Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Мумия музейге кайтарылабы?..


Сирияда сакталып турган мумия. 18-апрель, 2008-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Сирияда сакталып турган мумия. 18-апрель, 2008-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенден өткөн кылымда табылып, былтыр 14-октябрда кайра шашылыш көмүлгөн байыркы мумия Улуттук тарых музейине кайтарылабы? Же Кара-Булак кыштагындагы Мактым-Гөрдө кала береби?

Жарым жылда коён алты жолу боозуп, алты жолу тууйт. Парламенттик комиссия мумияланган аялдын сөөгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине кайра кайтаруу боюнча алты ай мурда берген сунуш али аткарыла элек.

Мумияланган кызга тиешелүү расмий хронология

Өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 15-декабрда “Азаттык” радиосуна: «Эми жол-жобо боюнча бул маселе парламенттик комитетте каралышы керек. Комиссиянын чечими бекитилгенден кийин өкмөткө тапшырма берилет. Ошондон кийин мумияны ордуна кайтаруу иштери башталат, ” - деп билдирген.

Андан туура бир ай илгери ошо кездеги президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге мындай деген болчу:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

“Менимче, бул - чоң ката. Окуп алып кайгырдым. Өзүн калп эле "мусулманмын" дегендер пайгамбардын сөзүн унутуп жатышат. Мухаммед пайгамбар бизге айткан күчтүү насааттардын бири “Билимге бир саат берсең түнү менен намаз окуганга барабар, билимге бир ай берсең үч ай орозо кармаган менен барабар” деген сөздөрүн унутуп, жанагыдай бакшыларды угуп... Билбейм, кандай болуп кетти. Мен кайгырып жатам. Бул туура эмес нерсе. Болгон иш болду.”

(А. Атамбаевдин бул сөзүнө алдыда дагы кайрылабыз).

Үстүбүздөгү жылы 27-мартта тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча Жогорку Кеңеште өткөн талкууда министр Султан Жумагулов Баткендин Кара-Булак кыштагындагы Мактым-Гөргө көмүлгөн байыркы мумиянын Улуттук тарых музейине кайтарылышын колдой тургандыгын дагы бир жолу айткан. Ошондой эле эгер парламент тийиштүү чечим кабыл алса, министрлик аны аткарууга даяр экенин билдирген.

Эртеси Улуттук тарыхы музейинин директору К. Алмакүчүков да музей мумияланган кыздын сөөгүн кайра кабыл алып, аны музейдин экспонаттар залында эмес, жертөлөсүндө сактоого даяр экенин тастыктаган.

Ошентип, мумия маселеси жөнүндө 27-мартта Жогорку Кеңештеги талкууда акыркы ирет сөз болгон. Бирок алиге не парламенттик комитеттин, не Жогорку Кеңештин, не кыргыз өкмөтүнүн чечими жок. Минтип айтканга электрондук маалымат булактарында, ошондой эле өкмөттүн жана парламенттин сайтында жарыяланган маалыматтар толук негиз берет.

Баткенде мумия көмүлүп жаткан учур. 14-октябрь, 2017-жыл.
Баткенде мумия көмүлүп жаткан учур. 14-октябрь, 2017-жыл.

Өткөн кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында табылган аялдын мумияланган сөөгү өкмөттүк мекемелер үчүн болуп көрбөгөндөй ыкчамдык менен (чечим чыккандан эки күн ичинде) Баткенге жеткирилип жерге берилди да, аны баалуу тарыхый экспонат катары Бишкекке кайтарууга келгенде маселе ордунан ныпым жылбай калды.

Бул боюнча расмий бийлик атайын түшүндүрмө берген жок. Ошон үчүн ага байланыштуу өз жоромолумду ортого салууга аргасызмын.

Оболу мумияны эзелки табылган ордуна кайра көмүү боюнча комиссиянын Маданият министрлигинде 12-октябрда өткөн кеңешмесинин курамын карап көрөлү. Массмедиада маалымдалгандай, бул комиссия Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Маданият министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн. Мындай курамдагы комиссияны, албетте, тартип боюнча өкмөт гана түзөт. Маданият министрлиги эмес.

Коомчулукту болбосо да, археологдор менен тарыхчылар чөйрөсүн кайдыгер калтырбачу мумия маселесин, тагыраак айтканда, 15 кылымдан да байыркы артефактты көмүүгө расмий даярдык көрүлүп жатканы өлкөдөгү бийликтин кыл чылбырын кармап турган президентке жана администрацияга маалымдалганы шексиз. Анткени мындай маанилүү иш үчүн премьер-министр жана орун басарлары жоопкерчилик алганга баштары экөө эмес да.

Ал эми өкмөт аткаруу бийлигинин башы болгону менен, моюн кайда бурса, баш ошол жакка бурулат эмеспи.

Иш ушундай деңгээлде чечилгендиктен мумияланган кызды жерге берүү Азиз Батукаевди Кыргызстандан чыгарып жиберилгендегидей ылдамдык менен жүргөн.

Ошон үчүн мумия кайра көмүлгөндөн кийин жогору жактын ыкласындагы ишти аткаруу вазийпасы кызматына ылайык жүктөлгөн маданият министри Түгөлбай Казаков жумуштан алынып, өкмөт коомчулукка “жооптуу адамды” таап, чара көргөндөй түр көрсөткөн.

А. Атамбаев 15-октябрда: “Менимче, бул чоң ката. Окуп алып кайгырдым... Билбейм, кандай болуп кетти. Мен кайгырып жатам. Бул туура эмес нерсе. Болгон иш болду,” - деп, бирок "мумия Баткенден Бишкекке кайтарылат" деген эмес.

Ырас, бул иш үчүн кимдир бирөө жоопкерчиликке тартылышы ыктымал экенин каңкуулаган.

Ошол бойдон не ошо кездеги президент, не ошо кездеги премьер-министр коомчулук алдында "мумия музейге кайтарылат" деп айтышкан эмес. Ушундан улам парламенттик комиссиянын мумияны Бишкекке кайтаруу боюнча сунушу абага айтылган сөздөй жоопсуз калды.

С. Жумагулов мумиянын музейге кайтарылышын жактай тургандыгын Жогорку Кеңештеги талкууда айткан. Маданият министрлиги байыркы гундардын дооруна таандык эстеликти Бишкекке алып келейин дегенде да азыр колу кыска. Себеби парламенттин жана өкмөттүн ыктыяры керек.

Өкмөт аткаруу бийлигинин башы, парламент өлкөдөгү эң жогорку мыйзам чыгаруу органы болгону менен, бүгүнкү Кыргызстандын шартында “моюн кайда бурса, баш ошол жакка бурулат”.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук тарых музейинде.
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук тарых музейинде.

Бул болсо бийликтин сөз болуп жаткан эки маанилүү бутагы тең президент Сооронбай Жээнбековдон “мумия Бишкекке музейге кайтарылсын” деген сөз чыкмайын, баалуу тарыхый эстеликти Улуттук тарых музейине кайтарып келүү боюнча эч кандай кадамга барбайт деген кеп.

Ал эми президентибиз 24-ноябрда кызматка расмий киришкенде, же 12-январда Улуттук тарых музейин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышканда, же 6-февралда береги музейге “улуттук макам” ыйгарганда мумияланган кыз тууралуу лам деп ооз ачкан жок.

Эми мумия боюнча президентти кыймылга келтирсе, парламенттин депутаттары келтирет. Бирок депутаттардын ага эрки жетеби? Тарых алдындагы жоопкерчилигин түшүнүшөбү? Тарых алдындагы жоопкерчилик дегеним эмне? Себеби, мумия маселеси Кыргызстан мындан ары да молдо-бакшылардын сөзүнө жетеленерин же Конституцияда жазылгандай, дүйнөбий (секулярдык) мамлекет бойдон каларын аныктайт.

Айтмакчы, парламент мүчөсү, мурдагы маданият министри Рыскелди Момбековдун айтымында, биз сөз кылып жаткан мумия үчүн бир учурда кээ бирөөлөр 500 000 доллар сунуш кылган имиш. Мынча чоң акчаны кой, даңктуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка деген 30 000 долларга суук колун сунгандар кейпиндеги мартабалуу аткаминерлердин бири Мактым-Гөрдөгү мумияны түн жамынып казып алып, жарым миллион долларга сатып жиберген жок деп ким кепил боло алат?

Же дагы сегиз ай создуктуруп туруп, анан эми Бишкекке кайтаралы дегенде, мумия ыпырап күлгө айланып калган болобу?

P.S. Автордун ою "Азаттык" радиосунун көз карашын чагылдырбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG