Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Аба кирдегенде адам өзүн бактысыз сезет


Кытай.
Кытай.

Өсүмдүктөрдүн гүлү аарылардын үнүн угат. Туздуу кыртышта өскөн чөптөн биоотун жасалды. Бактылуулук абанын сапатына көз каранды. Узун өмүрдүн гени мураска берилет.

Узун өмүрдүн гени мураска берилет

Эгерде ата-энеңиздин тегинде жана жакын туугандары арасында узак өмүр сүргөндөр болсо, анда сизде да узак жашоонун генин мурастап алуу жөндөм бар.

Муну Голландиянын Лейден университетинин докторанты Нилс ван ден Берг (Niels van den Berg) башындагы илимий топ аныктады.

Алар АКШнын Юта университетинин (The Utah Population Database, UPDB) жана Голландиянын Зеландия провинциясынын маалымат базасын пайдаланып, 315 миңдей адамдын тегин талдап көрүшкөн.

Мунун ичинде 20 миңден ашуун кишинин 1740-жылдан берки тек-жааты тууралуу маалымат бар.

Бирок, мындай үй-бүлөлөргө узак жашоону жана аз ооруганды мүмкүн кылган генетикалык локусун табуу абдан кыйын экени айтылат.

Локус (лат. Locus-жай, орун) генетика илиминде кайсы бир гендин хромосомдун генетикалык же цитологиялык картасындагы орду.

Узун өмүрдүн геному узак жашагандардын 10% туулганда кошо берилет. Окумуштуулар узун өмүр сүргөндөр деп эң узак жашагандардын жогорку 10% алышкан.

Изилдөө ата-энелери, жакын туугандары узак жашагандарда ата-энелери анча узак жашабагандарга караганда, өлүү этималдыгы 31% төмөн болорун көрсөткөн. Береги топко кишинин ата-энеси эмес, жакын туугандары: таяке, таежелери, аталаш туугандары кирсе дагы анын эрте көз жумуу ыктымалдыгы төмөндөйт.

Изилдөөнүн авторлошу, профессор Элин Слагбоомдун (Eline Slagboom) айтканына караганда, узак жашоонун генин тапкандан көрө кайсы бир оорунун генин тапкан алда канча кыйын жумуш.

Ошого окумуштуулар узак жашоонун гени изилдене турган адамдарды кылдат тандашчу болушкан. Эгер жашы жүз жаштан өйдө курактагы кокус топтолгон адамдарды изилдесеңиз, алардын көбү тукумдан тукумга узак жашаган адамдардан болбошу ыктымал.

Алар сергек жашоо менен өмүр сүргөнү же балалыгы жакшы жагдайда өткөнү үчүн 100 жаштын белин ашкан болушу мүмкүн. Ушундан улам, профессор Слагбоомдун айтышынча, узун өмүрдүн гени алардын ДНКсында из калтырбайт экен.

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.ncbi.nlm.nih.gov)

Аба таза болсо адам бактылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

Өсүмдүктөр аарылардын үнүн угат

Чөптөрдүн гүлү өзүн көздөй келе жаткан бал аарылардын жана көпөлөктөрдүн (Macroglossum stellatarum) үнүн угуп, алардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн кошумча жана мурдагыдан да ширин нектар бөлөт.

Израилдин Тель-Авив университетинин биологдору бул кубулушту энотеры (Oenothera drummondii) өсүмдүгүнө түрдүү жыштыктагы үндү багыттап, аларда пайда болгон вибрацияны өлчөгөндөн кийин билишкен.

Мындан тышкары энотердин гүлү кадыресе шартта бал аары жана көпөлөк сыяктуу чаңдатуучуларга кандай реакция жасарын видеотасмага тартып алышкан.

Эгер акустикалык жыштык учуп келаткан бал аары чыгарган үндүн жыштыгына жакын болсо, өсүмдүк эки мүнөт өтпөй нектар бөлө баштаган. Болгондо да нектардын канттуулугу чаңдаткыч жок кездегиден 20% жогору болгон. Өсүмдүк менен аарылардын мындай карым-катнашы гүлгө да, бал аарыга да пайдалуу: гүл тегин жерден нектар бөлбөйт, аары тегин жерден гүлгө конбойт дешет илимпоздор.

Энотера (лат. oenothera) гүлү.
Энотера (лат. oenothera) гүлү.

Биологдор өсүмдүк үчүн кулактын кызматын гүл аткарат деп боолгошот. Себеби, өсүмдүктүн баригине жана сабагына үндү багыттаганда, берегидей эффект байкалган эмес.

“Гүлү бар өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү (87,5%) көбөйүү үчүн тирүү чаңдатуучуларды колдонушат, - деп айтылат илимий макалада.- Алардын чаңдатуучуларды өзүнө тартканы өсүмдүктүн жарамдуулугун жогорулатат. Ал үчүн өң, жыт, форма сыяктуу сигналдар, ошондой эле нектар жана чаңчалар көмөктөшөт”.

(Булагы: https://www.biorxiv.org, https://www.timesofisrael.com)

Туздуу кыртышта өскөн чөптөн биоотун жасалды

Тарыхта биринчи жолу саликорниядан өндүрүлгөн биологиялык отун менен учкан авиалайнер жүргүнчү ташыды.

Абу Даби-Амстердам каттамын 15-январда Бириккен Араб Эмирлигинин “Алитихад” аба жолдор (Etihad Airways) компаниясына караштуу Boeing 787 учагы аткарды.

Биоотунду Абу Дабидеги ISEAS (Integrated Seawater Energy and Agriculture System) илимий концорсиуму бир жылдык саликорния чөбүнөн өндүргөн.

“Боинг” жаңы муундагы General Electric 1B мотору менен жабдылып, анын май куйган багы кадимки авиакеросин жана биоотундун теңме-тең аралашмасы менен толтурулган.

SEAS консорциумунун саликорния өстүрүү концепциясы.
SEAS консорциумунун саликорния өстүрүү концепциясы.

Азыр Масдар шаарында ISEAS консорциумунун саликорния өстүрчү 2 гектар жери бар. Келечекте бул аянт 200 гектарга чейин кеңейтилмекчи.

Саликорния деңиз жээгиндеги туздуу кыртышта өскөндүктөн, таза суунун жана айдоо жердин кереги жок. Плантация балыкты кайра иштетүүчү ишканадан келген агынды менен сугарылат.

Андан ашкан суу колдо тигилген мангр токоюна жөнөтүлөт. Токойдо суунун азыктык витаминдери калып, кыртыш көмүртекти өзүнө жыйнайт. Ал эми табигый жол менен тазаланган агынды суулар кайра деңизге кошулат.

“ISEAS консорциуму эми оюндун эрежесин өзгөртөрүн “Алитихаддын” мисалы көрсөттү. Бул авиатранспортко жана адамзатка олуттуу пайда алып келиши мүмкүн. Иштелип жаткан технологиялар деңиз боюндагы чөлдөрдү айыл чарба жерлерине айлантып, азык-түлүк коопсуздугун жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыздоонун болочогун көрсөтөт”, - дейт Boeing International компаниясынын вице-президенти Шон Швинн (Sean Schwinn).

Туздуу кыртышта өсүүчү Salicornia prostrata өсүмдүгү.
Туздуу кыртышта өсүүчү Salicornia prostrata өсүмдүгү.

Биоотун коммерциялык авиакаттамдарда 2011-жылдан бери колдонулат. Андан бери биоотун менен авиакеросиндин аралашмасын жаккан учактар 1 млн. 600 миңге чукул жүргүнчү ташыды.

Мурда Австралиянын Qantas авиакомпаниясы горчица майынын 10% аралашмасын колдонуп, United Airlines авиакомпаниясы түрдүү биоотундун 30% аралашмасын жана Virgin Atlantic өнөр жай калдыктарынан өндүрүлгөн отундун 5% аралашмасын пайдаланып жүргүнчү ташыган.

Virgin Atlantic колдонгон 5% аралашманын 20% жыгачтын калдыктарынан алынган отун түзгөн.

(Булагы: https://gulfnews.com, https://www.arabianbusiness.com, https://www.aviationpros.com)

Бактылуулук абанын сапатына көз каранды

Бир нече жылдан бери булганган аба Кытайдын чоң шаарларын муунтуп, орчундуу көйгөгө айланды. Кытайда булганыч абанын кесепетинен жыл сайын орто эсеп менен 1,1 миллион киши бейажал өлөт, экономика 38 миллиард доллар чыгым тартат.

Булганган аба, Гонконг университетинин соңку изилдөөсү аныктагандай, шаар калкы арасында өзүн бактысыз сезгендердин көбөйүшүнө да салым кошуусу ыктымал. Бул изилдөөгө Кытай илимдер академиясы, Шанхай финансы-экономика университети жана Бээжиндин Синхуа университетинин окумуштуулары да катышкан.

Буга чейинки изилдөөлөр булганыч аба ден соолукка, кишинин кабыл алуу жөндөмүнө, эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана билим алуусуна зыян тийгизерин көрсөткөн. Андан тышкары адамдардын социалдык турмушуна жана жүрүм-турумуна олуттуу таасир эткен.

Массачусетс технологиялык институтунун (MIT,USA) доценти Сики Женгдин айтымында, кирдеген абанын эмоционалдык таасири да бар.

Анткени өзүн бейтаалай деп сезген адамдар иррационалдуу чечим кабыл алышы мүмкүн. Аба катуу кирдеген күндөрү адамдар импульсивдүү болуп, тобокелге барып, кийин анысына “аттиң” деп өкүнүшөт.

“Бул кыска убакытка созулган депрессиянын жана тынчсыздануунун натыйжасы болушу мүмкүн”, - дейт Женг айым. Окумуштуулар Кытайдын абасы өтө булганган 144 шаарындагы күнүмдүк жашоого атмосфера кандай таасир эткенин кеңири аспектен изилдешкен.

Ал үчүн социалдык желелердеги реалдуу убактагы маалыматты пайдаланышкан. Атап айтканда, 2014-жылдын март-ноябрь айларында микроблогдордун Sina Weibo платформасы аркылуу жөнөтүлгөн 210 миллион "твитти" анализдеп чыгышкан. Мурда бактылуулуктун деңгээли сурамжылоо жолу менен аныкталган.

Бээжин: абанын булгануусу "кызыл чекте" өткөн күн. 8-декабрь 2015-ж.
Бээжин: абанын булгануусу "кызыл чекте" өткөн күн. 8-декабрь 2015-ж.

Изилдөө ашыча булганган аба эркектерге караганда аялдар менен кирешеси чоң жарандарды көп тынчсыздандырганын, булгануунун деңгээли абасы таза жана эң булганч шаарлардын калкына олуттуу таасир эткенин айкын кылган.

Анын себеби: абанын сапаты жана ден соолугу жөнүндө көп тынчсызданган адамдар таза шаарларга көчөт, булганыч шаарлардагы берегидей адамдар узак мөөнөттүк булгануунун кесепети жөнүндө башкалардан көп кабардар болгонуна байланыштуу болушу мүмкүн,- дейт доцент Женг.

Баш кеңсеси Бостондогу Health Effects Institute былтыр “Глобалдык абанын абалы, 2018” деген изилдөөсүн жарыялады. Бул институттун эсебинде, дүйнө элинин 95% абасы ден соолук үчүн кооптуу аймактарда жашайт.

Дүйнөлүк саламаттык уюму (ДСУ) 1 куб метр абада 10 микрограмм булганыч аба болсо, ден соолукка кооптуу деп санайт. Дүйнө элинин 60% чамасы абанын булгануусу ДСУ аныктаган эң жумшак чектен (35 мкг / м3) жогору аймакта жашайт.

(Булагы: http://news.mit.edu, https://phys.org, https://www.stateofglobalair.org, https://www.zmescience.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG