Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Евробиримдик пластик таштандыга "согуш" ачат


Пластик таштандылар.
Пластик таштандылар.

Чырмоок сымал жылган жумшак робот жасалды. Рембрандт колдонгон ачык түстүү боёктун сыры табылды. Евробиримдик пластик таштандыларга согуш жарыялайт. Эмне үчүн кээ бир кишилер түндө үкүдөй болуп уктабайт?

Рембрандт ачык түстүү боёкту кантип жасаган?

Рембрандттын (1606 -1669-жж.) башкаларга окшобогон пастоздук (италян тилинде pastoso — камыр сыяктуу) техника менен сүрөт тартуу манерасы үч кылымдан бери искусство таануучулар үчүн табышмак болчу.

Ырас, буга чейин Рембрандт XVII кылымда Голландияда кеңири жайылган пигменттерди: коргошундуу белила (жасалма), церуссит (табигый коргошундуу белила) жана кендир майы сыяктуу органикалык материалды колдонгону аныкталган.

Улуу устаздын сүрөттү үч өлчөмдүү кылып көрсөткөн кайталангыс импасто усулунда кандай ингредиент пайдаланганын билиш үчүн «Сюзанна» (Маурицхёйс музейи, Гаага), «Вирсавияны киринтүү» (Лувр, Париж) жана «Мартин Солманстын портрети» (Рейксмузеум, Амстердам) аттуу үч эмгектин ар биринен 0,1 мм жетпеген үлгү алынган. Бул үлгүлөрдү Делф технологиялык университети менен Рейкс мамлекеттик музейинин окмуштуулары Гренобль шаарындагы (Франция) Европалык синхротрондун (ESRF) заманбап сканеринен өткөрүшкөн. Сканердин рентген нурлары бөлгөн жарыктын шоолалары Рембрандт импасто үчүн жана боёкту кабат-кабат жаткырганда плюмбонакрит минералын колдонгонун көрсөткөн.

«Вирсавияны киринтүү», 1654-жыл. Рембрандт.
«Вирсавияны киринтүү», 1654-жыл. Рембрандт.

Плюмбонакрит эски устаттардын сүрөттөрүндө кездешпейт, бирок Ван Гогдун бир картинасында жана ХХ кылымдагы айрым гана сүрөттөрдө бар. Ал бүгүн автомобил өнөр жайында автокөлүктөргө кызыл жана кызгылт-сары түс бериш үчүн колдонулат.

Изилдөө ошондой эле Рембрандт минаралды боёк катары кылдат синтездин натыйжасында алганын көрсөткөн.

«Тарыхый жазмаларга таянып, Рембрандт камыр сыяктуу май боёкту алыш үчүн боёкко химиялык кошунду (щелочь же шакар) катары майга коргошундун кычкылын же литар кошкон деп айта алабыз», - дейт ESRFтин эксперти, д-р Мэрин Котт (Marine Cotte).

Бул илимий табылга Рембрандттын башка сүрөттөрүн сактоого жана рестраврациялоого чоң огожо болот.

Д-р Аннелис ван Лундун (Annelies van Loon, Rijksmuseum) айтымында, Рембрандт башка да рецепттерди пайдаланышы ыктымал. Ошон үчүн голландиялык 17 сүрөткердин, анын ичинде Рембрандттын жакын чөйрөсүнө кирген Ян Вермеер (1632- 1675), Франс Халс (1582- 1666) жана башка сүрөткерлердин чыгармалары изилденүүдө.

Рембрандтта, тарыхый маалыматтарга ылайык, 1628-жылдан тартып 50 шакирт болгон.

2009-жылы Лондондогу Кристи аукционунда даркан сүрөткердин «Бөйрөгүн таянып турган эркектин портрети» 20, 2 миллион фунт стерлингге (33, 2 миллион доллар) сатылган.

Ушул айда Лондондо болчу аукциондо «Жаш жигиттин башынын этюду» сатылмакчы. Чоңдугу 25.5 x 20.1 cм келген бул сүрөт 6 миллион фунт стерлингге (7,8 миллион доллар) бааланууда. Анткени 2011-жылкы изилдөө сүрөттө Рембрандттын манжасынын изи калганын аныктаган соң ага кызыгуу өскөн.

(Булагы: https://www.dailymail.co.uk, https://www.sciencedaily.com)

Чырмоок сымал жылган жумшак робот

Бүктөлө калып, тулкусун өзгөртө коюп, бир нерсенин үстүнө же башына чыгып кетчү берегидей роботту д-р Барбара Маццола (Barbara Mazzolai, Istituto Italiano di Tecnologia-IIT) жетектеген италиялык окумуштуулар тобу жасады.

Чөптүн кылканына окшош бул робот - Евробиримдиктин «Plantoid» долбоорунун натыйжасы.

Чөптөр өскөн сайын өз морфологиясын курчаган чөйрөгө ылайыкташтыра берет. Алардын кыймылы тамыры менен башка көрүнбөгөн бөлүктөрүнө байланышкан. Ал түгүл жырткыч өсүмдүктөрдүн бариктери же чырмооктордун кылкандары алардын өсүшүнө түрткү берүүчү кыймылдарды жасашат.

Чырмооктой болуп жылган робот.
Чырмооктой болуп жылган робот.

Өсүмдүк сыяктуу жабышып, өйдөгө чыга алчу роботту жасоодо «осмос» деп аталган гидравликалык принцип колдонулду. Бул принцип өсүмдүктүн ички клеткаларындагы суюктук - цитозолдогу майда бөлүкчөлөргө негизделген.

Жумшак робот өзү ийилчээк PET түтүгүнөн (PET tube) жасалган. Түтүккө иондор менен заряддалган суюктук толтурулган. Аны кубаты 1, 3 вольттук батареяга туташтырганда сыртындагы иондук бөлүкчөлөр бут жагына чогулуп, суюктук кыймылдап, робот жыла баштайт.

Робот кадимки батареядан кубаттанып, жумшак ткандан жасалгандыктан, келечекте айлана-чөйрөгө ыкчам ылайыкташчу роботторду жасоого кеңири жол ачат. Мунун өзү берегидей роботтордун тирүү жан-жаныбарларга зыян келтирбей иштешин мүмкүн кылат. Жаңы роботту келечекте инженердик жана курулуш иштеринде, ошондой эле аскердик чалгында колдонулчу каруу-жарактарды жасаш үчүн пайдаланса болот.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.theweek.in)

Рембрандттын кереметтүү боёгу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00

Евробиримдик пластик таштандыларга согуш жарыялайт

Евробиримдик микропластиктер менен микросакалардын көп түрлөрүн косметикага, боёкко, кир жуучу каражаттарга, айыл чарба, медицина жана башка азыктардын айрымдарына кошууну мыйзамдык негизде тыят.

Европа химиялык агенттиги (Echa) ырастагандай, ушу тапта азык-түлүккө кошулган микропластиктердин 10 миң тоннадан 60 миң тоннага чейинкиси талаага ташталат. Бул Тынч океанга ыргытылган желим шишелерден алты эсе көп. Алар миңдеген жылдар бою жок болбой сакталгандыктан жаратылышка зыяны чоң. Ошондуктан агенттик микропластикалык ингредиенттерди пайдаланууну дүйнөдөгү эң катаал химиялык мыйзамдар топтомуна ылайык 90% чейин чектөө абзел деп эсептейт. Ал үчүн Евробиримдик өлкөлөрүндө пластикалык булгануу жылына 36 миң тоннага азайтылып отуруп, 20 жылда 400 миң тоннага жеткирилет.

Микропластиктер - диаметри 5 миллиметрден 100 нанометрге чейинки майда пластик таштандылар. 1940-жылы пластмасса жапырт өндүрүлө баштагандан бери деңиздердин микропластикалык булганышы чоң мүшкүлгө айланды. Окумуштуулардын эсебинде, микропластиктердин 2-5% деңизге ыргытылат.

Таштандыга ыргытылган желим шишелерди ташып бараткан бала. Лахор, Пакистан.11-декабрь, 2018-жыл.
Таштандыга ыргытылган желим шишелерди ташып бараткан бала. Лахор, Пакистан.11-декабрь, 2018-жыл.

Микропластик ташбакалар менен канаттуулардын, ал тургай чиркейлердин ашказанынан, консерваланган балыктан жана деңиз туздарынын курамынан табылган.

Түрдүү өлкөлөрдөгү кишинин заңын изилдөө микропластиктер тамак-ашты булгаганын тастыктаган.

Долбоорго ылайык, компанияларга өндүрүштү жаңы талапка жараша өзгөртүүгө беш жылдык мөөнөт берилет. Алар бир жолу гана колдонулчу буюмдарды чыгарчу өндүрүштү модернизациялоого 350 миллион евро инвестиция алса болот.

Евробиримдиктин Жаратылышты коргоо бюросунун эксперти Элис Виталийдин (Elise Vitali) айтымында, микропластиктер маселеси үчүн «бадамдын талканы, кокос жаңгагынын кабыгы, зайтундун даны сыяктуу табигый ингредиенттерди пластикалык сакаларга алмаштырган жана илимий сунуштарды таназарга албаган жеке гигиенага керектүү заттарды чыгарган жоопкерчиликсиз компаниялар күнөөлүү».

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.theguardian.com, https://eeb.org)

Эмне үчүн кээ бир кишилер түндө уктабайт?

Дененин циркада ритми* деп аталган сааты организмге кечкисин «уктоочу убактың келди», ал эми эртең менен «төшөктөн турчу маал болду» деп сигнал берчү молекуланы бөлүүгө жооп берет.

Британиялык жана америкалык окумуштуулардын жаңы изилдөөсү кээ бир гендер кишини түнкүсүн үкүдөй уктабай жүргөнгө же торгойдой таң менен жарыша ойгонууга мейил тарттырганын көрсөттү. Изилдөө, ошондой эле, күн чыкпай ойгончу кишилердин психологиясы ар кандай маанай чөгүүгө, анын ичинде шизофрения менен депрессияга жеңил алдырбасын, түркүн жагдайда оптимист бойдон калып, кайратынан жазбасын айкын кылды. Береги изилдөө ошентип, кишинин биологиялык графигин башкарып турчу ички же дене саатынын жаңы функциясын ачты.

Бул изилдөөгө геномдору жеке менчик "23andMe" компаниясы тарабынан талданган 250 миң америкалык жана Британияда жүргүзүлгөн «Biobank» изилдөөсүнө катышкан 450 миң киши тартылган.

Катышуучулар мурда толтурган анкетанын негизинде алар «таң менен жарышкан торгой» же «кечинде уктабаган үкү» экени аныкталган. Алардын качан уктап, качан уктабай ойгоо жүргөн убактысы кишинин активдүүлүгүн каттоочу билерик-трекер аркылуу текшерилген. Билерик-трекерди 85 000 британ колдонгон.

«Бул изилдөөгө кишилердин көп катышканы «түнкү үкүлөрдө» шизофрения сыяктуу менталдык илдетке кабылуу ыктымалдыгы чоң экенин жана алар менталдык жактан начар болорун ишенимдүү далилдер менен тастыктаганга жол берди. Бул байланышты толук түшүнүш үчүн дагы жаңы изилдөөлөрдү өткөрүш керек», - дейт изилдөөнүн жетекчиси, Эксетер университетинин профессору Майк Уидон (Mike Weedon, University of Exeter Medical School, UK).

Экспериментке катышкан кишилердин арасында жайылган гендерди салыштырып көргөндө, жүздөгөн жаңы генетикалык локустар (аймактар) табылган. Тактап айтканда, мурда 24 локус белгилүү болсо, эми алар 351 болду. Буга кишинин дене саатында маанилүү роль ойногон гендер, ошондой эле мээдеги жана көздүн тордомо челиндеги гендер кирет.

Профессор Уидондун айтымында, көздүн тордомо челиндеги ткандардын ашталышы циркада ритми өзүн 24 сааттык циклге ылайыкташ үчүн күн сайын жаңырып турганын түшүндүрүп бере алат.

Киши көздү айлана-чөйрөсүн көрүп, ойлонуу жана багыт алуу үчүн пайдаланат. Андан тышкары көздүн тордомо челиндеги жарыкка сезимтал ганглиоздук клеткалар жарыктын деңгээлин өлчөп, ага жараша убакыт канча болгонун организмге кабарлап тураарын мурдагы изилдөөлөр аныктаган. Ганглиоздук клеткалар көздүн эң татаал бөлүгү болуп эсептелет. Киши жарык көрбөй же жарыкка чыкпай 24 сааттан көп убакыт жүрсө анын циркада ритми бузулуп, ден соолугунда ар кандай проблемалар пайда болот.

*Циркада ритми - бул организмдин ички ритми. Ал жаратылыштагы табигый өзгөрүүлөр болгон жарык менен температуранын таасири астында күн бою алмашып турат. Бул өзгөрүүлөр Күнгө көз каранды жана кишинин активдүүлүгүнө байланышпайт. Ошон үчүн түнкүсүн иштеген кишилердин температурасы уктап жаткан кишилердикиндей эле төмөн болот.

(Булагы: https://www.zmescience.com, http://blogs.discovermagazine.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG