Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Өлгөн мээни тирилткен илим


Якутиялык окумуштуулар 42 170 жыл мурдагы кулунчактын денесин текшеришүүдө.
Якутиялык окумуштуулар 42 170 жыл мурдагы кулунчактын денесин текшеришүүдө.

Бир учурда эле суюк да, катуу да абалда болчу зат. Чочконун мээси өлгөндөн 10 сааттан кийин кайра тирилтилди. 42 000 жылдык кулунчактын клеткасы клондолот. Адабий китептер - кишинин психологиясын жана жүрүм-турумун түшүнгөнгө ачкыч.

42 миң жыл мурда жашаган кулунчак тирилтилет

42 170 жыл мурдагы кулунчактын ткандары байыркы жылкы тукумун клондоп көбөйтүш үчүн колдонулат. Ашып барса эки жумалык кулунчактын калдыгы 2018-жылы Якутияда табылган. Лена тукумундагы (Equus lenensis) кулунчак, маалыматка караганда, аңга түшүп өлгөн экен.

Түбөлүк көк музда жаныбардын териси, жүнү, туяктары, куйругу жана ички органдары жакшы сакталыптыр. Анын калдыктары мурда Якутияда табылган жылкы тукумунун калдыктарына салыштырмалуу кыйла жакшы абалда болгон.

Түштүк кореялык жана орусиялык окумуштуулардын тобу кулунчактын урунду болбогон клеткасынын ДНКсын генетикалык материал катары пайдаланып, эбак жоголгон жылкы тукумун калыбына келтиребиз деп ишенет. Клондоо боюнча адис, профессор Хваң У Сок (Hwang Woo-suk) жетектеген эл аралык команданын дагы бир максаты - эчак жоголгон жүндүү мамонтту да калыбына келтирүү.

Кулунчактын денесинин калдыгынан клетканы алуу аракети апрелдин соңуна чейин улантылат.

«Кулунчактын урунду болбогон денесинде жүнү да сакталып калыптыр. Байыркы табылгалар мындай абалында сейрек сакталат. 30-40 миң жыл илгери Якутиянын аймагын жылкынын такыр башка түрү - Лена жылкысы байырлаган. Ал генетикалык жактан бүгүнкү якут жылкысына окшобойт», - дейт Якутск шаарындагы М.К Амосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин Мамонт музейинин мүдүрү Семён Егорович Григорьев.

Байыркы кулунчактын клондолчу клеткалары атайын чөйрөдө өстүрүлөт.

«Адегенде клетка майдаланып, көмүртектин кош кычкылы (CO2) толтурулган инкубаторго бир нече күнгө салынат. Үч-төрт күндөн кийин клеткалар текшерилет жана алар жашаган чөйрө жаңыланат», - деп түшүндүрдү доктор Лена Григорьева. Анын айтымында, кулунчактын клеткасы клондолчу жылкынын түрү катары корей жылкысы пайдаланылмакчы. Корей жылкысы байыркы монгол жылкысынан тараган жана мурда ийгиликтүү клондолгон.

Суукка чыдамкай Лена тукумундагы жылкылар (Черскийдин жылкысы) – мамонт фаунасынын жок болуп кеткен түрү. Байыркы жылкынын бул түрү Колыманын жана Ямал жарым аралынын тундра бөлүгүн, ошондой эле Түндүк Муз океанынын жээктерин 120 миң – 4 миң жыл мурда байырлаган.

(Булагы: https://siberiantimes.com, https://www.zmescience.com)

Бир учурда суюк да, катуу да абалда болчу зат

Окумуштуулар физикалык материянын жаңы абалын табышты. Мурда белгисиз материянын атомдору бир эле учурда катуу да, суюк да боло алат. Ушул убакытка чейин илимде материя катуу зат, суюктук жана газ абалында белгилүү эле.

Шотландиянын Эдинбург университетинин (University of Edinburgh) окумуштуулары ырасташкандай, айлана-чөйрө туура келген шартта алтыдан көп химиялык элемент, анын ичинде натрий (Na) жана висмут (Bi) да берегидей эки ачакей абалда кездешүүсү мүмкүн.

Буга дейре адаттан тыш түзүмдөр материянын өзүнчө бир абалыбы же эки абалдын арасындагы өткөөл стадиябы – анысы окумуштуулар үчүн табышмак эле. Заттын мындай «эритилген түзүм абалын» (chain-melted state) изилдеш үчүн доктор Андреас Херманн (Andreas Hermann) жетектеген илимпоздор компьютердик симуляция усулун колдонушкан. Эксперимент Кытайдын Сиян Цзяотун университети (Xi'an Jiantong University) менен кызматташтыкта жүргүзүлгөн.

Калийдин 20 миңге чейинки атомдорунун экстремалдык жагдайдагы жүрүм-турумун симуляциялоо анын курамындагы түзүмдөр заттын жаңы, туруктуу абалын жаратканын көрсөткөн.

Эксперимент маалында материянын эки ача абалда кездешчү үлгүсү катары калийдин кесиндиси пайдаланылса, экстремалдык шартты өтө бийик басым жана температура түздү. Басымдын күчү 2 гигапаскалдан 4 гигапаскалга чейин жеткенде калийдин атомдору кристалл тордун абалына өткөн. Бирок атомдор арасындагы химиялык байланыш дагы эле күчтүү бойдон калган; температура 800 кельвинге жеткенден кийин калий ээрий баштаган да, акырындап эки ачакей абалга өтүп, эң соңунда суюктукка айланган.

«Материя бул абалында көңдөйү сууга толгон губкага окшош болот. Андан тышкары, губканын денеси да башка агрегаттык абалдагы суудан турат», - деди профессор-доктор Андреас Герман (Andreas Hermann).

Эми окумуштуулардын алдында материянын жаңы абалдагы химиялык жана физикалык касиеттерин сыпаттап жазуу милдети турат.

«Калий - биз билген эң жөнөкөй металлдардын бири, - деп түшүндүрөт д-р Андреас Херманн. - Эгер кысчу болсоңуз, ал абдан татаал түзүмдү жаратат. Биз береги адаттан тыш, бирок туруктуу абал бир эле учурда катуу да, суюк да болорун көрсөттүк. Бул адаттан тыш абал башка материалдарда түзүлсө, алар түрдүү нерселерде колдонулушу мүмкүн».

(Булагы: https://edition.cnn.com, https://www.sciencedaily.com)

Чочконун мээси кайра тирилтилди

Он саат мурда союлган чочконун мээсинин айрым бөлүктөрүн АКШдагы Йел университетинин (Yale University) окумуштуулары кайра тирилтишти. Алар этке союлган 32 чочко союлгандан төрт сааттан кийин баш сөөктөгү мээлерин чөйчөгүнөн алып, атайын системага улашкан. Жүрөк сыяктуу иштеген бул система мээге атайын суютукту бир ыраатта берген. Суюктуктун курамына мээни кычкылтек менен камсыз кылуучу жасалма кан, мээнин клеткаларынын өлүмүн солгундатчу же өлтүрбөй кайра тирилтүүчү дары-дармектер кирет. Эксперимент башталган кезде мээде кан сарыгып калган.

Өлгөн чочконун мээси толук калыбына келбегени менен дары-дармекке алсыз реакция кылып, кээ бир нейрондор өз ара кызматташа баштаган; мээ кычкылтекти тирүү абалындагыдай деңгээлде керектеп калган. Бирок мээ тирүү абалындагыдай акыл фунциясын аткара алган эмес же мээнин аң-сезимдүү иштегенин далилдей турган электр импульстары энцефалограммада байкалган эмес.

Бул эксперимент, илимпоздордун айтымында, мээнин өлүмү ээси өлгөндө кошо өлбөй, этап-этап менен өлчү процесс экенин көрсөтүп турат.

«Мээнин өлүмү биз ойлогондон узак созулат экен. Мындан тышкары, бул жараяндын айрым бөлүктөрүн жай жүргүзсө, токтотуп койсо же артка кайтарса болорун билдик. Бул тирүү мээ эмес, бул клеткалары активдүү мээ», - дейт профессор-нейролог Ненад Сестан (Nenad Sestan). Илимпоздун айтымында, суукка тоңуп калган кээ бир кишилер өлүп калгандай көрүнөт. Аларды реанимация кылса, мээлери кадимкидей иштей баштаган. Ал тургай инсульт болуп, мээсине кан куюлуп кеткен адамдын кан тамырындагы тромбду 16 сааттан соң алып салганда мээ демейдегидей иштеген учурлар бар.

«Бул чыныгы прогресс. Мындай эксперимент сүт эмүүчүлөрдүн денеден бөлүнүп алынган мээси менен эч качан жүргүзүлгөн эмес болчу», - деп билдирди америкалык илимпоз Андреа Бекел-Митченер айым ( Andrea Beckel-Mitchener, National Institute of Mental Health).

Бул эксперименттин усулу мээ травмасын жана клетка репарациясын, баңгизаттардын мээге тийгизген таасирин терең изилдөөнү мүмкүн кылат. Мындан тышкары, ал Альцгеймер оорусун дарылоого чоң огожо болот, «жүрөк токтогондон бир нече секундадан кийин мээ иштебей калат» деген гипотезаны жокко чыгарат. Ал эми илимпоздордун алдына ал «Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы чек ара качан башталат?» деген суроону коёт.

(Булагы: https://www.newscientist.com, https://www.nytimes.com)

Адабият мээңизди жана кишилерге болгон мамилеңизди өзгөртөт

Себеби, адабият (китеп окуу) мээнин акыл теориясына тиешеси бар бөлүктөрүн жандандырат, башкаларды түшүнүүгө жардамдашат.

Биз өтүмдүү китептерди (беллетристика) өзүбүздү алаксытыш үчүн, даректүү изилдөөлөрдү билимибизди тереңдетиш үчүн, академиялык же илимий-техникалык адабиятты өзүбүздү өркүндөтүш үчүн окуйбуз.

Акыл теориясы кишинин ойломун, ниетин, эмоциясын башкаларга түшүндүрө билүү жана башка бирөөлөрдүн жүрүм-турумун түшүнүү жана алдын-ала көрө билүү жөндөмү менен аныкталат.

Америкалык психологдор, доктор Дэвид Комер Кид (David Comer Kidd) жана доктор Эмануэл Кастано (Emanuele Castano) кишинин мындай жөндөмүн анын көз карашына карап, айтайын деген оюна, ниетине же эмоциясына ылайыктуу сөздөрдү тандоосун аныктаган тест өткөрүшкөн. Бул учурда алардын мээсине функционалдык нервовизуалдык усулдун жардамы менен байкоо жүргүзүлүп турган. Алар бул изилдөөнүн негизинде «китептин сюжети кишинин башка бирөөлөр жөнүндөгү оюн өзгөртөт, ошону менен катар окуяларды, кишилердин жүрүм-турумун баалоо жана кабыл алуу концепциясына таасир этет, ойломун өзгөртөт» деп бүтүм чыгарышты.

Алты жыл мурда америкалык нейроэкономист, профессор Грегори С. Бернс (Gregory S. Berns) өз кесиптештеринин изилдөөсүн «Brain connectivity» журналында жарыяланган. Алар АКШнын Эмори университетинин (Emory University) чоң топ студенттери менен эксперимент жүргүзүшкөн. Студенттер тогуз күн бою кечинде англиялык жазуучу Роберт Харристин «Помпей» (Robert Harris'novel Pompeii) деген романынан 30 барак окушкан. Роман биздин замандын 79-жылы Помпей шаары Везувий жанар тоосу атылганда баштан кечирген алааматка арналган. Эртеси романды окуу студенттердин мээсине кантип таасир этип жатканы изилденген. Ошондо мээнин ички жана тышкы маалыматтар топтолуп, иштетитилчү бөлүгүнүн арасындагы байланыш жанданган.

Адабият бүгүн АКШда социалдык байланыштарды чыңдоочу, анын ичинде дарыгерлердин кеселдин эмоционалдык абалына аяр мамиле кылууга, мындай сапатты абактагылардын арасында өнүктүрүүгө үйрөтчү программаларга киргизилген.

Париждеги Улуттук китеп борбору (National Book Center) 13-мартта жарыялаган маалыматка ылайык, франциялыктардын 88% китеп окуганды жакшы көрөт жана көбү роман окуганды жактырат.

(Булагы: https://theconversation.com, http://www.slate.fr, https://www.afrinik.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG