Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:48

Кадамжайда Кызыл китепке кирген көп жылдык дарактар кыйылууда


Кызыл-Булакта кыйылган бактар.
Кызыл-Булакта кыйылган бактар.

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында Кургак учукка каршы оорукананын короосундагы көп жылдык дарактар четинен кыйылууда.

Бул маалыматты "Азаттыкка" аталган оорукананын бөлүм башчысы Абдумомун Ахунов тастыктады. Анын айтымында, Кызыл китепке киргизилген жапон жаңгагы, каштан, дуб сыяктуу 215 түп көп жылдык чоң дарак кыйылып кетти.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторов бак кыйылган жер участогу мурда ошол ооруканада иштеген кызматкерлердин балдарына таандык экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, кыюу иштери Экотехинспекциянын уруксаты менен жүргүзүлгөн.

Кургак учукка чалдыккандарды дарылоочу оорукана 1961-жылы ачылган. Союз учурунда анда бир эле учурда 250дөй адам дарыланчу. Жалпысынан 17 гектар жерди ээлеп турган мекемеде 22 имарат курулуп, короосуна сейрек кездешүүчү дарактардын 100дөн ашык түрү эгилген.

Кийин 17 гектардын дарылоо имаратттары жайгашкан 7 гектары калып, калганы (дарыгерлер жашаган коттеждер, мейманкана, кошумча жайлар) кызматкерлердин балдарына жеке менчикке жер тилкелери түрүндө өткөрүлүп берилген.

Учурда ооруканада 30 орун сакталып турат. (YI)

XS
SM
MD
LG