Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Көмүскөдөгү арак-шарап өндүрүшү


Кыргызстандын ички базарында быйыл азык-түлүк менен катар буга чейин арак-шараптын арзан деп эсептелген бөлүгүнүн да баасы көтөрүлүшү мүмкүн. Азык-түлүккө келгенде баанын көтөрүлүшүнө өлкөнүн импортко көз карандылыгы чоң таасирин тийгизип жатса, ал эми муктаждыкты негизинен ички өндүрүш эле жапкан арак-шараптын баасы, тескерисинче, эгер өкмөттүн аракети таасир берсе, жогорулоосу керек. Анткени соңку кездери расмий деңгээлде шардана болуп жаткандай, базардагы арак-шараптын жарымынан көбүн мыйзамсыз жолдор менен өндүрүлгөн, башкача айтканда, салык төлөнбөгөн өнүм ээлеп келген.

Кыргызстан азыркы тапта 1990-жылдардын аягы - 2000-жылдардын башына чейин орун алган өнөкөттөн – спиртке суу кошуп, үй-үйдө арак өндүрүү "салтынан" арылды.

Бирок өндүрүш ишканаларга көчкөнү менен дагы эле соода түйүндөрүнө акциздик марка чапталган, бирок расмий катталбаган жана салык алынбаган өнүм (продукция) түшүп, тымызын сатылып келингени белгилүү.

Бул маселе 2010-жылы апрелде бийлик алмашып, азыркы коалициялык өкмөт куралгандан бери коомчулукка кайрадан расмий деңгээлде айтыла баштады.

Кыргызстандын ички базарында арак-шарапка карата жылдык керектөөнүн көлөмү канча экендиги тууралуу так маалымат жок.

Жергиликтүү маркетологдор ар бир ишкана же компания базардагы өз үлүшүн билгени менен муну ачык айтпастыгын, ал эми жалпы өлкө боюнча керектөөнүн болжолдуу көлөмүн билүү абдан кыйын экенин белгилешет.

Ошол эле учурда алар арак-шарап өндүрүшүнүн статистика көргөзгөн расмий көлөмүнөн да күмөн санашат.

Ал маалыматтарга ылайык, Кыргызстан жан башына бөлө келгенде КМШда арак-шарапты эң аз керектеген өлкө.

Советтер Биримдиги учурунда, 1980-жылдары Кыргызстан арак менен ликёрду кошкондо жылына 4,5 миллион декалитр же 45 миллион литр ичимдик өндүрүп турган.

Расмий эсептер боюнча эгемендик жылдары бул көрсөткүч эң көп дегенде 2,4 миллион декалитр, аз дегенде 1,3 миллион декалитрге түшүп калган учурлар болгон.

Ал эми былтыр жана мурдагы жылдары өндүрүштүн расмий көлөмү 1,3 миллион декалитрге же 13 миллион литрге да жеткен эмес.

Кыргыз өкмөтү быйылкы (2011-) жылга арактын акциздик салык алуу талап кылынган көлөмүн 2,5 миллион декалитр же 25 миллион литр деп белгилөөдө.

Бишкекте чыгуучу “The Central Asia Times” басылмасында жана “АкиПресс” агенттигинде буга чейин жарыяланган маалыматтарга караганда, Кыргызстан калкынын алкоголдук ичимдиктер боюнча жылдык керектөөсү 100 миллион литрдин айланасында.

Мунун 40%ын, 40 миллион литрин же 4 миллион декалитрин арак түзөт.

Калктын жанбашына бөлө келгенде бул - жылына бир адамга орто эсеп менен 8 литрден туура келет дегендик.

Коңшу Казакстанда болсо бул көрсөткүч 16, ал эми Орусияда 18 литрди түзөт.

Кыргызстандын ички базарында азыр жергиликтүү эле өндүрүшчүлөр үстөмдүк кылып калганын эске алганда, былтыр өндүрүштүн катталган көлөмү 1,3 миллион декалитрге жетпесе, калган 2,7 миллион декалитрден ашууну сырттан импортолду дегенге ишенүү кыйын.

Демек, мунун басымдуу бөлүгү - өлкөнүн өзүндө эле чыгарылып жаткан контрафакт (мыйзамсыз өнүм).

Үн тасма.

Кыргызстанда арак-шарап өндүрүү жана көмүскө экономика. "Адам жана базар".19.02.2011. UE.

Түз линк

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG