Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Илим: Сейил бакта сейилдегендин пайдасы


Цюрихтин борборундагы эс алуу багы. 12-август, 2017-жыл.
Цюрихтин борборундагы эс алуу багы. 12-август, 2017-жыл.

Сейил бакта 20 мүнөт сейилдеген киши өзүн бактылуу сезет. Көпчүлүк чет элдик акцент менен сүйлөгөндөргө «өгөйлөп» мамиле кылат. Айнек металлга ширетилди. Акыркы 20 жылда Жердин жашыл кымкап тону кеңейди.

Сейил бактар кишинин психикалык абалы үчүн абдан пайдалуу. Себеби, 20 мүнөт сейилдеген киши денени чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасабаса деле маанайы көтөрүлүп, өзүн сергек жана алда канча бактылуу сезип калат. Муну Алабама университетинин (University of Alabama at Birmingham Department of Occupational Therapy) илимпоздору жүргүзгөн изилдөө аныктады.

«Сейил бакка (парк) келген кишилер сейилдегенден кийин эмоционалдык абалы оңолуп калганын айтышты. Бирок жандуу кыймыл-аракеттин деңгээли эмоционалдык жыргалчылыкка таасир эткени тууралуу маалыматыбыз жок», - деп билдирди изилдөөнүн жетекчиси, профессор Хон Юен (Hon K. Yuen).

Сейил бактар - шаардык чөйрөнүн маанилүү элементи. Себеби, ал шаардыктар үчүн жаратылыштын ырахатын сезүүгө жана активдүү кыймылда болууга шарт түзөт. Сейил бак кишини жаратылыш менен жакындатса, анда өткөрүлчү түрдүү мелдештер, ден соолук дарстары, социалдык жана оюн-зоок программалары стресстин деңгээлин кыйла төмөндөтүп, жумушта чарчаган мээни эс алдырат деп айтылат изилдөөдө.

Бул изилдөөгө Алабамадагы үч шаардык сейил бакка (Overton, Jemison and Cahaba River Walk Parks in Mountain Brook) такай барган 94 аял-эркек катышкан. Мауинтин Брук шаарына караштуу бул үч сейил бак Алабама штатындагы эл эң көп барган сейил бактардын тизмесине кирет.

АКШнын Улуттук сейил бактарынын картасы.
АКШнын Улуттук сейил бактарынын картасы.

Изилдөөгө катышкан адамдар паркта сейилдегенден кийин анкетадагы суроолорго жазуу жүзүндө жооп беришкен. Бул тушта медициналык шаймандар алардын организминдеги өзгөрүүлөрдү байкап турган. Паркта күнүнө 20 мүнөттөн 25 мүнөткө чейин сейилдегендер сергип, маанайы жайдары жүргөнүн билдиришкен жана өз айтымында сейилдегенден кийин өзүн орточо 64% жакшы сезип калган.

Аалымдар өйдөдөгү маалыматтарды талдаган соң ким да болсо сейил бакка барган кезде спорт жана башка денени чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасабаса да маанайы көтөрүлүп, өзүн сергек жана бактылуу сезип калат деген бүтүмгө келишкен. Бул эффект мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана майыптарга да тиешелүү.

«Ушу чакта шаарлардагы жашыл зоналарга кысым күчөөдө: пландоочулар менен үй куруучулар сейил бактарга турак үй жана коммерциялык кыймылсыз мүлк курганга далбас урушууда, - дейт доктор Гэвин П. Женкинс (Gavin R. Jenkins). ​- Ошондуктан шаарлар үчүн жашыл зона сыяктуу маанилүү мейкиндикти сактап калуу чоң маселе».

(Булагы: https://www.tandfonline.com, https://www.sciencedaily.com)

Чет элдик акцент менен сүйлөгөндөр эмнеге «өгөйлөнөт»?

Киши чет элдик акцент менен сүйлөгөн кимдир-бирөөнү көргөндө «Ал эмне жөнүндө айтып жатат?» деп катуу ойлоно калат жана бөтөн акцентте сүйлөө кишини кыйыр дискриминацияга кабылтышы ыктымал.

Соңку жылдардагы изилдөөлөр боюнча, чоочун акцент менен сүйлөгөн киши акцентсиз сүйлөгөн кишиге караганда билимсиз жана ишенимсиз көрүнгөндүктөн, ага жумуш табуу бир кыйла оор.

Бүгүн 257 миллион киши ата журтунан сырт жерде жашап эмгектенгендиктен, алар үчүн акцент олуттуу кыйынчылык жаратат. «Адамдар чет элдик акцент менен сүйлөгөн киши тууралуу жумуш орундарында, кылмыш ишин укканда кеп кылышат. Аларды «анча акылдуу эмес, аларга көп ишенип болбойт» деп ойлошот. Бул күнүмдүк жашоодо дискриминацияга туш кылышы ыктымал. Себеби, акцент менен сүйлөгөн кишини түшүнүү мээден кошумча эмгекти талап кылат», - дейт окумуштуу психолингвист Алиса Фукарт (Dr Alice Foucart, a psycholinguistics researcher at Ghent University, Belgium & Universitat Pompeu Fabra in Barcelona, Spain).

АКШны көздөй бараткан мигранттар. Чауитес, Мексика. 21-январь, 2019-жыл.
АКШны көздөй бараткан мигранттар. Чауитес, Мексика. 21-январь, 2019-жыл.

Башка өлкөгө көчүп барган чет өлкөлүк акырындап жаңы чөйрөдөгү кызматташтары менен коңшуларынын таасир астында сүйлөө манерасы өзгөрө баштайт, ошондой эле коңшуларынын акцентине таасир этиши мүмкүн. Анткени киши кимдир-бирөө менен сүйлөшүп жатканда анын кебинин атрибуттарын эстеп калат. Бул кишинин сүйлөө манерасына аз да болсо из калтыргандыктан, жаңы акцентти пайда кылышы ыктымал.

«Акценттин өзгөрүшү - жаңы тилдин өнүгүшүнүн биринчи стадиясы, - дейт Мюнхен университетинин профессору Жонатан Харрингтон (Jonathan Harrington, director of the Institute of Phonetics and Speech Processing at the University of Munich). - Болжол менен 1000 жыл илгери англис, нидерланд жана швед тилдери өз ара түшүнүктүү диалект болгондуктан, бул тилдерде сүйлөгөн адамдар бири бирин түшүнө алышкан. Алар бара-бара өз алдынча тилге айланган».

Ошондуктан проф. Харрингтон биз сөздөгү акцент кандай өзгөргөнүн түшүнүп, моделин түзө алсак, тилдин өзгөрүшүн жана пайда болушун толук байкаганга мүмкүндүк берчү моделге ээ болобуз деп эсептейт. Анын айтымында, миграция узак убакыт бою акцентке таасир этчү факторлордун бири.

«Балдардын тажрыйбасы жана кеп эстутуму аз болгондуктан, акцентин чоңдорго караганда кыйла тез өзгөртөт. Ар бир мектеп - балдар үчүн келерки төрт жылда чогуу өткөрчү жана акценттин жалпы мүнөзүнө жаңылык кошчу микрокосмос», - деп түшүндүрөт ал.

(Булагы: https://horizon-magazine.eu, https://phys.org)

Айнек металлга ширетилди

Шотландиянын Хериот-Ватт университетинин (Heriot-Watt university) окумуштууларынын бул ачылышы - өнөр жай технологиясында бурулуш жасачу табылга. Алар кварц, боросиликат айнек, сапфир сыяктуу оптикалык материалдарды алюминий, титан жана дат жукпас болот өңдүү металлдарга ширетишти. Айнекти металлга ширетиш үчүн пикосекунддук лазердин кубаттуу импульстары колдонулду.

Бул импульс бир нече пикосекундага созулат. (Пикосекунда менен секунданын катнашы 1 секунданын 30 миң жылга болгон катнашына барабар). Ошол убакта лазердин нуру тунук айнектен өтүп, материалдар кыналган кууш тилкени кызытат. Ошондо бул тилкедеги материалдарды эритчү плазма пайда болуп, өзү да айнек менен металлга ширелишет да, жаңы эритинди жаралат. Ширетинди чоң жүккө жана жылуулуктун минус 50 °С тан 90 °С чейинки айырмасына чыдаган.

Өнөр жайын өзгөртчү жаңы технологияны аэрокосмос жана коргоо тармагында, оптикалык техникада, жада калса саламаттык сактоодо колдонсо болот.

Проф. Дункан Хэнддин (director of the five-university EPSRC Centre for Innovative Manufacturing) айтымында, айнек жана металл өңдүү материалдарды бири бирине ширетүү өтө татаал. Анткени бийик температурада айнектин түзүмү бузулуп, сынып калат. Бүгүн айнек жана металл өз ара желимделет же болт менен бири бирине жабыштырылат.

(Булагы: https://phys.org, https://www.hw.ac.uk)

Акыркы 20 жылда Жердин жашыл кымкап тону кеңейди

Бүгүн Жер 20 жыл мурдагыдан алда канча көк жашыл экенин НАСАнын жандоочулары космостон тартып алган сүрөттөр көрсөттү. НАСА - АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө агенттиги. Агенттиктин жаңы изилдөөсү боюнча, жерди жашылдандырууга баарынан көп Кытай жана Индия салым кошкон.

Жашылдандыруу феноменин 1990-жылдардын ортосунда Бостон университетинин профессору Ранга Мынени (Ranga Myneni, Boston University) жана анын кесиптештери ачышкан. Бирок жашылдандыруунун башкы себепчиси кишилердин ишмердиги экенин алар билишкен эмес.

Илимий ачылыш акыркы 20 жылда «Terra» жана «Aqua» жандоочторунун жардамы менен жыйналган маалыматтардын негизинде жасалган. MODIS деп аталган спектрорадиометр деңиз деңгээлинен 500 метр бийиктикке чейинки жерлерде өскөн өсүмдүктөр тууралуу өтө так маалымат берет.

Акыркы 20 жылда тигилген өсүмдүктөр менен дарактар Амазонканын тропикалык токойлору ээлеген аянтка тете болот. Былтыр жашыл токойлор менен өсүмдүктөр ээлеген аянт 2000-жылга караганда 5% же 3 218 688 чарчы чакырымга кең болгон. «Кытай менен Индияга жашылдандыруунун үчтөн бири туура келет. Бул Жердин жашыл аянтынын 9% түзөт», - дейт изилдөөчү Чи Чен (Chi Chen).

Бирок да жаңы тигилген бак-дарактар менен өсүмдүктөр Бразилияда, Индонезияда жана Конго Демократиялык Республикасында кыйылган токойлор менен экосистемага келтирилген зыянды толуктай албайт.

Жалбырактуу бак-дарактардын орбитадан тартып алынган сүрөтү.
Жалбырактуу бак-дарактардын орбитадан тартып алынган сүрөтү.

Кытайдын эсебинен жашыл жалбырактуулардын аянты 1/4 көбөйгөн, бирок Кытайга дүйнөдөгү өсүмдүктөрдүн 6,6% туура келет. Көбөйгөн жалпы жашыл аянттын 42% токойлор, айдоо жерлер 32% түзөт.

Жалбырактуу өсүмдүктөрдүн аянтынын 6,8% өсүүсү Индиянын үлүшү. Көбөйгөн аянттын 82% айдоо жерлерге жана 4,4% токойлорго таандык.

Индия жана Кытай азык-түлүк багытындагы мөмө берчү көчөттөрдү көчүрүп тигип, анын натыйжасында бир жыл ичинде түшүмдү бир нече ирет жыйноого жетишкен. НАСАнын билдирүүсүнө караганда, 2000-жылдан бери дан, жашылча, мөмө-жемиш жана башка азыктарды өндүрүү болжол менен 35-40% көбөйгөн.

Анан да Кытайда климаттын өзгөрүшү алып келген кесепеттерге, абанын булганышына жана кыртыштын эрозиясына каршы күрөшүү максатында 1981-жылы бак тигүү боюнча дымактуу программа кабыл алынган.

НАСАнын Эймс изилдөө борборунун илимпозу Рама Немани (Rama Nemani, NASA's Ames Research Center) билдиргендей, Жердин жашыл аянты көбөйүп баратканы оболу байкалганда окумуштуулар муну бир кыйла жылуу, нымдуу климатка, ошондой эле атмосферада көмүр кычкыл газынын (CO2) көбөйүшү менен Түндүктүн мелүүн жана жогорку кеңдиктериндеги жашыл жалбырактуулардын көбөйүшүнө байланыштырышкан.

(Булагы: https://www.nasa.gov, https://edition.cnn.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG