Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

БУУ Кытайдын "тарбия борборлоруна" каршы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-ноябрда БУУнун Женевадагы кеңсесинин алдына жүздөгөн адам Кытайдын саясатына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар Бээжинден Кытайда жашаган аз улуттарга кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылышты.

Беш жүздөй киши, алардын арасында тибеттиктер, уйгурлар, түркмөндөр, казактар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алдына чыгып, Кытайдын бийлигин “адам укуктарын тепсеп, террордук куугунтук жүргүзүп жатат” деп айыпташты.

Демонстранттар Чыгыш Түркстандын ачык көк түстүү желектерин, дайынсыз жоголгон жана кытай бийлиги камакка алган жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп турушту. Алар дүйнөлүк уюмдан Кытайга чара көрүп, зомбулукту токтотууну суранышты.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин президенти Долкун Иса Кытайда аз улуттар атайын жайларда камакка алынып, зомбулукка кабылып жатканын айтты:

Долкун Иса.
Долкун Иса.

- Бүгүн концлагерлерде 1 миллиондон 3 миллионго чейин адам отурат. Алар жабыр тартышууда. Биз үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен көрүшө албайбыз, алар менен байланыша да албай турабыз. Мен куугунтукта жүргөн уйгурлардын 99 пайызынын үй-бүлөлөрү менен байланышы үзүлгөн деп айта алам. Биз бул жерге Кытай өкмөтүнүн Чыгыш Түркстан, уйгур, тибет элдерине каршы катаал саясатын токтотууну суранып чогулдук. Биз Бириккен Улуттар Уюмунан кытай бийлигин жоопкерчиликке тартуу боюнча конкреттүү чара көрүшүн суранабыз.

Кытайда туулган казак жараны​ Аманжан Сейит мындай лагерлерден жөн бошонуп чыгууга мүмкүн эмес экенин белгиледи:

- Мен бир гана нерсени айта алам. Кайра тарбиялоо лагерлериндеги абал ушунчалык катаал - ал жактан эки учурда гана чыгууга болот. Же сен акылыңдан айнып, жинди болуп чыгасың, же сен өлүп чыгасың. Бул кадимки концлагерь.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги АКШ, Канада, Жапония жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү Шинжаңдагы мусулмандардын кайрылуулары боюнча «терең тынчсыздануусун» билдиришип, Бээжинден «тарбиялоо борборлорун» жабууну талап кылышууда.

БУУдагы Канаданын өкүлү Розмари Маккарни Кытайдын бийлигин адамдарды улуту, дини боюнча кысымга алууну токтотууга чакырды:

- Биз Шинжаңдагы уйгурлар менен башка мусулмандарды массалык түрдө камакка алып, куугунтуктоо жөнүндө ишенимдүү кабарлардан кийин терең кооптонуудабыз. Канада эч негизсиз кармалып, сотсуз камакта отурган уйгурлар менен башка мусулмандарды кое берүүнү сунуш кылат. Экинчиден, Кытайдан улуту, дини үчүн мусулмандарды, христиандарды, тибеттик буддисттерди куугунтуктоону токтотууну, үчүнчүдөн, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыны кабыл алып, анда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууну, төртүнчүдөн, Гонконгдун жашоочуларынын өкмөттүн ишине эч чектөөсүз катышуу укугун камсыз кылууну талап кылабыз. Биз акыркы баяндан бери Кытайда адам укуктарынын абалы кескин начарлап кеткенинен кооптонуп турабыз.

Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, айрым мамлекеттердин “адам укуктары бузулуп жатат” деген айыптоолорун «саясий мүнөздө» деп сыпаттады. Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ле Юйчэн расмий Бээжин муну өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары баалай тургандыгын билдирди: ​

Кытайдын ички ишине кийлигишип, анын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүнө шек келтирип, ал үчүн адам укуктарын колдонууга жол бербейбиз.

- Биз фактылардан алыс, айрым бир ишенимдерге таянып, саясий негизде айтылган мамлекеттердин дооматтарын кабыл албайбыз. Мындан тышкары, Кытайдын ички ишине кийлигишип, анын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүнө шек келтирип, ал үчүн адам укуктарын колдонууга жол бербейбиз. Бир да өлкө демократиянын, адам укуктарынын шарттарын аныктап, өз стандарттарын башкаларга таңуулабашы керек.

Бээжиндин позициясы боюнча, мурунтан «экстремизмдин уюгу» болгон Шинжаң аймагындагы кырдаал жалаң гана «тарбия борборлорунун» жардамы менен жөнгө салынууда.

Ал эми мындай борборлордон чыккан адамдар ал жерди саясий лагерь катары сүрөттөп, уйгур, казак жана башка улуттагылар өз дининен баш тартып, бийликтеги Коммунисттик партияга ант берүүгө мажбурланып жатышканын айтып жүрүшөт.

Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG