Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Көмүскө арак өндүрүү көбөйдүбү?


Арак - Бишкектин дүкөндөрүндөгү эң өтүмдүү товарлардын бири.
Арак - Бишкектин дүкөндөрүндөгү эң өтүмдүү товарлардын бири.

Алкоголдук продукцияга акциздик марканын баасынын өсүшү – арак чыгаруучу ишканалардын продукциясынын бир бөлүгүнүн көмүскөдө калышына себеп болуп, спирт ичимдиктеринин мыйзамсыз көлөмүн жогорулатты.

Өлкөдө жалпы ичилген арактын үчтөн бир гана бөлүгүнө салык төлөнөт. Алкогол чыгаруучулар салыктардын бат-баттан көтөрүлүшүнөн улам спирт ичимдиктерин чыгаруучулардын бир бөлүгү мыйзамсыз жолду тандоого ыктай башташканын айтышат. Өкмөт болсо салык наркы иштеп чыгарууга жараша өсүп жатканын белгилейт.

Салык санаасы

“Давыдов”, “Русская марка”, “Белинька”, “Виват”, “Семиз козу”... Булар Кыргызстандагы дүкөндөрдө сатылып жаткан арактардын аттары. Тизмени дагы ондогон аталыштар менен уланта берүүгө болот. Алардын кай бирин накта, кай бири жасалма экенин аныктоо да мүшкүл.

Арак сатуу Кыргызстандагы кеңири жайылган ишкерликтин түрү. Айрым гана дүкөндөрдү эсепке албаганда, башка бардык соода күркөлөрүнөн аны тапканга болот.

Бишкектеги дүкөнчөлөрдүн биринде иштеген мекендешибиздин айтымында, азык-түлүктөн эле кийинки өтүмдүү товар арак болуп саналат:

- Эң көп өткөн товар бул - арак. Бир менде эмес, бардык эле дүкөндөрдө бул товар өтүмдүү деп эсептейм.

Алкогол продукцияларын өндүрүүчүлөр биримдигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда арак чыгаруучу жети ишкана бар. Ал эми көмүскө иштеп аткандардын санын эч ким айта албайт.

Мыйзамсыз арак чыгарып же сатып жаткандардын кармалышы жана көмүскө аракеттердин ачыкталышы тууралуу тийиштүү кызматтар дээрлик жума сайын коомчулукка маалымат берип жатканы менен абал оң жакка өзгөргөнү байкалбайт.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, арак бизнеси бюджетке чоң салым кошкон негизги тармактардын бири. Өткөн жылы алкоголдук ичимдик чыгаруучу ишканалардан түшкөн салык 553 млн. 166 миң сомду түзгөн.

Салык кызматынын Спирт жана алкогол продукцияларын чыгарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айгүл Закированын айтымында, 2013-жылы мыйзамсыз арак чыгарып жаткан миңден ашуун чарба субъектиси аныкталган:

- Өткөн жылы 338 жолу рейд кылып, 1543 чарба субъектилерди аныктадык. Алынган сапатсыз продукциялардын суммасы 15 миллион 481 миң сомду түздү.

Акциздик белги дагы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда алкоголдук тармактын жарымы эле көмүскөдө экендигин арак чыгаруучулар өздөрү да четке какпайт. Алкогол продукцияларын өндүрүүчүлөр биримдигинин төрагасы Турсунбек Күрөңкеевдин айтымында, буга акциздик белгилердин баасынын жогорулашы себеп болууда:

- 2012-жылдын сентябрына чейин бир литр арак үчүн акциздин баасы 21 сом болчу. Анан 26 сомго көтөрүштү, ага макул болдук. 2013-жылдын апрелинде 40 сомго чыгарып коюшту. Бир жылдын ичинде эки эсе кымбаттатып жиберишти. Учурда өкмөттө акциздик белгиге бааны 60 сомго чыгаруу аракети жүрүп жатат. Бул абал өндүрүүчүлөрдүн көмүскө иштөөгө багыт алышын шарттоодо.

Беш-алты жыл мурун жасалма арактар үйлөрдө же атайын кампаларда жашыруун чыгарылса, азыр көмүскө ишкерликтин табияты өзгөргөн. Күрөңкеев билдиргендей, жасалма деп эсептелген арак-шараптардын көбү лицензиясы бар ишканаларга таандык. Салыктын өсүп жатканына байланыштуу алар продукцияны көмүскө түрдө чыгаруу жолуна өткөн:

- Мыйзамдуу жана мыйзамсыз сатыкка чыгып жаткан арактардын сапаты бирдей эле. Салык төлөнбөй күркөгө чыккандардын баасы арзаныраак. Эгер өкмөт салыкты бир аз жөнгө салып, минималдуу бааны коюп берсе, эч кандай мыйзам бузуулар болбойт. Биздин эсепте азыр аракка орточо баа 75 сом болушу керек. Бирок 60 сомдон көтөрүлбөй жатат. Өкмөткө бааны көтөрүү жагы сунушталган. Азырынча натыйжасы жок. Бул 60 сом акциздик салыктын суммасы 21 сом кезинде кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү эки жыл мурун алкоголдук тармакты көмүскөдөн алып чыгуу боюнча демилге көтөргөн. Мамлекет арак-шарап чыгарган ишканаларды көмүскөдөн чыгып, таза иштөөгө үндөп, бирок аларга планды эки-үч эсе көбөйткөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда бир жылда 4,5 миллион декалитр арак ичилет. Адистердин айтымында, анын үчтөн бири гана мыйзамдуу түрдө иштелип чыккан ичимдиктер. Эгер айтылган сандын баарына кошумча нарк салыгы, сатуудан түшкөн салыктар эсептелсе, өлкөгө азыркыдай 5,5 миллион эмес, андан эки-үч эсе көп киреше түшмөк.

XS
SM
MD
LG