Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:25

Ысык чай - кызыл өңгөчтүн душманы


Арстанбаптын чайханасындагы чай ичип, баарлашып отурган тааныштар. 14-август, 2013-жыл.

Чайды ысык ичкен кызыл өңгөчкө зыян. Австралияда 50 жыл тоңуп турган шаабат менен 34 кой уруктандырылды. Эң алсыз сигналдарды кармачу кванттык радио. Баскетболчудай таамай топ ыргыткан робот-баскетболчу.

Австралияда 1968-жылдан бери тоңдурулган абалында сакталып турган шаабат (сперма) меринос тукумундагы 34 койду уруктандырыш үчүн пайдаланылды. Шаабаттар суюк азот куюлган челектерде минус 196 градус температурада сакталган.

«Бул тоңдурулган абалында узакка сакталган шаабат жашап кеткенге жөндөмдүү экенин айкын көрсөттү. Суюк азотто 50 жыл сакталганына карабай, шаабаттын уруктук касиети сакталганын натыйжалар ырастоодо, - деп билдирди Сидней айыл чарба институтунун жана Сидней университетинин доценти Саймон де Грааф (Simon de Graaf, Sydney Institute of Agriculture). - Козулардын денесинде пайда болгон тырыштар өткөн кылымдын ортосундагы меринос койлор үчүн мүнөздүү эле. Мындай касиет оболу теринин аянтын жана жүн өскөн сыртты болушунча арбытыш үчүн тандалган. Койдун терисиндеги тырыштары жүн кыркууну кыйындатып, чымындын личинкаларынын уялоо мүмкүнчүлүгүн жогорулаткандыктан, андан бери мериностун алдагы түрү популярдуулугун бир кыйла жоготту».

«Биз муну дүйнөдөгү бардык жандыктардын арасындагы жашоого жөндөмдүү жана тукумдук үчүн пайдаланылган эң кары шаабат деп эсептейбиз», - дейт доктор Жессика Рикард айым (Jessica Rickard).

Донор лордун бири, кочкор «Фредди мырза». 1969-жыл.
Донор лордун бири, кочкор «Фредди мырза». 1969-жыл.

Доцент де Граафтын айтымында, окумуштуулар эми асыл тукум кой чарбачылыгынын соңку 50 жылында жүн өстүрүүдө жетишилген генетикалык прогресске саресеп салып, пайдаланылбай калган ресурстарды аныктай алышат.

«Бул эксперименттин таң каларлык жагы: 50 жыл тоңдурулган шаабат менен 1 жыл тоңдурулган шаабаттын эч айырмасын таппадык», - деди доктор Рикард. Уруктандырылган 56 койдун ичинен 34 кой боозуган. 19 кочкордун бир жылдык шаабаты менен 1048 кой уруктандырылып, 618 кой боозуган. Ошондо 50 жылдык шаабаттын боозутуу көрсөткүчү 61%, а 12 айлык шаабаттыкы - 59% болот.

Меринос койлорунун шаабаттарынын үлгүсүн жергиликтүү фермер Уокердин үй-бүлөсү Сидней университетине тартуу кылган. Төрт кочкорго, анын ичинде 1964-жылы туулган «Фредди мырза» деген кочкорго таандык шаабаттардын үлгүлөрүн доктор Стивен Саламон (Steven Salamon) 1968-жылы тоңдуруп койгон эле.

Уокерлер азыр да Түштүк-Чыгыш Австралиянын Жаңы Түштүк Уэлс штатындагы Ясс түздүгүндөгү чарбасында 8000 кой кармашат жана Сидней университети менен койлорду илимий жолдор менен багуу жагынан үзүрлүү кызматташат. (Булагы: https://phys.org/news, https://www.sciencedaily.com, https://sydney.edu.au)

Эң чабал сигналдарды кармай алчу кванттык радио

Нидерланд окумуштуулары эң кубатсыз радиосигналды укканга жол бере турган кванттык схеманы (радиоприемник) жасашты. Делфт технологиялык университетинин профессору Гэри Стил (Gary Steele) баштаган изилдөөчүлөрдүн жаңы табылгасын келечекте радиоастрономияда жана медицинада колдонсо болот. Ал окумуштууларга кванттык механика менен гравитациянын ортосундагы карым-катнашты изилдеген эксперименттерди жүргүзүүгө да жол ачат.

Күчсүз радиосигналдар - тийиштүү радиотолкунду кармоого аракет кылган адамдар үчүн чоң тоскоолдук. Бул кыйынчылык медицинада магниттик томография технологиясы жана Аалам койнун изилдеген радиотелескоптор үчүн да мүнөздүү. Азыр алсыз сигналдарды күчөтүү максатында атайын күчөткүчтөр пайдаланылат. Бирок күчөткүчтөр пайдалуу сигналды кубаттуу кылып жатып шуулдаган үн чыгаргандыктан, алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Жаңы радиокабылдагычка, кванттык механиканын постулатына ылайык, энергияны кванттык деп аталган белгилүү бир өлчөм (доза) менен берсе болот.

«Селкинчекте отурган баланы элестетиңизчи. Классикалык физиканын көз карашына ылайык, бала ого бетер ылдам күүлөнүшүн жана термелүү серпимин көбөйткүм келсе, мен баланы түртүшүм керек. Бул балага чоң энергия берет. Ал эми кванттык механиканын постулатына ылайык, мен ар бир жолу баланын энергиясын бир гана «кванттык кадамга» көбөйтө алам. Энергияны жарым квант же андан да майда бөлүктө берүү принципиалдуу түрдө мүмкүн эмес», - деп түшүндүрөт улук изилдөөчү Марио Жели (Mario Gely).

Реалдуу жашоодо береги кванттык дозалардын энергиясы аябай эле аз болгондуктан, селкинчекте отурган баланын термелүүсүнө олуттуу таасир этпейт. Акыркы убакка чейин бул жобо радиотолкундар үчүн да мүнөздүү деп эсептелчү. Бирок нидерланд аалымдары жасаган жаңы радио алсыз радиотолкундарды кванттык деңгээлде кармай алат.

Маалымдалганга караганда, жаңы кабылдагыч үчүн кванттык механикага жана массага, гравитацияга тиешелүү адаттан тыш эффекттер мүнөздүү. Кванттык магнетизм теориясы дээрлик 100 жылдай мурда иштелип чыккан. Бирок азыркыга чейин кванттык механика менен гравитация түшүнүгүн айкалыштыруу проблемасы менен алек.

«Биздин кванттык радиобузду пайдаланып, оор объектилердин кванттык термелүүсүн башкарганга жана укканга аракет кылабыз. Бул бизге квантты механика менен гравитацияны аралаштырганда эмне болорун эксперименталдык жол менен изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет», - дейт Марио Желли. - Мындай эксперименттерди жүргүзүү абдан татаал. Анткени бизге кванттык суперпозициянын абалын мейкиндиктик-убакыттык континуумда (бир туташ чөйрө) түздөн-түз текшерүү зарыл болот. Бул бүгүнкү илимдеги таптакыр жаңы түшүнүк. Ал биздин кванттык механика теориясы менен Альберт Эйнштейндин Салыштырмалуулуктун жалпы теориясы жөнүндөгү түшүнүгүбүздү тээ алдыга жылдырышы мүмкүн».

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://phys.org)

Ысык чай кызыл өңгөчкө зыян

Чайды ысык ичкенден кызыл өңгөчтүн жалпак формадагы клеткаларында өсмө (рак) илдетине (Esophageal cancer) чалдыгуу коркунучу дээрлик 90% жогорулайт. Бул жөнүндө изилдөөнүн жетекчилеринин бири, доктор Фархад Ислами маалымдады. Фархад Ислами - АКШнын өсмөнү изилдөө коомунун Өсмөнү көзөмөлдөө долбоорунун стратегиялык директору (Dr. Farhad Islami, Strategic Director of Cancer Surveillance Research at the American Cancer Society).

Кызыл өңгөчтүн жалпак клеткаларынын өсмө дарты – кызыл өңгөч шишигинин эң кеңири жайылган түрлөрүнүн бири.

Буга чейинки изилдөөлөр ысык чай ичкен кызыл өңгөчтүн жалпак клеткаларында өсмөнүн өнүгүшүнө огожо болорун аныктаган. Бирок окумуштуулар чайдын өлчөнгөн ысык температурасы кызыл өңгөчкө кандай зыян келтирерин изилдешкен эмес болчу.

Азыркы изилдөөнүн баштапкы этабында Түндүк-Чыгыш Ирандын Гүлистан аймагындагы 50 045 киши чайды бекитилген усул менен ичишкен. 2004-2008-жылдары өткөрүлгөн бул изилдөө маалында 40 жаштан 75 жашка чейинки тургундардын чай ичүү адаты да изилденген. «Биз изилдөөнүн эң башында ичилчү чайдын объективдүү жана субъективдүү өлчөнгөн температурасы менен кызыл өңгөчтүн жалпак клеткаларындагы рактын өнүгүү коркунучунун ортосундагы байланышты талдап чыктык», - деп эскертишет окумуштуулар. 2004-2017-жылдары кызыл өңгөчтүн жалпак формадагы клеткаларынын өсмөсү менен ооруган 317 киши катталган.

Күнүнө Цельсий боюнча 60 градустан төмөнкү температурада 700 миллилитрден аз чай ичкен адамдарга салыштырганда 60 градустан ысык температурада 700 миллилитр чай ичкен адамдарда өсмөнүн аталган түрүнө кабылуу коркунучу 90% жогору болгон.

«Көп адамдар чай, кофе жана башка ысык ичимдик ичкенди жакшы көрүшөт. Бирок чайды өтө эле ысык ичүү кызыл өңгөчтүн жалпак клеткаларынын өсмөгө кабылуу коркунучун күчөтүшү мүмкүн. Ошон үчүн ысык суусундуктар сууганча күтө турган жакшы», - дейт доктор Фархад Ислами.

Кызыл өңгөчтүн жалпак клеткаларынын шишигине чылымдын түтүнү, алкоголдук ичимдик жана кислота рефлюксынан (ашказанда ачыган тамак-аштын кызыл өңгөчкө ашып кетүүсү) кайра сезгенүү, балким ысык суюктуктар себеп болот.

Кызыл өңгөч (латынча аталышы оesophagus, Американын англис тилинде esophagus).
Кызыл өңгөч (латынча аталышы оesophagus, Американын англис тилинде esophagus).

АКШнын Өсмөнү изилдөө коомунун эсебинде, Кошмо Штаттарда 2019-жылы кызыл өңгөчтүн өсмө илдетине жаңы кабылды деген диагноз 3900 эркекке жана 3900 аялга коюлат.

Кызыл өңгөчтүн жалпак клеткаларынын өсмө илдети - дүйнөдө рактын сегизинчи көп жайылган түрү. Өсмөнү изилдөө боюнча эл аралык агенттиктин маалыматы боюнча, жылына бул дарттын айынан болжол менен 400 миңдей адам акыретке кетет.

АКШ менен Европада чайды Цельсий боюнча 65 градустан ысык ичкендер сейрек кездешет. Бирок андан ысык температурада чай ичүү Орусия, Иран, Түркия, Түштүк Америка үчүн кеңири жайылган көрүнүш.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://edition.cnn.com)

Баскетболчудай таамай топ ыргаткан робот

«Cue 3» деп аталган робот-баскетболчуну Жапониянын «Toyota Motor» корпорациясы жасап чыкты. Ал тулкусундагы сенсорлордун жардамы менен топ салынчу тордун үч өлчөмдөгү сүрөтүн «көз алдына келтирип», аралыкты эсептейт жана моторун топту туура ыргытканга ыңгайлаштырат. Робот-баскетболчунун мотору каруусунун ичине жана тизе бөлүгүнө орнотулган.

1-апрелде Токиодо болгон сынак-көрсөтүүдө «Cue 3» үч упайлык аралыктан сегиз жолу топ ыргытып, беш жолу торго түшүрдү. Кесипкөй баскетболист, Жапониянын Олимпиадалык тандалмасынын мүчөсү Юдай Баба (Yudai Baba) болсо сегиз топтун экөөнү торго түшүрө албады. Оюнчу «робот-баскетболчу дагы бир нече амалды (трюк) мыкты үйрөнсө, аны өз командасына кошуп алууга даяр» экенин айтып, бирок «азырынча робот баскетболду кишилердей ойной албайт» деди.

Гуманоид топту торго үстүнөн салыш үчүн жүгүргөндү, секиргенди жана топту жерге секиртип алып жүргөндү да билиш керек. «Toyota Motor» корпорациясынын инженери Томохиро Номинин (Tomohiro Nomi) айтымында, технологиялык прогресс азыркы арышынан жазбаса, робот мындай жөндөмгө 20 жылда ээ болот.

Стэнфорд университетинин Робоотехника лабораториясынын башчысы, проф. Уссама Хатибдин (Oussama Khatib, Stanford University, USA) айтымында, топту торго түшүрүү үчүн роботто мыкты көрүү системасы болуп, топтун траекториясын эсептеп жана топту таамай ыргыта билиши зарыл.

Жапониялык компаниялар гуманоиддерди жасоо боюнча өтө жигердүү иштешүүдө. Буга чейин кыл кыякта ойногон, киши менен маектеше алган жана башка роботтор көрсөтүлгөн.

Эксперттердин айтымында, кишинин кыймыл-аракетин кайталай алган роботторду түрдүү тармактарда, анын ичинде түшүм жыйноодо, почта кызматында, завод-фабрикаларда жана кампаларда колдонсо болот.

«Toyota Motor» корпорациясынын атандашы «Honda Motor Cor» 1980-жылдан бери өзү басчу роботтун үстүнөн иштөөдө. Андай робот кадимкидей жүгүргөндөн башка жолундагы тоскоолдуктарды айланып өтөт, киши менен саламдашат, суусундук куюп алып, аны табакка салып, дайындаган адамыңызга жеткирет.

(Булагы: https://www.japantimes.co.jp, www.apnews.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG