Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

Келемиштен кишиге сарык жукту


Сүт ичип жаткан келемиштер.
Сүт ичип жаткан келемиштер.

Жапон окумуштуулары жабык жайда супер кубаттуу магниттик талааны жаратышты. Зимбабвелик окуучу айылын электрлештирүүнүн жолун тапты. Бутка жан киргизчү экзоскелет-шым. Гонконгдо келемиштен кишиге сарыктын Е түрү жукту.

Окуучу айылына жарык жеткирди

Зимбабведе электр энергиясы тартыш. Ошого элет калкы көбүн эсе токойдон кыйылган жыгач отунду жагып, тамак-аш бышырышат жана үйүн жылытышат. Бул токойлордун азайуусун тездетип, климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө өбөлгө түзөт.

Өз айылдаштарын электр менен камсыздоого жардамдашуу максатында жогорку класстын окуучусу Макдональд Чирара (Macdonald Chirara) биогаз иштеп чыкчу шайманды ойлоп тапты. Ал шайман малдын кыгын жана жергиликтүү инвазивдик өсүмдүктөрдү иштетип, электр энергия берет.

“Биологиялык жол менен бөлүнчү материалдарды кыйратууда маанилүү роль ойногон метангендик бактериялардын көбөйүүсүнө суу гиацинт өсүмдүгүнүн була сыңары тамырлары түрткү болорун байкап калдым”,-дейт М. Чирара.

Ал, ошондой эле, биогазда Зимбабве түгүл, жалпы Африканы таза толукталып турчу энергия менен камсыздоодо жана энергия менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүүдө үлкөн потенциалы бар деген ишенимде.

М. Чирара ойлоп тапкан шаймандан кубат алган чырак.
М. Чирара ойлоп тапкан шаймандан кубат алган чырак.

Макдональд ойлоп тапкан шайман 1,5 вольт энергия өндүрөт.

Окуучу ойлоп тапкычтын айтымында:​ “Бул энергияны айыл жериндеги улуттук электр түйүнүнө кошулбаган көпчүлүк кожолуктарды камсыздоо үчүн же шаар жерлеринде энергиянын резервдик булагы ирети пайдаланса болот".

М. Чирара ойлоп тапкан шайманды АКШдагы бейөкмөттүк Илим жана коом уюму (Society for Science & the Public Community Innovation Award) жогору баалап, окуучу ойлоп тапкычка 500 доллар сыйлык берди. Мындай сыйлык 2018-жылы өзү жашаган жерине илимий-техникалык өзгөрүү алып келген ар кайсы өлкөлүк 20 жаш окумуштууга ыйгарылды.

Буга чейинки жеңүүчүлөр арасында сасык тумоого (грипп) каршы эффективдүү вакцинаны ойлоп тапкан мичигандык окуучу Мадлен Ян (Madeleine Yang), майыптар үчүн велосипед курган индиялык окуучу Шуб Дхолакия (Shubh Dholakiya) жана жаан-чачындын сууларын фильтрлөөчү системадагы бактерияларды азайтуунун жолун изилдеген балтиморлук окуучу Клэр Уэйнер (Claire Wayner) бар.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.societyforscience.org)

Бутка жан киргизчү экзоскелет-шым

Экзоскелет - шым бутка кадимки шым сыяктуу кийилет. Алсыз же шал болуп калган буттарды береги шымдын жасалма булчуңдары кыймылга келтирет.

Бутту иштетүү үчүн жасалма булчуңдар жыйрылып, экзоскелет-шымдын ичиндеги конструкциянын элементтерин тартып, кыймылдатат. Ал майып кишиге тизесин бүккөнгө жана ордунан турганга да жардамдашат.

Экзоскелет - шымдын башка бу тейдеги конструкциялардан артыкчылыгы: жасалма булчуңдар ийкемдүү жана жумшак болгондуктан, башка робот-экзоскелеттерге караганда пайдаланууга бир кыйла ыңгайлуу жана коопсуз.

“Жумшак робототехника кадимки робототехникадан айырмаланып, жүрүм-туруму татаал материалдарды жана структураларды түзө алат. Жаратылышта сегиз буттуу октопус сыяктуу кыймылы контролдоого татаал организмдер бар. Октопустар буттарын бүгүп жана жыйып алып, тар мейкиндикке батып кетишет. Биз алардын айрым бир өзгөчөлүктөрүн кийимге орнотулчу жасалма булчуңдарда колдонсок болот”,-дейт Бристоль университетинин профессору Жонатан Росситер (Jonathan Rossiter, University of Bristol. United Kingdom).

Робот-шым.
Робот-шым.

Ал жетектеген аалым-инженерлер жасалма булчуңдарды иштетүүнүн эки усулун иштеп чыгышты. Биринчи усулга ылайык, “жел булчуңдар” колдонулат. Тактап айтканда, булчуңдун же шардын көлөмү желдеп жана үйлөп өзгөртүлөт.

Экинчи усул боюнча, гелден жасалган булчуңдар эки мис пластинанын ортосуна жайгаштырылып, анан гелге ток берилет. Гель ошондо электр чыңалуусу бийик тарапка тартылат. Ушинтип, мис пластиналардын атырабында түрдүү деңгээлдеги чыңалууну түзгөндө, гель эки пластинанын бирине жабышып, анын натыйжасында булчуң жыйырылып тартылат. Шымдын тизесиндеги пластик ай тамга кишинин жыгылбай турганына жардамдашат.

Ал эми шымга орнотулган электроддор булчуңдарга электр импульстарын жөнөтүп турат. Мындай стимуляция булчуңду тырыштырып, аны кишинин өзү контролдоосун жакшырат.

Азыр Британияда бутунан майып 10 миллиондой жаран бар. Бул санга карылыкка байланыштуу жакшы басалбай калган кишилер да кирет. Андан тышкары 1,2 миллион киши инсульт болгон. 2046-жылы 65 жаштан өйдө курактагылар Британиянын элинин ¼ жакынын түзөт.

(Булагы: https://www.bbc.com, https://abcnews.go.com, http://www.brl.ac.uk/)

Жапон физиктеринин илимий рекорду

Жабык жайдагы суперкубаттуу магниттик талааны - Токио университетинин Катуу телолордун физикасы институтунун окумуштуулары (The Institute for Solid State Physics,Takeyama Laboratory) - агымды электромагниттик техниканын жардамы менен кысуу аркылуу жаратышты. Анын кубаты 1200 Т (Тесла - Магниттик талаанын индукциясын өлчөөнүн Эл аралык бирдиктер системасында кабыл алынган бирдик).

Бул магниттик-резонанстык томография (МРТ) аппараттарындагы кубаттуу магниттер пайда кылган талаадан 400 эсе кубаттуу. (Ачык мейкиндикте мындан да кубаттуу магниттик талаа химиялык жардыруучу заттардын жардамы менен түзүлгөн).

Суперкубаттуу магниттик талаа.
Суперкубаттуу магниттик талаа.

“Магниттик талаа-физикалык чөйрөнүн фундаменталдык касиеттеринин бири. Аларды жогорку тактык менен контролдоп, электрондук орбиталиялар жана спиндер менен түздөн түз кызматташуу мүмүн; бул аларды катуу телолордун физикасынын магниттик материалдары, жогорку өткөргүчтөр, жарым өткөргүчтөр, күчтүү корреляцияланган электрондук материалдар жана наноматериалдар сыяктуу салааларындагы изилдөөлөр үчүн уникалдуу кылат”,-дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, д-р Дайсуке Накамура (Daisuke Nakamura).

Бул изилдөө физиктердин материалдагы бардык электрондор эң төмөнкү энергетикалык абалда болуп, экзотикалык кванттык феномендер пайда болчу “кванттык чекке” жетүүсүнө мүмкүндүк ачат. Бул табылга, жапон окумуштуунун айтымында, жаңы илимий горизонтторду ачат, ошондой эле ультрабийик магниттик талааларды изилдөөнүн чек арасын кеңейтет.

(Булагы: https://naked-science.ru, https://aip.scitation.org, https://www.eurekalert.org)

Гонконг: эркек кишиге келемиштен сарык жукту

Буга чейин кишиге сарыктын келемиштерге мүнөздүү Е (HEV) түрү жукканы дүйнөдө катталган эмес. Гонконг университетинин окумуштууларынын билдиришинче, келемиш сарыгы жуккан 56 жаштагы киши жашаган көп кабаттуу турак үйдүн жанындагы таштанды салынчу контейнерлер турган жайда кармалган келемиштерден Е гепатитинин вирусу табылган. Ал киши былтыр майда боорун алмаштырган экен.

Гонконг университетинин башкы микробиологу, профессор Юэн Квок-юнг (Yuen Kwok-yung) 28-сентябрда бул окуя экологиянын гигиенасын жакшыртууга жана келемиштердин жайылуусуна каршы күрөшүүгө “чакырган белги” болгонун эскертти.

Сарыктын Е түрү негизинен заңдан жана ооз аркылуу жугат.

Ал көбүн эсе ысык өлкөлөрдө кездешет. Е гепатитинин вирусу таза сууда узакка чейин өлбөй жашай берет. Бул дарт жукканда кишинин денеси ысып, көп кусуп, денеси саргыч тарта баштайт.

Гонконг университетинин окумуштууларынын түшүндүрүшүнчө, келемиш сарыгынын Е түрү киши сарыгына окшоп кетет. Мурдагы изилдөөлөр сарыктын бул түрү келемиштерден макака-резус (Macaca mulatta) маймылдарына жукпаганын көрсөткөн. Бирок соңку окуя келемиш сарыгынын вирусу киши үчүн кооптуу экенин айгинеледи.

Келемиштерден кишиге оору сейрек жугат. Мисалы, быйыл Гонконгдо мындай төрт окуя, былтыр тогуз окуя катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинче, сарыктын Е түрүнүн вариациялары жыл сайын 20 миллион кишиге жугат. Алардын көбү Чыгыш жана Түштүк Азияга таандык. Анын кесепетинен 2015-жылы 44 миңдей адам набыт болгон. Сарыктын Е түрү санитардык абалы чатак жана суусу булганч аймактарда кеңири жайылган.

Изилдөөчүлөрдүн айтышынча, сарыктын келемиштерге мүнөздүү Е түрү дүйнөнүн чар тарабында, анын ичинде АКШда, ал эми 2010-жылы Германияда табылган.

Былтыр Англиядагы атактуу Оксфорд университетинин окумуштуулары сарыктын В түрүнүн вирусу Паркинсон дартын пайда кыларын биринчи жолу дүйнөдө шардана кылышты.

(Булагы: https://www.scmp.com, https://www.nytimes.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG