Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:41

Бактериялар окту жер семирткичке айлантат


10 миң эсе чоңойтулган Escherichia coli микроорганизмдердин (бактериялардын) тобу

Окумуштуулар бактерияларды мажбурлап, Мона Лизанын сүрөтүн тарттырышты. Микроорганизмдер ок-дарыларды жер семиткичке айлантышат. Көгүлтүр чопо жараатты дарылайт. Жылдыз курт же жалтырак коңузду эмне жылтылдатат?

Кадимки көгүлтүр чопонун дарылык касиети

Чопо эзелтен эле түрдүү элдерде инфекцияга каршы каражат катары колдонулганы маалым. Көгүш чопо (ылай), ырас эле, микроб же коркунучтуу бактерия жуккан жараларды жакшы айыктырганын Аризона мамлекеттик университети менен Майо клиникасынын (Arizona State University (ASU) & Mayo Clinic, USA) аалымдары аныкташты.

ASUнун окумуштууларынын буга чейинки изилдөөсү химиялык жол менен калыбына келтирилген темир жана Ореганын көгүлтүр чопосундагы алюминий жараатта эркин сүзүп жүргөн бактерияларды өлтүрө турганын аныкташкан. Алардын жаңы изилдөөсү курамында чопосу бар эритме жарааттын бетиндеги биоплёнканы эффективдүү дарыларын көрсөткөн. Алдагы биоплёнканы Escherichia coli жана Staphylococcus aureus деген зыяндуу бактериялар пайда кылат.

Мындай биоплёнкалар зыяндуу микробдор жуккан жарааттардын болжолдуу алганда 66% болот. Алар чел кабык катары жарааттын ичиндеги микробдорду коргойт. Берегидей бактериялар дарыга туруктуу болгондуктан, андай жарааттарды дарылоо кыйын экенин белгилейт Майо клиникасынын окумуштуусу, доктор Робин Пател.

Көгүлтүр чопо
Көгүлтүр чопо

“Бул изилдөө чопонун, өзгөчө, Орегон штатындагы көгүлтүр чопонун дарылык касиетин түшүнүү үчүн маанилүү болду. Аны катуу оорутуучу патогендик бактерияларга сыйпап (жабыштырып) койсо, жараатты эффективдүү дарылай алат”, -деди АКШнын Улуттук илимий фондунун Жерди изилдөө бөлүмүнүн программасынын башчысы Энрикета Баррера (Enriqueta Barrera).

АМУнун биохимиги Линда Уильямстын (Lynda Williams) айтышынча, чопо бактериялар пайда кылган биопленкаларды жана дарыларга туруктуу бактерияларды жайылтпай азайтарын Майо клиникасындагы изилдөөлөр тастыктаган.

Окумуштуулар азыр кадимки чопону пайдаланып, жаңы антибактериялык дарыларды даярдоонун үстүнөн иштеп жатышат.

Мурда канадалык окумуштуулар (University of British Columbia) Kisameet чопосу зыяндуу микробдорду эффективдүү өлтүрөрүн аныкташкан. (Булагы: https://newatlas.com, https://nsf.gov)

Жылдыз курт эмнеге жылтылдайт?

Жылдыз курттар же жаркырак коңуздар биолюминесценцияны түгөй табуу жана жырткычтардан коргонуу үчүн пайдаланат. Түнкүсүн жону чырактай күйүп турган жаркырак коңуздар жарыгын же биолюминесценцияны жубай табуу үчүн пайдаланганын окумуштуулар мурда эле билишчү. Ошол эле маалда жаркырак коңуздар жарыгын башка курт-кумурскаларга эти даамдуу эмес экенин билдирүү үчүн пайдаланышы мүмкүн деп жоромолдоп жатышкан. Бакалар жана көпөлөк курттардын көк жашыл өңү алар уу бөлө аларын башка жан-жаныбарларга эскертип турат.

Жогорудагы гипотезаны тактоо үчүн Бойсе шаарындагы Айдахо мамлекеттик университетинин (Boise State University, USA) биологдору жаркырак коңуздар жана Eptesicus fuscus түркүмүндөгү жарганаттар менен эксперимент өткөрүшүп, аны жогорку ылдамдыктагы видеокамерага тартып алышты. Берегидей жарганаттар табиятта эгерим жаркырак коңуздар менен кездешпейт.

Жарганаттар оболу жаркырак коңуздарды жесе болот деп ойлоп кол салышкан. Бирок алардын этинин даамын сезишер замат, оозундагы олжолорун түкүрүп салышкан.

“Алар башын ары-бери чайкашып, оозунан шилекейин агызышып жана түкүрүнүшүп, өз кожоюндарын даамсыз тамагы үчүн жек көрүшөт”, - дейт профессор Жесси Брабер (Jesse Barber).

Бул түркүмдөгү жарганаттардын көзү анча курч болбогону менен, алар тез эле жаркырак коңуздарды буйтап кетчү болгон. Андан соң жаркырак коңуздардын канаттарын жарык бөлбөгөндөй кылып боёп коюшканда, алардын 40% жакынын жарганаттар жеп алышкан. Ал эми кадимки жаркырак коңуздарга такыр жологон эмес.

Биологдор жылдыз курттарды кылга байлап, учуу траекториясын өзгөртүп коюшканда, аларды жарганаттар жегенге аракет кылышкан.

Ушул эксперименттердин негизинде "жылдыз курттардын жарыгы адегенде жырткычтарды коркутуу үчүн пайдаланылса, кийинчерээк түгөй издөө үчүн пайдаланыла баштаган" деген бүтүм чыгарышты биологдор. Дегинсин алар жарыкты курт же личинка кезинде эле чыгара баштайт.

Кээ бир ургаачы жаркырак коңуздар күйөө издегенде канатындагы отун жогорку темпте күйгүзгөн эркек коңуздарга артыкчылык берерин айтат изилдөөнүн авторлошу Марк Брахам (Marc Branham of the University of Florida).

(Булагы: http://advances.sciencemag.org, https://phys.org)

Бактериялар сүрөтчүлүк кылды

Италиялык окумуштуулар атактуу Мона Лизанын портретин генетикалык деңгээлде модификацияланган E. Coli түркүмүндөгү бактериялардын жардамы менен тартышты. Мона Лизанын портретин Леонардо да Винчи 1503-1506-жылдары тарткан.

Океандарда жашоочу E. Coli түркүмүндөгү бактерияларды гендик деңгээлде модификациялоо үчүн алардын организмине жарыкка сезимтал протеородопсин белогу киргизилген. Жарыкты көбөйткөндө береги белоктор тез кыймылдай баштайт. Генетикалык кодго жазылган программага ылайык, бактериялар өздөрү да жарыкка сезимтал белокторду жетерлик санда иштеп чыгышкан.

Мындай бактериялар көп өстүрүлгөн соң, окумуштуулар микроскопту проектор катары пайдаланып, бактерияларга жарык беришкен. Ал учурда жарык аркылуу Мона Лизанын портрети чагылдырылып турган. Ошол кезде болочок сүрөттүн бир пикселинин өлчөмү болжол менен 2 микрометрге барабар болгон.

Жарык күчтүү берилген “районго” түшүп калган бактериялар жарык начар районго өткөнчө тынбай кыймылдашкан. Оптикалык жана башка эффекттер аркылуу бактериялар көп топтолгон райондор бир кыйла жарык, ал эми аз топтолгон райондор салыштырмалуу караңгы кылынган. Мона Лизанын бактериялар тарткан элеси тартып алынгандан кийин, аны нормалдуу сүрөткө айлантуу үчүн сүрөттүн өңүнө инверсия жасашкан.

Чоң популяциядагы микроорганизмдерди башкаруунун технологиясы келечекте микроскопиялык транспорт каражаттарына, үч өлчөмдөгү бактериялык басмага жана аларды кан тамырларга же организмдин кайсы бир точкасына дары жеткирүү үчүн колдонууга жол ачышы мүмкүн.

“Бул, менин оюмча, микромасштабдагы структураларды арзан жана жеңил жол менен курууда бактерияларды кирпич катары пайдалануу концепциясы үчүн абдан кызыктуу далил, - дейт изилдөөнүн автору, профессор Роберто Ди Деонардо (Roberto Di Leonardo, Sapiezna University of Roma).

- Бул өз алдынча жылып жүргөн кирпичтерди пайдаланып, микроскопикалык масштабдагы түрдүү деңгээлдеги татаал структураларды ылдам жана арзан курушу мүмкүн”.

(Булагы: https://gizmodo.com/, https://www.designboom.com

Микроорганизмдер мөөнөтү өткөн ок-дарыларды жок кылат

Севастополь мамлекеттик университети-СевМУнун илимпоздору пайдалануу мөөнөтү өткөн ок-дарыларды утилизациялоонун жаратылышка зыянсыз жолун иштеп чыгышты. Тротил, гексоген жана “деңиз аралашмалары” (тротилдин, гексогендин жана алюминийдин кошундусу) микроорганизмдердин жардамы менен биодеструкция кылынып, органикалык жер семирткичке - биогумуска айлантылат.

Ал үчүн жардыргычы алып салынган ок-дарылар (снаряд, мина, патрон ж.б.) бассейнге салынган соң бактериялар аларды кайра иштетет. 15 күндөн кийин жанагы ок-дарылар эл аралык классификация боюнча коркунучу 4-класстагы же коркунучу жок затка айланат.

Украина Улуттук илимдер академиясынын Е.О. Патон атындагы электроширетүү институту аныктагандай, андай заттарды кайра жардырууга жана куралга пайдаланууга мүмкүн болбой калат. Береги микроорганизмдер патогендүү эмес же реактордон сырт жакта көбөйбөйт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бактерия зыянсыз кылып койгон ок-дарыларды (компосту) органикалык жер семирткичке айлантуусу үчүн аларга сөөлжандар коё берилип, 90 күн калтырылат. Андан соң биогумус тегирменден өткөрүлөт же эмульгацияланат.

Бул технология, СевМУнун “Перспективалуу технологиялар жана материалдар” борборунун окумуштуулары иштеп чыккан технология жардыргыч заттарды утилизациялоонун жардырып жок кылуу же кайра иштетүү ыкмасындай айлана-чөйрөгө жана атайын персоналга кооптуу эмес. Бул жөнүндө университеттин Илимий изилдөөлөрдү уюштуруу башкармалыгынын башчысы, т.и.к. Владимир Гавриш билдирди.

Жогоруда айтылган жараяндын алгачкы этабында снаряддын броня тешкич киндигинен вольфрамдын наноталканын алуу мүмкүн. Ал үчүн киндикти атайын гидробиологиялык тегирменге салып майдалоо абзел.

Окумуштуулар жарылбаган мина-снаряддар калган жерлерди рекультивациялоонун технологиясын да иштеп чыгышкан. Ошондой эле ташууга мүмкүн болбогон жарылып кетүү коркунучу бар объекттерди утилизациялоочу көчмө комплекстерди жасашкан.

(Булагы: https://news.rambler.ru, https://www.sevsu.ru)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG