Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Көйкөлгөн сакалдан иттин жүнү таза чыкты


Жарыктын импульсу 30 эсе ылдамдатылды. Кишинин сакалынан иттин жүнү таза болору аныкталды. Мээдеги сигналдар сөзгө айлантылды. Чарчабас роботтор кампадагы жумушчуларды алмаштырат.

Жарыктын импульсу 30 эсе ылдамдатылды

Ортолук Флорида университетинин (University of Central Florida, USA) окумуштуулары жарыктын импульстарын азыркыдан 30 эсе ылдамдатып же баштапкы ылдамдыгын эки эсе басаңдаткандын, атүгүл импульстун багытын тескери бургандын жолун табышты.

Мындай кубулуш мейкиндиктүү оптикалык модулятор деген жабдыкты пайдаланып жасалды. Модулятор жарыктын импульсунун мейкиндиктеги жана убактылуу параметрлерин түрдүү өлчөмдө аралаштырууну мүмкүн кылат. Эксперименттин ийгиликтүү болушуна жарыктын аталган эки касиетин аралаштыруу огожо болгон.

“Биз импульсту көзөмөлдөй алабыз. Импульска кирип, энергиясынын мейкиндиктеги жана убакыттагы эркиндигинин деңгээлин аралашкандай кылып, кайра уюштурабыз. Биз эксперименттин мындай натыйжасына аябай курсантпыз жана муну болочок изилдөөлөрдүн башаты болот деп ишенебиз”, - деди профессор Айман Абурадди.

Проф.-доктор А. Абурадди жана д-р И. Кондачинин жарыктын импульсу 30 эсе ылдамдатылганын (2 эсе пастатылганы, тескери бурулганы) далилдеген математикалы формуласы.
Проф.-доктор А. Абурадди жана д-р И. Кондачинин жарыктын импульсу 30 эсе ылдамдатылганын (2 эсе пастатылганы, тескери бурулганы) далилдеген математикалы формуласы.

Буга чейин жарыктын ылдамдыгын башкаруучу технология үчүн түрдүү материалдар колдонулган. Бул материалдардын сындыруу коэффициенти, жарыктын жайылуу ылдамдыгы жана башка оптикалык мүнөздөмөлөрү ар кыл болгон.

Жаңы жолой - ачык мейкиндикте жарыкты эч кандай түтүк колдонбой ылдамдатуунун же жайлатуунун алгачкы ыкмасы.

Профессор Айман Абурадди жана доктор Изат Кондакчи (Esat Kondakci) жетектеген окумуштуулардын табылгасы келечекте жогорку эффективдүү оптикалык байланыш системасын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми жарыктын ылдамдыгы төмөндөтүлгөн импульстарын маалыматты убактылуу сактоочу буфер же кампа ирети пайдаланса, маалыматтар жоголбойт.

(Булагы: https://futurism.com, https://phys.org/news)

Кишинин сакалынан иттин жүнү таза

Иттин жүнү кишинин сакалынан таза болору швейцариялык окумуштуулардын (Hirslanden Clinic, Zürich) изилдөөсүнөн кийин белгилүү болду.

Акылмандыкка аллегория". 1560-жж. Тициан.
Акылмандыкка аллегория". 1560-жж. Тициан.

Илимпоздор мындай бүтүмдү 18 жаштан 76 жашка чейинки 18 эркектин сакалындагы микроорганизмдерди 30 иттин жүнүндөгү бактериялар менен салыштырып көргөндөн кийин жасашты.

18 эркектин сакалынан көп сандагы бактерия табылган, ал эми 23 иттин жүнүндөгү бактериялардын саны эркектердин сакалындагы бактерияларга тең болгон.

Калган жети иттин жүнүнөн микроорганизмдер тигилерге салыштырганда орто же төмөнкү деңгээлде табылган.

“Жети эркектин сакалындагы бактериялардын саны ар кандай ооруну пайда кылчу деңгээлде экен. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, иттерди сакалчан эркектерге салыштымалуу таза деп айтса болот”, - дейт изилдөөнүн автору, профессор Андреас Гутцайт (Andreas Gutzeit).

Албетте, швейцариялык окумуштуулардын изилдөөсү сакалчан эркектердин ачуусун келтирди. Алар социалдык желелерде профессор Гутцайтты коомдо “погонофобия” (pogonophobia) же “сакалчандардан коркуу керек” деген пикир жаратууда деп күнөөлөштү.

“Ушул сыяктуу нерселердин адамдардын чачынан жана колунан да табышыңыз мүмкүн деп ойлойм” деп билдирди “Сакал эркиндиги фронтунун” негиздөөчүсү Кит Флетт (Keith Flett, Beard Liberation Front).

(Булагы: https://www.focus.de, https://eu.usatoday.com)

Ой жараткан сигналдар окулду

Америкалык окумуштуулар талма менен ооруган беш адамдын мээсинин сыртына электроддорду жабыштырып коюшкан. Алар узун сүйлөмдөрдү үн чыгарып окуп жаткан маалда мээнин кандай иштегени катталып турган. Окумуштуулар бул жазууларды тилдин, эриндин, кекиртектин кыймылын изилдеген мурдагы эксперименттерде алынган маалыматтар менен салыштырып көргөн. Киши сүйлөгөндө тил, эрин жана кекиртек кыймылдап үн чыгат.

Ушул маалыматтардын негизинде атайын алгоритм түзүлүп, ал үн трактатын кыймылга келтирчү мээдеги сигналдарды синтездик сүйлөмгө айлантчу декодерге туташтырылган.

Изилдөөнүн жетекчиси, Калифорния университетинин нейрохирургу Эдвард Чанг (Edward Chang, University of California, San Francisco) изилдөөдө жазгандай, 101 синтезделген сүйлөм уктурулганда, адамдар андагы сөздөрдүн 70% түшүнүшкөн.

Мээдеги сигналдарды өзгөртүп, үн тракттары кыймылдатканда жаралган сөздөрдү үн менен айтылган сөздөргө караганда түшүнүү жеңил экенин нейробиолог Стефани Риес (Stephanie Riès, San Diego State University) айтты.

Нейроинженер Эми Орсборн декодер киши эриндердин кыбыратпай, оюнда гана айткан сөздөрдү окуй аларынан күмөн санайт.

Невролог Марк Слуцкинин (Marc Slutzky, Northwestern University in Chicago) айтымында, сөз детекторунун эффективдүүлүгүн жакшыртуу колдон келе турган жумуш. Бирок синтезделип жасалган сөз кабыл алууга жеңил болушу үчүн дагы көп иштөө керек.

“Мээдеги сигналдарды өзгүртүп, бир муунду жаратуудан бүтүндөй сүйлөмгө өтүү техникалык жактан абдан татаал, - деп түшүндүрдү нейроинженер Четхан Пандаринатх (Chethan Pandarinath, Emory University in Atlanta). - Ошон үчүн Эдвард Чанг жана анын коллегаларынын ийгилиги суктандырат”.

Азыр сүйлөө жөндөмүн жоготкон адамдар баарлашуу үчүн курсорду пайдаланып, экрандагы керектүү тамганы же сөздү тандашат. Мисалы, британиялык физик Стивен Хокинг (1942-2018) үндү таанычу аппаратты жаак булчуңдарын кыймылдатып иштеткен.

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.pbs.org)

Кампа жумушчусун алмаштырчу робот-динозавр

Кошмо Штаттардын Boston Dynamics инженердик компаниясы болочокто кампа жумушчуларын алмаштыра турган жаңы роботту жасады. Ал Handle деп аталат.

Береги роботтун эки бутунда дөңгөлөк. Тулку бою динозаврга окшош болгондуктан, жүктү узун тумшугундагы магнитке жабыштырып көтөрүп кетет. Ал тепкич менен ары-бери чыгып-түшө алат, жолундагы тоскоолдуктардан секирип же ашып өтүп кетет. Ар кандай салмактагы жүктү дайындаган жерге дароо жеткирет.

Handle роботу видеокамера жана визуалдык маалыматтардын негизинде жүк боюнча тиешелүү чечим кабылчу интеллектуалдык система менен камсыздалган. Интеллектуалдык система роботко товарды же буюмду ташыганга зарыл транспорт каражатын тандап берет, ошондой эле жүктү өз алдынча жүктөшүнө же тийиштүү жайга ирети менен койгонуна көмөктөшөт. Ал басып баратканда тең салмактуулукту же балансты жамбашындагы төрт бурчтуу таңгактын жардамы менен эле сактайт.

Boston Dynamics компаниясынын маалыматына караганда, Handle роботу 13,6 килограмм жашикти же таңгакталган жүктү 1,7 метр бийик текчеге көтөрүп, чекесинен 1,2 метр төр жакка коё алат. Робот жаңы башкаруу системасына ээ болгондон кийин, түрдүү өлчөмдөгү жүктү ташыйт жана бош мейкиндикке оптималдуу жайгаштырат.

АКШнын Эмгек министрлигинин Эмгек статистикасы бюросунун маалыматы боюнча, 2018-жылы өлкөдөгү кампаларда кара жумушчу катары 329, 5 миң адам иштеген.

(Булагы: https://www.theverge.com, https://www.therobotreport.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG