дагы 5000-6000 диабет пайда болот.

Кишинин генетикасы, салмагы, активдүүлүгү жана диетасы да кант диабетине таасир этет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебине ылайык, ушу тапта диабеттин 2-тиби менен 422 миллион киши катталган. 1980-жылы мындай дарты бар кишилердин саны 108 миллион эле.

Аба катуу булганган Пакистан, Индия, Кытай тейдеги өлкөлөрдө булганч абанын айынан диабет болгон кишилердин саны өзгөчө көп.

Аталган өлкөлөргө салыштырганда аба алда канча таза эсептелген АКШда да бул көрсөткүч жогору.

2016-жылы дүйнөдө булганыч абанын кесепетинен 3,2 млн. киши диабетке чалдыккан. Бул дүйнөдөгү диабеттердин 14% тете. АКШда булганыч абага байланыштуу жылына 150 миң киши диабет болот. АКШда 30 миллиондон көп диабет бар.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://edition.cnn.com)​

Түндүк Америкага алгачкы иттер Шиберден келген

Түндүк Америкага биринчи иттер мындан 10 миң жылдай илгери же андан мурдараак Түндүк Чыгыш Азиядан барган эл менен кошо келгенин байыркы кумайыктардын ДНКсынын анализи көрсөттү.

Окумуштуулар АКШнын Иллинойс штатындагы байыркы эки көрүстөнгө көмүлгөн үч иттин сөөгүнө жасалган радиокычкылтектик анализге таянып, аларды Түндүк жана Түштүк Америкадагы эң көөнө үйрөтүлгөн иттер деп аташты. Мындай тыянак Түндүк Америка жана Шибердеги (Сибирь) байыркы конуштардан табылган иттердин митохондриясынын 71 геномун жана 7 геномунун ядросун анализдеген соң жасалды. Береги маалыматтар азыркы иттердин жана бөрүлөрдүн ДНКсы менен салыштырып да көрүлгөн.

Аляскадагы иттердин жарышы башталар алдында. 3-март 2018-ж.
Аляскадагы иттердин жарышы башталар алдында. 3-март 2018-ж.

Бул факт - иттер Америкада мурда эсептелгенден 1500 жыл илгери үй жаныбарына айланганын күбөлөйт, деп маалымдады британ зооархеологу Анжелла Перри Америка археологдор коомунун жыйынында. Буга чейин Техастагы байыркы журтта табылган 9300 жыл мурдагы иттердин калдыктары Түндүк Америкадагы үйрөтүлгөн эң байыркы иттер деп эсептелчү.

Үч иттин тең скелетинде таш куралдардын изи жок экени, Перри айымдын сөзүнчө, аларды Техаста табылган иттердей кишилер өлтүрбөгөнүн жана өз ажалы менен өлүшкөнүн тастыктайт.

АКШнын Ортолук Батышында табылган байыркы иттердин көрүстөнү иттердин бүгүн дүйнөдө белгилүү эң байыркы мазары да. Германиянын Бонн-Оберкассел (Bonn-Oberkassel) конушунда 14 миң жылдай мурдакы ит эки киши менен кошо көмүлгөн. Мунун өзү иттерди байыркы кишилер жогору баалаганын көрсөткөнүн айтат д-р А. Перри.

Кээ бир окумуштуулар Америкага алгачкы саякатчылар ит кошулган чаналар менен келген деп жоромолдошот. Тарыхчылардын ырасташынча, кишилер Түндүк Америкага бери дегенде 15 000 жыл мурда жеткен экен.

Азыркы иттерде байыркы америкалык кумайыктардын генетикалык белгилери жок. Анын бир себеби европалык оторчулар болжол менен 500 жыл мурда иттердин түрлөрүн тандап көбөйтө баштаган.

“Мунун өзү балким европалыктардын оторчулугу менен байланыштуу катастрофа сыяктуу окуя болгонун жышааналайт,-дейт британ илимпозу Лоран Франц (Laurent Frantz, Queen Mary University). - Бирок америкалык иттердин капылеттен кайып болуп кетишин түшүндүргөн далилдер жок”.

“Американын түпкүлүктүү элдери европалык оторчулар келгенден кийин, алардын геноциддик практикасынан жабыр тартканы маалым. Түпкүлүктүү элдердин иттери андан бетер бүлүндүрчү тарыхка дуушар болгонун жана биротоло жоголууга жакын калганын билдик. Бул балким мажбур маданий өзгөрүүлөрдүн жана түрдүү ылаңдардын натыйжасы”,- деди Иллинойс университетинин профессору Рипан Малхи (Ripan Malhi, University of Illinois).

(Булагы: http://illinois.edu/, https://www.sciencedaily.com, https://www.sciencenews.org)

Жылаңаяк жүргөн балага пайда

Жылаңаяк жүрүп чоңойгон балдар такай бут кийимчен жүрүп өскөн балдарга караганда тең салмактуулук жана узундукка секирүү боюнча сынакты мыкты тапшырышкан.

Муну немистердин Йен университетинин окумуштуулары Түндүк Германияда жашаган 385 баланы жана өспүрүмдү, ошондой эле Түштүк Африканын Батыш Кап провинциясында жашаган ушу курактагы 425 окуучуну тестирлеп көргөн соң аныкташты. Мектеп окуучуларынын баары тең 6 жаштан 18 жашка чейинки курактагылар, ал эми өмүрүнүн көбүн бут кийимсиз жашагандар Түштүк Африкада туулгандар эле. Изилдөө учурунда алар төрт топко: 6-10 жаштагылар, 11-14 жаштагылар, 16-18 жаштагылар жана үргүлжүң бир топ болуп бөлүнгөн.

Германиялык илимпоздордун максаты бала кезде бут кийим кийип жүрүү индивидуумдун физикалык жактан өнүгүүсүнө кандай таасир эткенин билүү болчу.

Аталган эки регион изилденген себеби: Германиянын мектептеринде окуучу сөзсүз бут кийимчен жүрүшү шарт, ал эми Түштүк Африкада окуучулардын бут кийимсиз жүрүүсү кадыресе көрүнүш.

Түштүк Африкада балдардын 90, 9% жылаңаяк жүрсө, Германияда балдар үчүн бут кийимсиз жүрүү жат көрүнүш.

Ата-энесинин макулдугу боюнча тестирлөөгө катышкан окуучулар ден соолугу жакшы кезде жумасына кеминде 120 мүнөт бут кийимчен жана жылаңаяк сынактан өткөрүлгөн. Тең салмактуулукту сактоо жана узундукка секирүүдө түштүк африкалык окуучулар бардык категорияда мыкты болгон. Бирок бут кийимчен мелдешкенде жылаңаяк кездегиден жакшы натыйжага жетишкен. А спринт боюнча сынакта демейде кроссовка кийип жүргөн өспүрүмдөрдүн көрсөткүчү мыкты болгон.

Бул феноменди изилдөөнүн жетекчиси, проф. Астрид Зах (Astrid Zech) мындайча түшүндүрдү:

“Түштүк Африкада спринт боюнча тест ачык асман алдында өтүп, аба ырайы жана кыртыш өзгөрүп турду. Немис балдары полу чуркаганга атайын ылайыкталган спорттук залда жарышты. Чуркаганда бут кийимдин таманынын да мааниси бар. Түштүк африкалык окуучулар мектепке кадыресе күнү кийчү бут кийимчен чуркашса, немис окуучулар кроссовкачан жарышты. Ошон үчүн алар көрсөткөн убакыт такталууга тийиш”.

Рохингилик (Мянма) качкын-балдар Бангладештеги качкындар лагеринде ойноп жаткан кез. 25-июнь 2018-ж.
Рохингилик (Мянма) качкын-балдар Бангладештеги качкындар лагеринде ойноп жаткан кез. 25-июнь 2018-ж.

Проф. Зах айымдын айтышынча, изилдөөнүн жыйынтыгы бут кийимчен жүргөн балдардын тулку боюн башкаруусун же физикалык жөндөмүн жакшыртышы мүмкүн экенин көрсөттү. Ошого бул жагдайды жаш балалуу ата-энелер эсинде тутушу абзел.

(Булагы: https://www.frontiersin.org, https://www.ncbi.nlm.nih.gov)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG