Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Индонезия Анак-Крактау жанар тоосу боюнча жаңы эскертүү жасады


Анак-Крактау жанар тоосу.
Анак-Крактау жанар тоосу.

Индонезиянын бийлиги Анак-Крактау жанар тоосу атылып жатканына байланыштуу мурдагы эскертүүсүн дагы күчөтүп, бардык аба компанияларын бул аймактагы каттамдарын токтотуп турууга чакырды.

"Reuters" жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, бийлик ошондой эле жанар тоо жаңы цунамиге себеп болушу мүмкүндүгүн эскертип, жергиликтүү тургундарды жээктен оолак болууга, бардык коопсуздук эрежелерин сактоого үндөдү.

22-декабрда жанар тоо атылгандан кийин өлкөнүн Ява жана Суматра аралдары ортосундагы кысыкта цунами башталып, бийиктиги үч метрге жеткен суу жээктеги жүздөгөн үйлөрдү, мейманканаларды жана башка имараттарды жууп кеткен. Соңку маалыматтарга караганда табият кырсыгы 430дан ашуун адамдын өмүрүн алды, 150 кишинин дайыны белгисиз. Жабыркагандардын саны бир жарым миңден ашты. Анак-Крактау жанар тоосунан асманга көтөрүлгөн күлдүн бийиктиги 10 чакырымга жетип жатат.

Индонезияда соңку табият кырсыгынан кийин дайынсыз жоголгондорду издеп-куткаруу иштери уланууда. Жабыркаган аймактан 17 миңдей киши коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Куткаруучулардын ишине эки күндөн бери нөшөрлөп жааган жаан да тоскоолдук кылууда.

XS
SM
MD
LG