Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Аалам кезген тентимиш жылдыз табылды


Космос
Космос

Тишти бактериялардан дарылачу микроробот. Эмчек сүтү менен чоңойгон балдар семиздиктен жабыркабайт. Кумду аралаштырганда мөөн сымал ыйлаак пайда болот. Саманчынын жолунда жолбун жылдыз табылды.

Тиштеги микробдорду жок кылчу робот-дарыгер

Пенсильвания университетинин (АКШ) инженерлери, биологдору жана стоматологдору робот-дарыгерлердин микроскопикалык системасын иштеп чыгышты.

Робот - дарыгерлер тиштин сыртында жана өзөк жагында иштөөгө ылайыкташкан. Мындай роботтор (анг. catalytic activity, орус тилинде каталитическая активность) биологиялык чел (биоплёнка) сыяктуу биригип алган бактериялардын уюткусун жок кылчу жөндөмгө ээ.

Аларды суу түтүктөрдү жана организмди дарылоо үчүн колдонулган түтүктөрдү (катетер) тазалоо, тишти зыяндуу батериялардан коргоо, анын ичинде тиштин тамырларын эндонтиялык инфекциялардан тазалоо, импланттарды таза кармоо үчүн да пайдаланса болот.

Берегидей роботтор - профессор Майкл Ку жана инженер-изилдөөчү Эдвард Стигер (Hyun (Michel) Koo- School of Dental Medicine & Edward Steager- School of Engineering and Applied Science) жетектеген команданын табылгасы.

“Микробдорду жок кыла турган жакшы системаны иштеп чыгуу үчүн микробиологдордун жана илимпоз-дарыгерлердин, инженерлердин тажрыйбасын пайдаландык. Табылга дарыны тоготпос биологиялык челдер менен иштечү биомедицина тармагы үчүн маанилүү”, - деген доктор Ку адамзат антибиотиктерден кийинки доорго жакындап баратканын белгиледи.

Биочел тиштин сыртында, муундарда же суу түтүгү, импланттар же катетер-түтүк сыяктуу предметтердин бетин каптайт да илешме жана былжырак матрица пайда болот. Матрица астындагы бактериялар тишти микробдорду жок кылчу заттардан коргойт. Ал бактерияларды тазалоо же жок кылуу жеңил эмес.

“Биопленкаларды жок кылчу азыркы ыкмалар эффективдүү эмес, - дейт проф. Майкл Ку. - Себеби, бир эле учурда калкан сымал матрицаны кыйратып, бактерияларды өлтүрүп, майдаланып кетчү азыктарды тазалай албайт. Робот-даргыгер береги үч ишти биопленканын изин калтырбай бир бүткөрөт”.

“Биз береги роботторду чогултулган маалыматтардын негизинде иштеген автоматташтырылган система деп билебиз, - деп билдирди Эдвард Стигер. - Микрокамералар жана башка медициналык шаймандардан алынган фото-видеоматериалдар мындай роботторго иш багытын көрсөтүп берет”.

Азыр тиште пайда болгон биологиялык челди дарылоо үчүн көп убакыт керек.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://esciencenews.com)

Кумда мөөн кантип пайда болот?

Бүртүктүү заттардын эки башка түрүн аралаштырганда, ныктуулугу ар кыл болгон береги заттар суюктук сыяктуу эле “көбүктөп”, ыйлаак сыяктуу мөөндү пайда кылат.

Илимий ачылыш - Колумбия университетинин Инженердик жана колдонмо илимдер мектебинин доценти Крис Бойс (Chris Boyce, Columbia Engineering, USA) Швейцариянын жогорку техникалык мектебинин профессору Кристоф Мюллер (Christoph Müller's group at ETH Zurich) башында турган илимий топ менен кызматташуусунун үзүрү.

Изилдөө көрсөткөндөй, гравитациялык мейкиндикте вертикалдуу вибрацияга жана газдын тик өйдө агымына кабылганда, кумдун майдалары оор жана ирик заттардын кысымынан улам өйдө сүрүлүп, “бармак” же “мөөн” сымал ичи бош мейкиндик пайда болот.

Бүртүктүү заттарга мүнөздүү береги кубулуш физика илиминде түрдүү ныктуулуктагы эки суюктук (мисалы, май жана суу) өз ара аралашып кете албаганда пайда болчу Рэлей -Тейлор туруксуздугуна окшоп кетет. Суу жана майдын өз ара аралашпаган себеби салыштырмалуу салмагы жеңил суюктук оор суюктукту өзүнөн алыс түртөт. Мисалы, аба пайда кылган ыйлаакча суунун тереңинен өйдө көтөрүлүп, суу менен аралашпайт. Мындай кубулуш мурда бүртүктүү материалдар ортосунда байкалган эмес.

Доцент Бойс жетектеген окумуштуулар салыштырмалуу жеңил бөлүкчөлөр аркылуу газ өткөндө бармак же мөөн сыяктуу “ыйлаакча” пайда болорун шардана кылуу үчүн математикалык жана эксперименталдык моделдөөнү пайдаланышты.

Газдын агымы оор жана майда кумдун (бөлүкчөлөрү) аралашканда, алар нык болот. Ал эми майда жана ирик кум аралашканда биринчи учурдагыдай нык болбогондуктан, алардын арасынан газдын агымы тез өтөт.

Окумуштуулар газдын агымы жана вибрация түрдүү жагдайда Рэлей-Тейлор туруксуздугуна окшош бейстабилдүүлүктү пайда кыларын, ал өз кезегинде түрдүү структураларды жаратарын да математикалык жана эксперименталдык моделдөө аркылуу көрсөтүштү.

“Биздин илимий ачылыш геология илимине да чоң салым кошот. Берегидей бейстабилдүүлүк Жердин узак тарыхында түрдүү структуралар кантип түзүлгөнүн түшүнүүгө жана башка структуралар болочокто кантип калыптанарын алдын ала божомолдоого көмөктөшөт. Мындай бейстабилдүүлүктү фармацевтика өнөр жайында жаңы дары-дармектерди жасоо үчүн да пайдаланса болот”, - дейт доктор Крис Бойс.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.sci-news.com)

Биздин галактикада чоочун жылдыз табылды

Жаңы табылган J1124+4535 жылдызынын химиялык курамы Саманчынын жолундагы миллиарддаган жылдыздардын курамына такыр окшобойт. Ушундан келип, береги жылдыз кайсы бир эргежээл галактикада пайда болуп, кийин Саманчынын жолундагы жылдыздарга кошулган деп боолгошот астрономдор.

Астрономдор жолбун жылдызды LAMOST (Large Sky Area Multi-Object Fiber Spectroscopic Telescope) телескобу менен жылдыздардын спектрин анализдеп жатканда байкап калышкан.

LAMOST дүйнөдөгү эң чоң спектроскоп. Ал Кытайдын Хэбэй провинциясындагы Синлун станциясында жайгашкан.

J1124+4535 жылдызын изилдөө жапондордун Subaru телескобу менен улантылып, анын курамында магний өтө аз, ал эми европийдин концентрациясы аябай чоң экени аныкталган.

Химиялык курамы мындай жылдыздар биздин галактикадан сырткары жактагы эргежээл галактикаларда бар экенин астрономдор мурда эле билишчү.

"Эргежээл галактикада жылдыздардын пайда болуу процесси Саманчынын жолундагы жылдыздарга салыштырганда алда канча жай жүрөт. Ал жакта жылдыздардын химиялык курамы биздин галактикадагыдан көп түрдүү. Ушул жүйөнүн негизинде, жолбун жылдыз эргежээл галактикалардын биринде “туулуп”, кийин аны Саманчынын жолу өзүнө тартып алган" деп бүтүм чыгарышты астрономдор.

Майда галактикаларды салыштырмалуу чоң галактикалардын өзүнө кошуп алуусу космосто кеңири жайылган көрүнүш. Ушинтип галактика аалам мейкиндигин майда галактикалардан, үркөр жана жолбун жылдыздардан тазалап, өзү супергалактикага айланат.

Окумуштуулардын айтымында, 4 миллиард жылдан соң Саманчынын жолу менен Андромеддер галактикасы бириге баштайт.

Кытайдын Юннани университетинин астрономдору эки жыл мурда Жерден 70 миң жарык жыл алыста кезип бараткан гипер ылдамдыктагы эки жылдызды тапкан. Саманчынын жолун көздөй келаткан береги “кош жылдыз” Чоң Магеллан булуту деп аталган эргежээл галактикадан “качып чыккан”.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.dailytechinfo.org)

Эмчек эмип чоңойгон балдар ашыкча толбойт

Европалык балдар-профилактикалык чараларга карабай - ашыкча салмактан жапа чегишет. Бирок эмчек сүтү менен чоңойгон балдар ашыкча салмак дартына чалдыкпайт. Ал эми эмчек эмбеген же маал-маалы менен гана эмчек эмген балдарда толуп кетүү ыктымалдыгы жогору.

Муну Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) Европа региондук бюросунун соңку изилдөөсү көрсөттү.

Семирүү боюнча 29-апрелден 1-майга чейин Глазговдо өткөн 26чы Европа конгрессинде маалымдалгандай, региондогу балдар арасындагы семиздикке каршы күрөшүүдө олуттуу жылыш жок.

“Бала канчалык көп убакыт эмчек эмсе жүрсө, ал семиздиктен ошончолук ишенимдүү корголот... Балдар арасындагы семиздик менен күрөшүү, алардын саламаттыгы жана өзүн жакшы сезүүсү үчүн гана эмес, улуттук саламаттык сактоо тармагы үчүн да абдан маанилүү. Ошондуктан балдардын эмчек эмип чоңоюшун колдоо жана масштабын кеңейтүү үчүн колдо бар мүмкүнчүлүктү жасашыбыз керек”, - деди Глазгодогу жыйында ДСУнун Европа бөлүмүнүн жетекчилеринин бири, доктор Бенте Микельсон (Dr Bente Mikkelsen, Director of the Division of Noncommunicable Diseases and Promoting Health through the Life-course, WHO/Europe).

Ашыкча семиз балдардын жүрөк-кан тамыр системасы начарлап, организмде зат алмашуу бузулат. Эткел балдарды өтө семиз балдар менен салыштырып көргөндө, ашыкча семиздерде кардиометаболикалык илдеттерге чалдыгуу ыктымалдыгы чоң экени аныкталган.

ДСУ Европанын 21 өлкөсүндө өткөргөн жаңы изилдөөдө ашыкча семиздик билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо жана экономика үчүн да баш оору жаратары айтылат.

Экинчи изилдөө баланы төрөлгөндөн тартып эмчек эмизип чоңойтуу менен семиздик ортосундагы байланышка арналып, Европанын 22 өлкөсүн камтыган.

Бул изилдөөгө ылайык, дүйнө өлкөлөрүндө балдардын 77% көбү эмчек эмип чоңойот. Ал эми Ирландияда балдардын 46% эне сүтүнөн даам татпаса, андай балдар Францияда – 38%, Мальтада – 35% түзөт. Тажикстан (73%), Түркмөнстан (57%), Казакстан (51%) жана Грузиянын (35%) аялдары гана баланы төрөлгөндөн соңку алгачкы алты айда жана андан кийинки убакта жалаң эмчек сүтү менен багышат. Ал эми сегиз өлкөдөгү аялдардын төрттөн бири гана балдарын эмчек берип чоңойтушат.

ДСУ наристе алты айга толгонго чейин эмчек эмип гана чоңойсун, алты айдан эки жашка толгончо же андан улуу куракка чейин бөбөккө эмчек эмизгенге катар тийиштүү тамак берип багууну сунуш кылат.

(Булагы: www.euro.who.int, https://www.endocrinologynetwork.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG