Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

“Корголбой кордолгон корук”


Сары-Челек музейи.
Сары-Челек музейи.

Бүгүн “Фабула”, “Кыргыз туусу””, “Слово Кыргызстана”, “Эркин тоо”, “Вечерний Бишкек”, гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити шайлоонун кандай өткөнүн сурап биртоп инсандарга кайрылган. Парламент депутаты Айнуру Алтыбаева “Кыргызстанда жаңы шайлоо системасы иштеп калды”, “айрым аймактарда шайлоонун жеңүүчүсү болуп жаңы партиялар чыгышты”, деп жооп берсе, Болсунбек Казаков “негизинен шайлоону таза жана калыс өттү десек болот. Анча-мынча мыйзам бузуулардын болгонун интернеттен окудум. Бул эми негизинен боло турчу көрүнүш” деп, айтылуу дарыгер Сабырбек Жумабеков “бизде таза, ачык, демократиялык, башкаларга үлгүлүү шайлоо өттү” деп, депутат Мирлан Бакиров жылыш бардыгын, “ошол эле мезгилде кээ бир УШКнын төрагалары, мүчөлөрү шайлоо мыйзамдарын сактабай, процедураларды бузууга жол бергендиги шайлоонун таза өтүшүнө күмөн жаратты” деп жооп беришкен.

Гезит парламент депутаты Чолпон Жакупова жаңы жылга чейин депутаттык мандатын тапшырарын ырастаганын, ага кошумча Баш мыйзам жаңылангандан кийин мамлекеттик институттардын ыйгарым укуктары да өзгөрө тургандыгын, андайда ал орган кайра баштан түзүлөрүн, ошон үчүн “6-чакырылыштын депутаттары өз ыйгарым укуктарын токтотушу абзел” экенин билдирди.

Шайлоодо КСДП партиясы алдыга чыкканы, “Өнүгүү” чыйралып калгандыгы, таң калтырганы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жеңишке илинип калгандыгы ушу кезге чейин табышмак экенин “Фабула” гезити жазды. “Болбосо партияда жарк этип чыга калчу жаркын жүздөр деле көрүнбөйт”, деп белгилейт басылма автору.

Референдум аркылуу демократияга, элдик бийликке чоң кадам ташталганын бүгүнкү “Кыргыз туусу” гезити да жазды. Басылмада журналист Болотбек Таштаналиевдин мыйзамсыз аңчылыктын кийинки кездери жайылып баратышын иликтеген “Кайберендин каргышына ким калат?” деген макаласында ушу тапта аңчылыкка 2030-жылга чейин тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатканы маалымдалган. Автордун ырасташынча, чет элдик аңчылардан жылына Кыргызстан бюджетине 70 миллион сом түшөт. Бирок быйыл 9 ай ичинде браконъерликтин 350 фактысы катталган.

Гезитте Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун “Байтерек баяны” аттуу китебине Бекбай Алыкуловдун “Замандар тогошуусундагы эки тагдыр” рецензиясы, музыка изилдөөчү Камчыбек Дүйшалиевдин Рыспай Абдыкадыров тууралуу “Элдик вокалдын генийи” деген макаласына да орун берилген. “Рыспайдын үнү тенор. Кыргыздарга мүнөздүү лирикалуу тенор. Кулакка жагымдуу угулган тембр. Ачык түстүү шаңкылдаган үн. Диапазону бир октавадан ашат. Кээле жарым үн (фальцет) менен ырдап диапазонун кеңейтет. Ар дайым үндүн, обондогу интонациялык обороттордун кооздолушуна көңүл бурган", деп жазат автор.

Экология көйгөйүнө бүгүнкү “Эркин тоо” гезити да кайрылып, “Корголбой кордолгон корук” деген Жаркынай Эргешбаеванын макаласын басты. Бир кезде Сары-Челек биосфералык коругу деп бекем кайтарылган жердин ушу тапта кейпи кетип, адам менен мал саны көбөйүп, бак-дарактар кыйылып, мыйзамсыз аңчылык күчөп кетти. Коруктун кызматкерлери курал көтөрүп жүрүшөт, суур, суусар кармашып терисин 5000 сомго чейин сатып жатышса мурдагы алты жүздөй бугунун элүүдөйү эле калган. “23,8 миң чарчы чакырым аймакта 700 гана жаныбар калды деген эмне шумдук? Жаратылышка ушундай мамиле улана берсе, дагы 15 жылдан кийин Сары-Челекте жетимсиреп көл анан ага кеткен сары жол эле калышы мүмкүн”, деп жазат Жаркынай Эргешбаева.

Шайлоо жыйынтыктары Кыргызстанды парламенттик системага дагы бир кадам жакындатканын бүгүнкү “Слово Кыргызстана” гезити да кабарлады.

Кыргызстандыктарды массалык нааразылык, революциялар, сүрмөтоп чогулган жыйындар меен таң калтырыш кыйын, деп белгилейт Сергей Сидоров “Косой деген базарком” аттуу ушул эле гезиттеги макаласында. Капыс чыккан калаба социализм заманында деле болгон. Айтса, а кездеги Фрунзеде 1967-жылдын 17-майында баш калаада массалык башаламандыктын чыгышына алагүү аскердин шыкактоосунан шаар кыйлага өзүнө келе албай чайпалып турган. Анын натыйжасы милициянын 12 машинеси, 15 мотоциклы өрттөлүп, 3 милиция кызматкери жарадар болушуна алып келген. Жалпысынан массалык башаламандыктан 40ка жакын тартип сакчылары жабыркаган. Чатак азыркы Жеңиш аянтында, мурдагы заманда колхоз базары деп аталган жерде ичкилик ичип чатак салган эки жоокерди милиция кармап кетишинен, алардын бирөөсүнүн чагымчылыгынан башталган. А кездеги бийлик кандуу калабаны шыкактоочулар менен артында кимдер башкарып турганын так аныктап, баарын мыйзам чегинде жазалап, окуядан сабак алган.

Референдумга катышкан шайлоочулардын көпчүлүгү өзгөрүүлөрдү колдогонун бүгүнкү “Вечерний Бишкек” гезити да жазды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG