Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:36

Токой азайып, бороон күчүн жоготту


Нью-Йорктун Борбордук паркында адамдар йога менен машыгууда. 25-июнь, 2010-жыл.

Соңку 70 жылда тропикалык циклондордун ылдамдыгы 10% төмөндөгөн. XXI кылымда токойлордун аянты кыскарат. Желденген топко окшош сфера - арена. Кишинин манжаларындай иштеген биогибрид робот.

Токойдун душманы - чоң шаарлар

XXI кылымда токойлорго жана айыл чарба жерлерине шаарлардын кеңейүүсү таасир этет. Муну АКШнын Айыл чарба министрлигинин Токой чарба башкармалыгынын изилдөөсү көрсөттү.

Изилдөөдө 2010-2060-жылдары АКШнын 48 штатындагы шаарларга караштуу жердин аянты эки эсе көбөйөрү айтылган. Бул шаар ичиндеги сейил бактарына муктаждыкты күчөтөт.

Токойчулук журналына (Journal of Forestry, "U.S. Urban Forest Statistics, Values and Projections") жарыяланган макалада айтылгандай, 2000-жылдан 2010-жылга чейин шаар жерлери 2,6 проценттен (23,5 млн га) 3% (27,5 млн га) чейин көбөйгөн. Эң чоң өсүүлөр Техас, Флорида, Түндүк Каролина, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарында болгон.

Прогноз боюнча, 2010-2050-жылдары шаар жерлери 38,6 млн. гектардан 66 млн. гектерга чейин көбөйөт. Ошондо шаарлардын аянты АКШнын жалпы жер фондунун 8,6% түзөт. Бул Монтана штатынын аянтына барабар.

Илимий изилдөөнүн жетектөөчү автору Дэвид Новак (David Nowak of the USDA Forest Service's Forest Inventory and Analysis Program) токой тилкелеринин элдин ден соолугуна келтирген пайдасы тууралуу буга чейинки эсептөөлөргө жаңы түзөтүүлөрдү киргизди.

Изилдөөгө ылайык, шаарга жакын токойлору абанын сапатын жакшыртып, ден соолукка оң таасир эткени үчүн 670 адамдын өмүрү сакталып, 575 миң кишинин дем алуу органдарынын сак-саламат болуусуна өбөлгө түзүлгөн.

АКШнын шаарларына таандык токойлордо болжол менен 5,5 миллиард түп бак-дарак өсөт (Бул токойлордун аянтынын 39,4%) жана алар коомго 18 миллиард доллар пайда келтирет.

“Жакшы каралган токойлор абанын ысышына, электр кубатын керектөөгө, абанын жана суунун сапатынын төмөндөшүнө, ошондой эле стресстин көбөйүүсүнө байланыштуу кээ бир экологиялык проблемаларды жөнгө салууга көмөктөшөт. Мындан шаарда жана анын чет жакасында жашаган адамдар пайда көрөт”, - деди Нью-Йорк мамлекеттик университетинин илимпозу Дэвид Новак.

Айыл чарба министрлигинин Түндүк изилдөө станциясынын жана токой продукциялары лабораториясынын мүдүрү Тони Фергюсондун (Tony Ferguson, Director of the USDA Forest Service's Northern Research Station and the Forest Products Laboratory) билдиришинче, коомчулук шаардык токойлорду көзөмөлдөө аркылуу анын абаны булгануудан сактоодогу маанисин жана энергияга кете турган чыгымды кыскартуудагы пайдасын жана баалуулугун түшүнөт. Анткени, күн ысыкта кондиционерлер көп иштеп, энергияга кеткен чыгым өсөт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://academic.oup.com)

High-tech, sphere-shaped arena coming to Las Vegas Strip

Топко окшош сфера арена

Мындай футуристтик имараттын “тону” аны эч кыйынчылыксыз глобуска же килейген топко айлантып коёт.

Сферанын ички бетинде жарык бөлчү диоддордон жасалган LED-экраны болот. Эгер кадимки кинотеатрдын фильм көрсөтүлчү экраны 92 чарчы метр болсо, мындай сферанын экраны андан 170 эсе чоң же 15 793 чарчы метр. Ал эми IMAX (Аймехс) экраны 368 чарчы метрге барабар. Сфера-аренага 18 миң адам сыят.

Лас-Вегастагы (АКШ) береги имараттын курулушун The Madison Square Garden Company жергиликтүү Las Vegas Sands компаниясы менен жарнакташып курмакчы. Курулуш быйыл жайда башталып, 2020-жылы Жаңы жыл алдында даяр болот.

Компаниянын жетекчиси Жеймс Л. Доландын (James L. Dolan) билдиришинче, күйөрмандар кино көрүп жатканда үч өлчөмдөгү кыймылды көрүшүп, жытты кадимкидей сезишет. Сферанын акустикалык системасы үндү аренанын бардык бөлүгүнө бирдей деңгээлде угузуп турат.

“Сизди Лас-Вегаста учактын ангарында эмес, уюлдун муз калпагынын үстүндө же Амазонканын тропикалык токоюнда отурганыңызга ишендирүү үчүн эмне кылуу керек? Албетте, уюлдун муз калпагында жүрсөңүз, аязды сезүүңүз жана музду көрүүңүз керек. Биз курчу объект - сиз башка жерде экениңизге сизди ишендирүү аракети, - деди Жеймс Долан.- Биз жерге тактиль жабуу төшөйбүз. Сиз Harley- Davidson мотоциклин минип баратсаңыз, анын поршендеринин иштегени сезилгендей эле тактиль жабуу вибрация болуп титирей баштайт”.

Соңку жылдары Лас-Вегаска келгендер кумар оюндарына акча аз коротуп, түрдүү оюн-зоокторго жана тамак-ашка көп акча жумшай баштаган. Былтыр, мисалы, он коноктун дээрлик алтоо түрдүү шоу-программаларды көргөн.

Жеймс Л. Доландын айтымында, компания жазуучу-жомокчулар, художниктер менен артисттерге кайрылып, кызыктуу сюжеттерди ойлоп табууну суранган.

Футуристтик залда кино, оюн-зоок, концерттен башка электрондук спорттун түрлөрү боюнча миңдеген киши катышкан мелдештер өткөрүлүп турмакчы. “Элестетиңизчи... беш оюнчу беш оюнчуга каршы ойногондун ордуна, 9 000 оюнчу 9 000 оюнчу менен же бир оюнчу 17 999 оюнчу менен беттешүүсүн биз мүмкүн кылабыз”, - деди Долан мырза.

(Булагы: https://www.apnews.com, http://www.kitv.com)

Манжалары адамдыкындай иштеген биогибрид робот

Берегидей биогибриддик роботту жасоодо Токио университетинин (University of Tokyo Institute of Industrial Science) окумуштуулары келемиштин булчуң клеткаларын, металл жана пластик каркасты пайдаланган. Робот кишинин манжасы сыяктуу болуп бүгүлөт, чоң эмес буюмду ордунан жылдырат жана өйдө көтөрөт.

Роботтун булчуңдары жука гидрогел пластинкадан жасалып, сырты келемиштин жаш клеткалары менен капталган. Алар акырындап өстүрүлүп, тор тейдеги булчуң тканына айланат. Пластинкалар металл жана пластик каркаска бекитилет.

Мындай биогибриддик роботтун булчуңдары ток берилгенде жыйрылат. Жасалма манжа кишинин манжасындай болуп кыймылдаш үчүн аларды жуп булчуңдардай: агонисттер жана антагонисттер сыяктуу кылып иштетишкен. Ошого булчуңдардын бири жыйрылганда, башкасы бошоп калат. Жуп булчуңдун иштөө принцибин пайдалануу жасалма булчуңдарды буга чейинки эксперименттерге салыштырганда көп пайдаланууну мүмкүн кылган.

Жасалма манжанын муундары дээрлик 90 градус бүгүлгөндүктөн, ал бир кыйла татаал иштерди аткара алат.

Тирүү тканды пайдалануу биогибриддик роботту каалаган жерде колдонууга мүмкүндүк бербейт. Булчуңдар такай кыймылдап турганда тез жээлигендиктен, аны суунун ичинде гана пайдалануу мүмкүн. Азыр жасалма булчуң бир жумага гана чыдайт.

Футуристтик бионикалык кол. АКШ.
Футуристтик бионикалык кол. АКШ.

Илимий долбоордун авторлорунун бири Сёдзи Такеучинин (Shoji Takeuchi) айтышынча, “бир роботко берегидей булчуңдарды көп “өстүрүүгө” жетишилсе, "эки колдун, эки алакандын жана дененин башка бөлүктөрүнүн камыр-жумур иштөөсү” мүмкүн болот. Ошондо татаал биогибриддик системаларды жасоого кеңири жол ачылат. “Жасалма манжа -татаал биогибриддик системаларды жасоого даярдык гана”, - деди профессор Такеучи.

Татаал биогибриддик системалар өндүрүштө кеңири колдонула баштаганга чейин дагы ондогон жылдар керек болорун айтат долбоордун жетекчиси Юя Моримо (Dr. Yuya Morimoto).

(Булагы: www.dailymail.co.uk, https://news.nationalgeographic.com)

Тропикалык циклондор мурдагыдан “кашаң” болуп калды

Соңку 70 жылда тропикалык циклондордун ылдамдыгы болжол менен 10% төмөндөгөн. Эгер 1949-жылы бороон же деңизден соккон жамгыр аралаш шамал орточо 19 км/саат ылдамдык менен жылса, 2016-жылы 17 км/саат ылдамдыкта жылган.

Тынч океандын түндүк бөлүгүнүн батыш жээгин каптаган циклондордун ылдамдыгы орточо 30%, Австралияны жана Түндүк Атлантиканын аралдарын каптачу циклондордуку 20% басаңдаган.

Тропикалык мейкиндиктеги атмосферанын жылуу болгонуна байланыштуу атмосферадагы циркуляция жай жүргөнү, натыйжада абанын агымы алып келчү бороон-чапкын да “албууттанбай” калганын айтты изилдөөнүн автору, америкалык аалым Жеймс Косин (James Kossin, National Oceanic and Atmospheric Administration’s National Centers for Environmental Information in Madison, Wis).

Мындай жай жүрүп, узакка созулган урагандан кургакта көп шүүдүрүм калат.

Тынч океандагы Вануту аралындагы циклон.
Тынч океандагы Вануту аралындагы циклон.

Окумуштуу-климатологдордун ырасташынча, Жердин бетиндеги орточо температура акыркы 70 жыл ичинде жарым градус цельсияга жогорулаган.

Глобалдык жылуулуктан улам океан суулары жылыганга байланыштуу тропикалык циклон коштогон шамалдын ылдамдыгы көбөйөрүн илимпоздор мурда эле эскерткен. Жаңы изилдөө болсо климаттын өзгөрүүсү тропикалык циклондордун кургакта же сууда кандай ылдамдыкта жылганына таасир этерин да көрсөткөн. Мисалы, Тынч океандын Жапония жагында шамалдын ылдамдыгы 30% азайган.

2017-жылы Түндүк Атлантика океанынан соккон “Харви” куюнунун кургактагы ылдамдыгы деңиздегиге караганда 20% төмөн болгон. Ошого Түштүк Техаста бир нече күн бою жамгыр рекорд коюп жаткандай болуп, нөшөрлөп төккөн.

“Эреже катары, тропикалык циклондор келатканда айланасында чоң масштабдагы циркуляция жүрөт”,- деди америкалык климатолог Кристина Патрикола (Christina Patricola, Lawrence Berkeley National Laboratory in California). Ал бирок келечекте циклондун кыймылы басаңдаганын токтотпойбу же жокпу белгисиз экенин айтты.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.nature.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG