Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Оштун ойрондолгон бактары


Кыйылган бактардын орду.
Кыйылган бактардын орду.

Беш күндүк эс алуу күнү Ош шаарында уруксатсыз дарак кыюу менен коштолду. Жергиликтүү көзөмөл органдары эс алуунун айынан катары менен кыйылган дарактарды аңдабай калышканын айтышууда. Ал арада шаарда корукка алынган бактар эсепке алынбаганы да кашкайып чыкты.

Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү “Топспорт” деген дүкөндүн тушунда, жол боюна катар тигилген 16 түп дарак кыйылып кетти.

Кыйылган бактардын орду аңырайып ачылып калганы көрүнгөн видео Интернетке тарагандан кийин гана ага коомчулуктун көңүлү бурулду. Интернет колдонуучулардын көбү “дарактарды кыюга жергиликтүү бийлик эле уруксат берген” деп шектенип жатканын жазышты. Бирок Ош шаарынын мэриясы жол боюндагы 16 түп сопсоо даракты кыюга уруксат бербегенин билдирди.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Ош шаардык башкармалыгынын адиси Арын Эсенбаев жол боюндагы дарактарды көз көрүнөө кыркып салган кенебестикке биринчи жолу күбө болгонун айтты:

16 бакты кыйгандардын жазасы оор.

- Беш күндүк эс алуу күнү болуп, көзөмөл органдары иштебей калышканын пайдаланып кыркып салышыптыр. Мен эколог катары бул ишканада 20 жыл иштеп, чоң жолдун боюнан 16 даана сопсоо даракты катары менен кыйып салганын биринчи жолу көрүшүм. Жолдун боюнан мэрия өзү да кыя албайт да! 16 бакты кыйгандардын жазасы оор. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, эки жылдан беш жылга чейин камалышы керек. Эгерде мыйзам иштесе, дарак кыйгандардын жазасы ушундай.

Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгы бактарды кыйгандардын иши прокуратурага өткөрүлүп берилерин билдирди. Мекеменин өкүлү Асанбек Мамырайымов кыйылган дарактардын куну эсептелип бүткөнүн айтты:

- Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жолдун боюнан 16 түп дарак катары менен кыйылганы аныкталды. Дарактардын чоңдугун эсептеп чыкканыбызда келтирилген зыяндын көлөмү 40 182 сом болду. Эми ал ишти биз укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Алар бул кылмышка кандай баа берүүнү өздөрү чечишет.

Оштогу экология боюнча маалымат такталарынын бири.
Оштогу экология боюнча маалымат такталарынын бири.

Ал арада Ош шаарынын Ленин жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде турган “Алай” мейманканасынын жанындагы бактар да түп-орду менен кыйылып кеткени кабарланды. Экологиялык коопсуздук инспекциясы “Алай” мейманканасынын алдындагы кыйылган дарактардан кабары жок болуп чыкты. Бирок шаардык экологияны коргоо башкармалыгынын башкы адиси Арын Эсенбаев "Алай" мейманканасына төрт түп гана даракты кыйганга уруксат берилгенин билдирди.

Булар мен уруксат бергенге кошуп, жол тарапта катар турган дарактарды да кыйып салышыптыр.

- Мына, Чыңгыз деген жигит “Палван” ЖЧКнын атынан “Алай мейманканасынын алдында турган алты түп куурап калган дарактарды алдырып берүүңүздөрдү суранам” деген кат менен келген. Мен ал кат боюнча өзүм барып, алты эмес, төрт гана түп даракты кесүүгө уруксат бергенмин. Бир дарак имаратты басып калчудай болуп турган. Дагы эки дарак куураган, үчүнчүсү туянын жанында экен. Ошол төрт даракты кыйганга гана уруксат бергенмин. Булар мен уруксат бергенге кошуп, жол тарапта катар турган дарактарды да кыйып салышыптыр. Ал мыйзамсыз, уруксатсыз.

Ош мэриясы шаардагы бактардын сакталышы боюнча жыйын куруп, шаардык экологияны коргоо башкармалыгын жана Мамлекеттик экотехинспекциянын шаардык башкармалыгынын маалыматын укту. Бирок мэрия дарактардын сакталышы боюнча азырынча жыйын кургандан башка конкреттүү ишке өтө элек. Вице-мэр Жасур Азимов бактарды каттоого алуу пландалып атканын билдирди:

Жасур Азимов.
Жасур Азимов.

- Азыр мен шаардагы дарактарды видео каттоого алуу тууралуу сунушту жазып алдым. Экология жана башка деген кызматтарыбыз жүрөт. “Эмне иш аткарып атасыз?” деп сурасак, “эми биз уруксат берип коебуз” дешет. Азырынча дарактарды каттоого алууну кайсы кызмат аткарарын билбейм. Аны экологияны коргоо башкармалыгы кылат деп ойлойм.

Эколог Абдыжапар Акулов Ош шаарында дарактарды тонналаган чаң басып, кычкылтек өндүрүп турган бактар аз экенине токтолду.

- Ош шаары Европадагыдай нымдуу эмес. Абабыз кургак. Ошондуктан бизде чаң көп болот. Жаманбы-жакшыбы, биздеги тал-теректер деле абаны тазалоого опол тоодой жардам берип турат. Жалбырагы көп дарактар абаны тазалагандан сырткары тонналаган чаңды, шаардагы машинелердин ызы-чуусун да басат. Кыскасы бизде акыл-эстүүлүк менен пландалган экосистема жок, азырынча. Даракты кыйса, ордуна андан көрктүү эмне эгет?

Буга чейин Ош шаарынын түштүк-чыгыш кичи шаарчасындагы эс алуучу жай толугу менен жоюлуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр курула баштаганда жергиликтүү бийлик ага тоскоол боло алган эмес. Ош шаарында али да жаңы жерлерди жашартып, бак кылуу планы жарыялана элек.

Калаада расмий түрдө 350 миңдей адам туруктуу жашайт. Шаар ичинде күн сайын 150 миңдей машине жүрөт. Экологдор арасында “жетилген бир түп дарак үч адам дем алчу кычкылтек бөлүп чыгарат, андыктан бир бакты кесүү үч адамды өлтүрүү менен барабар” деген пикир да айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG