Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Төрт аяктап жүрө алган автокөлүк


Корумда төрт аяктап басчу "Elevate" автокөлүгү.
Корумда төрт аяктап басчу "Elevate" автокөлүгү.

Маалымат сактоочу дүйнөдөгү эң ылдам чип - эстутум. Жорголоп да, кадамдап да, боорго жабышып да жүрчү автокөлүк. Күн картайганда ак эргежээл жылдыз болуп калат. Киши эмне үчүн эсинейт?

Жорголоп да, кадамдап да, жабышып да жүрчү автокөлүк

Бул автокөлүктүн төрт дөңгөлөктүү буту беш жеринен муун-муун болуп, бүгүлүп-жазылат;

Тоо-ташка кадимки төрт аяктуу макулук сыңары чыгып кете берет, турган ордунда 360 градуска бурула алат;

Бийиги 1, 5 метр дубалга чыга алат жана кеңдиги 1, 5 метрлик аңды аттап өтүп кетет.

«Elevate» деп аталган мындай автокөлүктүн концепциясын Түштүк Кореянын айтылуу «Hyundai» автомобил компаниясы иштеп чыккан. Автокөлүктүн радиотолкун менен башкарылган чакан үлгүсү январдын баш ченинде Лас-Вегастагы (2019 Consumer Electronics Show, CES) жармаңкеде көрсөтүлдү.

Шоссе жолго чыкканда «Elevate» автокөлүгү буттарын бүгүп, кадимки автомобилдей жапыз болуп алат. Аң-дөң жолдордо жана корумдуу жерлерде муундарын жазып, асты ташка тийбей, тоскоолдуктарды аттап-буттап өтүп кете берет. Ал үчүн табигый кырысыктан жабыркаган жерлерге оор жүк жана дары-дармек жеткирүү кыйын эмес. Азыркы автоунаалар жер титирөөдөн же цунамиден кыйраган жайларда жол болбосо жүрө албайт.

Роботторду жасоого адистешкен «Hyundai CRADLE» компаниясынын башчысы Жон Су (John Suh ) билдиргенге караганда, «Elevate» автокөлүгү жол тандабайт: додо болуп жаткан урандылардын үстүнөн аттап-буттап, ал эми аркы-терки үйүлгөн бетон плиталарга жабышып чыгып, өтүп кетет.

Автокөлүк-робот башка да функцияларды аткарууга ылайыкталган. Су мырзанын айтымында, пандусту пайдаланууга укугу жок мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн автономдуу режимде иштечү «Hyundai Elevate» автокөлүгү абдан оңтойлуу. Анткени эшиктин оозуна барганда босогонун бийиктигине өзүн теңештирип, үстүндөгү майыптар арабасына имараттын же транспорт каражатынын ичине түз кирип кетүүгө жол берет.

(Булагы: https://www.digitaltrends.com, http://arabmotorworld.com)

Маалымат сактоочу эң ылдам чип - эстутум

Дүйнөдөгү эң ылдам маалымат сактоочу чипти Жапониянын Тохоку университетинин окумуштуулары ойлоп табышты.

128 мегабиттик STT-MRAM (spin-transfer torque magnetoresistive random access memory) деп аталган эстутум чибине маалымат жазганга электр булагындагы чыңалуу 1, 2 вольтко барабар шартта болгону 14 наносекунда* керек. Бул жыштыгы 100 мегабиттен** көп эстутумду маалыматы толукталып турчу уячага жазуудагы рекорддук көрсөткүч. Мындай эстутумду мисалы жады кэши, жасалма интеллекттин жана Интернетке зарыл түрдүү заттардын (Internet of Things - IoT) эстутуму катары пайдалануу мүмкүн.

STT-MRAM эстутуму чоң ылдамдыкта иштейт, бирок электр энергиясын аз керектейт. Андан тышкары өзүнө жазылган маалыматты электр кубатынын булагы өчүп калганда же өчүрүп койгондо да сактай берет. Бул касиети аны электр булагынан эркин кылат. Ушундай касиеттери үчүн мындай эстутум куралып чогултулчу системалардын, микропроцессорлордун жана программаланчу логиканын тез иштечү эстутум кэшинин негизги эстутумунун болочок бир варианты тейде каралууда. Эскирген жылда дүйнөдөгү үч ишкана эстутумдун STT-MRAM чибин чыгара баштады. Бирок бул чиптердин сыйымдуулугу 8 мегабиттен 40 мегабитке чейин болгондуктан, бүгүнкү талап үчүн жетишсиз.

STT-MRAM эс тутум массивинин түзүлүшү.
STT-MRAM эс тутум массивинин түзүлүшү.

​Жапон аалымдары STT-MRAM эстутумунун массивин (матрицасын) чиптин кристаллына*** жайгаштырып коюшту. Ага жетишүүдө эстутумдун магнит туннел өтмөк (magnetic tunnel junction, MTJ) негизиндеги уячасынын көп этаптуу кичирейтүү (миниатюризация) процесси чоң роль ойноду. Магнит туннел өтмөк жалпы схемага стандарттуу CMOS-технологиялардын (complementary metal-oxide-semiconductor) жардамы менен кошулду.

Магнит туннел өтмөк жарым өткөргүч материалдардын түрдүү катмарларын бириктирчү көзөнөктөрдүн ичине жасалды. Дал ушул табылга эстутум уячасынын өлчөмүн азайтууну жана 128 мегабиттик чипти жасоону мүмкүн кылды.

Ушу чакта илимпоздор эстутумдун уясынын түзүмүн ири масштабдагы өндүрүштүн шартына жана талабына ылайыкташтыруунун (адаптация) үстүнөн иштешүүдө.

------------------

*Наносекунда - убакыт бирдиги, секунданын миллиарддан бир бөлүгү.

**Мегабит - маалыматтын саны, 106 же 1 000 000 (миллион) бит.

**Кристалл система же бир кристалдуу система (орус. Систе́ма на криста́лле (СнК), однокриста́льная систе́ма (англ. System-on-a-Chip, SoC). Бул микроэлектроникада бүтүндөй бир түзүлүштүн фукциясын аткарчу жана жалгыз интегралдык схемага орнотулган электрондук схема.

(Булагы: https://www.mram-info.com, https://www.sciencedaily.com)

Күн картайганда ак эргежээл жылдыз болуп калат

Орто чоңдуктагы жылдыздар, анын ичинде Күн өмүрүнүн аягында нуру өчүп, үлдүрөгөн ак эргежээл жылдызга айланат. Алар алдагыдай абалында Галактика койнунда миллиарддаган жыл кала берет.

Астрономдор Күндүн жашоосу кандай бүтөрүн жарым кылымдай мурда эле теориялык жактан боолголоп айтышкан. Ал теорияга ылайык, Күн миллиарддаган жылдан соң отундук кычкылтегин сарптап бүтүп, кеңейип кызыл гигантка айланат. Ошондон кийин Күн сырткы катмарын - таажысын жоготуп, ак эргежээл жылдыз болуп калат. Себеби, температура токтоосуз азайып жаткан шартта ак эргежээлдин ядросунда термоядролук реакция жүрүп, көмүртек менен кычкылтектин атомдору кристаллизация болушу этимал. Бул процесс маалында бөлүнгөн энергия карт жылдызды ысытып, картайуусун жана муздашын кечеңдетет.

Береги теорияны тастыктаган далилдер кечээ жакынкы убакка чейин аз болчу. Бирок 2013-жылы Европа космостук агенттигинин GAIA космостук обсерваториясы (Global Astrometric Interferometer for Astrophysics) ишке киргенден бери астрономдордо санаксыз ак эргежээл жылдыздардын өң-түсүн, аларга чейинки аралыкты так билгендей мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жогорудагы гипотезаны доцент Пьер-Эммануэл Трембле (Pier-Emmanuel Tremblay, University of Warwick, UK) башында турган эл аралык окумуштуулар тобу (Université de Montréal (Canada), University of North Carolina, USA) изилдеп, макала жарыялады.

Ак эргежээл жылдыздын ядросунун кристаллдашуусун көрсөткөн сүрөт.
Ак эргежээл жылдыздын ядросунун кристаллдашуусун көрсөткөн сүрөт.

Алар Күндөн 300 жарыктык жылына чейин ыраактагы 15 миңден ашык ак эргежээл жылдызга өңү-түсү жана нурлуулугу боюнча байкоо жүргүзүп, алардын температурасын жана жашын аныкташкан. Алынган маалыматты теориянын негизинде түзүлгөн моделге салыштырып көрүшкөндө, ак эргежээл жылдыздар көп экени ырасталган. Картайуусу 2 миллиард жылга басаңдаган (кечиккен) ак эргежээл жылдыздарга энергия кристаллизация процессинен берилет.

Ак эргежээл жылдыздардын ядросу, жогоруда белгиленгендей, көмүртек, кычкылтек жана башка металлдардан турат. Эбегейсиз чоң кысымдын натыйжасында ак эргежээлдин атому сырткы электрондорунан айрылып, өтө тыгыз, оң заряддуу суюктукка айланат. Алардын тыгыздыгы кадимки жылдыздын тыгыздыгынан миллиондогон эсе көп болот, ал эми ядросундагы тыгыздык 10 млн г/см3 жетет. Ядродогу температура белгилүү чекке (10 млн °С) жеткенде, суюктукта кристализация жүрө баштайт.

Доцент Трембленин сөзү боюнча, бардык ак эргежээлдер кайсы бир стадияга чейин кристаллдашат. «Бул биздин Галактиканын миллиарддаган ак эргежээл жылдыздарда кристаллдашуу процесси бүттү жана алар үргүлжү кристалл сферага айланды дегенди билдирет. Күн өзү 10 млрд. жылдан соң ак эргежээл жылдыз болуп калат», дейт ал. Окумуштуунун пикиринде, кайсы бир заманда берегидей тагдырга бардык жылдыздардын 97% туш болот.

(Булагы: https://www.universetoday.com, https://warwick.ac.uk)

Киши эмне үчүн эсинейт?

Эсинебеген жан-жаныбар жок болсо керек. Чоң киши түгүл энесинин курсагындагы наристе да эсинейт. Бирок биз эмне үчүн эсинейбиз? Биз эсинеген кимдир-бирөөнү көрсөк, эмне үчүн эсиней баштайбыз? Анын себептери тууралуу эч нерсе деле билбейбиз.

Физиологдор эсинөөнү рефлекс деп түшүндүрүшөт. Себеби киши эсинеп, абадан дем алат; кулагы бүткөндө, киши эсинейт да кулак добулбасынын жаргакчасын же тарсылдак жаргакчасын керип, ишке киргизет.

Ошол учурда кишинин курсак булчуңдары ийилип, диафрагмасы басылат жана киши дем алган аба өпкөнү жеткен чегине дейре кеңейтет. Андан соң киши демин чыгарат, дешет физиологдор.

Ошентип эсинөө - биз көзөмөлдөй албаган эрксиз кыймыл жана кенен жайылган көрүнүш. Анткени киши ойгонгондо, уктаар алдында, чарчаганда, уктап жатканда да эсинейт.

«Медицинанын атасы» Гиппократ (Б.з.ч.V-IV кк.) "эсинөө өпкөдөгү «жаман» абаны жоготот, киши ооруганга жана инфекция жукканга чейин эсинейт" деген. Бирок XVII-XVIII кылымдардагы дарыгерлер эсинөө кан басымды жогорулатат, денедеги кычкылтектин корун, жүрөктүн кысылуу жыштыгын жана кандагы кычкылтекти көбөйтөт деп жоромолдошкон. Бул айтылгандарга бүгүнкү медицина илими далил тапкан жок.

"Эсинөө." 1783-жыл. Француз сүрөтчүсү Жозеф Дюкрёнун автопортрети.
"Эсинөө." 1783-жыл. Француз сүрөтчүсү Жозеф Дюкрёнун автопортрети.

Ал эми соңку изилдөөлөр эсинөө кишинин абалына (эс алуу - уйку - эс алуу - уйку) байланышканын кыйытты, бирок анын түз далили жок. Көпчүлүк изилдөөлөр эсинөө терморегуляция иретинде колдонуларын көрсөтүүдө. Алсак, организм өз функцияларын кадыресе аткарышы үчүн температура туура болушу абзел. Анткени мээ температуранын өзгөрүшүнө өзгөчө сезимтал жана дененин башка бөлүктөрүнө салыштырганда кичине болгону менен кишидеги метаболиялык энергиянын 40% жакынын керектейт. Бул ысыкта мээ ысып кетиши мүмкүн деген кеп.

Дем алганда киши абаны жутат да, аба кишинин мурду жана ууртунун ичиндеги көңдөйлөр менен байланышат. Бул көңдөйлөр мээ менен эсепсиз көп кан тамырлар аркылуу туташкан. Киши жаагын ачканда мээге кандын келиши көбөйүп, салыштырмалуу муздак аба мээнин температурасын ылдыйлатат. Ушундан улам эсинөө мээнин температурасын туруктуу кармоонун бир ыкмасы болушу этимал экени айтылат.

Вена университетинин аалымдары жөө жүргөн киши кайсы бир температурада сөзсүз эсиней турганын байкашкан.

Нью-Йорк мамлекеттик университетинин психология бюнча профессору Эндрю Гэллап (Andrew Gallup, SUNY College at Oneonta) кишинин маңдайына ысык же муздак компрессти кармап турса, ал тез-тез эсиней баштай тургандыгын аныктаган. Ошондой эле такай эсинеген эки аялдын маңдайына муздак компрессор койгондо алар аз эсинечү болгон.

Чычкандар менен өткөрүлгөн изилдөө да макулуктар эсинегенден мурда мээнин температурасы көтөрүлгөнүн, эсинегенден кийин мээнин температурасы пастаганын көрсөткөн.

Д-р Гэллаптын изилдөөсү боюнча киши орто эсеп менен күнүнө сегиз мертебе эсинейт. Ал ошондой эле кышкысын эсинөө киши үчүн мүнөздүү көрүнүш экенин, жайкысын сыртта ысык болгондо киши көп дем алып, мээни салкындатып турарын аныктаган.

(Булагы: https://www.zmescience.com, http://theconversation.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG