Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:22

Илим: Эркектердин кенен ич кийиминин пайдасы


Казакстандын символдору түшүрүлгөн боксёрка-түрсүк.

Эркектердин дамбал-түрсүгү пайдалуу экени аныкталды. Бир нече кванттык өзгөчөлүгү бар кванттык материал. Өтө муздатылган суу суюк абалында 100 күн сакталды. Капуста жана брокколи ичеги-карынды өсмө (рак) дартынан сактайт.

Бир нече кванттык өзгөчөлүгү бар кванттык материал

Ортолук Флорида университетинин физиги, доцент Мадхаб Ньюпан (Madhab Neupane, University of Central Florida) ачкан жаңы материал технологиялык өнүгүүнүн жүрүшүн өзгөртүүгө жөндөмдүү кванттык материалдардын жаңы дооруна нук салышы мүмкүн.

Мадхаб Ньюпан илимге келгени кванттык компьютерлер менен узак мөөнөткө эске тутуучу приборлорго негиз болчу жаңы материалдарды жана кванттык реалдуулукту изилдеп жүргөн. Мындай приборлор компьютерлердин кубатын арттырып, энергияны керектөөсүн олуттуу азайтат.

Кванттык компьютердин матрицасы. Абстракциялык сүрөт.
Кванттык компьютердин матрицасы. Абстракциялык сүрөт.

Ньюпан башында турган команда химиялык курамы гафнийден, теллурдан жана фосфордон турган Hf2Te2P материалын ачты. Бул электрондук түзүм ичинде өнүгүүчү бирден көп электрондук үлгүсү бар же бир нече кванттык өзгөчөлүккө ээ биринчи материал.

“Мындай таң каларлык материал ачылган соң биз топологиялык фазалардын өз ара карым-катнашы тууралуу дагы терең түшүнүк берчү жана жаңы технологияга башат болчу жаңы моделдин негизин иштеп чыгуучу босогого жеттик. Муну - мазмуну жагынан - жаңы доордун кремнийи десе болот”, - дейт доцент Ньюпан. - Биздин ачылыш бизди кванттык материалдарды колдонууга дагы бир кадам жакындатты жана түрдүү кванттык фазаларды дагы жакшы түшүнгөнгө көмөктөшөт”.

Берегидей илимий табылгалардын келечеги кең экенин терең түшүнгөн "Microsoft" компаниясы топологиялык кванттык эсептөөлөрдү изилдеген "StationQ" лабораториясын каржылайт. "Google" болсо АКШнын космосмук агенттиги - NASA менен кошо кванттык эсептөөлөрдү жана жасалма интеллектти бириктирүүнүн жолдорун изилдеген "QuantumAILab" долбоорун каржылоодо.

(Булагы: https://phys.org, https://naked-science.ru, https://www.nature.com)

Өтө муздатылган суу суюк абалында 100 күн сакталды

Кадимки суу Цельсий боюнча нөл градустан ылдыйкы температурада тоңот. Суюктуктарды өткөрө муздатуунун усулу кыска убакытка гана иштеп, кымбат жабдууларды талап кылат.

Америкалык окумуштуулар (Harvard Medical School/ Massachusetts General Hospital) суюктуктарды өтө муздак температурада кристаллга же музга айлантпай сактоонун жөнөкөй жана арзан жолун ойлоп табышты. Бул технология канды узакка сактоого жол берет.

“Береги “өткөрө терең муздатуу” деп аталган биздин усул боюнча, суюктуктун үстүңкү бетин абадан аралашма менен бөлүп алабыз. Ал эритме суу менен аралашпайт. Бул таң каларлык жөнөкөй ыкма буга чейин мүмкүн болбогондой көрүнгөн түпкүлүктүү эксперименттерди ишке ашырганга жардамдашат”, - деп түшүндүрдү доцент Осман Берк Уста (Osman Berk Usta).

Кызыл жана ак кан клеткалары.
Кызыл жана ак кан клеткалары.

Илимпоздор 1 миллилитр суунун бетин көмүр кычкылдын негизиндеги майды (зейтун же парафин майы) пайдаланып герметизация кылса, Цельсий боюнча минус 13 градустан төмөндө суу музга айланбасын байкашкан. Андан соң татаал майлар менен өткөрүлгөн эксперимент ошол эле көлөмдөгү сууну минус 20 градуста 100 күн бою, ал эми 100 миллилитр сууну бир жума бою музга айлантпай сактоого мүмкүндүк берген.

Устанын айтышынча, ушу чакта алар 300 миллилитрден 500 миллилитрге чейинки көлөмдөгү эритроциттерди сактоонун жолун эксперимент кылып жатышат. “Биз, ошондой эле, бул усулду башка клеткаларга колдонуунун үстүнөн иштеп жатабыз жана боор сыяктуу чоң ткандар же бүтүндөй органдар менен да иштеп көрөбүз”, - деди ал.

Окумуштуулар жаңы усулду канды сактоодо да колдонуп көрүштү. Кан демейде Цельсий боюнча 4 градуста алты жума сакталат. Жаңы технология эритроциттин 100 миллилитр суспензиясын минус 13 градуста 100 күн сактаган. Илимпоздор акырындап кандын көлөмүн 500 миллилитрге жеткирмекчи. Осман Берк Уста айткандай, береги усулду балким кишинин органдарын сактаганга ылайыктоо мүмкүн болот.

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.sciencedaily.com)

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:28 0:00

Дамбал-түрсүктүн пайдасы

Эркектердин Совет заманында популярдуу дамбал-түрсүгү (трусы парусы) тарыхтын “таштандысына” кетти десеңиз жаңыласыз. АКШдагы Гарвард университетинин (T.H. Chan School of Public Health (Boston) изилдөөсү этке жабышкан түрсүктөр дамбал-түрсүккө караганда зыяндуу экенин көрсөттү.

Бул изилдөө шайбаттын (сперма) сапатына өзгөчө көңүл буруп, тукум улоочу гормондор менен шайбаттын майып ДНКлары же урук безинин фунцияларына тиешелүү маалыматтарды камтыган.

Изилдөөгө Массачусетс башкы ооруканасында 2000-2017-жылдар аралыгында түгөйлөрү менен кошо тукумсуздуктан дарыланган 18 жаштан 56 жашка чейинки курактагы 656 эркек катышкан. Алардын тулкусунун массасынын индекси (BMI) орточо 26 кг/м² жана эч киминде вазэктомия (бел суу же шаабат чыкчу тамырдын бөлүгүн хирургиялык жол менен кесип алуу) болгон эмес. Ар бир пациент анализге шаабатынын жана канынын үлгүсүн тапшырып, акыркы үч айда көбүнчө кандай бычымдагы ич кийимчен жүргөнү тууралуу суроого жооп берген.

Эркектердин 53% көбүнчө дамбал-түрсүк же “боксёрка”, калган 47% чурайга жабышкан түрсүк кийишкенин айтышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгы такай дамбал-түрсүк кийген эркектерде сперматозоиддин концентрациясы беркилерге салыштырганда 25% жогору, кыймылдуу сперматозоиддер 33% көп, ал эми шаабаттын көлөмү орточо 17% көп экенин көрсөткөн.

Илимий изилдөөнүн жетекчиси д-р Лидия Мингес-Аларкондун (Lidia Mínguez-Alarcón) түшүндүргөнү боюнча, денеге каптагандай жабышкан ич кийим эркектин энегинин температурасын көтөрөт. Бул өз кезегинде уруктук сперманын сапатына тескери таасир этет. Бирок, илимпоз бул гипотеза келечекте дагы изилдөөнү талап кыларын эскертти.

Кенен дамбал-түрсүк чурайды ысытпай кармап, эркектердин бел күчүнө же шаабатынын сапатына оң таасир этерин, ал эми такымга жабышкан түрсүктөр энектин температурасын жогорулатып, контрацепция катары кызмат кыларын Америкадагы буга чейинки изилдөөлөр аныктаган.

(Булагы: www.sciencemediacentre.or, https://www.sciencedaily.com)

Капуста менен брокколи ичеги-карынды өсмөдөн сактайт

Капуста, тармал капуста-кале́ (лат. Brassica oleracea var. Sabellica) жана брокколи сыяктуу жашылчалар бөлгөн химикаттар соо ичегини чыңап, жоон ичегини өсмөдөн (рактан) сактайт. Муну Лондондогу Фрэнсис Крик атындагы биомедициналык изилдөөлөр институтунун окумуштуулары аныкташты.

Индол-3-карбинолго (indole-3-carbinol) бай азыктар менен тамактанган чычкандардын ичегилери сезгенүүдөн жана жоон ичегинин өсмө дартынан корголгонун д-р Гитта Стокингер (Dr Gitta Stockinger) жетектеген окумуштуулардын изилдөөсү көрсөткөн.

Индол-3-карбинол (кыскача, I3C) киши кадимки капустаны жегенде иштелип чыгат. Себеби ал арилдүү көмүр кычкылтектин рецептору (aryl hydrocarbon receptor, AhR) деген белокту жандандырат. “Бул ачылыш оптимизмге негиз берет; биз өсмөнүн күчөшүнө алып барчу генетикалык жагдайларды өзгөртө албай жатканбыз. Эми жашылчасы көп диетага өтүү аркылуу андай коркунучту азайта алабыз”, - деди Гитта Стокингер.

AhR бизди ичеги-карындагы триллиондогон бактериялардын сезгенүүнү пайда кылчу реакцияларынан коргош үчүн ичеги-карындагы иммундук клеткаларга жана эпителийлик клеткаларга сигнал жиберип, айлана-чөйрөнүн сенсору катары кызмат кылат.

Биз өз ичегилеринде арилдүү көмүр кычкылтектин рецепторун иштеп чыга албаган же жандандыра албаган генетикалык жактан модификацияланган чычкандарды изилдеп, аларда ичегинин сезгенүүсү жеңил өнүгүп, жоон ичегинин өсмөсүнө айланганын аныктадык. Аларга I3C менен байытылган азыктарды бергенибизде сезгенүү же өсмө күчөгөн жок. Өсмө илдети күчөгөн чычкандар I3C менен байытылган диетага өткөрүлгөндөн кийин ичегилериндеги зыяндуу шишиктери азайып, түбү кыйыр (айыгып кетчү) шишиктер калган”, - деп түшүндүрдү д-р Амина Метижи (Dr Amina Metidji).

Брокколи.
Брокколи.

“Диетанын ичеги-карындын сезгенишине жана жоон ичегинин өсмө дартына терең таасир эткенин көрүү таң калыштуу болду, - дейт д-р Г. Стокиндер. - Биз көпчүлүк учурда жоон ичегинин өсмө илдетин майга бай жана жашылчага жарды Батыш диетасын ташбыйкаттоонун натыйжасы деп ойлойбуз. Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы мындай байкоонун негизинде кандай механизм жатканын айгинеледи. Ошондой эле жашылчанын көптөгөн түрлөрү ичегидеги AhRди күчтөндүрчү химиялык заттарды иштеп чыкканын көргөздү”.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.crick.ac.uk)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG