Линктер

дүйшөмбү, 21-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:49

Борбор Азиядагы «кытайча» көзөмөл


Кытай көчөлөрүндөгү көзөмөл камералары.

Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө сунуш кылып жаткан видео көзөмөл жүргүзүүчү технологиялар тынчсыздануу жаратат. Мындай оюн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги академиясынын кенже илимий кызматкери Яy Цз Ян “Азаттык” менен маегинде билдирди.

Ал Кытайдын улуттук электрониканы импорттоо жана экспорттоо корпорациясынын (CEIEC) адамды жүзүнөн тааный турган системаны Кыргызстанга акысыз берүү аракетин да сынга алды.

“Азаттык”: Жакында сиз Eurasianet сайтына жарыяланган макалаңызда Кытайдын “жашыруун байкоо жүргүзүүчү технологиялары” Борбор Азияга экспорттолуп жатканын белгиледиңиз. Алгач мындай тыянагыңыздын чоо-жайын түшүндүрүп бересизби?

Кытай өкмөт артка чегинбегенин, “жок” деген сөздү кабыл албай турганын көрүп жатабыз. Эми Кыргызстанга дагы бир күмөндүү компания таңууланды. Кытай “аны бекер беребиз, сүйлөшүү жүргүзүүнүн кажети жок” деп жатат.


Яy Цз Ян: Сөзсүз. Биринчиден, мен “чалгындоо же жашыруун көзөмөл жүргүзүү” деген терминди эмне үчүн колдонгонумду айта кетейин. Биз сөз кылып жаткан технологиялар расмий түрдө “жол кыймылын көзөмөлдөөчү системалар” деп аталат. Бирок бул технологиялар Борбор Азиянын коңшусу Шинжаңда кандай колдонулуп жатканын көргөндөн кийин бир катар илимпоздор аларды “чалгындоочу же жашыруун көзөмөл жүргүзүүчү каражаттар” деп атаганга өтүштү.

Шинжаңда мындай система жергиликтүү тургундардын кыймыл-аракетин чектөө үчүн колдонулуп жатканын “Нью-Йорк Таймз” жана “Би-Би-Си” сыяктуу дүйнөлүк маалымат каражаттары эбак эле аныктап чыгышкан. Шинжаңдыктардын кайда барып, эмне сатып алганы, чет өлкөдөгү кайсы адам менен сүйлөшүп жатканы көзөмөлдөнүп турат.

ЕККУнун Бишкектеги академиясынын кенже илимий кызматкери Яy Цз Ян.
ЕККУнун Бишкектеги академиясынын кенже илимий кызматкери Яy Цз Ян.

Эми ушуга дээрлик окшош система чет мамлекеттерге экспорттолуп жатат.

Түштүк Африка Республикасы сыяктуу айрым өлкөлөр муну сатып алышууда. Ал эми Кыргызстан сыяктуу айрым бир мамлекеттерге акысыз берилип жатат.

Айтмакчы, Кыргызстанга көзөмөл жүргүзүүчү технологиялар гана эмес, айрым бир долбоорлор да кайтарымсыз сунушталууда. Мисалы, айрым жолдордун же суу-электр станцияларынын курулушу же өтө төмөнкү баа менен же акысыз ишке ашырылып жатат.

Кыргызстанга сунушталып жаткан көзөмөл системасы тууралуу сөз кылганда бир нече жыл мурдагы окуяларды эске сала кетүү керек. Анда кыргыз өкмөтү кытайлык “Хуавей” компаниясы менен келишимди жокко чыгарганы белгилүү. Тактап айтканда кыргыз тарап Кытайдын инвестициясынан баш тарткан чечим чыгарган.

Буга карабастан Кытай өкмөт артка чегинбегенин, “жок” деген сөздү кабыл албай турганын көрүп жатабыз. Эми Кыргызстанга дагы бир күмөндүү компания таңууланды. Кытай “аны бекер беребиз, сүйлөшүү жүргүзүүнүн кажети жок” деп жатат.

“Азаттык”: Ошол эле учурда бул темада коомчулуктун пикири бир кылка эмес. Бир тарабы коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындай технологиялар керек десе, кайсы бири Кытайдын продукцияларынан чочулап турушат. Кыргызстан мындай системаларды өзү жасай албай турганын эске алганда Кытайдын сунушун кабыл алганын туура кадам деп мүнөздөсө болбойбу?

Яy Цз Ян: Мен бул ойго каршы эмес. Ошентсе анын ар кандай кесепети бар. Мындай системалар көчөлөрдөгү коопсуздукту камсыз кылат деген ойго да каршылыгым жок. Бирок бул максатты ишке ашыруунун толгон-токой жолдору бар. Мисалы, жол кыймылына көзөмөл жүргүзүүчү технологияларды орнотуп койсо эле жолдор коопсуз болуп калбайт. Кыргыз өкмөтү айдоочулук күбөлүктү сатып алуу сыяктуу көйгөйлөрдү чечиши керек.

Кытай адамды жүзүнөн тааный алган технологияны өнүктүрүү аракетинде.
Кытай адамды жүзүнөн тааный алган технологияны өнүктүрүү аракетинде.

Айдоочуларга күбөлүк берүүдөн мурда, аларды тыкыр экзаменден өткөрүү, жол белгилерин орнотуу сыяктуу чаралар деле жол коопсуздугун камсыз кылууга чоң жардам бермек. Андыктан камералар менен жабдылган система маселени чечүүнүн жападан жалгыз жолу эмес. Анын үстүнө мындай технологияны бекер алуунун артында тынчсыздануу жараткан бир топ жагдайлар болуп жатпайбы.

“Азаттык”: Ошол тынчсыздануулар тууралуу кененирээк сурагым келип жатат. Кытайдын жол коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүчү системалары бир гана Кыргызстанга эмес, Борбор Азиянын Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрүнө да келип жатканы белгилүү. Коомчулук Кытайдын “жол коопсуздугун камсыз кылат” деген системаларынан эмне үчүн кооптонушу керек деп эсептейсиз?

Яy Цз Ян: Кытай бир гана Борбор Азияга эмес, дүйнөнүн булуң-бурчуна инвестиция салып жатат. Борбор Азияда эмне кылып жатса, ошого окшош кадамдарды Түштүк Америкада, Чыгыш Европада, Кавказ аймагында, Түштүк-Чыгыш Азияда да таштап жатат. Бирок Борбор Азиядагы өнүгүүлөр эмне үчүн көбүрөөк камтамачылык жаратат? Бул суроонун жообу Шинжаң аймагына барып такалат.

Ал жакта жергиликтүү тургундарды көзөмөлдөө үчүн технологиянын акыркы үлгүлөрү колдонулуп жатат. Эл мындай көзөмөлдөн качып кутула албайт. Мунун эпкини башка өлкөлөргө да тийиши мүмкүн. Мисалы, Кытайдын кайсы бир жараны же анын үй-бүлөсү Борбор Азияга жер которуп кеткен дейли. Кытайдын системасы ал адамдарды көзөмөлгө алуу үчүн колдонулбайт деп ким кепилдик берет? Бул тынчсыздануу жараткан жагдай.

Балким буга жергиликтүү тургундар анчейин деле кабатырланбайт чыгаар. Анткени адатта Кытай башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишпегенге аракет кылат. Бирок Кытайдын жарандыгын алып жүргөн бир кыргыз болсо, эгер анын Кытайдагы үй-бүлөсү өкмөттүн эрежелерине туура келбеген иш кылган болсо, анда Бээжин ал адам тууралуу маалымат талап кылышы мүмкүн.

Буга кошумча Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) террорчулукка, жикчилдикке жана диний экстремизмге каршы кызматташууну алга сүрөп келет. Дал ушул “үч себеп” Борбор Азияны таяныч катары санаган Шиңжандын тургундарын бутага алуу үчүн колдонулуп жатат. Узак убакыт бою Шинжаңдын экономикасы Кытайдын башка аймактарынан бөлүнүп турду. Бул чөлкөмдүн экономикасы Борбор Азия менен карым-катнашка абдан көз каранды. Көптөгөн жылдардан бери Шинжаңдын эли да Борбор Азия менен жакын байланышта. Ортодо жакын мамиле бар. Кезинде эки тараптын эли эч кыйынчылыксыз эле, эки жакка каттап, соода-бизнес алакаларын жүргүзүп келген. Азыр болсо өзгөчө Кытай тараптагылар үчүн чек арадан өтүү барган сайын кыйын болуп баратат.

“Азаттык”: АКШ, Британия сыяктуу Батыш өлкөлөрү “Хуавей” сыяктуу кытайлык компанияларга кооптонуу менен карап жатышат. Мисалы Британияда 5G мобилдик түйүнүн түптөө жараянына кытайлык компанияны кошуу керекпи деген суроо талкууланууда. Бул мамлекеттер эмнеден кооптонушат? Кытайдын башка өлкөлөргө орнотулган технологияларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болобу?

Кыргыз өкмөтү менен Кытайдын ортосундагы келишимде акысыз кеңеш берүү кызматы, акысыз программалар тууралуу сөз болуп жатса, анда Кыргызстанда бул системаларды кантип башкарууну билгендер жок болсо керек ойлоп жатам.


Яy Цз Ян: Мен бул тармакта адис эмесмин. Эгер IT адиси болсом да, “Хуавейдин” операциялары кандай жүргүзүлөрүн биле алмак эмесмин. Андыктан Кытай өкмөтү чет өлкөдөгү маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгү болобу деген суроого жүз пайыз ишенимдүү жооп бере албайм. Бирок Кытай көзөмөл жүргүзүүчү технологиясын сунуштап жаткан мамлекеттердин көбүнүн бул системалардын маалымат базасын туруктуу камсыз кылып турууга чама-чаркы жетпейт. Мунун ичинде маалымат базасын сактоо, анын агымын тескөө сыяктуу жумуштар бар.

Мындан тышкары кыргыз өкмөтү менен Кытайдын ортосундагы келишимде акысыз кеңеш берүү кызматы, акысыз программалар тууралуу сөз болуп жатса, анда Кыргызстанда бул системаларды кантип башкарууну билгендер жок болсо керек ойлоп жатам. Ал үчүн кытай тарап бул системаларды кантип иштетүүнүн жолдорунун аки-чүкүсүнө чейин үйрөтүшү керек болот.

Андыктан кеп бул системаларды Кытай жүз пайыз көзөмөлдөйбү дегенде эмес. Кеп биз бул технологияларды өзүбүз жасабагандыктан, алар кандай иштей турганын, кайсы чекке чейин колдонуларын ишенимдүү түрдө айта албай турганыбызда. Бул системалар Кытайдын өзүндө кандай иштеп жатканын эске алганда алар “жергиликтүү эл каалабай турган деңгээлде колдонулуп кетиши мүмкүн” деп кабатырланууга негиз бар.

"Хуавэй" компаниясы чыгарган камералар.
"Хуавэй" компаниясы чыгарган камералар.

“Азаттык”: Азыр коомдук тартипти же жол коопсуздугун камсыз кылуучу технологияларды өз алдынча, эч кимдин жардамы жок жасап алган мамлекеттер өтө көп эмес. Учурдагы шартты эске алганда Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөр бул маселеде Батыш мамлекеттеринде, Кытайда же Орусияда жасалган технологияларга таянууга туура келип жатат. Ошол эле кезде коопсуздукту камсыз кылууда жаңы технологиялардын жардамынан толугу менен баш тартып коюу да кыйын. Мындай кырдаалда чет өлкөдө чыгарылган технологияларды алып келүүдө эмнелер эске алынышы керек?

Яy Цз Ян: Менимче, кайсы бир компания өзүнүн кызматын сунуштап жатса, алардын эмне саткысы келип жатканын кылдат угуп чыгуу керек. Андан соң алардын продукциясы чынында эле убада кылынган деңгээлде иштей турганын текшерүү чыгуу зарыл. Мисалы Кытай өкмөтү Борбор Азияга келип, “биз силерге жол кыймылына байкоо салуучу технология беребиз” десе, силер камералар кайсы жерлерге орнотуларына кызыгып көрсөңүз болот.

Мисалы Дүйшөмбүдө Кытайдын камералары автоунаалар жүргөн жолдорго гана орнотулган эмес. Аларды парктар сыяктуу коомдук жайлардын ичинен да тапса болот. Эгер булар жол кыймылын көзөмөлдөгөн камералар болсо, анда алар эмне үчүн эл эс ала турган парктарда турат? Менимче, бул суроону өкмөт берип, камералар коюла турган жерлерди өкмөт аныкташы керек.

Ооба, айдоочунун жүзүн аныктай алган технологияны колдонуу аракетин түшүнөм. Ошол эле учурда жол кыймылын көзөмөлдөгөн бул камералардын бардык жерге орнотулушун каалабайм.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG