Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Көп кыймылдагандар карылыкты тоготпойт


Иллюстрация
Иллюстрация

Чиркей 10 метрге чейинки аралыктан угат. Кан жолго төшөлгөн электр меши музду 15 мүнөттө эритет. Тарыхтагы эң ысык беш жыл. Кыймыл өмүргө даба.

Электр меши бар жолдогу муз 15 мүнөттө эрип кетет

Кан жолду жылытуу технологиясы трассадагы музду 15 мүнөттө эритет жана муз тоңгон жерлер тууралуу Жол көзөмөлдөө борборуна реалдуу убакытта маалымдап турат.

“Кар жаап турган маалда транспорт каражаттарынын кыймылы, шосседеги муздун жана кардын динамикасы автомобилди башкарууга катуу таасир этет. Бул жолдун жээгинде жана көпүрө бар жерлерде айдоочунун жараат алуу же өлүү ыктымалдыгын кескин жогорулатат”, - деди Израилдин SAN Hitech Ltd компаниясынын өнөктөшү Йонатан Элимелех (Yonatan Elimelech).

Кан жолдордогу жана тротуарлардагы музду эритүүнүн автономдуу технологиясы Элимелех жетектеген Snowless долбоорунун алкагында иштелип чыкты. Бул технология боюнча асфальтка же жолдун бетон бетине металл тасмадан жасалган тор жаткырылат.

Туурасы 25 мм металл эритме электр тогу менен жылыйт. Сенсорлор тасманын үстүндөгү температураны көзөмөлдөп, аны аба ырайына жараша автоматтык түрдө ысытат. Ошентип жолдун бетиндеги муз же кар узакка тоңуп жатпайт.

Ош - Мургаб эл аралык жолу кышында. 1-март 2017-жыл.
Ош - Мургаб эл аралык жолу кышында. 1-март 2017-жыл.

Металл тасманы ысытуу үчүн энергия аз кетет. Бул технология Канадада минус 50 °C температурада ийгиликтүү сыналып, азыр пайдаланыла баштады. Элимелехтин айтымында, жолду ысытып, музду пайда кылбай турган технология толукталып турчу энергия менен да иштей берет.

Азыр жолго музду тоңдурбоо үчүн туз чачылат. Туз акырындап темир көпүрө, куур сыяктуу инфраструктуралык объекттерге зыян келтириши этимал.

Швециянын Klimator AB компаниясы иштеп чыккан RSI системасы жолдогу автоунаалардын дөңгөлөгүнүн айланышын өлчөп, сүрүлүүнүн күчүн эсептейт жана жолдун бетиндеги абалды баалап турат.

“Бул моделдин артыкчылыгы: бир нече автокөлүктөн алынган маалыматты аба ырайы, микроклимат, топографиялык зона жана башка жолго таасир этчү факторлор менен айкалыштырып, жолдогу абалды толук билип турат”, - дейт Klimator AB компаниясынын мүдүрү, доктор Торбьерн Густавссон (Torbjörn Gustavsson).

Мунун негизинде жолду техникалык жактан тейлеген фирма зарыл жерлерге кар тазалоочу шаймандарды, же кум, же туз жибериши мүмкүн.

(Булагы: https://horizon-magazine.eu, https://ktelegram.com)

Чиркей жер тыңшаар Мамыттан ашып түштү

Чиркей 10 метрге чейинки аралыктан угат. Муну АКШдагы Корнелл жана Бингемтон университеттеринин биологдору аныкташты.

Буга чейин алыстан угуу үчүн организмге кулактын тарсылдагы керек деп эсептелчү жана изилдөөлөр чиркей дагы башка курт-кумурскалар кылкандай болгон антенналары менен 30 сантиметрге чейин аралыктан угат деп аныктаган.

Бир катар эксперименттердин негизинде Aedes aegypti чиркейи өзгөчө жыштыктагы үндөрдү 10 метрге чейин алыстан уга турганын тастыктаган нейрофизиологиялык жана жүрүм-турум далилдери алынды.

Бул түркүмдөгү чиркейлер сары безгек, денге (Dengue), зика (Zika), Батыш Нил (West Nile) жана чикунгунйа (Chikungunya) сыяктуу оорулардын вирусун жайылтат.

Корнелл университетинин профессору Рон Хоу (Ron Hoy) башындагы илимпоздор чиркейлердин кантип укканын билүү үчүн жөргөмүштөрдүн үндү укчу нейрондорун изилдөөдө колдонулган усулду пайдаланды.

Ургаачы чиркей 400 Гц жыштыкта ызылдайт. Биологдор ушундай жыштыктагы үндү чыгарганда эркек чиркейлер 3 метр алыстан угуп, учуп келишкен.

Чиркейлерде кулагы же угуучу органы жок болгону менен үндүн 150 герцтен 500 герцке чейинки жыштыктагы термелүүсүн ажыратып билет. Киши 20-20 миң герц диапазонунда угат, бирок сүйлөгөндө сөзү 150 герцтен 900 герцке чейинки жыштыкта добуш чыгарат.

Муну да чиркейлер сопсонун угат. Профессор Рон Хоунун айтымында, алар 30 децибелге чейинки үндү сезет. Бул киши сүйлөшүп жатканда чыгарган үндүн күчүнөн алда канча төмөн. Киши сүйлөгөндө үндүн жыштыгы 45 децибелден 70 децибелге чейин жетет.

Үндүн берегидей жыштыгы ургаачы чиркей учуп баратканда канаты чыгарган үндүн, ошондой эле киши сүйлөгөндөгү үндүн жыштыгына дал келет. “Узак мезгилден бери эркек чиркей ургаачы чиркейди канатын какканда чыккан үндөн билет деп эсептелчү”, - дейт Рон Хоу. Илимпоздун айтымында, чиркейлер абада учуп баратып жупташат, эркек чирей ургаачысын канатын күүлөгөндө чыккан үндөн таанып, таап алат.

Кулак тарсылдагы үн толкундары жараткан басымдын эсебинен иштейт. Чиркейлердин муруту белгилүү жыштыкта вибрация болгон абанын бөлүкчөлөрү жараткан үндү сезет. Курт-кумурскалар кишилерди табуу үчүн көмүр кычкыл газы, жыт жана жылуулук сыяктуу сенсордук сигналдарды пайдаланат. Бирок, окумуштуулар эскерткендей, чиркейлердин кишинин үнүн угуу жөндөмү, алар мунусун канын сорчу курмандыгын издеп жатканда пайдаланат дегенди билдирбейт.

Бул илимий табылга өтө сезгич микрофондорду жана угуучу аппараттарды жасаганга жол ачат. Андай аппараттар үн толкуну түрткөн абанын бөлүкчөлөрүнүн ылдамдыгын сезүүчү ичке кылды пайдаланып иштейт.

(Булагы: http://news.cornell.edu, https://phys.org)

Көп кыймылдаган өмүргө даба

Бойдун бийиктиги жана салмак аялдардын өмүрүнүн узундугуна таасир этет. Бул факторлордун эркектерге анча таасир этпесин нидерландиялык окумуштуулардын (Department of Epidemiology, Maastricht University Medical Centre) изилдөөсү көрсөттү.

Денени чыңдоочу көнүгүүлөр аял-эркектердин узак өмүр сүрүшүнө өбөлгө түзөт. Эркектер канчалык активдүү болсо, аларда узак жашоого мүмкүнчүлүк ошончолук жогору болот; аялдар узак жашоо үчүн күнүнө 60 мүнөттү ден соолугун бекемдөөчү көнүгүүлөргө бөлгөнү жетиштүү.

Гормондор, геномдор жана жашоо жолою сыяктуу факторлордон улам аялдар менен эркектердин өмүрүнүн узундугу айырмаланат.

Бул айырмачылыктын себебин дагы терең изилдөө үчүн Маастрих университетинин аалымдары Нидерландиядагы Когор изилдөөсүнүн (Netherlands Cohort Study) маалыматтарын талдап чыгышкан. Алдагы изилдөө 1986-жылы башталган жана 55 жаштан 69 жашка чейинки 120 миң аял-эркекти камтыйт.

Илимпоздордун максаты - аялдар менен эркектердин бою, салмагы, бош убактысында спорт жана башка денени чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасаганы жана 90 жашка жетүү ыктымалдыгы ортосунда кандай байланыш бар экенин билүү эле.

1986-жылы изилдөөнүн 7807 катышуучусу (68-70 жаш курагындагы 3646 эркек жана 4161 аял) 20 жашында салмагы, бою жана бош убактысында ден соолугу үчүн пайдалуу эмне кылганы тууралуу кенен маалымат берген. Атап айтканда, багбанчылык, үйдүн ичин оңдоо, итти сейилдетүү, жөө басуу же велосипед минүү жана башка спорттун түрлөрү күнүмдүк квотага ылайык үч топко бөлүнгөн: 30 мүнөткө чейин, 30 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин жана 90 мүнөт же андан көп.

Изилдөөнүн катышуучулары көз жумганга чейин же 90 жашка чыкканча такай текшерилип турган. Алардын ичинен 433 эркек (16.7%)жана 944 аял (34.4%) 90 жашка чейин же андан узак өмүр сүргөн.

90 жаштагы бою ортодон бийик же 175 см жогору байбичелердин салмагы 20 жаш курагындагыдан аз болгон. Ал эми бою 160 сантиметрден төмөндөр бою узундарга караганда 20 жаштан кийин көбүрөөк салмак кошкон.

Эркектер арасында мындай айырмачылык байкалган эмес.

Күнүнө ден соолукка пайдалуу иштерге 90 мүнөттөн көп убакыт бөлгөн эркектерде 90 жашка жетүү ыктымалдыгы 30 мүнөттөн аз бөлгөндөргө салыштырганда 39% көп болгон.

Күнүнө ден соолугуна пайдалуу иштерди 30 мүнөт кошумча жасаган эркектерде 90 жашка кирүү ыктымалдыгы 5% өскөн.

Ким ден соолугу үчүн пайдалуу ишке күнүнө 30-60 мүнөт бөлсө, анын 90 жашка чыгуу шансы өзүнө 30 мүнөт же андан аз убакыт бөлгөндөргө караганда 21% көп болгон.

Ал эми 90 жаштын кырын аттоону каалаган аялдар үчүн оптималдуу убакыт 60 мүнөт же 1 сааттын чамасы.

Аялдар дене бою жана ден соолукка пайдалуу активдүүлүгүнө байланыштуу маалыматты өздөрү бергендиктен, изилдөөнүн жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн деп эскертишет илимпоздор. Эркектердин дене бою жана жашынын ортосунда эч кандай байланыш жок, бирок ден соолукка ар кандай оорулар, ошондой эле чылым чегүү таасир этери калетсиз.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://jech.bmj.com)

Тарыхтагы эң ысык беш жыл

2018-жыл адамзат тарыхындагы эң ысык жылдардын төртүнчүсү деп расмий түрдө таанылды. Ал эми акыркы беш жылдагыдай (2016, 2015, 2017, 2018, 2014) ысык глобалдык температура каттала баштаган 1880-жылдан бери болгон эмес.

Муну окумуштуулар жылдардын дал келүүсү эмес, Жер планетасындагы тендеция деп аташты. “Бул кабар планета ысып баратканынан кабар берет. Мындай тенденциянын себебин айкын билебиз. Ал акыркы 100 жылда атмосферага бөлүнгөн газдын кесепети”, - деп түшүндүрдү журналистерге НАСАнын Годдард атындагы космостук изилдөөлөр институтунун мүдүрү Гевин Шмидт (Gavin Schmidt,NASA’s Goddard Institute for Space Studies in New York City).

2018-жыл тарыхый жактан катталган төртүнчү эң ысык жыл экенин АКШнын Океандар жана атмосфералык изилдөөлөр боюнча улуттук администрациясы (NOAA) менен НАСА тастыктады. Алар берегидей маалыматты чет өлкөлүк жана көз карандысыз уюмдар менен эки мертебе салыштырып текшеришкенде былтыр Жер жана океандардын бетиндеги глобалдык температура XX кылымдагы орточо температурадан 0,79 градус Цельсия жогору болгонун аныкташкан.

Ансыз деле АКШда климаттын өзгөргөнү айкын байкалган. Себеби, өлкө тарыхында 2018-жылдагыдай ысык жана кургакчылык катталган эмес.

Окумуштуулар демейде глобалдык климаттын кандай өзгөргөнүн билүү үчүн бүгүнкү температураны индустриалдык доорго чейинки 1880-1910-жылдардагы температура менен салыштырышат.

2018-жылкы глобалдык температура береги базалык жылдарга салыштырмалуу 1,06 °C жогору болгон. Ал эми атмосферадагы көмүр кычкыл газынын (CO2) жылдык орточо концентрациясы, Гавайидеги Мауна-Лоа обсерваториясынын эсебине ылайык, 411 промиллиге чейин жеткен. Буга эң негизги шыкакчы көмүр кычкыл газынын таштандысынын дүйнөдө 2,7% көбөйгөнү болгон.

Жайкы ысыктагы күнкарама. Бенкен кыштагы, Швейцария. 6-август 2018-ж.
Жайкы ысыктагы күнкарама. Бенкен кыштагы, Швейцария. 6-август 2018-ж.

Ошол эле кезде 2018-жылы АКШдагы 14чү эң жылуу жыл болду. Европа менен Арктикадагы глобалдык температура жогорулады. Ысыктын айынан деңиз деңгээли көтөрүлүп, кораллдардын өңү сур тартты, тропикалык циклондор күчөдү.

2018-жылы АКШ аба ырайынын жана климаттын өзгөрүшүнөн жабыркап, 14 миллиард доллар чыгым тартты. 2-октябрдан 7-октябрга чейин созулган “Майкл” ураганы жана сентябрда башталып, 17-сентябрда басылган “Флоренция” ураганы АКШга 49 миллиард долларлык зыян келтирди.

Бул эки апааттын чыгымы келечекте дагы такталат. АКШнын батышындагы сезондук өрттөрдүн зыяны бери дегенде 24 миллиард долларга бааланууда. Бул дагы рекорддук көрсөткүч.

"Эгер адамзат көмүр кычкылын атмосферага азыркыдай темп менен бөлө берсе, келечекте анын кесепети оор болот" деп эскертет окумуштуулар.

(Булагы: https://www.climatecentral.org, https://www.zmescience.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG