Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Жаннат кушунун ургаачысы күйөө тандайт


Бейиш кушу - Paradisaea minor
Бейиш кушу - Paradisaea minor

Бейиш куштарынын ургаачылары түгөйлөрүн ырдатып, бийлетип тандайт. Булчуңдарды күчтүү кыла турган көнүгүү жүрөккө пайдалуу. Дүйнөдөгү эң кубаттуу супер компьютерлер АКШ жана Кытайга таандык. Байыркы майялардын Тикал шаарында 10 миллионго чамалуу эл жашаган.

Түгөй тандоо - бейиш куштарынын ургаачысынын укугу

Жаннат чымчыктары деген ат менен белгилүү канаттуулардын 40 түрүнүн көпчүлүгү Жаңы Гвинеяда жана Түндүк Австралияда жашайт.

Алардын ургаачылары эркектерин кандай тандаганын билүү үчүн Корнелл университетинин Орнитология лабораториясынын (Cornell Lab of Ornithology-Bird-of-Paradise Project, USA) окумуштуулары окуу жайдын китепканасынын архивиндеги 961 видео жана 176 аудиоклипти изилдеп чыккан. Анын натыйжасында, куштардын жүрүм-турумуна таасир эткен айрым жагдайларды белгилешет:

- Бейиш кушунун эркегинин чалгындарынын (канаты) өңү канчалык көп болсо, ал ошончолук ар түркүн үн чыгарып кубулат.

Эркек куш аткарган бийдин татаалдыгы жана анын үнү бааланат. Мыкты бийчилер аткарган ырларын үндүн кенен диапазону менен коштойт.

Топ ичиндеги эркек куштардын кылчык чалгындарынын өңү демейде бай болот. Бул аларга атаандаштарынан өзгөчө көрүнүүгө жана кемчиликтерин жаап-жашырууга жардамдашат.

Изилдөөгө ылайык, ургаачы куштардын кайсы бир сапаттарга артыкчылык бериши - эркек куштардын турпаты жана жүрүм-турумунун эволюциялык өзгөрүүсүнө алып барат. Бул эркек куштарды ургаачылардан бир кыйла өзгөчө кылат.

Изилдөөчүлөрдүн бири Рассел Лигондун (Russell Ligon) айтышынча, ургаачы куштар эркек куштардын тышкы келбетине катар ырдап-бийлөө жөндөмүнө да чоң маани беришет. Эркек куштун ургаачыларга мамиле кылуудагы мыкты сапаттары (фенотип) анын генетикасы жана айлана-чөйрөнүн таасири астында калыптанат.

Ургаачы кушун түгөйүн жогорудагыдай сапатына карап тандагандыгы, эркегине ургаачыга мамилесин ар тараптан өнүктүрүүгө жана ар кандай эксперимент жасоого кенен мүмкүнчүлүк берет.

Эгер ургаачы чымчыктар эркектердин кайсы бир сапатын же жөндөмүн жогору бааласа, эркектер дал ошол сапатты жашыртууга далалат урушмак. Ургаачы куштун кайсы бир жөндөмгө артыкчылык бериши, аларды түркүн эркек куштар менен жолугуу зарылчылыгынан куткарат.

Ургаачы куштар болочок түгөйүн тандоодо - алардын жерде жана дарактын башында өзүн кандай көрсөтө аларына да көңүл бурат. Корнелл-лабораториясынын «Бейиш кушу» долбоорунун жетекчиси Эдвин Скоулздун (Edwin Scholes) айтымында, жерди байырлаган бейиш куштары дарактын башында жана караган-бадалдарда жашаган куштарга караганда мыкты бийлешип, кыймылы да көп түрдүү болот. (Булагы: https://journals.plos.org, https://www.zmescience.com)

Булчуңдарды күчтүү кылган көнүгүүнүн пайдасы

Жаңы изилдөөлөргө караганда, кишини күчтүү кылган көнүгүүлөр чуркоого же велосипед тепкенге караганда жүрөк оорусунан жана инсульттан жакшы коргошу ыктымал.

Мындай бүтүмдү Гренаданын Ыйык Георгий университетинин (St. George’s University) изилдөөчүлөрү Ден соолук жана тамак-аш боюнча АКШда 2005-2006-жылдары өткөрүлгөн улуттук изилдөөнүн маалыматтарын талдаган соң жасашты.

Изилдөөнүн жыйынтыгы күчтү көбөйтө турган (булчуңду күчтүү кылган) машыгуулар (жерден же полдон эки кол менен түртүлүү (push-up), чоюн жана башка оордуктарды көтөрүү, ж.б.у.с.) спорттун динамикалык түрлөрүнө караганда (желип басуу, жүгүрүү, велосипед тебүү, сууга сүзүү, теннис, волейбол, баскетбол ж.б.) жүрөк-кан тамыр системасын бир кыйла чың кыларын көрсөткөн.

Статикалык көнүгүүлөр кандын басымын жана машыккан адамдын салмагын туруктуу кылып, алардын арасында кант диабетине чалдыккандар азайган.

Деген менен машыгуунун эки түрү тең жүрөк-кан тамыр илдеттеринен коргой турганын эскертишет изилдөөчүлөр. Ушундан улам булчуң көнүгүүлөрүн жүрөктү чыңдоочу көнүгүү же спорттун түрлөрү менен айкалыштыруу сунуш кылынат.

“Клиницист-дарыгерлер бейтаптарга машыгуунун эки түрүн тең кеңеш кылуусу абзел. Статикалык активдүүлүк динамикага караганда алда канча пайдалуу болуп чыкты. Физикалык активдүүлүктүн эки түрүн тең айкалыштырган пациенттердин көрсөткүчтөрү активдүүлүктүн бир түрүнө көп убакыт бөлгөндөргө салыштырмалуу жакшы болуп чыкты”, - дейт статист-эпидемиолог жана доцент Майя П. Смит (Maia P. Smith, Department of Public Health and Preventive Medicine at St. George’s University).

Соңку изилдөөгө ылайык, спорт менен машыккан 21 жаштан 44 жашка чейинкилердин 36% статикалык көнүгүүлөрдү, ал эми 28% динамикалык көнүгүүлөрдү жасашкан. 45 жана андан улуу курактагылар арасында бул көрсөткүч 25 же 21% түзгөн.

Англиянын коомдук саламаттык агенттиги (Public Health England) жарандарга жумасына беш жолу орто интенсивдүү темптеги көнүгүүлөрдү жана эки жолу булчуңдарды чыңоочу көнүгүүлөрдү жасоону сунуш кылган.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://nypost.com)

Дүйнөдөгү эң кубаттуу супер компьютерлер

Дүйнөдөгү эң кубаттуу 500 супер компьютердин тизмеси 11-ноябрда АКШнын Даллас шаарында жарыяланды.

TOP-500 деп аталган береги тизмеде башкы 10 орундун бешөө Кошмо Штаттардын Энергетика министрлигине таандык. Эң кубаттуу компьютерлер Ок-Риждеги Улуттук лабораториянын (Oak Ridge National Laboratory) "Summit" системасы менен Ливермордогу Лоуренс Улуттук лабораториясындагы (Lawrence Livermore National Laboratory) "Sierra" системасы.

Супер компьютерлердин жалпы санын алганда, Кытай бул тизмедеги 227 системага (45%), АКШ - 109 (22%), Жапония 31, Улуу Британия 21, Франция 18, Германия 17 жана Ирландия 12 системага ээ. Тизмедеги башка өлкөлөрдө супер компьютерлеринин саны онго жетпейт.

Супер компьютерлердин суммардык кубаты жагынан биринчи орунда АКШ турат- 38%. Кытайдын компьютерлеринин жалпы кубаты 31% гана түзөт.

Жарыяланган тизмедеги 429 компьютердин өндүрүмдүүлүгү "High Performance Linpack" (HPL) тести боюнча 1 петафлопстан1 жогору. Алты ай мурда мындай 272 компьютер болгон. 100 мыктынын катарына кошулуу үчүн компьютердин өндүрүмдүүлүгү 1.97 петафолис, ал эми суперкомпьютерлердин рейтинг тизмесине кирүү үчүн өндүрүмдүүлүгү 874.8 терафлопис2 болушу шарт.

"Summit" системадагы номер биринчи супер компьютер ирети быйыл июнь айынан бери өндүрүмдүүлүгүн 122.3 петафлопстан 143.5 петафлопско чейин жогорулаткан. "Sierra" жарым жыл арасында өндүрүмдүүлүгүн 71.6 петафлопстон 94.6 петафлопстко жеткирген же үчүнчү орундан экинчиге секирген. Анын натыйжасында Кытайдын Уси шаарындагы Улуттук супер компьютер борборунда орнотулган "Sunway TaihuLight" суперкомпьютери үчүнчү орунга жылган. IBM компаниясы иштеп чыккан бул эки супер компьютер тең "Power9" процессору жана NVIDIA V100 графикалык процессору менен иштейт.

1Петафлопс FLOPS (flops же flop/s) (англ. тилиндеги Floating point Operations Per Second сүйлөмүнөн акроним) – компьютерлердин өндүрүмдүүлүгүн өлчөөдө колдонулчу чоңдук. Ал тийиштүү эсептөө системасы секундасына канча операция аткарганын көрсөтөт.

2Терафлопс (TFLOPS) - компьютерлердин өндүрүмдүүлүгүн өлчөө үчүн колдонулчу чоңдук. 1 терафлопс = секундасына 1 триллион операция аткарат = секундасына 1000 миллиард операция.

(Булагы: https://www.top500.org, https://sciencenode.org)

Байыркы майялардын Тикал шаарынын керемети

Тикал - Мутул падышалыгынын борбору. Юкатан жарым аралында жайгашкан эзелки кент (шаар) 2 миң чарчы чакырым аянтты ээлейт. Окумуштуулар бул аянтты лидардын3 жардамы менен изилдешип, 61480 курулушту: жолдор менен тротуарларды, жасалма арыктарды, коргонуучу чептерди жана түрдүү чоңдуктагы фермаларды табышкан.

Байыркы Тикалдагы археологиялык изилдөө учурунда нурлар дарактар аркылуу өтүп, ташка жана таш коргондун чалдыбарына тийгенде, чагылышып кайра артка келген. Окумуштуулар нурлардын чагылышуусун пайдаланып, байыркы шаардын үч өлчөмдүү моделин курушкан.

Тикал улуттук паркындагы "Чоң ягуар" храмы. Гватемала.
Тикал улуттук паркындагы "Чоң ягуар" храмы. Гватемала.

2 миң чарчы км. аянттагы кентти толук камтуу үчүн 18 археолог тартылган. “Биз өзүбүздү дөдөйдөй сездик. Бул аймакта жүздөгөн жылдар бою иштегенбиз. Бул terra incognita эмес - археологдор кентти узун-туурасынан эчен жолу басышкан. Эми: "Эй, мунун баарын биз кантип көрбөй калдык?” деген суроо жаралат”, - дейт долбоордун жетекчилеринин бири Марчелло Кануто (Marcello Canuto).

Илимпоздордун боолгошунча, биздин замандын 550-830-жылдарында кенттин 1 чарчы чакырымында сексенден бир жүз жыйырмага чейин адам жашаган. Демек 95 миң чарчы чакырым аймакты 7 миллиондон 11 миллионго чейин киши байырлаган.

Ушундан соң Борбордук Американы б.з. 900 жылы каптаган кургакчылыктын интенсивдүүлүгүн эсептөөнүн натыйжасында, майялардын цивилизациясынын кыйроосуна кургакчылык себеп болгон деп тыянак чыгарышты.

1929-жылы бир кездеги Мутул падышалыгынын үстүнөн аэропланда кыдырган америкалык жазуучу Энн Линдберг көөнө кенттин ээн жаткан урандыларын “акылга сыйбас көрөсөн жалгыздык” деп сыпаттаган.

Буга чейин окумуштуулар негизинен эзелки кенттин архитектурасын: майялардын ак сөөктөрү үчүн курулган храмдарын, сарайларын, аянттарын жана саганаларын изилдешкен.

3Лидар - алыстагы объектилер тууралуу маалымат алууга ылайыкталган техникалык шайман. Ал кадимки радар сыяктуу иштейт, бирок объектке радиотолкундардын ордуна жарыктын нурларын жиберет. Бул нурлар объектке чагылышып, кайра артка келгенде, аларды жогорку сезгичтиктеги сенсорлор (приемник) тутуп алышат.

(Булагы: http://science.sciencemag.org, https://www.nytimes.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG