Линктер

бейшемби, 21-март, 2019 Бишкек убактысы 01:52

Илим: ичкилик өзүнүкүн алып тынат


Иллюстрациялык сүрөт.

Ичимдикти ашыкча ичкендин эртеси баш оорудан "баш жазып" кутулуу айласы өзүн актабайт. Жоголду делген дөө бал аары Индонезияда кайра табылды. Көчмөндөр 3000 жыл илгери сүт ичишкени тастыкталды. Кышкысын автомобилдин моторун кызытуунун зарылдыгы жок.

“Шараптан мурда сыра ичсең жаның жыргайт, сырадан мурда шарап ичсең башың жарылат”. Англис, француз, немис жана румын тилдеринде мааниси ушуга жакын макалдар бар.

Бул элдик макал чындыкка коошпогонун Йоран Кехлин (Jöran Köchling, Witten/Herdecke University, Wuppertal) башындагы германиялык окумуштуулардын изилдөөсү айкындады.

"Алкоголдун кесепетинен ичкиликке чактыруу (англисче - hangover, орусча - похмелье) али жетерлик изилдене элек глобалдык коркунуч жана чоң социалдык-экономикалык жүк”, - деп белгиленет изилдөөдө.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, д-р Кай О. Хензел (Kai O. Hensel, MD, PhD, University of Cambridge, UK) жана анын кесиптештери 19-40 жаш (орточо жашы 23,9) курагындагы 90 ыктыярчыны үч топко бөлүшкөн. Эксперименттин 1-фазасында 1-топтогулар 1, 25 литр сыра жана 4 чоң бокал шарап ичишкен; 2-топтогулар ошол ичимдиктерди тескери тартипте ичкен. Ал эми 3-контролдук топтогулар же сыра же шарап гана ичишип, ичимдиктерди аралыштырган эмес. Аларга сыраны абада алкоголдун концентрациясы ≥ 0.05% түзгөнчө, а сыраны - 0.11% жеткенге чейин ичкиле деп кеңеш кылынган.

Алар алкоголу 5% "Pilsner Carlsberg" сырасы менен алкоголу 11, 1% ак шарап (Chasselas blanc / Johanniter, Zähringer Winery) ичишкен жана эки ичимдик тең муздак болгон.

Арактын түрлөрүнөн даам татып жаткан меймандар. Москвадагы водка музейи. 11-февраль 2019-ж.
Арактын түрлөрүнөн даам татып жаткан меймандар. Москвадагы водка музейи. 11-февраль 2019-ж.

Бир аптадан кийин 1-2-топтогулар үчүн ичимдикти ичүү тартиби өзгөртүлгөн, ал эми контролдук топтогуларга алар мурда ичпеген ичимдик: сыра же шарап берилген.

Ичкиликке чактыруунун деңгээли, анын ичинде, чаңкоо (ооздун ичинин кургоосу), чарчагандык, баш оору, баш айлануу, кускусу келүү, ичтин ооруганы, тахикардия жана тамакка табиттин чаппаганы сегиз баллдык чен-өлчөм менен бааланган.

Үч топтогулар тең ичимдикти кандай тартипте ичкенине карабай, баары бирдей деңгээлде мас болушкан.

“Кандын, зааранын анализин жана регрессиялык анализди жүргүзгөндөн кийин ичкиликке чактыруунун чыныгы көрсөткүчү- катышуучулардын келерки күнү өзүн кандай сезгени, анан кусканы болду”, - дейт Хенсел.

Ичкендин эртеси күнү аялдардын мастыгы мурдагы изилдөөлөр тастыктагандай эле эркектерге караганда күчтүү болгон.

Контролдук топтогулар арасында кускандар алкогол ичкен күнү жана анын эртеси көп болгон жана алардын көбү аялдар эле.

Ошентип бул изилдөө “ичимдик ичкендин тактикасын карманып, оор түндүн кесепетин азайтабыз” деген тегин сөз экенин көрсөттү, деп айтылат изилдөөдө.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.mdlinx.com)

Дөө бал аары кайра табылды

Кырылып жок болду делгенинен 38 жыл өткөндөн кийин Уоллес түркүмүндөгү дөө бал аары (Megachile pluto) Индонезияда кайра табылды. Жаактары ороктун мизиндей болгон бал аарынын чоңдугу сөөмөйдөй, узундугу 4 сантиметрден ашат жана дүйнөдөгү эң чоң бал аары деп эсептелет.

Megachile pluto бал аарысы коммерциялык эмес "Global Wildlife Conservation" уюму жоголду деп жарыялап, эң көп изделип жаткан 25 жандыктын тизмесинде болчу. Дөө бал аары кайра табылганын аталган уюм 21-февралда маалымдады.

Megachile pluto бал аарысы.
Megachile pluto бал аарысы.

Дөө бал аарыны “канаттуу бульдог” деп да тескешет. Аны биринчи жолу британ табият таануучусу Алфред Рассел Уоллес (Alfred Russel Wallace) 1858-жылы Индонезиянын Түндүк Моллук аралдарынан тапкан. Уоллес атактуу Чарлз Дарвинге удаа эле табигый тандоого негизделген эволюция теориясын сунуш эткен. Ал дөө бал аарыны эми кездештиргенде “орою аарыдай, жаактары абдан чоң, бугу коңуздай килейген кара неме” деп сүрөттөгөн.

Аңгезердей арбаган дөө бал аары жалгыз жашайт. Жаныбарды Батыш окумуштуулары бир кылым ашык мезгил кезиктирбей жүрүп, 1981-жылы АКШлык энтомолог Адам Мессерге жолуккан. Мессер дөө бал аарыны “аарылардын падышасы” деп атаган.

Индонезиянын флорасы бай. Бирок токойлору айыл чарба жерлери үчүн көп кыйылгандыктан, илимпоздор дөө бал аарынын жашоо чөйрөсү тарып, тукум курут болду деп боолгоп жүрүшкөн.

Дөө аарысы америкалык фотограф-натуралист Клэй Болттун (Clay Bolt) жана АКШнын Принстон университетинин энтомологу Эли Уаймандын (Eli Wyman, Princeton University) өжөрлүгү менен кайра табылды. Алар январь айында Индонезияга келип, Түндүк Моллук токоюндагы кумурскалардын уяларын жергиликтүү гиддин жол башчылыгы астында тынбай издешкен. Кумурскалардын уясын издешкен себеби, дөө бал аары “үйүн” кумурскалардын уясынын ичине курат.

Алар дөө бал аарыны 2, 4 м бийиктеги дарак боорундагы кумурскалардын уясынан астынан табышкан.

“Бул кайра ачылыш уникалдуу бал аарынын жашоо тарыхын терең түшүнүүгө мүмкүндүк ачуучу болочокку изилдөөлөргө түрткү берет деп үмүт кылам, - дейт Эли Уайман.- Ошондой эле дөө бал аарыны жок болуудан сактап калуу зарылдыгын эске салат”.

(Булагы: https://www.nationalgeographic.com, https://www.zmescience.com, https://www.sciencenews.org)

Көчмөндөр 3000 жыл илгери сүт ичишкен

Бүгүнкү Монголиянын аймагында жашаган байыркы элдер уйдун, топоздун жана койдун сүтүн ичишкен, бирок алардын чоңдору лактозаны аш кыла албаган.

Бул жөнүндө Германиянын Йен шаарындагы Макс Планк атындагы табигый илимдер институтунун илимпозу Кристина Уориннер (Christina Warinner, Max Planck Institute for the Science of Human History) Илимди өнүктүрүү боюнча Америка ассоциациясынын (American Association for the Advancement of Science) жылдын жыйынында билдирди. Алар мындай илимий ачылышты байыркы кишинин тишинин сыртында пайда болгон өңөрүнүн негизинде жасашкан.

Бүгүнкү монголдордун рационунда сүт азыктары мол. Алар уй, топоз, кой, эчки, жылкы, бугу жана төө саашат. Бирок бул жети жаныбар кайсы мезгилден тартып саай башталганы белгисиз. Анткени монголдор көчмөн эл катары такай журт которуп жашагандыктан, конуштарында сүттүн майынын изи сакталган кумуралардын сыныктарын калтырышкан эмес. Анүчүн биолог-антрополог Кристина Уориннер жана анын коллегалары байыркы 22 дөбөдө табылган кишилердин сөөгүн анализдеп көрүшкөн. Скелеттер Монголиянын чыгыш айдың талаасында болжол менен биздин заманга чейинки 1300 жылы жашаган Бугу таш маданиятынын кишилерине таандык болгон.

Көчмөндөр доорунан бери келаткан курут.
Көчмөндөр доорунан бери келаткан курут.

Алардын тишинин сыртында таш болуп катып калган өңөрдөн сүттүн белокторунун изи табылган. Бул белоктор байыркы көчмөндөр сыйырдын, топоздун, эчки менен койдун агын ичишкенин көрсөткөн. Ошол эле маалда алар бүгүнкү монголдор сыңары төөнүн жана Түндүк бугунун сүтүн ичишпегенин Кристина Уорнер 16-февралдагы жыйында билдирди.

Байыркы монголдордун ДНКсы алардын чоңдорунун организми лактозаны аш кыла албаганын да айгинелеген. Ошого, Уорнер айымдын айтышынча, лактозаны ичеги микробу деп аталган батериялар майда бөлүкчөлөргө ажыраткан.

Кристина Уорнер башындагы илимпоздор б.з.ч. 3000-жылга таандык тиштеги таш өңөрдөн сүттүн белокторунун изин алгач 2017-жылы октябрда табышкан. Тиштин сыртындагы таштын өңөрүндө кишинин ишмердигинин бардык түрүн айтып берчү далилдер сакталган. Анын негизинде киши ичкен сүттөн тартып, жуткан чаңына чейин билсе болот.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.ibtimes.sg)

Кышкысын автомобилдин моторун кызытуу зарылбы?

Күн суук болсо, автокөлүктү жүргүзүп, моторду кызытып алуу - улуу курактагы айдоочулардын алтын эрежеси. Бул карбюратордук моторлор1 заманынан калган эски адат жана анын азыркы автоунааларга эч тиешеси жок. Ал, тетирисинче, зыян. Анткени цилиндр менен поршендердин майын кургатып, мотордун иштен чыгуусун тездетет.

Мотор муздак кезинде бензин интенсивдүү түрдө бууланбайт жана аба менен күйүү үчүн бууланган бензиндин шайкештиги туура болбой калышы этимал.

Күйүүчү майды бүркүүчү электрондук системасы бар моторлор жетишпеген температураны аралашмага бензинди көп кошуп толтурат. Башкача айтканда, температура 0 градустан төмөн экенин мотор туюп, температура 4,5 градуска жеткенче “кенемтени толтуруу” режиминде иштей берет.

Д-р Стивен Чиаттинин (Stephen Ciatti, Argonne National Laboratory) түшүндүрүшүнчө, суукта моторду кызытуу олуттуу проблема жаратышы ыктымал. Катуу суукта моторго бензин көп берилгендиктен, ал цилиндирдин капталына тийиши мүмкүн. Бензин кубаттуу эритүүчү болгондуктан, мотор узак иштеп турганда поршендин шакектериндеги жана цилиндрдин втулкасындагы майлоочу майды жууп кетет. Натыйжада, бензин ашыкча коромжо болгондон тышкары аталган эки тетик зыян тартат.

Ошон үчүн, моторду кызытуунун эң ылдам жолу – бул жүрүү. Жүрүп баратканда мотор оптималдуу температурага чейин ысып, бензин жана аба ортосундагы балансты калыбына келтирет. А мотор куру бекер иштеп турганда дээрлик кызыбайт. Ошого моторду иштетип, терезени шыпырып алып, автокөлүктү айдап кеткен оң дешет адистер.

Мотор жакшы кызып алганча же автокөлүктүн моделине жараша 5 мүнөттөн 15 мүнөткө чейин газдын педалын түбүнө жеткире баскан да туура эмес. Обол же баштапкы 5 мүнөттөн 15 мүнөткө чейин автоунааны шашпай айдоо абзел.

Алсак, "Volvo" компаниясы өткөн айда Арктикада өткөргөн эксперимент, моторду куру бекер иштетип, кызытып алуу зарыл эмес экенин көрсөттү. "Ошондуктан катуу суукта моторду бир нече секунда иштетип, майдын басымы зарурат абалга жетер замат жолго чыга бергиле. Мотор үчүн сапаттуу май жана анын абалы маанилүү", дешет адистер.

------------

1Карбюраторлуу моторлор Батышта 1980-жылдардын соңунда эле популярдуу болбой калган.

(Булагы: https://naked-science.ru, https://www.reuters.com, https://www.businessinsider.com, https://www.autotrader.ca)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG