Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Илим: Чачтан элүү эсе ичке сенсор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чачтан 50 эсе ичке медициналык сенсор. Туалетке барган 20 адамдын бирөө гана колун туура жууйт. Тува жеринде байыркы мумия табылды. Алкоголду чени менен ичкендин пайдасы.

Киши орточо бир жылда 2500 жолу дааратканага барат

Дааратканага барган 20 адамдын бирөө гана колун самындап жууйт. Бул Британиянын Лестер университетинин клиникалык микробиология боюнча улук окутуучусу Приморс Фристоун (Primrose Freestone, University of Leicester) айымдын изилдөөсүнүн натыйжасы.

Микробиологдордун айтымында, дүйнө сыңары эле киши да микробдор менен жашайт. Кишинин тулку бою, анын ичинде териси, оозу, көздөрү, сийдик-жыныс органдары, ичеги-карын тракттары микробго бай болот. Көпчүлүк кишилер бир килограммга чейин бактерия, микроорганизм (грибок), ачыткы, вирус, мите түрүндөгү микроорганизмдерди денесинде, атап айтканда, ичеги-карынында көтөрүп жүрүшөт.

Изилдөөлөр тастыктагандай, кишинин ичегисиндеги микробдордун 25-54% заң түзөт. Кишинин заңында башка жанга берилчү Campylobacter, Enterococcus, Escherichia coli, Salmonella, Shigella, Staphylococcus, Streptococcus, Yersinia сындуу патогендик бактериялар, ошондой эле норовирус, ротавирус, гепатит A жана E сыяктуу вирустар болот.

Ош шаарындагы дааратканалардын бири. Апрель, 2018-жыл
Ош шаарындагы дааратканалардын бири. Апрель, 2018-жыл

Доктор П. Фристоундун айтышынча, кишиге инфекциянын унитаздан жугуу коркунучу өтө аз. Себеби, көпчүлүк ичеги оорулары колдон, таза жуулбаган жашылча-жемиштерден жана булганыч затты же буюмду кармагандан кийин колду туура жуубай тамактанганда колдон оозго тийип жугат.

Кишинин териси бактериялар жана ачыткылуу бактериялардын катмары менен капталган. Алар аябай эффективдүү коргоочу экран катары кызмат кылат. Мындай коргоочу механизмдин негизи - кишини “булганыч” патогендердин коргоочу иммундук системасы.

Кишинин иммундук системасы коомдук дааратканага барганда ар кандай инфекциялардан коргойт. Деген менен коомдук туалетке барганда унитаздын отургучун антисептикалык салфетка менен аарчып тазалаганды сунуш кылат адистер.

Унитазды жууганда суунун тамчыларындагы микробдор туалеттин капкагына, эшикке, полго жана туалет кагазы турчу атайын кармагычка «конуп» алышат.

Колду туура жууш үчүн суюк самынды же самындуу сууну колго жана манжаларыңызга, анын ичинде тырмактын астына 20-30 секунда сүртүп, андан соң кеминде 20 секунда самынды жууш абзел дейт профессор Фристоун.

Коомдук дааратканадан чыгып баратканда колуңузга кайра микроб жугузбоо үчүн, эшикти чыканак, жеңдин учу, чүпүрөк же салфетка менен ачкан жөндүү дешет микробиологдор.

Изилдөөлөргө караганда, адамдардын 75% дааратканда телефон колдонушат. Уюлдук телефондор унитазга салыштырганда 10 эсе булганч экенин АКШдагы изилдөө көрсөткөн. Бирок да, Фристоун айымдын айтымында, көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө коомдук дааратканалар таза кармалгандыктан, аларга барганда ашыкча кооптонуу туура эмес.

(Булагы: http://theconversation.com, http://www.dailymail.co.uk)

Тува жеринде байыркы мумия табылды

Орусия Илимдер академиясынын Материалдык маданият тарыхы институтунун (ИИМК, РАН) окумуштуулары мумия б.з.ч. I кылымга таандык деп боолгошууда.

Мумия Саян-Шушен ГЭСине чектеш зонадагы байыркы Терезин көрүнөн табылган таш сандыктын ичинен чыккан. Хунну (гунны) элине таандык жаш аялдын мумияланган денесинин булчуң эттери, териси, кийиминин айрым бөлүкчөлөрү бузулбай сакталган деген үмүт бар экени айтылат ырасмий билдирүүдө.

Археологдор буга чейин негизинен скиф элдеринин мумияланган калдыктарын табышкан.

"Бул, ырасында эле, абдан маанилүү табылга. Себеби биз буга дейре хунну дооруна таандык мумияны тапкан эмеспиз. Эми, бул табылгадан кийин, сакталган терисинин бөлүкчөлөрүн анализдеп, алар кандай кийим кийишкенин мурдагыдан бир кыйла так айта алабыз. Мунун баары Борбор Азия жана Туванын байыркы тарыхын алда канча так реконструкциялоо үчүн зарурат",-деп билдирди экспедициянын башчысы Марина Килуновская. Скифтер доору боюнча адис Килуновскаянын айтышынча, азыркы башкы милдет- табылганы илим үчүн сактоо жана мумияны реставрациялоо иши башталган.

Б.з.ч. III кылымдан б.з. II кылымына дейре өкүм сүргөн Хунну мамлекети чыгышта Мачжурияга, батышта Памирге чейин созулган. Ага бүгүнкү Монголия жана Түштүк Сибирдин кыйла бөлүгү да кирген.

Бул жоо жүрөк уруулардан коргонуу үчүн кытайлар майда сепилдерди куруп, кийин алар Улуу Кытай коргонуна бириктирилген. Кийинчерээк хунндардын бир жааты кытайларга ассимиляция болуп кетсе, экинчи жааты Батышка жер которуп, жаңы элге-гунндарга башат салган.

Жаңы табылга мааниси жагынан 1993-жылы Алтай тоо кыркасынын ортолугундагы Үкөк бөксөсүндөгү Ак-Алаха көрүнөн чыккан “Алтай канышасынан” кем калбашы ыктымал дешет илимпоздор. Биздин заманга чейинки V-III кылымдарга таандык көрдөгү жыгач саркофагдын ичинен чыккан береги мумия жашы 25 курактагы, бою 165 см узун аялдыкы экени аныкталган. Ал аялдын денесин археологдор 2500 жыл мурда мумияланган деп аныкташкан.

“Алтай канышасы” азыр Алтай Республикасынын Улуттук музейинде сакталууда.

(Булагы: https://eadaily.com, http://www.sib-science.info, https://moiarussia.ru)

Алкоголду чени менен ичкендин пайдасы

Арак-шарап ичимдиктерин ичкендердин арасынан күнүнө 10 граммдан кем эмес жана андан ашпаган таза спирт (бул алкоголдун бир стандарттык порциясы) ичкен кишилерде рактын өнүгүү коркунучу эң төмөн болот. Бирок алкогол ичүүсүн жумасына бир дозага көбөйткөн сайын рактын өнүгүү ыктымалдыгы көбөйт.

Муну Белфастагы Падышалык университеттин окумуштуусу Эндрю Кунцман (Dr Andrew Kunzmann, Queen’s University in Northern Ireland) жетектеген илимий топ 99 654 кишинин саламаттыгын орточо 8,9 жыл изилдеген соң аныкташты.

Арак
Арак

Береги кишилердин алкоголду канча ичкени алар 1998-2000-жылдары толтурган сурамжылоо бюллетендеринин негизинде эсептелген.

Алдагы мезгилде эми ракка чалдыккан 12 763 киши катталган жана 9 559 киши о дүйнө кеткен.

Окумуштуулар, ошондой эле, орточо 8,9 жылдын аралыгында рактын өнүгүүсү үчүн ыктымал жагдайлар же өмүр бою ар кандай өлчөмдө алкогол ичкен кишилердин өлүмүнө себеп болгон жагдайларды анализдеп көрүшкөн.

“Алкоголду ашыкча ичүү коомдук саламаттык сактоо үчүн чоң мүшкүл болуп саналат жана ал коомдогу бардык социалдык катмарларды камтыйт. Бул изилдөө алкоголду түрдүү өлчөмдө ичкен ден соолукка кандай таасир эткени тууралуу ишенимдүү далилдерди табууга көмөктөшөт. Изилдөөнүн натыйжасына таянып, кишилер негиздүү жана өз ден соолугуна пайдалуу чечим кабыл алса болот”,-дейт доктор Кунцман.

Изилдөө көрсөткөндөй, алкоголду көп ичкен сайын зыяндуу шишиктердин өнүгүү коркунучу көбөйгөн. Бирок да изилдөө негизи улгайган курактагы кишилер менен жүргүзүлгөндүктөн, анын натыйжасын орто жаштагы жана андан жаш курактагыларга да мүнөздүү деп айткан натуура болору эскертилет. Экинчи эске алчу жагдай, изилдөөгө катышкан адамдардын абалы талданган учурда алардын ден соолугуна социалдык-экономикалык факторлор кандай таасир эткени эсепке алынбаган.

Буга чейинки изилдөөлөр алкоголду түрдүү өлчөмдө ичкен онкологиялык дарттын пайда болушуна таасир этерин көрсөткөн.

(Булагы: https://www.qub.ac.uk, https://edition.cnn.com)

Чачтан 50 эсе ичке медициналык сенсор

Австралия Улуттук университети, кыскача АУУнун (Australian National University, ANU) окумуштуулары иштеп чыккан жаңы сенсор кишинин денесине орнотулчу диагностикалык приборду жасоону мүмкүн кылат.

Бул көзгө көрүнбөгөн оптикалык сенсор кишинин саламаттыгын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп турганга көмөктөшөт.

Сенсор кишинин териси аркылуу чыккан же дем алганда бөлүнгөн метаболиттерди, газдарды жана суюктуктарды өлчөгөндөн тышкары метаболиттердин эң заманбап медициналык приборлор сезбеген түрдүү компоненттерин сезе алат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сенсордун тыш өлчөмү (габарити) жана салмагы кыпындай, пайдалануу мүмкүнчүлүгү кенен болгондуктан, аны саламаттыкты сактоо тармагынан башка да айыл чарбасына мониторинг жүргүзүүдө (мисалы, мөмөнүн кеселин аныктоо үчүн), аалам койнун чалгындоодо жана башка максаттарда колдонсо болот.

“Бул сенсорлор өтө кичинекей жана өтө жеңил болушкандыктан, микро-жандоочулар (сателлитерде) же кичинекей космостук кемелер үчүн ылайыктуу болот. Алар алыскы планеталардагы органикалык тирүү молекулалардын изи тууралуу маалымдап, ал жакта жашоону изилдөөгө көмөктөшө алат”,-дейт АУУнин окумуштуусу Мохсен Рахмани (Dr. Mohsen Rahmani). Анын айтышынча, көзгө көрүнбөгөн оптикалык сенсор кишилерди анализ тапшыргандан жана кээ бир жагымсыз диагностикалык процедуралардан өтүүдөн куткарат.

Кишинин чачынан 50 эсе ичке береги сенсор, доцент Антонио Триколинин (Antonio Tricoli) сөзүнчө, доктурлардын диабетти азыркыдан алда канча мурда аныктоосун жана хроникалык оорулардын түрлөрүн азыркыдан жакшы башкарууну мүмкүн кылат.

“Бул суперкичинекей сенсорлор саатка орнотулчу болсо, биздин саламаттыгыбызды байкап турчу дарча катары кызмат кылат. Бул илимий ачылыш - биз денеде көтөрүп жүрчү приборлордун жаңы муунун иштеп чыгуу алдында турганыбызды көрсөтөт. Андай приборлор кишилердин өмүрүн узартып, жакшы жашоосуна жардамдашат”,-деди АУУнун Нанотехнологиялар лабораториясынын башчысы, доктор Триколи.

“Жаңы сенсорлордун өзү типтүү денеде көтөрүп жүрүүгө мүмкүн медициналык приборлордон артыкчылыгы: метаболиттин абдан аз концентрациясын сезе билгенинде жана бөлмө температурасында да иштей бергенинде”,- дейт Нанотехнологиялар лабораториясынын аспиранты Зели Фуско(Zelio Fusco).

Бул илимий ачылышты Австралия Улуттук университети Квинсленд технологиялык университети (Queensland University of Technology) жана Швециянын Чалмерс технологиялык университетинин (Chalmers University of Technology) жардамы менен жасаган.

(Булагы: http://www.anu.edu.au, https://onlinelibrary.wiley.com)

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG