Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

"Хуавейдин" башчысы күрөөгө бошотулду


Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.
Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.

"Huawei" компаниясынын финансылык директору Мэн Ванчжоуну Канаданын соту күрөөгө бошотту. Сот чечимине ылайык, ал Канададан чыга албайт. Кытайлык ишкер 1-декабрда АКШнын өтүнүчү менен кармалган. Ал арада Кытай Канаданын мурдагы дипломатын колго түшүрдү.

Ванкувердеги соттук отурумда судья Уильям Eрке Мэн Ванчжоуну 7,5 миллион АКШ долларына күрөөгө бошотуу тууралуу чечим чыгарды. Сотко катышкандар чечимди кол чаап кабыл алды, ал эми Мэн Ванчжоу ыйлап, адвокаттарын кучактады.

"Huawei" компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы, компаниянын финансылык директору, 46 жаштагы Мэн Ванчжоуну күрөөгө бошотуудагы шарттарга ылайык, ал бир бутуна электрондук чидер тагынып жүрүшү керек жана кечки саат он бирден таңкы саат алтыга чейин үйүндө болушу зарыл.

Сотто анын беш досу да үйүн жана акчасын күрөөгө коюп, ал эч кайда качып кетпейт деп кепилдик беришти. Мэн Ванчжоунун жолдошу да жубайы качпасын айтып, кызын Канадага алып келүүгө убада берди. Алардын Канаданын кымбат районунда үйлөрү бар экени айтылды.

Huawei компаниясынын Шанхайдагы дүкөнү. 6-декабрь, 2018-жыл.
Huawei компаниясынын Шанхайдагы дүкөнү. 6-декабрь, 2018-жыл.

"Мен бул иштин майда-баратын карап чыгып, күрөөнүн шарттарынан соң, ал качып, сотко келбей коёт деген тобокелдик төмөн экенин билдирем" деген судья кытайлык ишкер айымдын билими жана буга чейинки соттолбогону да ишеним жаратып турганын кошумчалады.

Мэн сотко 6-февралда келүүгө милдеттендирилди.

Канада кытайлык ишкер айымды Вашингтондун өтүнүчү менен 1-декабрда Ванкуверден кармаган. Эми аны АКШга өткөрүп берүү же биротоло бошотуу маселесин чечиши керек.

АКШ бийлиги "Хуавей" компаниясынын башкаруучусун АКШнын каржылык көзөмөл мекемесин алдоо үчүн көз боёмочулук схемаларын түзгөн деп айыптоодо.

Америкалык тергөөчүлөрдүн көз карашында, мунун максаты Вашингтондун жана Европа Биримдигинин Иранга каршы санкцияларын айланып өтүү болгон. Ал бул айып менен АКШда соттолсо, 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

АКШ "Huawei" компаниясына карата иликтөө жүргүзүп жатканы тууралуу алгач быйыл апрелде "The Wall Street Journal" басылмасы кабарлаган. Гезиттин маалыматына караганда, АКШнын бийлиги "Huawei" компаниясы америкалык өндүрүмдү АКШнын экспорттук мыйзамын бузуу менен Иранга жана башка өлкөлөргө сатканын иликтеген.

Жакында Кошмо Штаттардын администрациясы дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Кытайдын "Huawei" телекоммуникациялык компаниясынын жабдууларын колдонууну токтотууга кайрадан чакырган.

Вашингтон бул компания Кытай бийлигинин пайдасына жашыруун тыңчылык кылат деп да шек санайт.

Расмий Бээжиндин нааразылыгын жараткан окуя АКШ менен Кытай бир нече айга созулган соода согушуна токсон күндүк убактылуу “тыныгуу” жарыялап, жаңы сүйлөшүүлөргө камынып жаткан кезге туш келди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Канг Канаданын Мэнди кармашы "башынан эле катачылык болгон" деп, аны бошотууга 12-декабрда да чакырды.

- Биз Канадага жана Кошмо Штаттарга өз позициябызды ачык түшүндүрдүк. Алар катасын тез оңдоп, Мэн Ванчжоуну бошотушу керек.

Лю Канг.
Лю Канг.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги буга чейин Канада маселени талаптагыдай чечпесе, "олуттуу кесепеттерге" кабыларын эскерткен.

Ал арада АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктарга Кытайга баруудан карманып турууга эскертүү берүүнү караштырып жатканы кабарланды. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги өз булактарына таянып жазды. Ушундай эле эскертүү берүүнү Канада бийлиги да караштырып жатканы айтылды.

Ал эми Кытайда Канаданын Бээжиндеги элчилигинин мурдагы кызматкери Майкл Ковриг 11-декабрда кармалды. Канадалык мурдагы дипломат азыр Эл аралык кризис тобу (International Crisis Group) деген иликтөөчү уюмда Кытай боюнча талдоочу катары иштеп жаткан.

Майкл Ковриг 2003-жылдан 2016-жылга чейин Канаданын Бээжин менен Шанхайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкери болгон.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Канг бул иштин майда-баратын билбей турганын белгилеп, бирок Эл аралык кризис тобу Кытайда бейөкмөт уюм катары каттоодон өтпөгөнүн, ошондуктан ал мыйзамдарды бузушу мүмкүн экенин айтты:

- Эгер ал катталбаса, ал эми анын кызматкерлери Кытайда кандайдыр бир ишкердик кылып жатса, бул былтыр өзгөртүлгөн Кытайдын аймагында ишмердик жүргүзгөн бейөкмөт уюмдарды башкаруу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эреже бузуу болуп эсептелет.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Палладино Майкл Ковригдин кармалышы боюнча билдирүү жасап, Бээжинди адам укуктарын урматтоого чакырды:

- Кошмо Штаттар Кытайда Канаданын жараны кармалганына кабатыр экенин билдирет. Биз Кытайды өзүм билемдик менен кармоонун бүткүл түрүн токтотууга жана эл аралык адам укуктарынын жана Кытайдын консулдук милдеттенмелеринин алкагында бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого чакырабыз.

Канада бийлиги мурдагы дипломаттын Кытайда кармалышы "Хуавейдин" иши менен түздөн-түз байланышы бар деп айта албасын билдирүүдө. Ал эми Канаданын Кытайдагы мурдагы элчиси Ги Сен-Жак кабарчынын “Бул дал келүүчүлүкпү?” деген суроосуна “Кытайда дал келүүчүлүк жок...” деп жооп берди.​

“Huawei” смартфондорду жана IT технологиялык жабдууларды чыгаруу боюнча дүйнөдө эң ири алдыңкы компаниялардын бири. Ал башка кытай компанияларынан айырмаланып, бизнесинин көбүн чет мамлекеттерде жүргүзөт. Компаниянын былтыр тапкан таза кирешеси 92 миллиард доллар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG