Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Парламенттик комиссия мумияны ордуна кайтарууну чечти


1500 жылдан да мурда мумияланган зайыптын сөөгүн жайга берүү учуру. 14.10.2017.
1500 жылдан да мурда мумияланган зайыптын сөөгүн жайга берүү учуру. 14.10.2017.

Парламенттик комиссия Тарых музейинен Баткенге жеткирилип, жерге берилген мумияны кайра кайтаруу тууралуу сунушун берди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди:

- Эми жол-жобо боюнча бул маселе парламенттик комитетте каралышы керек. Комиссиянын чечими бекитилгенден кийин өкмөткө тапшырма берилет. Ошондон кийин мумияны ордуна кайтаруу иштери башталат. Бул мен үчүн, министр катары, абдан жакшы кабар.

Министр “мумия казылып кетиптир, башка киши көмүлүптүр” деген сөздөрдү имиш деп атап, аны кайтаруу боюнча өкмөттүн тапшырмасы бар экенин, милиция кызматкерлери кайтарып турарын билдирди.

“Мумияны музейден чыгарып, көмгөнгө чейинки видеосу бар”, - деп белгиледи Жумагулов.

Министр эгер чечим чыкса мумия Тарых музейине кайтаралышы керек деп эсептейт.

Оштогу Сулайман-Тоого жеткирүү тууралуу сунуштар боюнча ал "Ал жерде мумияны сактоо шарты барбы же жокпу, караш керек. Тарых музейи реконструкцияланды. Аны сактоого мүмкүнчүлүктөр да жогору”, - деп жооп берди.

1970-жылдардан бери борбордук тарых музейинде турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге 14-октябрь күнү көмүлгөн. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги борбордук Тарых музейине алып келинген. Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда мумияны кайра ордуна алып барып, көмүүгө чечим чыгарган.

Бирок көпчүлүк археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышкан. Алар бийликтен мумияны кайра каздырып алууну талап кылышкан.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, парламенттик комиссия түзүлгөн, анын курамына өкмөттүн өкүлдөрү жана окумуштуулар да кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG