Линктер

бейшемби, 17-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:24

Жаман ойду жакшы уйку жууйт


Иллюстрациялык сүрөт.

90 миллион жыл мурдагы суу чаян табылды. Уйку стрессти дарылап, жаман нерселерди унуткарат. Титан планетасындагы кайыптан жаралчу көлдөр. Европа куртбалыгы уругун 5000 чакырымга чачканы тастыкталды.

Байыркы деңиз чаяндарынын кенчи табылды

Йел университетинин (Yale university, USA) палеонтологдору жетектеген эл аралык илимий команда крабдардын жакшы сакталган үлгүлөрүн табышты. Таш болуп катып калган үлгүлөрдүн арасында чыныгы креветкалар, үтүр сымал креветкалардын жана крабдардын эволюциялык жол менен жаралган жаңы түркүмү бар. Колумбия менен АКШдагы жабыттарда сакталган үлгүлөр болжол менен 90-95 миллион жыл мурда жашаганы айтылат.

Илимпоздор эң кызыктуу табылга деп, муунак буттуу Callichimaera perplexa түркүмүн аташты. Буттары калак сындуу каллихимера - илимпоздордун айтымында, 250 миллион жыл мурда деңиз чаяндары тукум курут болгондон кийинки мезгилге таандык жаныбарлардын алгачкы үлгүсү. Тулкусунда эски жомоктогу химера тейде бирден көп жандыктын белгилери болгондуктан, палеонтологдор аны Callichimaera perplexa деп аташкан.

«Callichimaera perplexa ушунчалык уникалдуу жана таң калтырарлык болгон үчүн, аны соно тумшуктуу деңиз чаяны деп эсептесе болот. Мунун өзү жаңы формалар өнүгүп отуруп, бир убакта ушундай ар түркүм болуп каларын ишарат кылат. Биз демейде суу чаянын кенен чопкуттуу, күчтүү тырмактуу, көзү кичинекей, куйругу денесине катылган килейген жаныбар деп элестетебиз. Callichimaera крабдарынын берегидей мүнөздөмөсү деңиз чаяны жөнүндө аныктаманы кайра кароого мажбурлайт», - деди изилдөөнүн башчысы, Йел университетинин палеонтологу Хавьер Луке (Javier Luque).

Байыркы крабдын чоңдугу жубалдыздын көзүндөй эле: болжол менен 24 мм болот. Эки көзү денесинен желделген мөөндөй чыгып турат. Калак сымал эки алдыңкы буту кош жаак чалгыдай. Арткы төрт буту да жаныбардын эки капталынан куураган бутактай тарбаят. Артындагы төрт буту калган буттарына салыштырмалуу өтө эле ичке. Калкан сымал куйругу артына жабышып калгандай.

Эзелки суу чаянга мүнөздүү белгилер бүгүнкү деңиз кызыл чаяндарынын* окурасында (окура, орус тилинде личинка) сакталып калган. Доктор Луке ал белгилердин деңиз чаяндарында сакталып калышы байыркы бабаларына салыштырмалуу өсүү мөөнөтү жана ыргагы өзгөргөнүнө байланыштуу деп түшүндүрөт.

Бул процесс биология илиминде гетерохрония (байыркы грек тилинде ἕτερος – ар түрдүү жана χρόνος - убакыт) деп аталып, анын жүрүшүндө дененин жаңы мүчөлөрү эволюция болот.

«Биз бүгүн тропикалык аймактарда байыркыдан келаткан өмүр дарагынын жаңы бутактарын таап жатканыбыз өтө кызыктуу...», - дейт Х. Луке.

-------

*Деңиз кызыл чаяны, англис тилинде Pleuroncodes planipes же pelagic red crab. Бул жандыктар Мексиканын батыш жээгиндеги тайыз сууларда, АКШнын түштүк батышында жана Чилиде кездешет.

(Булагы: https://news.yale.edu https://www.sciencenews.org, https://www.sciencedaily.com)

Уйку жаман окуяларды унутканга көмөктөшөт

Күнү бою топтолгон эмоционалдык чыңалууну, жаман ойлорду жакшы уйку жууп кетет. Муну Нидерланддардын Нейробилогия институтунун (Netherlands Institute for Neuroscience, an institute of the Royal Netherlands Academy of Arts and Sciences) изилдөөсү тастыктады. «Бул процесс түнкүсүн уктабай жүргөн адамдарда жакшы иштебейт, -дейт изилдөөнүн биринчи автору Рик Уосинг. - Уйкусуз түн уктабай жүргөн адамдардын маанайын чөктүрүп, өзүн жаман сездирет».

Окумуштуулар түнкүсүн коргошундай былк этпей уктаган 42 киши менен миң оонап, уктабай кыйналган 22 кишиден акыркы он жылдагы аларды шерменде кылган окуяларын эстөөнү сурашкан. Алар жооп берип жатканда, мээлери магниттик-резонанстык томограф (МРТ) аркылуу көзөмөлдөнүп турган. Түндө жакшы уктагандар башынан өткөргөн жагымсыз окуяларды «бир жалп этип өчкөн от» сыңары эстешкен. «Үкүлөр» болсо дагы эле кечээ болгон жамандыктай кылып айтып, кайгырышкан.

Ушундан улам илимпоздор инсонмия (уйкунун бузулушу, уйкусуздук) эң алды кишинин стрессти жөнгө сала албаганынын натыйжасы болушу мүмкүн деп боолголошот.

Бул кубулуш кишинин маанайы чөгүп, жаны жай таппай тынчсыздануусунун күчөшүнүн негизги себепчиси экенин мындай жыйынтык дагы бир сыйра тастыктайт.

Киши түн уйкуда жатканда мээдеги клеткалардын ортосундагы карым-катнаш өзгөрүп, анын натыйжасында кээ бирөөлөр мурда башынан өткөргөн окуяларды эсинде дагы эле бекем тутчу болсо, башка бирөөлөр жаман окуяларды көйнөктүн кириндей мээден жууп салышат.

«Ошентип, түн уйкусу жок «үкүлөр» үчүн бүгүн шерменде көрүнгөн жүрүм-туруму же сөздөрү, эртеси беттеги жууса кетпес көөдөй жана өмүрүнө түбөлүк басылган мөөрдөй көрүнөт. Ал эми уйкусу бекемдер андай окуяларды өмүрдүн жан кейиткен тамашасы катары эстеп калышат» деп айтылат проф. доктор Франс Шальквейк (Frans Schalkwijk), докторлор Юс ван Сомерен (Eus van Someren) жана Рик Вассин (Rick Wassing) жарыялаган изилдөөдө.

Илимий булактардагы маалыматтар боюнча, болжол менен Европа калкынын 7% начар уйкудан кыйналат жана инсомния психиканын бузулушуна байланышы бар эң көп тараган экинчи илдет.

(Булагы: https://neurosciencenews.com, https://academic.oup.com, https://nin.nl)

Титан планетасындагы сыйкырдуу көлдөр

Сатурн планетасынын алкагындагы эң чоң жандооч Титанда суюк көмүрсуутектүү көл жана деңиз табылды. Алардын кээ бирлеринин тереңдиги 105 метрге чейин жетет. Андай көлдөр жүздөгөн жылдардан бери жаан-чачындын эсебинен суусун толуктап турса, бир нече мм гана терең көлдөр араң бир сезонго чыдашат.

Газ түрүндөгү береги көлдөрдү планета аралык «Cassini» автоматтык станциясы сүрөткө тартып алган эле.

«Cassini» станциясын АКШнын космостук агенттиги - НАСА Европанын жана Италиянын космостук агенттиктери менен чогуу Сатурнду, ошондой эле анын жандоочтору менен шакектерин изилдеш үчүн 1997-жылы 15-октябрда учурушкан. Ал 2017-жылы 15-сентябрда өз вазийпасын аткарып бүтүп, күйүп кеткен.

Күн системасында Жер менен Титан - бетинде суюк көмүрсуутеги бар планеталар. Титандагы орточо температура -180 ° C болгондуктан, метан күнү бою туруктуу абалда болот.

Жерге гидрологиялык цикл же суу алмашуу процесси мүнөздүү: суу бууланып, атмосферага топтолуп, кийин жамгыр жана кар түрүндө Жерге кайра түшөт. Ал эми Титанда метан газынын «гидрологиялык цикли жүрүп, метан планетанын кыртышында, бетинде жана атмосферада айланып турат».

Титан планетасынын бетиндеги көлдөр.
Титан планетасынын бетиндеги көлдөр.

Титанда бир жыл Жердеги 29,5 жылга барабар. Астроном айым Шеннон МакКензи (Shannon MacKenzie Johns Hopkins University Applied Physics Laboratory in Laurel,Md) жана анын кесиптештери «Cassini» 2006-жылы Титандагы кыш мезгилинин ортосунда чогултулган маалыматтарды 2013-жылы жазында алынган маалымат менен салыштырып, мурдагы үч көл кургап калганын көрүшкөн. «Көлдөр балким өтө эле тайыз болгондуктан, жазда бууланып кеткен болушу ыктымал», - дейт илимпоз-астроном.

Калифорния техникалык университетинин астроному Марко Мастрогусеппе (Marco Mastrogiuseppe of Caltech) жана коллегалары 2017-жылкы маалыматтарды талдап, Титандагы кээ бир көлдөр 100 метрден да терең экенин аныкташты.

«Биз «Cassini» жыйнаган маалыматтын негизинде айнектей тунук көлдөр биротоло кайып болдубу же келерки кышта кайра пайда болобу - аны айта албайбыз. Сыйкырдуу көлдүн сырын билиш үчүн келечекте Титанга Марс же Айдагыдай чалгындоочу кеме учуруу зарыл», - дейт МакКензи айым.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.nature.com)

5000 чакырымга урук чачкан Европа куртбалыгы

Европа куртбалыгы (латынча аталышы - Anguilla anguilla) Атлантика океанынын түндүгүндө 2000 чакырымга чейин урук чачышат. Муну Жапониянын, Швециянын, Даниянын жана Германиянын окумуштууларынын изилдөөсү айкындады.

Даниялык илимпоз Йоханнес Шмидт 1923-жылы «Европа куртбалыгы көбөйгөн жайлар» деген эмгегин жарыялаган. Ал 17 жылдык изилдөөсүндө эрезеге жеткен Европа куртбалыгы жыл сайын континенталдык дарыялардан сүзүп кетип, Атлантиканын батышында, азыркы Саргасс* деңизинде урукташып көбөйгөнүн; кайра мурдагы конушуна кайтышпаганын, жазында жаш куртбалыктар Европанын жээктеринде пайда болуп, анан дарыяларга сүзүп чыгышарын жазган. Саргасс деңизи куртбалыктар өспүрүм кезинде жана жетилген куракта байырлаган Түндүк Африка менен Европанын дарыяларынан 5000-7000 чакырым алыс.

«Алар (Anguilla anguilla) окендын тереңинде урак чачышкан соң өсүш үчүн негизинен континенттин тузсуз сууларына миграция болушат. Бул лосось балыктарынын өсүш жолоюна карамандай каршы келет», - деп түшүндүрөт канадалык эколог Мартин Кастонгуай (Martin Castonguay).

Анын айтымында, «Европа куртбалыгы - глобалдык өзгөрүүлөрдүн идеалдуу курмандыгы. Себеби, алардын өмүрү бүтүндөй Жерге, миграция үчүн бөгөтсүз таза тузсуз сууларга жана «дени чың» океандарга көз каранды».

Изилдөөдө бүгүн 1970-жылдардагы Европа куртбалыгынын 5% жакыны гана калганы, анын себебин изилдеш керек экендиги эскертилет.

------- ------

*Саргасс деңизи деп ал аймак Саргассум деңиз балыры көп өскөнү үчүн аталган.

(Булагы: https://phys.org, https://www.the-scientist.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG