Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:26

Илим: Акча менен абийирдин күрөшү


Иллюстрациялык сүрөт.

Жердеги жашоо жана Айдын жаралышы тууралуу жаңы теория. Мораль акчага кантип каршы турат? Сперматозоиддер арасындагы атаандаштык. Окумуштуулар магниттин жаңы түрүн ачышты.

Киши өз турмушунда моралдык баалуулуктарга таянып иш кылат. Бирок, кишинин жакшы ниетине акча тоскоол болушу мүмкүн дешет Цюрих университетинин окумуштуу-нейроэкономисттери.

Профессор Кристиан Рафф (Christian Ruff from the Zurich Center for Neuroeconomic, UZH) башындагы илимпоздор мээнин кайсы бөлүгүндө моралдык жана материалдык мотив ортосундагы конфликт жөндөлөрүн аныкташты. Аракеттин же жүрүм-турумдун мотивин ачык талкуулоого тыюу салынган шартта, кишинин аракети социалдык мүнөзгө ээ болорун өйдөдөгү изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөн. Атап айтканда, киши соопкерчиликке акча берип же коомдук жумуштарды ыктыярдуу аткарып, бөтөн бирөөлөрдүн кызыкчылыгын өз мүдөөсүнөн жогорку коёт жана моралдык баалуулуктун пайдасы үчүн материалдык кызыкчылыктан баш тартат.

Окумуштуулардын аныкташынча, адамдар моралдык жагын ойлоп, жакшы жөрөлгөлөрдү колдогонду артык көрүшөт жана жаман, зыяндуу иштерди колдоону каалашпайт. Бирок, акчалай стимулга байланыштуу бир учурда жүрүм-туруму өзүмчүлдүк нукка ооп кетет.

Эгер биз мээге моралдык жана акча менен өлчөнгөн баалуулуктар тууралуу ойлонгонго мүмкүндүк берсек, адамдар өздөрүнүн моралдык ынанымын карманат жана финансылык стимул чоң суммада болсо да, тутунган моралдык принцибин өзгөртсөмбү же жокпу деп, эки анжы болбойт”,- деп түшүндүрөт Кристиан Рафф.

Муну абдан маанилүү илимий ачылыш деп эсептеген нейроэкономист: “Принцибинде, адамдар финансылык кызыкчылыктарын интуитивдик деңгээлде башкаруусу жана альтруисттик жолду ойлонуунун натыйжасында гана тандашы да ыктымал”,-деп кошумчалайт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.media.uzh.ch)

Сперматозоиддер арасындагы атаандаштык

АКШнын Корнелл университетинин окумуштуулары аялдардын репродуктивдик трактынын стриктурасынын (лат. strictura — кысуу) модели менен эксперимент өткөрүштү. Максат - кишинин жана буканын сперматозоиддери өздөрүн репродуктивдик трактта кандай алып жүрөрүн байкоо эле.

Стриктура (лат. strictura — кысуу) - аялдын репродуктивдик трактынын кууш боло баштаган бөлүгү жана “эң күлүк”, атаандаштыкка жөндөмдүү сперматозоиддерди тандоодо фильтрдин милдетин аткарат.

Эякуляция (энектен сперма, эрендик, шаабат бөлүнгөндө) учурунда кеминде 40 миллион сперматозоид бөлүнөт. Ошол учурда алардын жашоого эң жөндөмдүүсүн ылгап алчу механизм иштейт. Андан башка да аялдын организми сперматозоиддердин агымына каршылык көрсөтүп, иммундук системасы алардын чабалдарына “чабуул” жасайт.

Мындай гипотезаны текшерүү үчүн чакан микрофлюиддик модель түзүлүп, ал аялдын репродуктивдик трактынын иштөө принцибин иммитация кылган. Окумуштуулар тракттын ичине сперматозоидди бүркүп, алар тракттын кууш бөлүгүндөгү агымда өздөрүн кандай алып жүрөрүнө байкоо салышкан. Сперматозоиддердин эң күлүктөрү 84,2 микрометр / секунда ылдамдык менен жылган.

Ошондо кишинин жана буканын сперматозоиддеринин жүрүм-туруму көп айырмаланган эмес, бирок алардын көбү кууш трактта артка сүрүлүп салынган.

Бул эксперименттин жыйынтыгы жөнүндө: "Эгер сүт эмүүчүлөрдүн репродуктивдик системасын карасаңыз, жумуртка клеткасына кеткен каналдардын чоңдугу туруктуу эмес экенин көрөсүз. Ал кээ бир жерде абдан кууш болгондуктан, бир нече гана сперматозоид өтө алат. Сперматозоиддердин жасалма каналдан сүзүп баратканы бизди таң калтырды. Каналдын кууш жеринде алар үйүлгөнгө аргасыз болду. Ошон үчүн “күлүк” сперматозоиддер стриктуреге жана бири бирине жуук карманышты, а жай козголгондорун агым алып кетип жатты жана алар ар кайда чачырап жүрүштү”,-деди доцент Алиреза Аббасспуррад (Alireza Abbaspourrad).

Ошентип, кууш тракт чабал сперматозоид үчүн барьер катары “аракеттенет”. Натыйжада, биофизик-аалымдын айтышынча, аялдар ушундай жол менен күчтүү, дени соо эрендикти тандап алат.

Эрендик репродуктивдик тракт - жыныс коңулу, жатындын моюну, жатын жана фаллоп түтүгү аркылуу түрдүү ыламдыкта ылдый карай аккан суюктуктан сүзүп өтөт.

Изилдөөнүн жыйынтыгы, профессор-андролог Аллан Пейсинин (Allan Pacey, University of Sheffield, UK) түшүндүрүшүнчө, “эң күлүк, демек, эң жакшы делген эрендик кууш жерде суюктуктун агымына каршы сүзүп өтө аларын көрсөттү. Бул ачылыштын биологиялык мааниси: аялдын репродуктивдик тракты жумуртка клеткасына эң мыкты эрендиктин киргенин камсыздоого жөндөмдүү экенин түшүнүүгө жардамдашат”.

Буга чейинки изилдөөлөр сперматозоиддер, эреже боюнча, жумуртка клеткасына жетүү үчүн тракттын капталы менен жыларын көрсөткөн. Бирок, тракттын кууш жерлери сперматозоидге кандай таасир эткени мурда изилденген эмес.

(Булагы: https://www.news-medical.net, https://www.sciencenews.org)

Окумуштуулар магниттин жаңы түрүн ачышты

Нью-Йорк университетинин (НЙУ) окумуштуулар тобу жаңы типтеги магниттин алгачкы ишенимдүү прототибин табышты. Илимий табылга маалыматтарды сактоо технологиясынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Жаңы синглеттик магнит кадыресе магниттерден күчтүү магниттик талаа түзө алганы менен айырмаланат. Синглеттик негиздеги магниттин талаасы бирде пайда болуп, бирде жоголуп, күчү бейстабилдүү болгону менен потенциалы кадимки магниттерге караганда алда канча ийкемдүү келет.

Домен - магниттин кристаллындагы макроскопикалык область. Анын атомдорунун электрондорунун айлануу саны - спини коңшу домендердин спиндеринин электрондорунун карама-каршы жагына оодарылган. Бул домендер бир бүтүндү түзгөндүктөн жеке атомдун электрондорунун спинине маалымат жазылбайт. Ошон үчүн илимпоздор маалыматты сактоонун магниттик системасынан такыр бөлөк усулдарды издөөгө аргасыз.

НЙУнин окумуштуулары урандын, висмуттун жана сурьманын түрдүү кошундулары менен эксперимент жасап жатып, магниттик жана электр жыйнагыч касиети бар заттар менен дембе дем байланыш түзгөн. Рентген спектроскопту пайдаланып, уран менен сурьма кошулганда доменге ээ болбой туруп, адаттан тыш магниттик касиетти жаратканын аныкташкан.

Бирок, окумуштуулар “спиндүү экситон” деп аталган убактылуу магнит моменти ылайыктуу жагдайда электрондор кагышып пайда болорун айтышат. Бу типтеги магниттер бар деген идея 1960-жылдары алгач айтылган.

“Спиндүү экситон жалгыз кезде кыска мөөнөт жоголуп кетме адаты бар. Бирок, теория боюнча, алар көп болгон кезде бирин бири стабилдештирип, көп сандагы каскад сымак спиндүү эскитондордун пайда болушуна катализатор катары өбөлгө түзөт”, - дейт доцент Эндрю Рэй (Andrew Wray, New York University).

Береги идеяга ылайык, электрондор кээ бир материалдардын ичинде кагылышып кетсе, өзгөчө зонаны пайда кылат. Бул зонада спиндердин бөлүкчөлөрү жалаң өйдө же жалаң ылдый багытталган болот. Андай электрондордун ар бири - классикалык домендерден айырмаланып - көз карандысыз болгондуктан, мындай магнит өтө бейстабилдүү болот дешет илимпоздор.

Окумуштуулар нейтрондордун чачырандысын, рентгендик чачырандыны жана теориялык моделдөөнү пайдаланып, USb2 магнити менен синглеттик негиздеги магниттин теориялык мүнөздөмөсү ортосунда байланыш түзүштү. Бул табылга маалымат сактоочу магниттик технологиялардын иштөөсүн тездетет деген ишенимде окумуштуулар.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.sci-news.com)

Жашоонун жана Айдын жаралышы тууралуу жаңы теория

Жерде жашоо планеталардын массалык кагылышуусунан соң башталган. Бул кагылышуудан кийин Ай пайда болгон. Мындай теорияны АКШнын Райс университетинин Раждип Дасгупта (Rajdeep Dasgupta, Rice University) жетектеген илимпоздору иштеп чыкты.

Изилдөөгө ылайык, Жер өзүндөгү жашоо үчүн керектүү көмүртек, азот жана башка элементтердин чоң бөлүгүн планеталардын кагылышуусунун натыйжасында алган. 4,4 миллиард жыл мурда болгон ошондой кагылышууда Ай жаралган.

“Жөнөкөй метеориттерди изилдөөлөр Күн системасынын ички облусундагы Жер жана башка таштуу планеталар учма заттарга жарды экенин көрсөткөн. Бирок, учма заттардын пайда болуу убакты жана механизми боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. Биздин биринчи сценарий учма заттардын пайда болуу убактын жана мөөнөтүн бардык геохимиялык маалыматтарга төп келгендей кылып түшүндүрө алат” -дейт проф. Раждип Дасгупта.

Аспирант-изилдөөчү Даманвир Грюал (Damanveer Grewal) жыйнаган далилдер Жердеги учма заттар эми жаралуу этабындагы же түйүлдүк (эмбрион) абалындагы жана ядросу күкүрткө бай планета менен болгон кагылышуунун натыйжасында пайда болгонун тастыктаган.

Донор планетанын ядросу күкүрткө бай болгону абдан маанилүү. Анткени буга чейин Жердин ядросунун пайда болуусуна байланыштуу эксперименттер аз өткөрүлүп, ошол эле учурда Жердин асты-үстүндөгү көмүртек, азот, күкүрттүн жаралышына тиешелүү эксперименттер өтө көп жүргүзүлгөн.

“Ядро менен Жердин калган бөлүгү ортосунда карым-катнаш жок. Ядронун үстүндөгү мантия, кыртыш, гидросфера жана атмосфера - баары бир-бири менен байланышкан. Алардын ортосунда материалдык цикл же алмашуу жүрүп турат”,- дейт Грюал.

Эски теориялардын бирине ылайык, учма заттарды Жердин кыртышы пайда болгондон кийин Күндүн сырты системасынан ажыраган метеориттер ала келген.

Жердин учма заттарына мүнөздүү изоптордун белгилери Жер менен кошо жаралган көмүртектин хондритинде да бар. Мында бирок көмүртек менен азоттун катнашын ырастаган белгилер жок.

Жердин кыртышына кирбеген материалдарды геологдор Жердин силикат массасы деп аташат. Бул катмардагы азоттун бир бөлүгүнө көмүртектин 40 чамалуу бөлүгү туура келсе, көмүртектин хондридиндеги алардын катнашы 20/1 түзөт.

Грюл ядро пайда болуп жаткан учурдагы бийик басымдын жана температуранын математикалык моделин түзгөн. Муну менен күкүрткө бай планета көмүртек же азотту же экөөнү тең өзүнөн түртүп, алардын Жерге салыштырмалуу алда канча чоң бөлүгүн силикатта калтырат деген идеянын чын-төгүнүн текшерген.

Илимпоз миллиардга жакын сценарийдин математикалык моделин талдап, аларды Күн системасындагы бүгүнкү жагдай менен салыштырып көргөн.

Бул изилдөөлөр Жерге окшош таштак планеталар башка планеталар менен катуу кагылышуунун натыйжасында жаралcа жана чоңойсо, алардын жашоого маанилүү элементтерди алуу шансы чоң болорун көрсөттү”, - дейт проф. Дасгупта.

Илимпоздун айтымында, алар тапкан бардык далилдер: изоптун курамы, көмүртектин азотко катнашы; Жердин сырткы катмарындагы азоттун, көмүртектин жана күкүрттүн жалпы көлөмү учма заттарга бай, ядросу күкүрткө каныккан жана чоңдугу Марстай планета менен кагылышуу болгонун табылган далилдер ырастайт.

(Булагы: https://www.theweek.in, https://www.sciencedaily.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG