Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

АКШ: Килауэа жанар тоосу бир нече күндөн бери атылып жатат


Өткөн жума күнү аралда акыркы 40 жылдагы эң катуу жер титирөө болгон.
Өткөн жума күнү аралда акыркы 40 жылдагы эң катуу жер титирөө болгон.

Гавайи архипелагындагы Чоң аралда Килауэа жанар тоосу бир нече күндөн бери атылып жатат. АКШнын Геология институту кечээки жарылуу жаңы кооптуу баскычтын башталышы болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Тоонун айланасында жашаган эки миңден көп киши башка жактарга көчүрүлдү. Айрым жерлерде имараттар талкаланып калды, жолдордо чоң жаракалар кетти. Күл аралаш чаң айлананы каптады.

Өткөн жума күнү аралда акыркы 40 жылдагы эң чоң жер титирөө болгон. Сейсмологдордун айтымында, жер дагы силкиниши ыктымал. Адистер жанар тоо дагы бир нече ай бою атылат деп боолголошот.

XS
SM
MD
LG