Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Окумуштуулар чычкандын жынысын өзгөрттү


Чычкандын жынысы күмөн же түйүлдүк кезинде өзгөртүлдү. Көмүрдүн күлүнөн кадимки бетон жасалды. Антарктикадагы муз жалтаңдары акыркы жылдары тез эрип жатат. Түпкүлүктүү америкалыктар 3 миң жыл мурда тамеки тарткан.

Чычкандын жынысы өзгөртүлдү, кезек кимде?

Британ биологдору чычкандын эркегин өз эндерин же аталык безин жана жыныстык мүчөсүн жоготууга, андан соң энелик бези менен ургаачынын башка белгилерин өстүргөнгө мажбур кылышты. Ал үчүн оболу чычкандын ДНКсындагы мааниси жок “таштанды” бөлүгүн алып салышкан.

“Биз биринчи жолу жандыктын белокторду коддоочу айрым гендерин эмес, “таштанды” ДНКсын алмаштырып, жынысын толук өзгөрткөнгө жетиштик. Жандыктын Enh13 деп аталган бул бөлүгү кишилер арасындагы жыныстык өнүгүүнүн ар кандай бузулуусунда маанилүү ролду ойношу ыктымал деп боолгойбуз”, - деди Лондондогу Фрэнсис Крик институтунун биологу Робин Лоуэлл-Бэж (Robin Lovell-Badge, Francis Crick Institute in London).

Чычкандын лабораториялык жол менен өстүрүлгөн түйүлдүгү.
Чычкандын лабораториялык жол менен өстүрүлгөн түйүлдүгү.

​Геномдор аркылуу 1 миллиондой энхансер 21 миң чакты генди көзөмөлдөп турат. ДНКнын береги кыска фрагменттери гендин сыртында жатат, бирок генди иштетип же иштетпей салчу белоктор (протеиндер) орун алчу жай катары кызмат кылат.

Sox9 гени үчүн энхансерлер 2 миллион негизге чачылган. Лоуэлл-Бэж жана америкалык окумуштуу Даниэль Маатук айым (Danielle Maatouk, Northwestern University in Chicago) энхансерди активдештирүүчү протеиндин ДНКга жабышкан жайларын аныктоочу жаңы усулду пайдаланышкан.

Бардык сүт эмүүчүлөр жана куштардын көп түрлөрү болочок тукумунун жынысын аныктоодо бөтөн жыныстык хромосомдорду колдонушат. Кишини алсак, түйүлдүктүн (күмөн) геномунда эки Х-хромосом болсо, кыз; бир Х жана бир Y-хромосом болсо эркек бала төрөлөт.

Мындай программалар кайда жайгашканын, алар кандай башкарылганы азырынча илимпоздорго беймаалым. Бирок хромосомдордун өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү Sox9 жана Sry гендери тарабынан башкарылары соңку 20 жылда аныкталган.

Sox9 эми жаралчу жыныстык клеткаларды болочокто эндерлерге жана алардын жардамчыларына айлантууга жооптуу, Sry күмөндүн жынысы анык болгондо Sox9 гени ишке кошулуусуна жооп берет.

Лоуэлл-Бэж баштаган илимий тобу Sry жапа чегип калса, ургаачы күмөндөр өз тукумун улантуучу кадимки эркек эндерлерге айлана турганын 1991-жылы аныкташкан. Бул ачылыш-гендердин жыныстык өнүгүүсүнүн бузулуусу береги гендердеги мутацияга байланыштуу болушу ыктымал деген ойго түрткөн.

Түрдүү эксперименттердин негизинде Sox9 генине катар жайгашкан “таштанды” ДНКнын бөтөн сегменти -Enh13 табылган. Ал клеткананын протейиндерин Sox9 геномунун ичиндеги хромосомдорго жайылтып, аны активдүү кылат жана “эркекти” өнүктүрүү программасын иштетет деп боолгошту окумуштуулар. Ушул идеяга таянып, ДНКнын аталган бөлүгүнө зак кетсе же убактылуу иштетпей койсо эмне болорун текшерип көрүшкөн.

Ал үчүн геномунда жалгыз соо Enh13 бар чычкандарды аргындаштырышып, тукумдары кандай өнүккөнүн байкашкан. Ошондо эркек түйүлдүктөр жыныстык органдарын жоготуп, урук пайда болчу энелик безине жана ургаачы чычканга мүнөздүү кошумча белгилерге ээ болгон.

Дүйнөдө жарыкка келген 5500 наристенин айрымдарында жынысына байланыштуу проблема болот. Кээ бирлеринде эркектик хромосому бар, бирок энелик без болот. Догдурлар берегидей аномалиянын теңинен азынын гана себебин аныктай алат. Эми алар энхансердин киши версиясында мандеми бар же жок экенин текшере алат, - дейт америкалык биолог Бланш Капел.

(Blanche Capel, a developmental biologist at Duke University in Durham). (Булагы: https://www.theguardian.com, http://www.sciencemag.org

Көмүрдүн күлүнөн жасалган бетон

Көмүрдүн күлүнөн жасалган бетондун курамында цемент жок экенине карабай өтө бышык. Андай экологиялык бетонду алуунун жолун АКШдагы Райс университетинин (Rice University) доценти Роузбех Шазавари (Rouzbeh Shahsavari) аспирант Сун Хун Хван (Sung Hoon Hwang) менен чогуу иштеп чыгышты.

Көмүрдү жакканда бөлүнгөн күл демейде түтүн менен кошо учуп чыгып, чаңдай жеңил болот.

Буга чейин окумуштуулардын жарыбаган желге ыпырылып учкан көмүрдүн күлүнөн портландцемент* жасоо аракети өтө кымбатка түшкөндүктөн, өзүн актаган эмес. Себеби, ага негизин натрий түзгөн кымбат баалуу активатор колдонулган.

Көмүрдүн С тибиндеги күлүнүн сферикалык бөлүкчөлөрү сканерлөөчү электрондук микроскоп менен караганда ушундай көрүнөт.
Көмүрдүн С тибиндеги күлүнүн сферикалык бөлүкчөлөрү сканерлөөчү электрондук микроскоп менен караганда ушундай көрүнөт.

​Америкалык окумуштуулар экологиялык цементтин оптималдуу композициясын табуу үчүн Тагутинин статистикалык усулун колдонушкан. Бул усул цементти жасоодо колдонулчу элементтердин структурасын жана механикалык касиетин жакшыртып, кальцийге бай күлдүн, кремнийдин диоксидин, беш проценттик натрий активаторунун аралашмасынын өз ара катышын баланстаган.​

- Буга чейинки көпчүлүк изилдөөлөрдө антрацит же битуминоздуу көмүрлөрдү жакканда алынган күлдүн F тибине көңүл бурушкан. Алардын курамында кальций аз. Дүйнөдө төмөнкү сапаттагы көмүрдүн - лигниттин булагы да бар. Аны жакканда курамында кальцийи көп С түрүндөгү күл алынат. Аны активдештирүү татаалыраак. Биздин изилдөөбүз ушу С тибиндеги күлдү эффективдүү жана арзан активдештиргенди мүмкүн кылат. Бул бышыктыгы жагынан кадимки бетондон кем калбаган экологиялык таза бетонду өндүрүүгө жол ачат, - деп түшүндүрдү доцент Шазавари.

Азыр цементке 5 проценттен 20 процентке чейин күл кошулат.

Дүйнөдө жылына 20 миллиард тонна бетон өндүрүлөт. Аны өндүрүү учурунда абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газы глобалдык масштабдагы зыяндуу газдардын 5-10% түзөт. Зыяндуу газдарды баарынан көп транспорт жана энергетика тармагы бөлөт.

*Портландцемент ( англ. Portland cement)- гидравликалык куруштуруучу зат. Цементтин клинкерин, гипсти жана курамында 70-80% кальций силикаты бар цементтин мындай түрү дүйнөдө эң көп колдонулат.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://phys.org/news, http://ceramics.org)

Антарктикада 25 жылда 3 триллион тонна муз эрип кетти

2012-жылга чейин Антарктика жылына 76 миллиард тонна мөңгүнү жоготсо, 2012-2017-жылдары 12 ай сайын 219 миллион тонна мөңгүдөн айрылган. Береги беш жылда континент муздарын мурдагы 20 жылга караганда үч эсе ылдам жоготкон.

Анын натыйжасында, 1992-2017-жылдары дүйнөлүк океандын деңгээли орточо 7, 6 мм көтөрүлгөн.

Окумуштуулардын эл аралык тобу Жердин орбитасындагы жандоочу спутниктерден жүргүзүлгөн жыйырмадан көп байкоолордун негизинде ушундай тыянакка келишти.

Антарктикадагы азыркы мөңгүлөрдү эритсе, океандардын деңгээлин 58 метрге көтөргөнгө жетет. Климаттын өзгөрүүсүнүн негизинде муздардын эригени дүйнөлүк экосистема үчүн коркунучтуу.

Ээриген мөңгүнүн үстүндө турган пингвин. Чыгыш Антарктика.
Ээриген мөңгүнүн үстүндө турган пингвин. Чыгыш Антарктика.

Антарктиканын мөңгүлөрүнүн эригенин изилдеп, баалоо келечекте деңиз деңгээли канчалык көтөрүлөрүн так эсептөөнү мүмкүн кыларын айтат изилдөөнүн авторлорунун бири, англиялык илимпоз Эндрю Шеферд (Andrew Shepherd, University of Leeds).

Антарктикадай ак кар астындагы муздун көлөмүн жана ал кышында кандай өзгөрүп турганын эсептөө жеңил эмес.

Ушул эле илимпоздор Антарктикада 2012-жылы чоң изилдөө өткөрүп, 1992-2011-жылдар арасында 1320 миллиард тонна муз эригенин аныкташкан.

"Соңку изилдөө 2012-жылга чейинки 20 жылда муз туруктуу темпте эрисе, акыркы беш жылда бул жараян үч эсе тездик менен жүрүп жатканын көрсөттү",- дейт Э. Шеферд.

Баарынан да Батыш Антарктикада муз көп эриген. Эгер бул чөлкөм 1992-жылга чейин орточо жылына 53 миллиард тонна мөңгүсүн жоготсо, азыр береги көрсөткүч жылына 159 миллиард тоннаны түзөт.

Чыгыш Антарктикада абал бир кыйла туруктуу сыяктуу. Атүгүл акыркы жылдары муздун массасы аз да болсо көбөйгөндөй, бирок канчага көбөйгөнү белгисиз экени айтылат изилдөөдө.

(Булагы:https://www.sciencenews.org, https://www.nytimes.com)

Америкалыктар 3 миң жыл мурда тамеки тартышкан

1930-жылдардын этегинде америкалык археологдор Флинт жана Теннесси дарыялары кошулган жерде курулган Гантерсвилл суу сактагычынын территориясындагы индейлердин конушун казып жатып, ондогон артефактарды табышкан. Ошондон бери кагаз каптарга салынган табылгалар Алабама штатынын мамлекеттик сактагычында турган. Жакында археологдор менен химиктер ошол буюмдарды изилдеп жатып, алардын арасынан акиташтан жонуп жасалган канжаны же “медициналык түтүктү” таап алышты.

Окумуштуулар чероки индиандарынын колдоосу менен FS74 номуру астындагы канжанын ичиндеги химиялык заттарды масс-спектрометриянын жардамы менен изилдешкенде, анын ички бетинен никотиндин изи табылган. Никотиндин жашы 3 миң жылдан жогору, ал эми канжанын жанынан табылган малдын сөөктөрү биздин эрага чейинки 1685-1530 - жылдарга таандык экени аныкталган.

Бул канжа, окумуштуулардын ырасташынча, Түндүк Америкада тамеки өстүрүлгөнүн жана андан чылым жасалганын тастыктаган эң байыркы далил.

Тамеки талаасы. Куба, 26-январь 2016-жыл
Тамеки талаасы. Куба, 26-январь 2016-жыл

Береги табылга Флинт жана Теннесси дарыяларынын боюнда жашаган байыркы индейлер мурда эсептелгенден кеминде 1000 жыл мурда тамеки өстүрүп, чылым тартышканын күбөлөйт дешет илимпоздор. Түндүк Америкалык индейлер, ошол эле учурда, күнкарама менен ашкабакты багып өстүрө баштаган.

Канжадан никотиндин табылганы ритуал үчүн өстүрүлгөн өсүмдүктөр индейлердин айыл чарбасына эрте өтүүсүндө маанилүү роль ойногон болушу мүмкүн, -деп боолгошот окумуштуулар.

(Булагы: www.sciencemag.org, https://www.sciencedirect.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG