Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 04:05

Колбасаны көп жеген адамдын уйкусу качат


Колбаса

Кургатылган эт жана колбаса психикага зыян. Криптовалюта менен таш акчанын окшош жактары. Желим баштыктын ордун басчу, зыянсыз материал табылды. Ак нан жана кебектүү нан кандагы канттын деңгээлине бирдей таасир этет.

Колбаса кишинин психикасына зыян

Уйдун кургатылган этин, ферменттелген жана кургатылган эттен жасалган салями колбасасын, хотдогдорду жана башка иштетилген эти бар закускаларды даярдоо маалында ага кошулган нитраттар кишинин психикасынын бузулушуна өбөлгө түзүшү мүмкүн. Мындай кишилерге маал-маал ашыкча активдүүлүк же гиперактивдүүлүк, эйфория, тез ойлонуу жана тез сүйлөө, ошондой эле уйкунун качуусу мүнөздүү.

Муну АКШдагы Жон Хопкинс университетинин (Johns Hopkins University School of Medicine) окумуштуулары психикасы бузулган жана психикасы жайындагы миңден ашык кишинин жүрүм-турумун анализдеген соң аныкташты.

Алардын изилдөөсү маниакалдык синдром менен ооруканага түшкөн кишилер акыл-эси ордунда кишилерге караганда нитрат кошулган этти үч эсе көп жешкенин көрсөткөн.

Жогорудагы гипотезаны келемиштер менен өткөрүлгөн эксперимент да бышыктаган. Тамагына нитрат кошулган келемиштер эки жумадан кийин гиперактивдүү болуп кеткен.

Мания көбүнесе биполярдык аффектирдүү козголуу же маниакалдык депрессивдүү психоз, МДП, (анг. Bipolar affective disorder) менен коштолот. Мындай дарты бар киши бир туруп күндөй жайнаса, бир туруп кара булуттай түнөрөт. Берегидей синдромду маңзаттарын жана дары-дармекти көп колдонуу да козгошу мүмкүн.

Болочокто маниакалдык депрессивдүү психозу-МДП бар же мания дарты козголуп кетчү кишилерде маниакалдык эпизоддорду азайтуу үчүн, алардын тамак-аш диетасы көзөмөлгө алынышы мүмкүн экенин айтат береги изилдөөнүн жетекчилеринин бири, профессор Роберт Йолкен (Robert Yolken).

"Мания дарты козголуп, ээликмеси козголгон киши бул абалда бир нече жумадан бир нече айга чейин жүрүшү мүмкүн. Ал дарт маниакалдык депрессивдүү психозу бар кишилерге катар шизофренияга жакындарда козголот. Андай абалдагы кишилер сандырак сөздөрдү сүйлөп, коркуу дегенди билбей калат. Маниянын пайда болушуна генетикалык жана тышкы фактор таасир этет. Нитрат ошондой тышкы фактор болушу ыктымал", - дейт доктор Сева Хамбадконе (Seva Khambadkone).

Маниакалдык депрессивдүү психоз болжол менен АКШ калкынын 1-3% мүнөздүү. Аларды дарылоого жылына 25 миллиард доллар сарпталат.

Нитрат кургатылган эт азыктарында консервант ирети узактан бери колдонулуп келет. (Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.nutritioninsight.com)

Желим баштыкты алмаштырчу материал табылды

Ийилчээк пластик баштыктар менен идиштерди суу чаяндын жана дарактын кабыгынан жасалган материал алмаштырат.

Тамак-аш сакталчу желим баштыктарды алмаштырчу материалды АКШдагы Жоржия Технологиялык институтунун (Georgia Institute of Technology) илимпоздору иштеп чыгышты. Андай материал суу чаянынын кабыгынан жана жыгачтын буласынын негизинде жасалды.

“Биз салыштырчу негизги эталон-мунайдан жасалган түзсүз баштыктарда колдонулган полиэтилентерефталат (ПЭТ). Андай материалдарды сиздер соода автоматтарында жана алкоголсуз ичимдиктердин бөтөлкөлөрүнүн мисалында көрсөңүз болот, -деди Технология институтунун химиялык жана биомолекулярдык инженерия факультетинин профессору Карсон Мередит (J. Carson Meredith, professor in Georgia Tech's School of Chemical and Biomolecular Engineering).

- Биздин материал ПЭТтин айрым түрлөрүнө салыштырмалуу кычкылтекти 67% аз өткөрөт. Бул, теориялык жактан алганда, азык-түлүк алда канча жакшы сакталат дегенди билдирет”.

Өсүмдүктөрдөн алынчу целлюлоза Жер бетинде эң көп жайылган табигый биополимер деп саналат. Экинчи көп жайылган биополимер-хитин. Хитин моллюскаларда, курт-кумурскаларда жана козу карындарда болот.

Америкалык окумуштуулар жаңы пленканы целлюлозаны жана суспензия абалындагы хитиндин нанобуласын кезек менен катмар-катмар кылып төшөп жатып алышкан. Мындай материал кургагандан кийин айнектей түссүз, ийилчээк болот жана аны каалагандай формага салуу мүмкүн.

Окумуштуулардын түшүндүрүшүнчө, хитиндин нанобуласы оң заряддалган, ал эми целлюлозанын нанокристаллдары тескери заряддалгандыктан, аларды кезек менен төшөгөндө, пленканын кристалл структурасы эки ортодо газ барьерди пайда кылат. Бул баштыктын ичиндеги азык-түлүккө кычкылтектин өтүшүн кыйындатат.

Жаратылышты коргоочу экологдор азык-түлүктү орогондо жана сактаганда колдонулчу материалдарды алмаштыруунун жолун узактан бери издеп жүрүшөт. Берегидей материалдар мунайдын негизинде жасалат. Целлюлоза өндүрүлгөндө жана тамак-аш ишканаларында моллюскаларды кайра иштеткен соң хитинге бай биопродуктар көп калат. Ошон үчүн жаңы ийилчээк пленкаларды өндүрүү үчүн материалдар жетиштүү болорун айтат профессор Мередит. (Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.news.gatech.edu)

Криптовалюта жана таш акча

Таштан жонуп жасалган чоңдугу чарадай таш акча менен криптовалютаны көзөмөлдөө жолою окшош экенин айтышат археологдор.

Америкалык археолог Скотт Фитцпатриктин (Scott Fitzpatrick of the University of Oregon in Eugene) айтымында, бир нече кылым мурда Батыш Микронезиянын Яп аралынын эли соода-сатыкта криптовалютаны (биткоин) пайдалануу принциптерин колдонушкан. Биткоин жана аны сатып алуу, сатуу боюнча санариптик келишимдерди түзүү революциячыл жаңылык эмес болушу мүмкүн. Анткени, доктор Фитцпатрик Америка археологдор коомунун жылдык жыйынында билдиргендей, “Биткоин (вitcoin) жана блокчейн (blockchain) технологиясынын башатында Йап аралындагы таш акчаларды транзакциялоо принциби жатат”.

Йап аралдарынын эли колдонгон таш акчалар.
Йап аралдарынын эли колдонгон таш акчалар.

Йапалыктар акча катары колдонгон дөңгөлөктөй тегерек кылып сомдолгон таштардын кээ биринин салмагы Honda Accord жеңил машинесинен да оор (1, 5 тоннадан көп), чоңдугу киши боюнан бийик.

Яптын эли 1783-жылы европалыктар менен байланышканга дейре 400 км. радиусундагы Микронезиянын аралдарына барып, үңкүрлөрдөн жана зоокалардан акиташ өндүргөн. Археолог мындай бүтүмдү Яптагы жана коңшулаш аралдардагы зоолорду жана алардын иштетилген убактысына таянып жасаган. Акиташ кенине өтүү үчүн яптыктар жергиликтүү элдердин аксакалдарынан алдын ала макулдук алган.

Ошондон соң таш кескичтер барып, зоокадан таш дисктерди чегип алышкан. Кесип алынган тоголок ташты көтөрүү үчүн ортосун жыгач мамы өткөндөй кылып оюп коюшкан. Жергиликтүү тилде рей деп аталган тоголок таш акча салга жүктөлүп, Яп аралына алып келинген.

Анан жалпы чогулушта рей элге көрсөтүлүп, жаңы акчалардын ээси ким же кайсы жамаат болору жарыяланган. Ар бир рей чен-өлчөмүнө, формасына, таштын сапатына жана жолдун татаалдыгына жараша бааланган. Таш акчанын баасы текшерилип, жергиликтүү лидер тарабынан тастыкталган соң, рей ырым-жырым бийлери аткарылчу аянтка жайгаштырылган.

Рей жаңы баш кошкон жаш жубайларга белек катары, же саясий союздаштардын колдоосун алуу үчүн берилген, же жакынкы аралдардын эли менен азык-түлүккө алмашылган. Берегидей “келишимдер” жалпы эл алдында түзүлгөн жана рейдин жаңы ээси ким экенине карабай, ал баштапкы ордунда турган.

Биткоин жана блокчейндер, доктор Фицпатриктин айтышынча, жогорудагыдай эле принципте иштейт. Биткоиндин эгелери жаңы валюта бирдигин чыгаруу үчүн татаал математикалык эсептөөлөрдү жүргүзөт. Жаңы валюта блокчейндердин маалымат базасында сакталып, ар бир криптовалюта кандай сатылганын биткоин системасынын мүчөлөрү ачык айкын көрүп-билип турушат. Биткоин товарга же башка кызмат үчүн алмаштырылышы, болбосо каалаган учурда системанын катышуучуларына берилиши мүмкүн.

Йап аралдарындагы таш акчаны блокчейн менен салыштыруу мыйзамдуу. Себеби йаптыктар рейди алмашуунун коопсуз оозеки системасын түзүшкөн. "Блокчейн да криптовалютанын жүгүрүүсүн ачык көзөмөлдөп, ошол эле ишти кылууда" деди америкалык археолог Кэтрин Сампек (Kathryn Sampeck of Illinois State University in Normal).

Бирок, британ илимпозу Дэвид Грейбер (David Graeber of the London School of Economics and Political Science) таш акчаны валюта деп эсептөө туура эмес деп эсептейт. "Себеби, акча мамлекеттик салык системасынын жана борчунун туундусу",- дейт антрополог. (Булагы: https://www.sciencenews.org, http://www.saa.org)

Ак нан менен кара нандын пайдасы бирдейби?

Нандагы кант жана крахмал сыяктуу углеводдор кандагы глюкозанын же канттын деңгээлин көбөйтөт. Киши тамактангандан кийин анын канындагы канттын деңгээли канчалык көбөйгөнүн билүү абдан маанилүү. Канда узак мезгил глюкозанын көп болгону, өзгөчө, кант диабети же метаболикалык синдрому бар кишилер үчүн коркунучтуу. Канттын деңгээли канда көбөйгөндө кан тамырларга зыян келтирип, ар кандай ооруну козгошу мүмкүн.

Канттын кандагы деңгээли гликемик индекси (glycemic index, GI.) менен аныкталат. Нандын кээ бир түрлөрүндө бул көрсөткүч өтө бийик болушу мүмкүн. Ошондуктан окумуштуулар GI канчалык ишенимдүү экенин билүү үчүн ден соолугу чың 20 кишиден бир апта бою дүкөндүн ак нанын жегенди суранышкан. Алар кийинки жумада адистешкен наабайканада бышырылган кебектүү нанды жешкен. Кебектүү нанда ак нанга караганда витаминдер жана башка пайдалуу заттар көп болот. Андагы заттар ак ундан эленип салынат. Андан тышкары ак нан бузулбас үчүн ага түрдүү консерванттар кошулат. Береги химиялык заттар организмге пайдалуу бактерияларга зыяндуу экенин, бул кишинин семирип кетүүсүнө өбөлгө түзөрүн буга чейинки изилдөөлөр көрсөткөн.

Кээ бир кишилер камыртуруш пайдаланып ачытылган нан организмге зарыл пайдалуу минералдарга бай деп билишет.

Эксперимент учурунда кишилерге макаронду, таттуу даамдыктарды жана башка углеродго бай азыктарды жегенге уруксат берилген эмес.

Бул экспериментке катышкан кишилердин жообун жалпылаштырганда нандын таасири байкалбаган. Бирок ар бир кишини өзүнчө караганда, ак нан жегенден кийин кандагы канттын деңгээли кебектүү нан жегендегиден көп көтөрүлгөнү аныкталган. Ошондой эле кээ бирөөлөрдө буудай нанды жегенден кийин канында канты көбөйгөн.

“Биз оболу ак нан менен кебектүү нанды ден соолукка пайдасы боюнча элдешкис жоо деп караганбыз. Бул эки нандын таасиринен эч кандай айырманы таппадык”, -деди изилдөөнүн автору, профессор Эран Сегал ( Eran Segal, the Weizmann Institute of Science in Israel). (Булагы: https://www.sciencenewsforstudents.org, https://edition.cnn.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG