Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 20:17

Жашыл планета: Кайберен азайып, илбирс жоголду


"Ала-Тай" мамлекеттик жаратылыш паркы.

Кыргызстандын экосистемасы жабыркап, табият өзгөчө камкордукка муктаж болуп турганда кандай иштер жасалышы зарыл? Глобалдык климат өзгөрүп жаткан шартта атом энергетикасы жашыл планетаны сактап калабы?

“Жашыл планета” деп аталган рубрикабызда Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы жана глобалдык алкактагы экологиялык көйгөйлөрдү көтөрүп, алардын биздин турмушубузга тийгизген таасирин талдап, кантип чечүүнүн жолдорун талкуулайбыз.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Ала-Тай" мамлекеттик жаратылыш паркы мындан үч жыл мурда түзүлгөн. Коруктун жалпы аянты 60 миң гектарга чукул жерди ээлейт. Эки көл, он чакты дарыя, асман тиреген тоолор жана чытырман токой каптаган белестерди камтыган корукта соңку жылдары алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

Токойчулукка кызыккан жаштар арбып, жергиликтүү эл корукка өзгөчө мамиле жасайт. Кыш чилдеде да бул жерде иш токтобой, коруктагы жапайы жан-жаныбарлардын санын эсептөө иштери жүрүп жатат.

Корукта эчки-текенин саны жылдан жылга арбып баратат. (Көзөмөлдөөчү камерадан тартылган сүрөт. 4-январь, 2019-жыл)
Корукта эчки-текенин саны жылдан жылга арбып баратат. (Көзөмөлдөөчү камерадан тартылган сүрөт. 4-январь, 2019-жыл)

"Ала-Тай" жаратылыш коругу бизди курчаган жашыл дүйнөгө кам көрүүбуздүн жакшы мисалы.

Бирок ошол эле маалда Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт. Башкача айтканда, Кыргызстанда 26 500дөй түрдүү өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар, вирус-бактериялар жана башка тирүү организмдер кездешет.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги декабрь айында биотүрдүүлүк боюнча кезектеги улуттук баяндасын жарыялады. Мамлекет жаратылышка кам көрүүгө бюджеттен жарым пайызга жетпеген (0,12%) акча бөлөт. Бул каражат экосистеманын деградациясын токтотууга, жайлоолорду калыбына келтирүүгө, токойлорду кеңейтүүгө, жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн камкордукка алууга жетишсиз.

Ага карабай, кыргыз өкмөтүнүн биотүрдүүлүктү сактоо багытындагы маалыматы чеке жылытат. Соңку алты жылда коруктардын аймагы 14 эсе көбөйгөн.

Токойлордун жана жайлоолордун айрым бөлүгү калыбына келтирилип, жапайы жаныбарлардын маалымат базасы түзүлдү. Ысык-Көлгө 120 миңден ашуун чабак коё берилди. Үч миң гектарга чукул аянтка грек жаңгагы тигилди. Ошондой эле жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөргө зыян келтиргендер үчүн 50 минден 150 миң сомго чейин айыппул көтөрүлдү. Коңшу өлкөлөр менен өзгөчө корголгон төрт корук түзүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканы белгилүү болду. Ал аймактарда ак илбирс, кулжа жана марал сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар коргоого алынат.

Глобалдык климат өзгөрүп жаткан шартта атом энергетикасы жашыл планетаны сактап калабы?

Климатологдор белгилегендей, дүйнөлүк коомчулуктун алдында энергиянын жаратылыштан алынган булактарын кийинки 30 жылда кескин кыскартып, абанын табынын ысышын токтотуп, Жер шарын сактап калуу милдети турат.

Албетте, бул ары татаал, ары жооптуу маселеде илимий- технологилык прогресс менен бирге эле коопсуздук фактору алдыга чыгат.

Атом энергиясын өндүргөн дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсү (2017)
Атом энергиясын өндүргөн дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсү (2017)

Ушул тапта энергиянын 80% табигый кен байлыктан же жер алдынан казылып алынат. Жылдан жылга дүйнөдө энергияга керектөө өсүп баратат.

Азамзаттын алдында глобалдык климаттын ысышын 1,5 градустан өткөрбөй кармап туруу менен 2030-жылга чейин атмосферага чыккан уулуу газдарды 45% азайтуунун жолун табуу милдети турат. Элүү өлкө 2050-жылга чейин 100% энергиянын таза булагына өтүү планын жарыялады.

Илимий-технологиялык прогноздор көрсөткөндөй, энергетикалык долбоорлорго бөлүнгөн инвестициянын 80% кайра калыбына келчү энергиянын булактарына багытталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    Сабыр Абдумомунов "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG