Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Илим: Тегирмендер Сахараны жашылдандырат


Өзү жүрчү мотоцикл. Сахара чөлүнө жел тегирмендер курулса, көк майсанга айланат. Президент Дональд Трамптын жеңишине салым кошкон социалдык факторлор. Байыркы заманда Англия Франциядан бөлүнгөн.

Германиянын "BMW Motorrad" компаниясы жасаган жаңы мотоцикл тамак-аш жеткирчү чабармандардын доору бүткөнү калганын кулак какты кылат.

Жаңы "BMW R 1200 GS" мотоциклинин прототиби өзү от алат, өзү башкарылат, өзү бурулат, өзү токтойт жана жөлөгүчүн жерге өзү тиреп, туруп калат.

“Мотоциклдин сынакка ылайыкталган үлгүсү кыймылдын динамикасынын өзгөчөлүктөрү тууралуу билимибизди кеңейткенге мүмкүндүк берет. Бул, өз кезегинде, айдоочунун жүрүм-турумун бир кыйла так аныктаганды мүмкүн кылат”,-дейт "BMW Motorrad" компаниясынын инженери Штефан Ганс (Stefan Hans).

Эки дөңгөлөктүү робот - көлүктү жасоодо мотоцилдин жолдо коопсуз жүргөнүнө катар тең салмактуулукту сактоосуна жетишүү татаал жумуш.

“Биздин долбоордун максаты толук автоматташтырылган робот-мотоцилди жасоо эмес. Максатыбыз эки дөңкөлөктүү көлүктөрдүн коопсуздук деңгээлин максимум жогорулатуу,-деп түшүндүрдү Штефан Ганс. - Биздин колубуздагы маалыматтар, биз тандаган динамикалык моделге таянып, ар кандай күтүүсүз кырдаалды контролдой ала турганыбызды көрсөтөт. Бул маалыматтар болочокто сериялык түрдө чыгарылып жаткан мотоциклдердин комфорттук жана коопсуздук деңгээлин дагы жакшыртуу үчүн колдонулат”.

Робот-мотоциклди айдоонун динамикасы, анын ичинде кооптуу кырдаалды эрте аныктоо эки жыл бою изилденген.

Береги изилдөө бүгүнкү автомобилдерде колдонула баштаган жарым автономдуу коопсуздук технологиясын иштеп чыкканга негиз болушу мүмкүн.

Жакында эле "KTM Sportmotorcycle AG" (Австрия) жана "Ducati Motor Holding S.p.A." (Италия) компаниялары мотоциклдерге ылайыкталган круиз-контроль системасын кардарларга көрсөтүштү. Ал круиз-контроль мотоциклдин өзүнүн радардык системасындагы маалыматтарды пайдаланып иштейт.

Австриялык инженерлер ушу чакта күтүүсүз жагдайда автоматтык түрдө тормоз кылчу системаны сынактан өткөрүүдө. Мындай система максималдык тездикте бараткан мотоциклди оңко аттырбай каадалуу токтотот.

(Булагы: https://www.news.com.au, https://newatlas.com)

Сахара чөлү көк жашыл майсанга айланат

Ал үчүн Сахара чөлүнө жел тегирмендерди жана күн панелдерин жетерлик орнотуу зарыл. Америкалык окумуштуулар ушундай математикалык модель аркылуу Сахараны (9 200 000 км2) жашыл оазиске айлантышты. (Салыштыруу үчүн: АКШнын кургактагы территориясы 9 147 590 км2 түзөт).

Ошондо күн панелдер Сахаранын 20% ээледи. Алар илимий моделде обол үч тераватт шамалдын энергиясы, анан 79 тераватт күн энергиясы өндүрүлсө, чөлдөгү климат кандай өзгөрөрүн изилдешти. Бүгүн дүйнөдө үч тераваттан бир аз көп электр энергиясы керектелет. Энергиянын бардык түрлөрүн керектөө 18 тераватт (2017-ж.) болду.

Жел тегирмендер Сахарадагы климатты орточо 2°C жогорулатты. Себеби түнкүсүн аба жетишерлик муздай алган жок. Бирок жаан-чачын эки эсе көбөйүп, күнүнө орточо 0,25 миллиметр жаан жаады. “Түнкүсүн күндүн мындай катуу жылыган себеби: жел тегирмендердин турбиналары абанын вертикалдык алмашуусун тездетет жана жылуу абаны ылдый көздөй түшүрөт”, - деп түшүндүрөт бул изилдөөнүн авторлорунун бири Ян Ли (Yan Li, University of Illinois).

Күн панелдери орнотулган моделге ылайык, чөлкөмдө аба ырайы 1°C жылып, жаан-чачын 50% көбөйдү. Бул эки эффектти кошкондо температура 2,7° C жогорулады. Бул мезгилде босоголош Сахелде да жаан-чачын көбөйүп (күнүнө 1,12 миллиметр жаан жаап), алкак бир аз салкын тартып калды.

Жаан-чачындын минтип көбөйүүсү, өз кезегинде, жер бетиндеги жашыл майсаңды көбөйтөт. Бирок чөлдө өсүмдүктөр тигилбесе, математикалык моделдеги климаттын таасири аба ырайындагы реалдуу өзгөрүүдөн олуттуу айырмаланат, дейт Ян Ли.

“Күндү жана шамалды пайдаланып өндүрүлгөн таза энергияга катар жаан-чачындын жана өсүмдүктөрдүн көбөйүүсү Сахара, Сахел, Жакынкы Чыгыш жана башка коңшулаш региондордун айыл чарбасына, экономикалык өсүүсүнө жана социалдык бакубатчылыгына көмөктөшүүсү мүмкүн”,-дейт изилдөөнүн башка бир автору, аалым-математик Сафа Мотешаррей (Safa Motesharrei, University of Maryland).

Жер үстүндөгү абанын температурасынын сезондук өзгөрүү тенденциясын изилдөө акыркы 100 жылда (1902-2013-жж.) Сахара чөлүнүн аянты 10% кеңейгенин көрсөткөн. Анын кесепетинен Чад көлүнүн бассейни катуу зыян тартып, кургай баштаган.

“Бул жараяндын изи - жаан-чачындын азайуусу - Ортолук Африканын кээ бир бөлүктөрү түгүл, бүтүндөй региондо байкалат. Бул килейген бассейнде суу азайды деп ишенимдүү айта алабыз”, - дейт д-р Сумант Нигам (Sumant Nigam, University of Maryland).

Илимпоздордун айтымында, болжол менен 30-50 миң жылдай мурда Сахара чөлүнүн бетин жашыл тулаң жана бадал-карагай каптап турган. (Булагы: https://www.smithsonianmag.com, https://www.sciencenews.org, https://www.ndtv.com)

Дональд Трамптын жеңишине салым кошкон факторлор

Жаңы изилдөө АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоодо республикачылар эң чоң ийгиликке өмүрдүн күтүлгөн узундугу кыска райондордо жетишкенин көрсөттү. Бул округдарда адамдардын өз жанын өзү кыйуусу, аракечтик жана баңгилик улуттук орточо көрсөткүчкө караганда 2,5 эсе жогору экенин проф. Ли Голдман башындагы окумуштуулардын (Columbia University Irving Medical Center) изилдөөсү аныктады.

Илимий топ обол жарандардын саламаттыгындагы өзгөрүүлөр 2016-жылкы шайлоого таасир этиши ыктымал деп боолгошкон. Мындай гипотезаны текшерүү үчүн АКШнын 3112 округ боюнча ачык маалыматтар 2008-2016-жылдар арасындагы президенттик шайлоо жана адам өлүмү менен салыштырылган. Өлгөн адамдардын этностук теги (расасы), кирешеси, билими, жумушсуздук деңгээли, медициналык камсыздоо үчүн төлөнчү акчасы жана башка факторлор да эске алынган. Мында 1980-2014-жылдары туулгандардын өмүрүнүн күтүлгөн узундугу алынган.

2016-жылкы шайлоодо республикачыл Дональд Трамп жана демократ Хиллари Клинтон 398 округда партиялаш-талапкерлерлери 2008-жылы алгандан аз добуш топтошкон. Президент Трамп 2607 округда Жон Маккейнге караганда көп добуш алган, ал эми мамкатчы Хиллари Клинтон 108 округда гана президент Барак Обамадан озгон.

“Демейде президент Трамп экономикалык жактан артта калгандардын, өзгөчө улгайган, билими төмөн жана элет жериндеги ак шайлоочулардын добушун көп алып жеңди деп ырасталууда, - дейт д-р Голдман. - Биздин маалмыттарга ылайык, өмүрдүн күтүлгөн узундугундагы өзгөрүүлөр добуш берүүдө көз карандысыз фактор болгон. Ден соолуктун келечегине канааттанбоо - көңүл калуунун жана коркунучтун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Бул факторлор президент Трамптын тарабын алган шайлоочуларга таасир этиши этимал. Биздин бул бүтүмүбүз боюнча, Мичиган, Пенсильвания жана Висконсинде өмүрдүн күтүлгөн узундугунун ыктымал жакшыруусу жарандарды өз добушун мамкатчы Клинтонго берүүгө өбөлгө болгон”.

АКШнын көп бөлүгүндө, өзгөчө, элет жеринде өмүрдүн күтүлгөн узундугу узарганы менен, мындай жылыш айылдар менен Американын ортолугунда байкалбаганын белгиледи проф. Голдман.

Жалпы алганда, 2008-2016-жылдары АКШда өмүрдүн күтүлгөн узундугу орточо 5,3 жылга көбөйгөн. Бул көрсөткүч орто улуттук деңгээлден жогору округдарда республикачылар 67000 добуш жоготкон, бирок төмөн округдарда 3,1 миллион добуш уткан. Демократтар - тийиштүү түрдө - 1, 4 млн. добуш утуп, 5 млн. добуш жоготкон.

(Булагы: http://newsroom.cumc.columbia.edu https://www.reuters.com, https://phys.org)

Байыркы заманда Англия Франциядан бөлүнгөнү далилденди

Окумуштуулар кылымдар бою Англия, Уэльс жана Шотландия байыркы Авалония менен Лаурентия континенттеринин биригүүсүнөн 400 миллион жылдан көп мурда пайда болгон деп эсептеп келишкен.

Бирок Плимут университетинин (University of Plymouth, England) илимпоз-геологдору Британ аралдарынын жаралышына бүгүнкү Франциянын түндүк-батышындагы Арморика да салым кошкон деген бүтүм жасашты.

Геологдор Англиянын түштүк-батышындагы Девон (Devon) жана Корнуэлл (Cornwall) графтыктарынын түрдүү бөлүктөрүндөгү минералдардын жана жылаңач тоо-тектердин касиеттерин изилдешкен, 100 миллиондогон жыл мурда жанар тоо атылган 22 жайды барып көрүшкөн. Жанар тоо атканда 100 км түпкүрдөн атып чыккан магманы да изилдешкен.

Алар обол магманын үлгүлөрүн рентгенофлуоресценция усулу боюнча анализдешкен. Андан соң интенсивдүү изотоптук анализ жасоо үчүн алдагы үлгүлөрдү кислотага салышкан. Ал эми тоо-тектин тарыхын түшүнүү үчүн химиялык эки элементти: стронций жана неодимди изилдеп көрүшкөн. Береги изилдөөнүн жыйынтыгын Британиянын башка бөлүктөрүндөгү жана континенталдык Европадагы тоо-тектерден алынган маалыматтар менен салыштырып көрүшкөн.

Көрсө, Девон жана Корнуэлл графтыктарынын аймагында даана чек ара бар экен. Ал чек арадан түндүк жактагы тоо-тек Англиянын башка бөлүгүндөгү тоо-тектер менен окшош чыккан. Чек арадан түштүк тарап Франция жана континенталдык Европа менен геологиялык жактан байланышканы аныкталган. Береги чек ара чыгышта Экса дарыясынын куймасынан батыштагы Кемелфорд шаарына дейре созулат. Англиянын түштүк-батышындагы береги жерлерде Франциянын түндүк-батыш ныптасындагы Бретань чөлкөмүндөгү сыяктуу эле темир жана вольфрам көп экени эсеп жеткис карт заманда бир бүтүн болгону менен түшүндүрүшөт геологдор.

Европанын геофизикалык картасы.
Европанын геофизикалык картасы.

Миңдеген жылдар мурда Британия менен Европа континентин туташтырган моюнду оргуштап кирген суу ташкын жууп кетип, Ла-Манш кысыгы пайда болгонун окумуштуулар эбак билишчү.

“Биз 10 000 жылдай илгери Англиядан Францияга жөө барса болорун билчүбүз. Бирок биздин табылгабыз андан миллиондогон жыл мурда эки өлкө арасындагы байланыш алда канча бекем болгонун көрсөтөт. Бул түштүк-батыш Англиянын мурда табышмактуу көрүнгөн эбегейсиз минералдык байлыктарынын тегин түшүндүрөт жана Британиянын геология тарыхындагы жаңы түшүнүккө негиз болот”,-дейт магматикалык петрология боюнча адистеш д-р Арьян Дейкстра (Arjan Dijkstr, Lecturer in Igneous Petrology).

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.sciencedaily.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG