Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Латын Америкасынын "курама темири"


Перулук аял, түпкүлүктүү кечуа элинен.
Перулук аял, түпкүлүктүү кечуа элинен.

Эмне үчүн кээ бир түштүк америкалыктардын жүзү агыш тартып турат? Метродогу тыгынды кыскартууга багытталган Токиодогу саамалык. Таза суунун фильтри бактерияны пайдаланып жасалды. Коркуратма же кальяндын зыяны чылымдан да жаман.

Латын америкалыктар неге азиаттарга окшош?

Бүгүн Латын Америкасындагы шаарлардын эл кайнаган көчөлөрүндө терисинин түсү ар кандай адамдарды кезиктирүүгө болот.

500 жыл бою мындай көп түстүүлүк түпкүлүктүү эл менен европалыктардын жана африкалыктардын аргындашуусуна байланыштуу деп боолгонуп келген.

Агыш жүздүүлөрдүн теги Европадан, өңү каралардын теги жергиликтүү америкалыктарга же африкалыктарга барып такалат деп эсептелчү. Бирок мындай ой жаңылыш экенин британиялык генетик-статистик Каустубх Адхикари (Kaustubh Adhikari, University College London) жана франциялык генетик Хавьер Мендоса-Ревилланын (Javier Mendoza-Revilla, Pasteur Institute in Paris) изилдөөсү көрсөттү.

Эки окумуштуу Бразилия, Колумбия, Чили, Мексика жана Перудан болуп, 6357 кишинин геномун анализдеп чыгышты. Алардын геномдорун Латын Америкасындагы көп түрдүүлүктү жана эволюцияны анализдөө консорциуму – CANDELA чогулткан.

Түштүк Американын вайю же гуахиро эли.
Түштүк Американын вайю же гуахиро эли.

Меланиндеги* кар пигменттин деңгээлин өлчөө үчүн береги кишилердин терисинен канча жарык рефлексия болору (чагылары) да ченелген. Бул окумуштууларга теринин ыраңына байланышкан генетикалык варианттарды издөөнү мүмкүн кылып, изилдөө үчүн MFSD12 гени алынган.

Жакында эле америкалык генетик Сара Тишкофф (Sarah Tishkoff, University of Pennsylvania Perelman School of Medicine) аталган гендин экспрессиясынын төмөндөшүн африкалыктардын ынды кара терисине байланыштуу деп негиздеген.

Бирок MFSD12 генинин жаңы варианты бир кыйла агыш тери менен байланышкан жана гендин экспрессиясын жакшыртат, деп белгилейт Адхикари жана Мендоса-Ревилла "Nature Communications" журналындагы макалада. Эки илимпоз гендин берегидей вариантын жергиликтүү америкалыктар менен Чыгыш Азиянын түпкү элдеринен гана табышкан.

Жаңы вариант чыгыш азиялыктардын куба түстүү терисинин генинин тегин айкын кылат.

Европа жана Чыгыш Азиянын жогорку кеңдигин** байырлаган элдер D витаминин эффективдүү жана Күн нуру аз шартта өндүрүү үчүн табигый түрдө агыш тери иштеп чыккан сыяктуу, дейт америкалык биолог-антрополог Нина Яблонски (PSU in University Park). Буга чейин илимпоздор Чыгыш Азия калкын кайсы ген куба жүздүү кыларын билишкен эмес. Эми алар MFSD12 гени бирөө гана, түпкүлүктүү америкалыктардын бабалары бул вариантты Беринг кысыгы аркылуу Америкага алып келишкен деген тыянакка келишти. “Латын Америкасында теринин ыраңынын вариациясы ал жакка европалыктар келгенге чейин эле болгон”,-дейт д-р Яблонски.

Проф. Тишкофф айымдын айтымында, бул абдан маанилүү изилдөө. Анткени буга дейре терини пигментация кылчу гендерге тиешелүү көпчүлүк изилдөөлөр европалыктар менен жүргүзүлүп, Түштүк Америка жана Чыгыш Азия элдеринде азыркыдай кенен масштабда жүргүзүлгөн эмес. “Бул гендер боюнча европалыктарда чоң айырма жок”,-дейт Сара Тишкофф.

*Меланин - көздүн кареги, чач жана теридеги пигмент. Ал ультрафиолет нурларды чагылдырып жана өзүнө сиңирип, организмди алардын зыянынан сактайт.

**Жогорку кеңдик - бул Түндүк полярдык тегерек 66°33′44″ (66,5622°) менен Түндүк уюл ортосундагы мейкиндик. Аляска, Азия, Европа, Канада, Орусиянын түндүк тарабы Түндүк полярдык тегерекке же Арктика айланасына кирет.

(Булагы: https://www.sciencemag.org, https://www.parallelstate.com)

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00

Таза суунун фильтри бактериядан жасалды

Жаңы технология сууну бүгүнкү ультрафильтрлүү мембраналардан эки эсе тез тазалайт. Аны Сайнт Луистеги Вашингтон университетинин (Washington University in St. Louis) инженерлери иштеп чыкты.

Бул технология суунун агымын азайтуучу бактериялардын жана башка зыяндуу микроорганизмдердин топтолуусуна жол бербейт. Мындай фильтрлөөчү мембрананы жасоо үчүн кадимки бактериялар колдонулду.

Профессорлор Срикант Сингаменени (Srikanth Singamaneni) менен Юнг-Шин Юн (Young-Shin Jun) башындагы топ ультрафильтрлүү мембраны жасоодо графендин оксидин жана бактериялык наноцеллюлозаны пайдаланышты. Бул мембрананы эффективдүү, бекем жана жаратылыш үчүн зыянсыз кылат.

Мембрананын булгануусу дээрлик 50% бактериялар менен микроорганизмдердин топтолуусуна байланыштуу. Ошого аны такыр болтурбай коюу мүмкүн эмес.

Пакистандык зайыптар суу алып баратышат. Исламабаддын чети. 4-декабрь 2018-жыл.
Пакистандык зайыптар суу алып баратышат. Исламабаддын чети. 4-декабрь 2018-жыл.

Жаңы мембрананы жасоо үчүн адегенде "Gluconacetobacter hansenii" бактериялары таттуу зат менен тамактандырылып, сууда нанобула пайда болот. Бактериалдык наноцеллюлоза өсүп жатканда ага графен оксидинин (GO) какачтары кошулат. (Какачтар графен оксидин мембранада токтотуп, мембрананы стабилдүү, бекем кылат). Ошондон кийин мембранага G. hansenii жок кылуучу аралашма жалатылган. Бул процесс учурунда графен оксидинен кычкылтектери бөлүп салынат жана GO кичирейип калат. Ошондон кийин мембранага жарык берилгенде графен оксидинин үлпүлдөктөрү жарыкты өзүнө сиңирип, жылуулук бөлө баштап, жылуулук тегерегиндеги суу менен бактериалдык наноцеллюлозага тараган. Кызыгы, бактериялардан жасалган мембранага жарык 3 мүнөт гана берилгенде G. hansenii бактериялары өлүп тынган.

Көрсө, мембрана 70 градус Цельсиядан жогорку температурага же береги бактериялар өлчү ысыкка чейин абдан тез ысыган экен. Жаңы технология менен жасалган мембрана сууну бүгүн сатыктагы ультрафильтрлүү мембраналар катуу басым астында өткөргөн суудан эки эсе көп суу өткөргөн.

Ушул эле экспериментти кычкылтеги бөлүнбөгөн графен оксиди бар бактериалдык наноцеллюлозадан жасалган мембрана менен өткөрүшкөндө, E.coli бактериялары тирүү калган.

2025-жылы дүйнөдөгү ар 10 кишинин бирөөдөн көбү таза сууга зар болуп жашаса, дүйнө калкынын теңи суу тартыш аймакта жашап калат. Ошон үчүн элди таза суу менен камсыздоону АКШнын Инженерия боюнча улуттук академиясы дүйнө алдындагы эң чоң милдеттердин бири деп билет.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.theweek.in)

Метродогу тыгынды кыскартуу боюнча Токиодогу саамалык

Токио метросунун эң эл көп жүрчү Тозай каттамында 10 күндүк эксперимент өттү. 21-январдан 1-февралга чейин метродо эл жык-жыйма болгон эртең мененки саат 8:00-9:00 ортосунда эмес, андан эрте барган жүргүнчүлөргө кесме жана темпура бекер берилди.

Күн сайын Токио метросу 8,7 миллион жүргүнчү ташыса, алардын 1,6 миллиондон көбүрөөгү Тозай каттамында жүргөндөр. Тозай каттамы эртең мененки саат 7:50 менен 8:50 арасында 70 миң чамалуу жүргүнчү ташыйт. Бул каттамдын сыйымдуулугунан эки эсе (199%) көп. Эксперттер баамдагандай, метро кызматкерлеринин ашыкча пунктуалдуулугунан улам поезддер жүргүнчүгө ого бетер шыкалат.

Бул саамалыкты 250дөн көп компания, анын ичинде "Panasonic", "Unilever Japan", "All Nippon Airways" сыяктуу белгилүү компаниялар колдогон. Себеби метродо тыгылып-сыгылып кыйналган кызматкерлер чарчап, жумушту шаңдуу баштай албайт жана иштин сапатына залака кылат.

21-январда береги экспериментке 8462 жолоочу, эртеси 6886 жолоочу катышкан.

Токионун Годзилла көчөсү. 13-ноябрь 2017-жыл.
Токионун Годзилла көчөсү. 13-ноябрь 2017-жыл.

Бул экспериментти өткөрүүдө математика илиминдеги Оюндар теориясындагы арестанттын дилеммасы пайдаланылды. Алдагы теорияга ылайык, бекер тамакка 2 миңден аз киши жазылса, жумушка эрте баргандардын бирине да тегин тамак берилбейт. Эгер 2 000-2499 кишиге чейин катышса, алар темпураны гана бекер алышат. Эгерде 2,5 миңден көп киши катышса, алардын баары бир кесе кесме жана бир табак темпураны бекер жешет.

Ошого сааргы тамакты бекер жеш үчүн экспериментке Тозай каттамын пайдалангандардын кеминде 2% катышуусу лаазим болчу.

“Эгерде беш кишинин бирөө эле жолго эрте чыкса, поезддердеги тыгын маселеси аз-маз болсо да чечилмек”,-деп түшүндүргөн Цукуба университетинин профессору Наохиса Окамото (Naohisa Okamoto, Urban Transportation Lab at the University of Tsukuba) 2017-жылы.

Жүргүнчү жык-жыйма сааттын көйгөйү көпчүлүк өлкөлөр үчүн мүнөздүү. Бул убакта Британия жана Нидерландияда автобус менен поезддин билети арзан, а Колумбиянын байтакты Боготада коммерциялык эмес автоунааларды айдоого тыюу салынган.

Бул проблема менен Жапония ар кандай жолдор менен күрөшүүдө. Токиодо аялдар менен кыз-келиндер гана түшчү вагондор бар. Анын экинчи максаты аялдарды эркектердин чымчып, сыйпалаганынан куткаруу да. Былтыр ноябрда Токионун эл ашыкча жыш жайгашкан ортолугундагы 23 бөлүгүнөн сыртка көчкөндөргө 3 миллион иен же 27 440 доллар кенемте да сунуш кылган.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://japantoday.com)

Коркуратма же кальяндын зыяны чылымдан бетер

АКШдагы соңку изилдөө боюнча, коркуратма 18 жаштан 24 жашка чейинки америкалыктар арасында төтөн көп жайылган. Өспүрүмдөр чөйрөсүндө да популярдуу экен: 2017-жылы АКШда 630 миң окуучу коркуратма тарткан.

“Мен 20 жыл мурда бул изилдөөнү баштаган чакта, коркуратма тартуу дүйнөлүк проблема болуп калат деп ойлогон эмесмин. Азыр коркуратма тартуу АКШга да келди жана жаш америкалыктар керектеген негизги тамеки продукциясына айланды”,-дейт д-р Уасим Мазияк (Wasim Maziak, Florida International University in Miami).

Профессор Мазиак жана анын кесиптештери 2017-жылы АКШда 2,6 миллион киши (чоңдордун 1%), ошондой эле балдар коркуратма чеккенин аныкташкан. Бул алдыңкы жылдардагыга салыштырганда эки эсе көп. АКШда 37,8 миллион киши чылым чегет.

Коркуратманын түтүгүндөгү жыты буруксуган тамеки атайын даярдалган брикет көмүр менен күйгүзүлөт. Ал көмүрдө организмди ууландырчу кадмий, күчала (мышьяк) сыяктуу оор металлдар жана башка зыяндуу заттар болушу ыктымал.

2016-жылкы изилдөө коркуратма бир даана чылымга караганда көмүртектин кычкылын 10 эсе, чайырды 25 эсе, түтүндү 125 эсе көп бөлөрүн көрсөткөн.

Д-р Брайан А. Примактын (Brian A. Primack) айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгы “коркуратма чегүү ден соолук үчүн реалдуу проблема” жаратканын тастыктагандыктан, аны азыркыдан да кылдат контролдоо зарыл. (2016-жылдан бери АКШда коркуратма чегүүнү Азык-түлүк жана даары-дармектерди көзөмөлдөө агенттиги контролдойт).

2017-жылы Цинцинатти университетинин (University of Cincinnati) окумуштуулары жүргүзгөн изилдөө пресстелип жасалган брикеттерге караганда чок катары колдонулган электр дисктер же электр чоктор алда канча зыяндуу экенин айгинелеген. Тактап айтканда, уулуу заты аз жыгачтын көмүрү 24 сааттан кийин өпкөнүн клеткасынын 10% өлтүргөн. Уулуу көмүр өпкө клеткасынын 25%, ал эми электр чогу өпкө клеткасынын 80% иштен чыгарган.

"Коркуратма өпкөнүн газдар алмашчу клеткаларын кыйратат. Натыйжада бронхит жана дем алуу жолдорунун сезгенүүсү пайда болот, -деп түшүндүрөт Майкл Борчерс (Michael Borchers). -Эгер 20 мүнөт бою коркуратманын канжасын оозуңуздан албай отурсаңыз бир тамеки чеккендей болосуз. Бирок канжаны көп жолу терең -терең сорсоңуз, үч тамекини түгөткөнгө тете болот".

Коркуртма тартуу кадыресе 30 мүнөткө жуук созулат.

(Булагы: https://www.heart.org, https://www.zmescience.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG