Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Европаны мөгдүрөткөн кара туман


Агунг жанар тоосу жарылганда асманга сапырылган күл. Бали аралы, Индонезия. 27-ноябрь, 2017-жыл.
Агунг жанар тоосу жарылганда асманга сапырылган күл. Бали аралы, Индонезия. 27-ноябрь, 2017-жыл.

Тамеки тарткан кишинин жанында туруу жүрөккө зыян. Тарыхтагы эң жаман жылдын табышмагы жандырылды. Табиятка зыяны жок аккумулятор өпкө. Аарылар кантип эсептегенин окумуштуулар аныкташты.

Тарыхтагы эң жаман жылдын табышмагы жандырылды

Америкалык тарыхчы-археолог Майкл МакКормик (Michael McCormick, Harvard University) 536-жылы “Европа эли үчүн каар заман башталган” деп эсептейт. (1918-жылы сасык тумоодон 50 миллиондон 100 миллионго чейин адам (көбү өспүрүмдөр) кырылган).

536-жылы Европаны, Жакынкы Чыгышты, Түштүк Батыш Азияны 18 ай бою кара туман каптаган. Ошондо византиялык тарыхчы Прокопий Кесариялыктын (лат. Procopius Caesarensis, 500-554-жылдар арасында жашаган) жазышынча, “Күн бир жыл бою Айга окшоп нурун гана чачып, жаркырап тийген эмес”.

Температура жайкысын 2,5-1,5 градустан өйдө көтөрүлбөгөн. Акыркы 2300 жылдагы эң суук декада ушинтип башталган. Кытайда жайкысын кар жаап, эл жутаган.

Ирландиялык жылнаамаларда 536-539-жылдары күкүм нан жок болгону айтылат. 541-жылы римдиктердин Египеттеги Пелузий портун бубон тумоосу каптайт.

- “Юстиниандын тумоосу” деп аталган бул ылаң Чыгыш Рим империясындагы элдин үчтөн биринен теңине чейин кырып, империянын кулашын тездеткен, - дейт профессор МакКормик.

Помпей жана Эрколанодо жанар тоо жарылганда. Жон Мартиндин сүрөтү.
Помпей жана Эрколанодо жанар тоо жарылганда. Жон Мартиндин сүрөтү.

Тарыхчылар узактан бери VI кылымдын ортосун "Кара тумандуу жылдар" (Dark Ages) деп атап жүрүшкөн. Бирок кара туман эмнеден пайда болгону табышмак эле.

Профессор Майкл МакКормик жана гляциолог Пол Маевски (Paul Mayewski, University of Maine) башындагы окумуштуулар тобу Швейцариянын Альп тоолорундагы Colle Gnifetti Glacier мөңгүсүн эң акыркы илимий жетишкендиктерди пайдаланып анализдешкен соң, 536-жылы Исландияда жанар тоо жарылып, күлү Европаны, Жакынкы Чыгышты, Азияны каптаган деп бүтүм чыгарышты. Бул Түндүк Жарым шардагы эң кубаттуу алаамат деп таанылган.

Жанар тоо 540 жана 547-жылдары кайра атылып, артынан кара тумоо келет. Экономика дымып, стагнация 575-жылга чейин уланат. Мөңгүдөгү коргошундун күлү, 640-жылы Европада экономика тез өнүгүп, күмүш казып алуу жанданганын жышааналайт, - дейт британ окумуштуусу, профессор Христофер Лавлак (Christopher Loveluck, University of Nottingham).

Коргошун илгери күмүштү эритип алуу үчүн колдонулган.

(Булагы: https://www.sciencemag.org, https://edition.cnn.comб https://www.cambridge.org)

Табиятка зыяны жок аккумулятор-өпкө

Кишинин өпкөсүнүн иштөө принциби - сууну молекулаларга ажыратып, отундук таза суутек (водород) өндүрчү аппаратты жасаганга негиз болду.

Аппарат - өпкө электрокатализатордун эффективдүүлүгүн жогорулатат жана суудан электр кубатын өндүрүүнү жакшыртат. Бул аппаратты АКШдагы Стэнфорд университетинин окумуштуулары ойлоп табышты.

Кишинин өпкөсү мембраналуу сепаратор тейде болот. Өпкө мембранын (альвеоланын) жардамы менен абадан кычкылтекти бөлүп алып, аны кан тамырга жиберип турат.

Ар ким бир сүйлөмдү үн чыгарып окуп бүткөндө автоматтык түрдө дем алып, демин чыгарат. Жөнөкөй көрүнгөнү менен кишинин дем алуу системасы өтө татаал биологиялык механизмдерден туруп, эки тараптуу газ алмашууну камсыздайт. Киши дем алганда, аба көзгө көрүнбөгөн тешиктер - бронхиолдордон өтөт. Аба дем алуу жолунун аягындагы майда баштыкчаларга же альвеолага жеткенде, газ кандан бөлүнүп чыгат жана канга кычкылтек кошулат.

Альвеола - калыңдыгы бир микронго барабар мембрана. Мембрана сууну ичкериден сыртка түртөт, ошол эле учурда сырткы бетине сууну тартып турат. Ал ушинтип зыяндуу көбүктөрдүн пайда болуусуна жол бербейт. Мунун натыйжасында кычкылтек кан тамырга жай жана эффективдүү келип турат.

Стенфорддук илимпоздор электрокатализатордун эффективдүү жаңы түрүн жасоо үчүн альвеолдун* структурасын пайдаланышты.

Электрокатализатор электроддогу химиялык реакциянын ылдамдыгын көбөйтчү, ошондой эле электр кубатын алуу үчүн суутекти жагып, сууну кошумча зат катары бөлүп салчу отун элементи үчүн керектүү материал. Электрод өзү электролиз, ал сууну суутекке жана кычкылтекке бөлүү үчүн зарыл.

Профессор И Цуй (Yi Cui) жана анын кесиптештери сууну молекулаларга (майда бөлүктөргө) ажыратуу үчүн калыңдыгы 12 нанометрлик майда тешиктүү жука кабыкты (плёнка) пластиктен жасашкан. Анын бир бетин суу жукпас кылып, экинчи бетин химиялык реакцияга катышчу алтын жана платинанын нанобөлүкчөлөрү менен капташкан.

Анан пластик кабыктан баштык жасап, ичине металлдарды салып коюшкан. Береги жасалма өпкөнү сууга салып туруп, чыңалуу беришкен. Ошондо суу кычкылтекке жана суутекке бөлүнүп, чыңалуу каптын ичиндеги металлдар аркылуу өтүп, электр кубатын өндүргөн.

Демейде негизи көмүртектен жасалган кабык (плёнка) көбүкчөлөрдү жаратып, андан улам электр кубаты жоготууга учурайт. Мембранын тешиктери жана прибордун формасы мембрана аркылуу өткөн газдын ылдамдыгын башкарып турууну мүмкүн кылат. Бул өз кезегинде көбүкчөлөрдүн пайда болуусун минималдаштырат.

Жаңы материал 250 саат иштегенден кийин анын баштапкы касиети 97% сакталган. Негизи кычкылтектен жасалган мембрана 75 саат иштегенде өз касиетинин 26% жоготот. Ошентип, өпкө формасындагы мембрана жалпак мембранага салыштырмалуу 32% эффективдүү экенин көрсөткөн.

Аппарат - өпкө суутек менен иштеген транспорт каражаттарынын отун элементтеринин эффективдүүлүгүн жогорулатат. Андай негиздеги батареяларды смартфон, фотоаппарат жана башка приборлордо, автомобилдерде, атүгүл шаарларды электр кубаты менен камсыздоодо пайдалануу мүмкүн.

*Альвео́ла (лат. alveolus «уяча, чуңкурча, көбүкчө) —көбүк формасындагы түзүм (структура). Ал киши дем алганда өпкөнүн капиллярлары газды бөлүп, кычкылтекти алуусун камсыздайт. Өпкөдө 300.000.000 жакын альвеола болот.

(Булагы: https://www.cell.com, https://www.sciencedirect.com)

Аарылар кантип эсептейт?

Аарылар бир нерсени эсептөө үчүн аз гана сандагы нейронду колдонушат.

Муну англиялык окумуштуулар (Queen Mary University of London) аныкташты. Аары - дүйнөдөгү эң мыкты эсептеген жан-жаныбар деп саналат.

Аарылар бир нерсени эсептеп жатканда, алардын мээси кандай иштегенин билүү үчүн компьютерде төрт гана нейрону бар жөнөкөй мээнин модели жасалган.

Чыныгы аарынын мээсинде мындай нейрондор алда канча көп болот.

Төрт нейрондуу жасалма мээ аарынын чыныгы мээсиндей эле эсептей алган. Бир өзгөчөлүгү программаланган аары чыныгы аары тейде эсептечү предметин жакын аралыктан кылдат карап туруп, анан экинчи предметке өткөн.

Киши болсо эсептечү предметтерин карап туруп, аларды катары менен эсептей берет.

Буга чейинки изилдөөлөр аары кадыресе шартта төрт же беш затты эсептей аларын көрсөткөн.

Жаңы изилдөө көрсөткөндөй, аарылар сандар жөнүндө эч нерсе билбеши мүмкүн. Бирок алар предметти байкап көрүү үчүн учуп баратканда атайын бир кыймылдарды жасашат.

Эсептөө аарылардан минималдык акыл жөндөмүн талап кылат. Береги мисал аары жана башка жандыктардын акыл жөндөмү аз гана сандагы нерв клеткаларынын жардамы менен иштеши мүмкүн экенин айгинелейт. Ал үчүн мээдеги нейрондор туура туташкан болушу шарт экени айтылат изилдөөдө.

Окумуштуулар аарылардын мээси маалыматты кантип аларын билүү үчүн макулуктар эсептөчү объекттерге жакын учуп, биринин артынан экинчисин карап бараткан учурду анализдеп көрүшкөн. Бул учурда топтолгон маалыматтар жасалма мээге видеокамера аркылуу аркылуу берилген.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, доктор Вера Васастын (Vera Vasas) айтымында, эсептөө “жогорку интеллекти жана чоң мээни талап кылат” деп саналчу. Ал эми жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы эгер мээ клеткаларынын түзүмү (структурасы) туура байланышса, аз гана сандагы нейрондун жардамы менен эсептөө мүмкүн экенин көрсөтөт, - деди илимпоз.

Аарыларда 1 миллионго жакын нерв клеткасы бар. Кишиде орточо 86 миллиард нерв клеткасы болот. Ошон үчүн аарылардын интеллектуалдык деңгээли кишиге салыштырганда абдан төмөн деп эсептелет. Мунун өзү аарыларды эволюциялык жол менен чыгармачыл кылган, - дешет англиялык окумуштуулар.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

Тамеки тарткан кишинин жанында туруу жүрөккө зыян

Америкалык окумуштуулар чычкандар менен жүргүзгөн изилдөө тамекинин түтүнү менен такай дем алуу чылым чекпеген кишинин (пассивдүү чылымкордун) жүрөгүнүн согуусун жөндөп турчу клетканы өзгөртөрүн көрсөттү.

Бул барып, жүрөктүн иштөө ыргагын бузат жана капилет өлүмгө себепчи болушу ыктымал.

“Чылым чегүү азайып баратканынан улам, тамекинин чылым тартпаган кишилерге тийгизген таасирине байланыштуу изилдөөлөр да азайып баратат, - дейт Калифорния университетинин доценти Кристал Рипплингер (Crystal Ripplinger, UC Davis Health).

- Бирок, АКШда чылым тартуу мурдагыдай эле дарыланчу дарттардын негизги себепчиси болууда. Кишилер автоунаада, үйдө, казинодо, сапарда жүргөндө пассивдүү чылым тартуунун курмандыгына айланууда. Ошон үчүн тамекинин кишинин ден соолугуна жана организмине пассивдүү таасир этүүсүн такай изилдеп турган маанилүү.

12 жумалык эксперимент маалында чычкандар жайгаштырылган камерада тамекинин түтүнү чылым чегүүгө уруксат берилген жайдагыдай деңгээлде болгон.

Бул орунда чычкандар күнүнө беш саат, жумасына беш күн кармалган жана төрт, сегиз, он эки жумадан соң макулуктардын жүрөгү жана канындагы кальцийдин деңгээли текшерилген. Кальций жүрөктүн жыйрылуусун жөнгө салып турат жана бирдей ыргакта (ритм) иштөөсүнө кедерги болот.

12 аптадан кийин береги чычкандардын жүрөгүнүн иштөөсүн тазаланган аба толтурулган камерада кармалган макулуктардын жүрөгү менен салыштырып көрүшкөн. Аларды жарыштырганда, тамекинин түтүнөн дем алган чычкандардын жүрөгү тез кыймылдаганда катуу согуп, бат демигип калышкан. Андан тышкары, пассивдүү чылымкор болгон чычкандардын канындагы кальцийдин деңгээли ылдыйлап кеткенден улам алардын жүрөгүнүн бир ыргакта иштей албаганы аныкталган.

Илимпоздор бул фактыга астейдил мамле кылуу абзел экенин айтышат. Анткени, канында кальцийдин деңгээли төмөндөп кеткен кишилерде жүрөк аритмиясына жана капилет өлүмгө кабылуу ыктымалдыгы жогорулайт.

Аалымдар тамеки түтүнүн үч типке бөлөт: Биринчиси - киши чылым тартып жатканда кошо дем алган түтүн; Экинчиси - башка бирөө чеккен чылымдын түтүнүн кошуп дем алуу (мындай кишилер-пассивдүү чылымкор деп аталат); Үчүнчүсү - тамекинин түтүнү чылымкордун жанындагы кишилердин чачына жана кийимине сиңип калат.

(Булагы: https://medicalxpress.com, https://ehp.niehs.nih.gov)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG