Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Министр Баткенге көмүлгөн мумиянын кайтарылышын колдойт


Баткенде мумия көмүлгөн учур. 14-октябрь, 2017-жыл.
Баткенде мумия көмүлгөн учур. 14-октябрь, 2017-жыл.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Баткенге көмүлгөн мумиянын кайра музейге кайтарылышын колдойт. Бул тууралуу ал бүгүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча өткөн парламенттик талкууда айтты.

- Мумия абдан татаал маселе болуп калды. Биз бул темада ар кандай деңгээлдеги бир катар талкууларды өткөрдүк. Ушул маалга карата эки пикир болуп атат. Алардын бир тарабы “эми көмүлгөн нерсени кайра казып кайтарыш керекпи, жергиликтүү калк кандай кабыл алат” десе, окумуштуулар баш болгон интеллигенция өкүлдөрү өкмөткө, парламентке, бизге аны кайтаруу боюнча кайрылып жатышат. Биз иликтеп көрсөк азыркы Улуттук тарых музейинин жертөлөсүндө ошондой экспонаттарды алып келип сактап, изилдөөгө мүмкүнчүлүк бар экен. Мындан сырткары бүгүн сиздер тараптан, немис, кытай окумуштуулары мумияны ар тараптан бекер изилдеп берүүгө макулдугун берип жатканын уктук. Эгер парламентте депутаттар ушул багытта чечим кабыл алып берсе, биз аны аткарганга даярбыз. Мындан сырткары, менден мумия тууралуу жеке оюмду көп сурашат. Мен министр катары эмес, катардагы жаран катары айтсам, ал мумуия кайтарылып келип, музейде турушу керек. Дүйнөдө башка музейлерде турат. Эч кандай чаң-тополоң болгон жок. Мен билгенден бир эле Кытайда жүздөгөн мумиялар турат.

Былтыр күзүндө Мамлекеттик тарых музейинен баалуу тарыхый экспонат - Баткенде табылган мумия коомдук активисттер тарабынан алынып кетип, көмүлгөн соң, музейдеги экспонаттардын сакталуу деңгээли кескин сынга кабылган. Илимий чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү азыркы убакка чейин мумияны кайра музейге кайтарууну талап кылууда. (ZA)

XS
SM
MD
LG